Адабий сын: котормодогу олдоксондукка О.Генри не демек?

  • 30.12.2021
  • 5086

Америкалык жазуучу О.Генринин Таалайбек Абдиев которгон “Сюрприздүү балаты” аңгемесине азыноолак анализ

Аңгеменин мазмунуна үңүлсөк Чероки аттуу адам алтын таап алып, кубанычын достору менен бөлүшкүсү келет. Эл чогулуп, баалуу кен чыккан жердин жанына котормочу белгилегендей айыл курууну чечишет. Бирок Черокинин мүдөөсү ишке ашпай, алтын издегени сапар алат.

Жаңы жыл астында байыган Черокинин келе турганы айылда каңкууланат. Аяз Ата болуп кийинип, айылдагы балдарга белек берип, майрам уюштургусу келет. Айыл тургундары Жаңы жыл тосууга бала таппай коюшат. Буфетте иштеген айым Бобби деген баласын барганга макул кылат. Бирок баласы жомокко ишенбейт, курал алгысы келет.

Жаңы жылдык белектери менен Аяз Ата келип кампага кирсе, Боббиден башка баланы көрбөйт. Чероки-Аяз Ата бала менен сүйлөшүп, кандай белек аларын билет. Костюмун чечкен Черокини көргөн Бобби аны тааный тургандыгын, энеси анын сүрөтүн катып жүргөнүн айтат. Чероки Боббиге чыныгы курал сатып берүүгө убадасын берет, балам деп кайрылат. Кыскача ушундай.

Жаңы жыл учурунда мүмкүн болушунча бири бирине кубаныч, жагымдуу маанай тартуулоо чыгарманын өзөгүн түзөт. Жаңы жыл – үй-бүлөлүк майрам, балалыктын майрам-шаңы, чоң-кичине дебей элдин көбү жомоктогудай сыйкыр күтөт.

Жогоруда айтылган маанини котормочу агайыбыз эне тилибизге берүүгө аракет кылган, дүйнөлүк адабияттын түп нускасынан оодарылган чыгармаларга чукак эне тилибиз дагы бир классикалык аңгеме менен толукталды. Котормо жалпы жонунан дурустай сезилгени менен абай салып окуган окурманга айрым копол сөздөр, чоркок сүйлөмдөр көзгө урунат.

Адеп башталганда эле жердин аталышы Сары-Чукулдук, түп нускада – Yellowhammer, орус котормочусу жер казып, кен казууга байланыштырганбы, айтор орус тилинде Жёлтая Кирка деп которулган.

Cherokee was the civic father of Yellowhammer.

Чероки называли отцом Жёлтой Кирки,

Черокини Сары-Чукулдуктун атасы дешчү.

Yellowhammer сөзүнүн маанисин ачсак, уellow – сары, hammer – балка, демек, Сары-Балка деп которулууга тийиш болучу. Котормочу К.Юдахиндин редакциясы астында жарык көргөн “Орусча-кыргызча сөздүктө” кирка – 1. тех. чукулдук; 2. эки миздүү керки; муз чагуучу, кирпич, таш жонуучу керки деп берилген маанилердин биринчи бөлүгүндөгүсүн алган, түп нусканы казгандан эрингенби же оңой жолго салганбы, кыскасы, жер аталышын ортомчу тилдеги вариантты берген. Буга кошумча “чукулдук” англисче “pick” деп которула тургандыгы тексттин өзүндөгү мисал далилдеп турат.

One day while his burro was eating quartz and pine burrs Cherokee turned up with his pick a nugget, weighing thirty ounces.

Как-то раз, пока его ослик утолял голод кварцем и сосновыми шишками, Чероки выворотил киркой самородок в тридцать унций весом.

Бир жолу эшеги кварц менен кызыл карагайдын тобурчагын жеп жатканда, Чероки чукулдугу менен отуз унций келген кесек алтын таап алды.

Жердин статусу аңгеменин түп нускасында “town” деп берилген, эмнегедир орус тилинде “посёлок”, кыргыз тилинде “кыштак” деген мааниге өтүп кеткен. “Town” – кыштактан чоң, “cityден” кичирээк чакан шаар, шаарча. Бул аныктаманы “town is a compactly settled area usually larger than a village but smaller than a city” деп Merriam-webster сөздүгү тастыктайт.

Yellowhammer was a new mining town constructed mainly of canvas and undressed pine.

А Жёлтая Кирка была новым золотоискательским посёлком,

Сары-Чукулдук болсо алтын издегичтердин кыштагы болчу.

Мындан улам чакан шаар кандай негиз менен кыштакка айланып кетти (?) деген суроо өзүнөн өзү жаралбай койбойт.

They rolled in from the Gila country, from Salt River, from the Pecos, from Albuquerque and Phoenix and Santa Fe, and from the camps intervening.

Они прикатили с реки Хилы, с Рио-Пекос и с Солёной реки, из Альбукерка и Феникса, из Санта-Фэ и изо всех окрестных старательских лагерей.

Хила дарыясынан, Рио-Пекостон, Туздуу-Суудан, Альбукерк менен Феникстен, Санта-Фэден жана башка тегеректеги алтын издегичтердин лагерлеринен келип жатышты.

Жогоруда келтирилген сүйлөмдөрдөгү Gila country Аризона штатынын борбордук бөлүгү тууралуу кеп болуп жатат, ал эми орус котормочусу Хила дарыясы деп жаңылыш оодарган. Чындыгында АКШнын түштүк-батышында Хила дарыясы (Gila River) бар, чыгармада ушул дарыя тууралуу сөз болсо, Gila country эмес, Gila River деп берилмек. Бул жагдай чынжырча менен биз окуп жаткан аңгемеге түз эле келип жеткенин кыйынчылыксыз баамдоого болот. Ал эми калган жер-суу аттары түп нускадагыдай эмес орус тилиндеги тартип боюнча которулганы бир караган көзгө дароо урунат.

“Ооматымы, жиберерими, сүрөтүңү” сөздөрү түштүк диалектиде айтылгандай табыш жөндөмөсүнүн -ды мүчөсү толук айтылбай калган. Адабий ченемдеги талаптар толук сакталууга тийиш.

“Жана” байламтасы жалпыга маалым болгондой англис тилиндеги “andдин”, орус тилиндеги “инин” эквивалиенти экендиги талашсыз, бирок көркөм адабиятта бул кызматчы сөздү колдонуу ашыкча, же болбосо “менен”, “ошондой эле” ордун алмаштырчу байламталар, үтүр тыныш белгиси бар. Котормодо бул кызматчы сөзү 14 ирет кайталанып, сүйлөмдөрдүн күү-ыргагына доо кеткен.

Эми аңгемедеги “miss” деген сөзгө келели. “Айым”, “бийкеч” сөздөрү бул сөздөрдүн семантикалык да, социалдык да маанисин ачып бере алат. Адатта “miss” – “бийкеч” сөзү турмуш кура элек кызга колдонулат. Төмөндөгү мисалдардан улам котормочу транслитерация ыкмасы менен оодарып койгондугун байкаса болот.

These were the permanent feminines; the remaining two were the Spangler Sisters, Misses Fanchon and Erma, of the Transcontinental Comedy Company, then playing in repertoire at the (improvised) Empire Theatre.

Остальные две были сестры Спэнглер — мисс Фаншон и мисс Ирма — из «Передвижного драматического», который играл сейчас в импровизированном театре «Ампир».

Калган экөө эже-сиӊди Спенглерлер – мисс Фаншон жана мисс Ирма – «Ампир» деген көчмө театрда ойношчу.

“Рождествону” кыргызча жатык тил менен “Иса пайгамбардын туулган күнү” деп берсе, алда канча окумдуу, угумдуу болмок. Кыстара кетчү жагдай – тырмакчаны орусча «» эмес, кыргызча “” коюуну сунуштайбыз.

Christmas would come on Thursday.

Рождество приходилось на четверг.

Рождество бейшемби күнү экен.

“Gentleman” сөзү да транслитерация ыкмасы менен тамгалары алмашкан “жентельмен” болуп которулган. Англисче – gentleman [ˈjen(t)lmən], орусча – джентльмен, ал эми кыргызча – эгер “д” тамгасын алып салып колдонсок жентльмен, анан кайсы тил эрежесине ылайык “жентельмен” сөзү пайда болду (?) деген суроо жаралат. “Gentlemanдин” семантикалык маанисине токтоло турган болсок, сылык-сыпаа, маданияттуу ак сөөк адам, демек, кыргыз тилиндеги “мырза” сөзүнө ар тараптуу туура келет экен да?

I guess I needn't detain you gentlemen.

Не стану задерживать вас, джентльмены.

Мен силерди кармабайын, жентельмендер.  

Котормодо “ranch-house” түшүнүгүн орус тилиндеги варианттагыдай жөн салды “ранчо” катары окурманга сунушталган. Албетте, бул түшүнүктүн ар өлкөдө ар кыл аталышы бар: Латын Америкасында – латифундия, усадьба, португал тилдүү өлкөлөрдө – фазенда, англис тилдүү өлкөлөрдө – ранчо, ал эми кыргыз өлкөсүндө сарай, кашар деп колдонулуп келатканына арбын убакыт болду.

Down the slope they drove and up another foothill to the ranch-house of Wiley Wilson.

Они покатили под гору, взобрались на другой холм, и остановили возок у ранчо Уайлй Уилсона.

Алар төмөн кетип, кайра бир дөбөгө чыгышты да, Уайли Уилсондун ранчосуна токтошту.

Түп нускада “ранчо” эле эмес, “ranch-house” деп жазылган, мындан улам “кашар үй” деп бергенинде мал киндиктүү Кыргызстан элинин тилине жарашмак да калмак.

Англисчеден которулган аңгеменин көзгө көрүнүп, колго урунган айрым алешемдиктерин азын-оолак кеп кылдык. Балким, котормочу агайыбыз басмага бул аңгеменин акыркы эмес вариантын жөнөткөн же шашылыш которуп салган деген ишеничтебиз. “Платон – менин устатым, бирок чындык андан жогору турат” деген илимий ылакаптын бар экендигине ишене туралы...

Баса, “РухЭш” сайтындагы аңгеменин аягы толук которулбай, төмөнкү түп нуска бүкүлү бойдон калган.

"I don't like you," said Bobby, with acrimony. "You said there would be a rifle. A fellow can't even smoke. I wish I was at home."

Cherokee drove his sleigh to the door, and they lifted Bobby in beside him. The team of fine horses sprang away prancingly over the hard snow. Cherokee had on his $500 overcoat of baby sealskin. The laprobe that he drew about them was as warm as velvet.

Bobby slipped a cigarette from his pocket and was trying to snap a match.

"Throw that cigarette away," said Cherokee, in a quiet but new voice.

Bobby hesitated, and then dropped the cylinder overboard.

"Throw the box, too," commanded the new voice.

More reluctantly the boy obeyed.

"Say," said Bobby, presently, "I like you. I don't know why. Nobody never made me do anything I didn't want to do before."

"Tell me, kid," said Cherokee, not using his new voice, "are you sure your mother kissed that picture that looks like me?"

"Dead sure. I seen her do it."

"Didn't you remark somethin' a while ago about wanting a rifle?"

"You bet I did. Will you get me one?"

"To-morrow silver-mounted."

Cherokee took out his watch.

"Half-past nine. We'll hit the Junction plumb on time with Christmas Day. Are you cold? Sit closer, son."

Окурмандык ой-пикирин ортого салган Эрмек ШОРУКОВ

2021-жылдын 29-декабры

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз