Фёдор Достоевский: Кызык адам түш көргөндө

  • 03.09.2021
  • 3929

АҢГЕМЕ

I

Мен кызыктай кишимин. Эми алар мени жинди аташчу болду. Аларга мурдагыдай кызык бойдон кала бербесем, мурдумдун үстүнөн караган болор элем. Азыр ага терикпейм деле, баары теӊ жүрөгүмө жакын, ал турсун мени келекелеп атышса да эмнеси менендир көзгө жылуу учурашат. Эгерде көз кырымды салып отуруп көӊүлүм чөкпөгөн болсо, тескерисинче, ылым санап аларга кошулуп күлмөкмүн. Өзүмө эмес. Мен билген чындыкты алар билбесе, көӊүлүӊ кантип чөкпөйт? Бирөө гана чындыкты билген кандай оор экенин айтып болобу! Муну кайдан түшүнүшсүн. Түшүнгүлөрү да келбейт.

Адегенде кызыктай көрүнгөнүмө капаланчумун. Көрүнгөн эмес, дал ошондой болчумун. Дайыма шылдыӊга жакын экеним өзүмө бештен белгилүү. Башыма жүн чыкканы ошондой болушу да ыктымал. Кызыктай экенимди жети жашымдан билдим окшойт. Кийин мектептен, андан соӊ жогорку окуу жайынан билим алдым. Окуган сайын кызыктай болгонго үйрөндүм. Сүӊгүп кирген сайын анымды далилдеш үчүн жогорку окуу жайынан билим алгандаймын. Илим менен катар жашоодо дагы ушундай болду. Жыл өткөн сайын бардык нерсеге болгон кызыктай жүрүм-турумум түптүү чынар теректей аӊ-сезимимде улам тамыр алып отурду. Айланамдагылар ар качандан бир качан мага күлгөнү күлгөн. Менин кызыктай экенимди баарынан жакшы билген бул жарыктыктагы бирден бир адам боло турган болсо, ал өзүм экенин эч ким билчү дагы, аӊдачу дагы эмес. Алардын ушуну билбегени мени абдан капа кылчу. Бирок буга өзүм айыптуумун.

Эч качан бир нерсени мойнума алгым келбеген бир кокуй элем. Мындай сапат жыл өткөн сайын калыптанып, ким болбосун бирөөнүн алдында кызыктай экенимди мойнума алууга жол берсем, ошол эле күнү кечте тапанча менен өз башымды чачырата атчудай абалга келип калгам. Өспүрүм чакта ичиме батпай кокусунан теӊтуштарыма четин чыгарып аламбы деп бушайман болор элем. Жигит болгондон тартып, жыл өткөн сайын өз сапатым тууралуу көбүрөөк биле баштадым, бирок эмнегедир бир аз жоошунан тартып калдым. Эмне үчүн экенин эмнегедир азыркыга чейин аӊдай албай келем. Балким ал жүрөгүмдү түпөйүл кылган бир жагдайга байланыштуубу? Ал нерсе бул жарыкчылыкта бардык жерде кайдыгерлик орун алгандыгына ынандырды. Мен муну бөрү жытты алыстан алгандай эле сезип жүрсөм дагы быйыл гана толук көзүм жетип отурат.

Эгерде бардык жерде жылан сыйпагандай эч нерсе жок болсо, бул дүйнөнүн болгону же болбогону мага баары бир деген ой кылт этти. Мен барда эч нерсе болбогондугун бүткүл денем менен туйчу болдум. А бирок адегенде мурда көп нерсе болгондой сезилчү, кийин анда деле эч нерсе болбогондугу, болгону ошондой сезилгенин аӊдадым. Эч качан эч нерсе болбой тургандыгына аздыр-көптүр көзүм жетти. Антер менен адамдарга ачууланганымды токтотуп, аларды дээрлик байкабай калдым. Ырасында бул болор-болбос нерселерде боло берер эле. Маселен, көчөдө баратып бирөө-жарымды кезиктирип калсам да. Ойго баткандан эмес. Эмнени ойлонмок элем, анда ойлонбой калгам, баарына кол шилтеп койгом. Маселени чечсем го – башка кеп, бирин дагы чечкен жокмун, андайдын канчасы бар эле? Кайдыгерликтин капасына түшөрүм менен бардык маселе көз алдымда сиӊип кетчү.

Мына андан кийин болгон чындыкты билдим. Өткөн ноябрь айында, болгондо да үчүнчү ноябрда билдим. Ошол убактан тартып ар бир көз ирмем жадымда. Караӊгы, көзгө сайса көрүнгүс капкараӊгы түнү болгон. Анан кандай деп атоого болот. Кечки саат он бир ченде үйгө келатып, мындан да караӊгы учур болушу мүмкүн эмес деген чагылгандай ичке ой кылт кетти. Кадимкидей эле. Күн бою жаан төгүп турду, адамдарга кастыгын арткандай чучукка жетерлик суук, көӊүл чөгөргөн, ал түгүл коркунучтуу жаан болгону эстен кетпейт. Он бир ченде тып токтоп, болуп көрбөгөндөй нымдуу суук башталды. Жаан жаап аткандан да суук болуп, көчөдөгү ар бир таштан, булуӊ-буйткадан, жаан тийбеген жерден да муздак буу көтөрүлөт.

Мага бир маалда ой келди, бардык жерде газ өчсө, бир аз көӊүл кушу көккө көтөрүлмөк, ал эми газ менен бир аз жүрөккө муӊдуу, анткени ал муну баарын көрсөтөт.

Бул күнү наар сызган жокмун, эртеден кечке бир инженердин үйүндө отурдум. Менден башка дагы эки мендей отурат. Менин үн дебегеним аларды жадатты окшойт. Бир нерсени кызуу талкуулап атып, кер-мур айтыша кетишти. Бирок алар баарына кайдыгер экени айкын эле, алар ушинтип гана кызаӊдашат. Ыӊгайын таап туруп: “Мырзалар, эми силерге баары бир эмеспи”. Алар териккендин ордуна кайра мага карап күлүп тим болушту. Кайдыгерлик менен жөн салды айткандыгым үчүн ошентишти. Мен да кайдыгер экенимди түшүнгөндөн кийин алардын да көӊүлү куунак.

Көчөдө баратып бирде газ тууралуу ойлонсом, бир туруп көктү карайм. Асман болсо көөдөй караӊгы, анткен менен бири-биринен кол үзгөн булуттарды көрүүгө болот. Булуттардын ортосундагы түпсүз караӊгылык өзүнө оп тарткансыйт. Капыстан ошол караӊгылыктан бир жылдызды таап алып, көзүмдү албай тиктей баштадым. Бул жылдыз мага ушул түнү өз жанымды кыйайын деген ойго түрттү. Мындай ой эки ай мурун эле көөдөнүмдө бугуп, көӊүлдөгүдөй тапанча сатып алып, ошол эле күнү октоп койгом. Андан бери эки ай өттү, ал болсо жагданда жатты. Бирок мага ага чейин баары бир болучу, качан баары бир болбой калган учурдун ыӊгайын күтүп калдым, эмне үчүн экенин билгеним жок. Ушинтип эки ай бою үйгө кайтып келаткан ар кечте атынам деген ой жашап келет. Ошол көз ирмемди чыдамсыздык менен күтөм. Мынакей, ушул жылдыз ушул түнү так ушундай болот деген ойго түрттү. А эмнеге андай ойго жетелегенгенимди билбейм.

Көктү карап атканымда мына бул кыз мени капыстан чыканактан алды. Жан көрүнбөгөн көчө – аӊгырап ээн. Алыста арабакеч арабасында уктап жатат. Алакандай жоолук оронгон сегиз жаштардагы кыздын жалаӊ кат көйнөгү сыгып алма суу. Өзгөчө айрылган суу бут кийими али да көз алдымда. Адеп көзгө урунганы эле бут кийими болду. Чыканактан тартып атымдан чакырат. Ыйлаган жок, денесин майда калтырак басып титирегенинен жакшы айта албай бир нерселерди үзүл-кесил деп атты. Бир нерседен үрөйү учуп: “Апа! Апаке!”, – деп үмүтсүз ыйламсырайт. Жүзүнө бурулуп карадым да үн дебестен баса бердим, ал мени жандай чуркап да, жулкулдатып да келе жатты. Үнү үмүтсүз үрөйү учкан балдардын добушундай эле. Ал үн мага тааныш. Эч нерсени айта албаса да, энеси кайсы бир жерде өлүп баратканын же аларга бир нерсе болгонун жаземдебей түшүнүп турдум. Энесине жардам бергенге бирөөнү таап келгени чуркап чыккан окшобойбу. Аны менен барбастан тескерисинче аны кубалап ийгим келди. Адегенде ага аймактык тескөөчүнү издеп табуусун айттым. Бирок ал колун куушуруп, эчкире солуктап ыйлап, менден алыстабай жандай салып жүрүп отурду. Бир кезде жерди бир тээп ага бир кыйкырдым. Ал болгону: “Байбача, бай аке!..”, – дегени болду. Бир учурда аткан бойдон көчөнү кесе чуркаган бойдон кетти. Менден ал жактагы кайсы бир жолоочуну көрүп чуркаган окшоду.

Бешинчи кабатка көтөрүлдүм. Кожоюндар менен жашайм. Бөлмөм жупуну, чакан, терезеси жарым тегерек. Жумшак диван, китеп койчу стол, эки отургуч, эски, бирок ак сөөктөр олтурчу тынч кресло бар. Көчүк басып, шам жага ойго баттым. Жаныбызда тосмонун ары жагындагы башка бөлмөдө уу-дуу болуп атты. Үч күн болду. Ал жакта отставкадагы капитан жашачу, алты конок ичимдик ичип, картанын катыгын айдаа берип атышты. Өткөн түнү көпкө чейин экөөсү бири-бирин чачтан сүйрөп, мушташып жүрүштү. Кожейке арызданайын дейт, капитандан өлөрчө коркот. Калган тургундардан башка бою жапалдаш, арык айым үч кичине баласы менен жашайт. Алар да сыркоолоп калыптыр. Ал да балдары менен капитандан коркот. Түнү бою калтырап-титиреп чокунуп чыгышат, көкүрөк күчүгү коркконунан талмасы кармап калган. Мен билгенден кээде бул капитан Нева дайрасынын өтмөгүндө кайыр сурайт. Аны кызматка албайт, кызык жосун (ошон үчүн айтып атам да), биздикинде жашагандан бери мага эч кандай деле жамандык кылган жок. Таанышкандан адегенде эле качкам, биринчи ирет ага да, мага да кызыктай болду. Тосмосунун ары жагында канча кыйкырышпасын, канчоосу болбосун, качан болбосун баары бир. Түнү менен отурам, чынында аларды унутуп калганга чейин укпай калам. Ар түнү күн чыкканга чейин уктабай отурганыма жыл толот. Түнү менен столдун жанындагы креслодо отурганым отурган. Күндүзү гана китеп окуйм. Отурам, ал турсун ойлонбойм дагы, кандай ойлор келет, кетет жайына коём. Болгон шам күйүм бүтөт. Столдун жанына акырын отуруп, тапанчаны алып чыгып, алдыма коюп койдум. Коюп жатып өзүмдөн өзүм сурадым: “Ушундайбы?”. Кайра дароо ишенимдүү түрдө: “Так ушундай” деп жооп бердим. Демек атынам. Ушул түнү атынышым мүмкүн экенин билсем дагы, стол чекесинде канча отура береримди билген жокмун. Ошол кыз болбогондо атынмакмын.

II

Байкадыӊарбы, кайдыгер болсом дагы аны сезиштин өзү кыйын да. Бирөө жарым мага сокку узатса ооругандай эле. Адеп-ахлак жагынан да так ушундай. Жашоодо баарына көӊүл кош эместик болгон учурда да кайгылуу бир нерсе болуп кетсе, боор ооруганды сезмекмин. Боор ооругандыкты бая эле сезсем балага токтоосуз жардам бермекмин. Эмнеге анда кызга жардам берген жокмун? Ошол учурда мындай ой келди: колумдан тартып атымдан айтып атканда менде жообу кыйын болгон суроо пайда болду. Суроо анчейин болсо дагы туталандым. Мурунку түнү өз жанымды өзүм кыям деп чечсем мурда качандыр бир убактагыдан да бул жарыкчылыкта баары бир болууга тийиш деген чечимден кийин кучунашым кармады. Эмнеден улам баарына көӊүл кош эместигимди жана кызга боор ооруй турганымды сездим? Денеӊди көзөп өзөк өрттөгөндөй оору коштогон сезим менен ага боор ачыганым эсимде. Ал көз ирмемдеги сезимди берүү кыйын болуп туру, ал сезим үйдө стол чекесине отурганда да сезилип турду. Көптөн бери болбогондой көӊүлүм кайт болуп, ой аркасынан ой учугу чубалат.

Эгер мен топуракка айлана элек тирүү адам болсом, анда мен тирүүмүн, демек жабыр тартып, ачууланып, кылган кылыгыма бетим кызарганым кызарган. Мейли ошондой болсун. Бирок мен өз жанымды кыя турган болсом, мисалы эки сааттан кийин, уялгыдай бул жарыкчылыкта кыз менен кандай ишим бар? Артка кетип баратам, таптакыр артка. Азыр таптакыр жок болом, балким бардыгы жок болот, мындай жүзү каралыктан кийин кызды аёо, уялуу сезимине кыпындай да таасир болбошу мүмкүн деген сезимби? Мен ошон үчүн жер тепкилеп, курган балага жапайы айкырык салдымбы? Аёону сезбестен наадандык жасасам дагы эки сааттан кийин бардыгы өчөт. Эмнеге кыйкырганыма ишенесиӊерби? Мен азыр буга дээрлик ишенип калдым. Жашоо менен дүйнө мага байланыш экендиги ачык боло баштады. Азыр дүйнө мен үчүн жаралгандай деп айтууга болот. Атынсам эч болбоду дегенде мен үчүн дүйнө жок болот. Менден кийин эч кимге, бүткүл дүйнөгө эч нерсе болбой тургандыгын айтпастан туруп, менин аӊ-сезимим гана өчөт, аӊ-сезимиме таандык элес катары ошол учурда өчөт, анткени бул жарыкчылык менен кошо бардык пенделер, анын ичинде мен дагы жок болушум мүмкүн. Отуруп алып талкуулап, бирине-бири чүрмөктөлгөн ушул жаӊы суроолорду чүргөп, таптакыр жаӊы нерсени ойлоп таптым. Маселен мурда айда же Марста жашасам барып турган уятсыз, ойго келбеген кыянат жорук жасамакмын деген кызыктай ой келди. Ал үчүн түштө гана көрө турган тил угуп, абийирим төгүлөт беле. Андан соӊ жерге келип, башка планетада жасаган кылыгымды улантмакмын жана эч качан аякка кайтып барбай турганымды билмекмин дагы жерден айды карап туруп баарына кайдыгер болот белем же жокпу? Бул жоругум үчүн уят-сыйытты сезет белем же жокпу? Суроолордун бардыгы анчейин, ашыкча болучу, анткени тапанча болсо алдымда жатат, мен аны бүткүл тулкум менен болот болушу керек деп сезип жаттым. Бирок алар бүйүрүмдү кызытып, жинимди келтирип жатты. Азыр болсо алдын ала бир нерсени чечпей туруп, непадам жан таслим боло албайт элем. Бир сөз менен айтканда бул кыз мени сактап калды, анткени мен суроолор менен атынып алууну алыстаттым.

Ошол учурда капитан да тынчып калды. Алар карта ойноп бүтүп, жатууга кам урушту, ага чейин ызылдап урушканы урушкан. Анан кокусунан үргүлөп кетипмин. Буга чейин стол чекесинде креслодо антчү эмесмин. Үлүл үйүнө киргендей эле акырын көшүп кетипмин. Баарына белгилүү болгондой түш кызыктай көрүнүш. Бир туруп бардыгы аки-чүкүсүнө чейин көрүнсө, мейкиндик менен убакыт аркылуу эч нерсени байкабастан башкасына өтөсүӊ. Түш акыл-эсти эмес, каалоону, башты эмес, жүрөктү көздөйт окшобойбу. Айрым учурда акыл-эсим түшүмдө кандай гана оӊбогон нерселерди жасабады дейсиӊ! Түштө таптакыр акылга сыйбас нерселер орун алат. Маселен, бир тууган агам беш жыл мурун жан таслим болгон. Кээде түшүмө кирип, менин ишиме кийлигишет, баарына шымаланабыз. Анын ортосунда түшүмдүн башынан аягына чейин агам каза болгонун, жайына коюлганын билем. Ал өлсө да жанымда түйшүктөнүп жүргөнүнө кантип айран таӊ калбай койбойм? Эмне үчүн акыл-эсим ушунун баарына жол берүүдө? Бирок көӊүл жылытарлык. Түшүмө кайра келели.

Ооба, ноябрдын үчүндө түш көрдүм. Бирок кантип эле баары бир эмес, түш же түш эмес, эгер түш болсо бул түш чындыкты айттыбы? Чындыкты билип көргөндөн кийин ал чындык экенин, башка нерсе эмес экенин, болушу да мүмкүн эмес экенин, уктаппы же жашап жатасызбы - билесиз. Мейли ал түш болсун, ашыра мактап аткан бул жашоону болсун, өзүмө өзүм кол салуу менен өчүргүм келет. Ал эми менин түшүм мага жаӊы, улуу, жаӊыланган, күчтүү жашоону тартуулады.

Эмесе кулак төшөгүлө.

III

Ошол эле нерселер тууралуу ойлоп атып, кокусунан көшүп кеткенимди айттым. Тапанчаны алып, отурган бойдон башыма эмес, түз эле жүрөгүмө такаганым түшүмө кирди. Адегенде башка, болгондо да оӊ чыкыйга атканга ылайыктап такадым. Көкүрөгүмө такап, көз ирмемчелик буйдала түштүм эле көз алдымда турган шам, стол, дубал да ордунан жылып, желпектей түштү. Тезирээк атсам экен.

Түшүңдө кээде бийиктиктен кулайсың же бычактайт, токмоктошот, кокус өзүң керебеттен бутуңду кокустатып алып, ооругандан чочуп ойгонбосоӊ ооруну сезбейсиң. Түшүмдө да ушундай көрүнүш. Ооруну сезген жокмун, ок чыгарарым менен калчылдап кеттим, бардыгы күм-жам болуп өчтү, айлананы көөдөй караңгылык каптады да калды. Мен кашайгансып сенейем, катуу бир нерсенин үстүндө кериле чалкаман жатам, көзгө эч нерсе көрүнбөйт, колумдун учун кыбырата албайм. Айланамдагылар ары-бери басып кыйкырат, күрүлдөгөн капитан менен чыйылдаган кожейкенин үнү басылбайт. Бир тынымга жымжырттык өкүм сүрө калды эле, жабык табытка салып жөнөшөт. Табыттын чайпалганын сезип барам, мен өлсөм, андан түк шек санабайм, көзгө эч нерсе көрүнбөйт, анын ортосунда баарын туюп-билим турганыма таң калам. Акыры буга көнүп, түштөгүдөй эле адатымча анык нерсе катары кабыл алат окшобоймунбу.

Мына мени жерге көөмп атышат. Баары кетип жатса, мен жалгыз калам. Жапжалгыз. Менде кыймыл жок. Адегенде кантип мени көөмп атканын өңүмдө элестеткен учурда ным, сыз гана көр менен байланыштырып тургандай сезим келет. Азыр да үшүп турам, өзгөчө бутумдун учтары сенейип катып калды. Башкасы түккө татыбайт.

Жатам. Кызык, өлүктүн күтө турган эч нерсеси жок экенин мойнума алгандай эч нерсени күткөн жокмун. Сыз. Бир саатпы, нече-нече күнбү же көп күн өттүбү, канча убакыт өткөнүн билбейм. Табыттын чатырынан  сарыккан тамчы келип сол көзүмө түштү, бир аз убакыттан кийин дагы бири, дагы башкасы, улам кайталанып турду. Өзөк өрттөгөн кыжырдануу жүрөгүмдө күйүп, анан туруп-туруп капшырылып ооруп баштады. “Бул менин жаратым, атпадым беле, ок күйгүзүп атат”, – деген ой кетти. Ал эми тамчы улам сарыгып келип түз эле жабык көзүмө таамп жатты. Үн чыгарбастан кыймылсыз жаткан бойдон жасаган кылыктарым үчүн жаратканга чын дилимден жалына баштадым.

- Эгер чын эле бар болсоң, ким болбогун азыр болуп аткан нерседен сөөм өйдө нерсе бар болсо, анын бүр байлашына жол ач. Барып турган аңкоолук менен жан жасабаган нерсени – өз өмүрүмө кол салгандыгым үчүн өч алып жаткан болсоң, кандай азап башыма түшпөсүн сан кылым тозок отунда салаңдап тургандагы үн дебеген жек көрүүгө салыштырууга болбой турганы жадыңдан чыкпасын!..

Бир үн чыгарып, кайра дым болдум. Бир саамга өлүү тынчтык өкүм сүрүп турду. Бул аралыкта дагы бир тамчы таамп, азыр бардыгы өзгөрө турганына бөркүмдөй ишенип турдум. Бир убакта көрүм ачыла түштү. Ачылдыбы же казылдыбы, бирок мени күңүрт белгисиз бир нерсе алгансып, бир убакта мейкиндикке туш келдик.  Түпсүз өлүү караңгылык. Биз жерден алыс мейкиндикте бараттык. Мени алып бараткан немеге лам ооз ачпастан, ансайын үн дебей мисирейем. Коркпойм деп өзүмө дем берген оюмдан айран калам кайра. Канча убакыт жол жүрдүк билбейм, элестете да албайм, мейкиндик, убакыт, болмуш мыйзамы, акыл-эс аркылуу көчүп, жүрөк толкуган жерлерге конгон сайын бардыгы түштөгүдөй болуп жатты. Түпсүз караңгылыкта бир жылдызды көрүп калдым.

“Бул Сириус эмеспи?”, – деп башкага оозум барбастан чыдабай сурап жибердим. “Жок, үйгө кайтып келатканда булуттардын арасынан көрүнгөн жылдыздын өзү”, – деп мени алып бараткан неме жооп берди. Жорою киши түспөлдөшүп кетет. Көөнүмө мүлдө жаккан жок, ал турсун жийиркенүүнү сездим. Барып турган жок нерсени күттүм, анан өзүмдү өзүм көкүрөк тушка аттым. Жанагы киши сөөлөтүндөгү нерсенин колунда туруп: “Балким табыттын ичинде да жашоо бардыр!” – деген түштөгү жеңил ойлуулук менен жаралган ой мени жандап өтөт. Жүрөгүмдүн түпкүрүндөгү “Кимдир-бирөөнүн эрки менен жашашка туура келсе, мени кемсинткенге жол бербейм!” деген ой “Сенден эсим чыгып жатканын билесиң, ошон үчүн мени жиниңдей көрөсүң” – деген суроонун көмөкөйдөн чыгуусуна түрткү берди. Ал суроодо жүрөгүмдү тепчиген төөнөгүчтөй кемсинүүнү сезүү моюнга алуу бар эле.

Ал менин суроомо жооп кайтарган жок. Мени эч ким жек көрбөйт, күлбөй, кабыргасы кайышпай тургандыгын, биздин жол белгисиз, ары купуя, мага гана тиешелүү максатка ээ экендигин сездим. Барган сайын коркунуч жүрөгүмдү кысып баратты. Үнсүз туңгуюк кабарлар жандоочуман азап менен мага өтүп жатты. Белгисиз караңгы мейкиндикте бараттык. Көптөн бери көзгө жылуу топ жылдыз көзгө учурай элек. Көгөргөн мейкиндикте нурлары жерге жыл санак жетпеген учурда жеткен жылдыздар бар экенин билчүмүн. Балким ушул мейкиндиктен эбак учуп өткөн чыгарбыз. Өзөк өрттөгөн сарсанаадан бир нерсе күтөм. Непадам мага тааныш, бүт денемди титиреткен сезимге туш болдум. Биздин күндү көрдүм! Бул биздин жерди жараткан биздин күн эмес экенин, биз күндөн чексиз аралыкта экенибизди билем. Бирок эмнегедир бул күн биздин күнгө окшош, кайталанма эгизи экенин түпкүрүндө билип турдум. Денемди алкак менен сызып өткөндөй жагымдуу сезим көкүрөктө толкуп турду. Мени жараткан жарыктын күчү көкүрөктөгү муштумдай этке үн салып, жарыгын чачып турду. Бейитке коюлгандан кийин алгач ирет жашоону, мурунку жашоомду сезе алдым.

– Эгер бул биздин күндөй болгон күн болсо, – деп кыйкырдым, – анда жери кана? Жандооч шеригим караңгыда зымырыт түстөгү жылтыраган жылдызчаны көрсөттү. Биз ага түптүз бараттык.

– Ааламда ушундай кайталануу болушу мүмкүнбү, табият мыйзамы ушундайбы?.. Эгер бул ошол жактагы жер болсо, шордуу, байкуш болсо дагы кымбат, сүйүктүү, ыраазы болбогон балдарына да азаптуу сүйүүсүн тартуулаган биздикиндей эле жерби? – деп өзүм таштап кеткен өз жериме болгон сүйүүдөн улам титирегенимен кыйкырып жибердим. Мен таарынткан кыздын сөлөкөтү көз алдыма тартыла түштү.

– Бардыгын көрөсүң, – шеригимдин үнүнөн кандайдыр бир убайымдын шарапаты байкалды.

Анткен менен жанагы планетага тез эле жакындадык. Ал көз алдымда улам чоңоюп, барган сайын океан, Европанын карааны көрүнө баштады. Күтүүсүздөн көкүрөгүмдө таң каларлык улуу кызганыч өрттөнүп турду: “Кантип эле ушундай болсун, эмне үчүн? Мен кургур таштап кеткен киндик кан тамган жеримди, өмүр отум өчкөн жеримди гана сүйөм, сүйө алам. Бирок эч качан, эч качан бул жерди сүйгөндөн тажабайм, кала берсе аны менен ажырашкан түнү да кан какшап сүйдүм бейм. Ушул жаңы жерде азап бар бекен? Биздин жерибизде азап менен, азап аркылуу гана чындап сүйө алабыз! Болбосо биз сүйө албайбыз дагы башка сүйүүнү билбейбиз. Сүйүш үчүн мага азап керек. Мен таштап кеткен жерди көз жашка жууна өпкөнгө чаңкап, көз ирмемге өпкүм келгеничи, башкасына көөнүмдү бурдурбай эле койсун, кабыл албайм дагын!..”

Бирок шеригим мени ушул жерге калтырды. Адегенде байкалбаган менен ачык күндүн бейишиндей болгон башка жерде туруп калдым. Биздин жердеги Грек архипелагын түзгөн аралдардын биринде же ага танапташ материктин жээгинде туруп калдым окшойт. Оо, баары биздегидей болду, бирок бардык жерде майрамдагыдай шаң-шапар орун алып, салтанат уланып жаткандай сезилди. Жумшак зымырыт түстөгү деңиз толкундары жээкке урунуп шарпылдап, жээкти сугалактана жалап-жуктайт. Көк тиреген дарактар алпейимдене моюн созсо, дирилдеген жалбырактары акырын кол булгалап койнуна чакыргандай шуудурашат. Көк майсаң жыпар жыты кеңилжерди жара аңкыган гүлдөргө шыкалган. Чымчыктар топ-тобу менен дүр эте абада калкып, менден коркпостон ийниме, колума коно кубангандай быйтыйган канаттары менен мени каккылашат. Акыры бактылуу жердин адамдарын көрүп, көөнүм тойду. Алар өздөрү келип, тегеректеп учурашат. Күн балдары, өз күнүнүн балдары, алар кандай гана сүйкүмдүү эле! Адамдагы мындай сулуулукту биздин жерден көргөн эмесмин. Балдарыбыздын алгачкы там-туң басканга чейинки курагында гана мындай сулуулуктун элесин көрсө болот. Бул бактылуу адамдардын көздөрү жылдыздай күйүп-жанат. Аң-сезимдүү тынчтыкка жетишкен адамдардын акыл-эске толгон жүздөрү жаркылдайт. Сөздөрү менен үндөрүндө балалык шаттык угулат. Алардын жүзүн алгач көрөрүм менен бардыгын түшүнгөм! Арамдыкка чулганбаган бейиштей жерде жазыксыз адамдар жалпы адамзаттын салт-санаасы менен жашайт экен. Кубанычтуу жылмая мага ыкташып эркелетишет, өздөрүнө тартып, бардыгы тең мени жубаткылары келет. Эч кимиси мени сураштырбаса да бардыгын билишкендей жүзүмдөгү капалыкты тезинен кубалоого шашат.

IV

Анын үстүнө байкадыңарбы, мейли эми бул түш болсун! Бирок бул жазыксыз жаркын адамдардын сүйүүсү менде түбөлүккө калды, алардын сезими ошол жактан азыр да келип жаткандыгын туюп турам. Аларды өзүм көрүп билип, анан сүйгөнүмө ынандым, күйүп-быштым. Аларды көп жагынан түк түшүнбөй турганымды дароо эле түшүнгөм. Көптү билишсе дагы учурдун агымы менен ойлонгон мендей жаман шаардыкка биздикиндей  илимге ээ эместей сезилди. Алардын билими биздин жердегидей эмес башка жол менен толукталып, мүдөөлөрү да мүлдө башка экендигине эми көзүм жетти. Эч нерсеге көз артпастан бир калыпта жүрүшөт, жашоолору сыдыргыга салынгандыктан биздей болуп жашоону таанып-билүүгө умтулушпайт. Жашоо эмне экенине жооп издеп, башкаларды жашаганга үйрөтүү үчүн өзү таанып-билүүгө умтулган биздин илимге караганда алардын билими ары терең дагы, ар тараптуу. Алар илимсиз эле кантип жашашты билгенине башым жете бербеди.

Дарактарды мага көрсөтүп, аларга карап сүйлөп жатканын аңдаш кыйын болду. Жаңылбасам балким алар бактар менен сүйлөшүп жаткан! Ооба, алардын тилин таап алышкан, кыскасы бири-бирин түшүнөт. Сүйүүсү менен баш ийдирип алган айбанаттарга кол салбастан ырашкердик менен бирге өмүр сүрүп жаткандыгынан алардын табиятка кылган мамилесин баамдоого болот. Алар мага жылдыздарды көрсөтүп, айтып берип, аларга аң-сезим менен гана эмес кандайдыр бир жандуу жол менен байланышы бар экендигинен шегим жок эле. Буларды түшүнүшүм үчүн кишилер аракет да кылышкан жок, ансыз деле мени жакшы көрүшөт, мени эч качан түшүнүшпөй тургандыгын билчүмүн, ошон үчүн биздин жер тууралуу дээрлик ооз ачкан жокмун. Мен болгону алар жашаган жерди көзүнчө өөп, өздөрүн да жанымдай көрөм. Көз көрүнөө минткениме алар татыктуу эле. Өздөрүн өзгөчө жакшы көргөндүктөн аларды аздектегениме намыстанам. Көзүмдөн буурчактап жаш куюлуп турганда, кандай сүйүү менен жооп бере тургандыктарын көкүрөгүмдөн туя билип, кээде алардын бутун өпкөндө да мен үчүн кыйналышпайт деле. Кантип мендей немени кемсинтип, кызганыч менен ичи тардык сезимин бир дагы жолу ойготушкан жок деп кээде туруп таӊ калганымдан өзүмө өзүм суроо берем.

Билимим тууралуу аларга көйрөңдөнүп айтканымдан эмне таптым дейм да? Бул тууралуу алардын түшүнүгү жок, таң калтыра албайсыӊ. Алар балачасынан оюнкараак, шайыр. Ажайып токой, талааларын аралап, мукам обондорун созо, жеңил тамактанып, дарактын мөмөсүн, токой балын, сүйүктүү айбанаттарынын сүтү менен жан сакташат. Азыкка, кийимге бир аз гана эмгектенип койгон жетиштүү. Сүйүүдөн балдары жаралып, бирок алардын кыймылынан биздин жердин бардык катмарына жеткен, адамзаттын бардык күнөөсүнүн ана башы болгон ашкан кумарданууну байкаган жокмун. Жарык дүйнөнүн ырахатын татууга келген баласына эбедейи эзилет. Ортолорунда талаш-тартыш, кызганычтын учкуну да жок, ал эмне экенин түшүнүшпөйт деле. Бардыгы бир үй-бүлөдөй болгондуктан балдары – бардыгынын баласы. Ажал улук болсо да дээрлик оору-сыркоо жок. Карылары үргүлөгөнсүп барып, акырын көз жумат, айланадагы адамдар жылмайыңкы жүздөрү менен коштошуп кала берет. Аза күтүү, муңкана төккөн көз жашты көрө алган жокмун, барган сайын улам арткан, суктанууну жараткан сүйүү гана өкүм сүрөт. Акка моюн сунган жакындары менен байланышып, алардын тамыр байланышын өлүм дагы үзө албайт турбайбы деген ойго кетесиң. Түбөлүк жашоосу тууралуу сураганымда мени дээрлик түшүнүшчү эмес, сыягы бул нерсеге терең ишендиктен көңүл сыртында калган. Мечит же чиркөө деген жок, бүткүл аалам менен маңыздуу, жандуу байланыш байкалып турар эле.

Ишенимден алыс, терең билимдүүлөрдүн чексиз кубанычы жер табиятынын чегине чейин жеткенде тирүүлөр менен катар чын дүйнөнүн өкүлдөрүнө да бүткүл аалам менен байланыш кулач жаят. Алар бул көз ирмемди алдын ала сезип, бири-бирине көз ымдаша билдирип, кубаныч менен күткөн. Кечинде жаздыкка баш коёр алдында бирге үн салып, обон созушат. Бул ырларында өткөн күн тартуулаган бардык жагымдуу сезимди берип, даңктап, аны менен коштошушат. Алар жаратылышты, жерди, сууну, токойду ырга кошуп даңкташат. Бири-бирин ырга токуп, балачасынан мактаганды жактырышат, бул ырлар эң жупуну ырлар болсо дагын жүрөктөн сызылып чыгып, жүрөккө барып орной турган. Ырларында гана эмес, бири-бирине маашырланып өмүр кечиргендей сезилет. Бул бири бирине кандайдыр бир бүтүндөй ашыктык эле. Башка салтанаттуу шаттык ырларында эч нерсени түшүнө алган жокмун. Сөздөрүн түшүнүп турсам да, алардын маанисинин тереңине кире албадым. Акыл-эсиме жеткиликтүү болбогон менен аларга барган сайын өзүмдөн өзүм жакындап бараттым. Сары убайымга салып куса кылган биздин жерде жүргөндө эле бул кубаныч менен даңкты күн мурун эле туйганымды аларга айтар элем. Алардын баарын, жүрөгүм, акылым менен даңкын сезген элем. Жерибизге, тамчы көз жашсыз баткан күнгө кайра-кайра карай албайм...

Биздин жердин кишилерине болгон жек көрүүм аларды жакшы көрбөй туруп эмнеге жек көрөм, эмне үчүн аларды кечирбей коё албайм деген сары убайымда эле. “Аларды жек көрбөй туруп аларды сүйүп менде эмне шаң” деген аларга болгон сүйүүм дагы сарсанаа менен коштолот. Алар мени угушат, эмнени айтып жатканым ойлоруна да келбей турганын көрүп турдум, бирок кимдерди таштап кеткениме сарсанаа болгонумдун баарын түшүнүшүп турганын билгенимди айтканыма өкүнгөн жокмун. Ооба, сүйүүгө толгон көз караштары менен мени карап, менин жүрөгүм алардын алдында алардын жүрөгүндөй баёо болуп калганын сезсем дагын аларды түшүнбөгөнүмө өкүнгөн жокмун. Дүйнөм толук сезгенимден демим чыкпай калды, ага ичимден шүгүрчүлүк келтирем.

Азыр баары мага карап күлүшөт, жүрөгүмдүн түпкүрүнөн сызылып чыккан сезимди, майда-чүйдөсүн ойгонгондон кийин ойлоп чыгарган түшүмдү айтып берсем, мындай нерсе түшкө да кирбей тургандыгына ынандыргысы келишет. Иш жүзүндө ошондой болгонун ачыктасам, оо, жараткан, күлкүсү таш жарып, жамажайлары ачылып, ууртунан күлкү төгүлдү дейсиң! Албетте, мен болгону ошол түштүн жаралуу жүрөгүмдүн толтосун гана көздөгөн бир сезими менен гана жеңилип калдым. Ага карабастан түшүмдүн болгон турпаты ушундай бир ширелүүгө толгон, барып турган сүйкүмдүү, ары сонун, анык болучу. Албетте, аларды куру сөзгө айландырууга кудуретсизмин. Андыктан алар керек болсо менин жаман акылыман сүрүлүп чыгууга тийиш беле. Менин ышкыбоз каалоомдо канча болбосун ошончолук кең-кесири ачылып төгүп берүүгө өзүмдөн өзүм аргасызмын. Бирок мага ишенбей тургандай ал эмне эле? Балким мен айтып жаткан нерседен миң эсе жакшы, жагымдуу, кубанарлыктыр? Мейли бул түш болсун, болбой коюшу мүмкүн эмес болучу. Билесиздерби, сиздерге мен бир сыр айтайынбы? Мунун баары чынында түш эмес болушу мүмкүн, же болбосо түшкө да кирбей турган үрөй учурарлык окуя болду. Мейли түшүм жүрөгүмдү жаратса, ошол жүрөгүм кийин менде болгон үрөй учурарлык чындыкты жаратууга кудурети жетер беле? Кантип эле өзүм ойдон чыгарып же жүрөгүм менен опузаламакмын? Муштумдай жүрөгүм, чымчыктыкындай чыргоо акылым ушунчалык деңгээлдеги чындыкты ачууга дарманы жеттиби! Өзүңөр акыл калчап алгыла. Мен ушуга чейин жашырып келдим, бирок бул чындыкты аягына чейин айтарым чын. Кептин баары алардын баарын бузгандыгымда!

V

Ооба, алардын баарын бузгандыгым менен аяктады! Кантип мындай болуп калганын ачык түшүнбөй турам. Түш миң жылга созулуп, мага бүтүндөй бир сезим калтырды. “Бир карын майды чириткен бир кумалак” мен болгонумду гана билем. Жер жүзүнө тараган мите курт, ич келте сымал мага чейин бактылуу, баёо жерге мителигимди жугуздум. Алар жалган айтууну үйрөнүп, калптын даамын татып, татканып калышты. Оо, бул мүмкүн айыпсыздыктан, тамашадан, жагынуудан, сүйүү оюнунан башталса керек. Иш жүзүндө мите курттан башталган болушу мүмкүн, бул жалгандыктын митеси алардын жүрөгүнө уялап, анан жагып калды болуш керек. Анан азгырык пайда болуп, азгырык кызганычты жаратып, кызганыч мыкаачылыкка түрткү болуп... Качан экенин билбейм, бирок бат эле алгачкы кан чачырады. Алар айран таң кала үрөйлөрү учту, ынтымагы келишпей бөлүнө башташты. Бири бирине каршы коомдор пайда болду. Жек көрүү, көр жемеге алуу башталды. Алар уятты билишти, уят болсо изгиликти серепчилетти. Ар-намыс түшүнүгү жаралып, ар бир коомдун өз байрагы көтөрүлдү. Айбанаттар кыйналганынан токойго качып, көрүнөө душманга айланды. Бөлүнүү, четтөө, жекелик, меники, сеники үчүн күрөш башталды. Ар башка тилде сүйлөй башташты. Азаны билип, ал да жага баштады, кыйноону самап, аны менен гана чындыкка жетүүгө болот деген ойду карманышчу болду.

Ошентип илим пайда болду. Каардуу болуп калгандан кийин боордоштук, гумандуулук түшүнүгү жаралып, кеп кыла башташты. Кылмыштуук пайда болгондо адилеттикти ойлоп табышып, сактаныш үчүн өздөрүнө бүтүндөй кодекстерди жазышты, ал эми кодексти камсыздоо үчүн жазаны ойлоп табышты. Эмнени жоготуп алышканын бир аз гана эстеп калышты, ал турсун качандыр бир убакта күнөөсүз жана бактылуу болгондугуна ишенгилери келчү эмес. Алардын мурунку бакытынын мүмкүнчүлүктөрүнө күлүшүп, аны кыял катары баалашчу. Анын кандай экенин элестете да алышчу эмес. Мурунку бакытына болгон ишенимди жоготуп, аны жомок катары санап, кайра күнөөсүз, бактылуу болгулары келип, баёо бала сымал жүрөк каалоосуна кул боло аздектегенден аздектешти. Мечит-чиркөөлөрдү салып, өз идеясына, каалоосуна дуба окушчу болду. Кылып жатканы ишке ашпай турганына ишенген менен көздөрүнөн жаш кылгыра ага таазим кылгандан тажашпайт. Ошондой болсо да өздөрү жоготкон жазыксыз бактылуу учуруна кайтып барышы мүмкүн болор же аны кимдир-бирөө кайра көрсөтө турган болсо, ага кайра ошол учурга кайткысы келерин сураса, балким алар баш тартышмак. Алар мага төмөндөгүдөй жооп берерине бөркүмдөй ишенем: “Мейли биз жалганчы, каардуу, адилетсиз бололу, билип туруп ыйлайбыз, бул үчүн өзүбүздү өзүбүз кыйнайбыз, бизди жазалай турган, ал турсун атын билбеген ырайымдуу Соттон да өтүп жазалайбыз. Бирок бизде илим деген бар, ал аркылуу кайра чындыкты издейбиз, аны эстүүлүк менен кабыл алабыз. Билим сезимден жогору, жашоонун аӊ-сезими жогору турат. Илим бизге акылмандыкты берет, акылмандык мыйзамдарды ачса, бакыт мыйзамдарын билүү бакыттан жогору турат”.

Алар ушундай дешти, ушундай сөздөрдөн кийин ар бир адам өзүн өзү баарынан жакшы көрүп калат. Ооба, анткенден башка чарасы жок. Ар бир адам өзүн башкалардан күчүнүн бардыгынча кемсинтип, өздүгүнө кызганыч менен карап калды. Кулчулук пайда болду, ал турсун ыктыярдуу кулчулук пайда болду. Каруусу жоктор өздөрүнө караганда андан да алсыздарды басынтууга көмөкчү болуш үчүн карылууларга баш ийишет. Такыбалар пайда болду. Алар бул адамдарга көз жашын төгүп, алардын текебердигин, бардык нерсенин чегинин, ымаланын, уят-сыйыттын жоголгондугун айтып беришет. Аларга күлгөндөр же таш ыргыткандар болду. Ыйык кан чиркөөлөрдүн босогосунан суудай акты. Анткен менен өзүн баарынан жакшы көрүп, ошол эле учурда эч кимге тоскоол болбостон ушундай ынтымакта жашаш үчүн кантип биригиш керектигин ойлонгон жандар табылды. Бүтүндөй согуштар ушул идеянын аркасы менен чыгып турду. Бардык согушкандар ошол эле учурда илим, акылмандык жана өзүн өзү сактоо сезими адамды ынтымактуу, эстүү коомго биригүүгө мажбур кыла тургандыгына бекем ишеништи. Анткени ишти тездетиш үчүн “акылмандар” бардык “акылсызды” жана алардын идеясын түшүнбөгөндөрдү алардын салтанатына тоскоол кылбаш үчүн тезирээк жок кылууга шашылышты. Бирок өзүн өзү сактоо сезими тез алсыздана баштады, текеберлер менен кумарпоздор пайда болуп, бардыгын же жок нерсени түздөн-түз талап кылышчу болду.

Бардыгын сатып алыш үчүн кара санатайлыкка, эгер болбой калса, өзүн өзү өлтүрүүгө баруу кадыресе көрүнүш болуп калды. Түбөлүк бейгамдык үчүн жок нерсеге сыйынган диндер пайда болду. Барып-барып бул адамдар мазмунсуз эмгектен чарчап, жүздөрүндө жабыркоонун белгилери орун ала баштады. Жабыр тартуунун өзү – сулуулук, анткени азапта гана маани төнүп турат деп кыйкырып чыккандар ушулар болду. Алар ырдап жаткан өлөӊүнө азап кылдарын кошчу болду. Колумду кокустатсам да алардын арасында жүрдүм, ыйладым, бирок аларды жүздөрүндө азаптын тагы түгүл изи жок кездегиден, айыпсыз, ушунчалык сулуу кездегиден да артык жакшы көрөм. Жаннаттай болгон жерди кор кылгандыгы, анда кайгы-капа пайда болгондугу үчүн аларды жакшы көрөм. Аттиӊ ай, өзүм үчүн гана дайыма кайгы-капаны, азаны жакшы көрчүмүн, аларды аяганымдан ыйга муунар элем. Аргасыздан өзүмдү айыптап, каргап-шилеп, жек көрүү менен аларга колумду сунчумун. Мунун баарын жалгыз мен гана кылдым, аларга бузукулукту, жугуштуу ооруну, жалганды алып келгенимди айттым!

Мени айкаш жыгачка керишин суранам, айкашты кантип жасашты үйрөтөм аларга. Өзүмдү өзүм өлтүрүүгө күчүм жетпей турган, бирок алардын колунан кыйноо тарткым келип турду, алардын колу менен кашык каным калгыча агышын самап турдум. Бирок алар мага карап күлүп гана турушту, акырында келесоо чалыш деп эсептей башташты. Мени актап, өздөрү каалаган нерсени гана алышканын, азыр болбой турган нерсенин баарын айтышты. Акырында алар үчүн мен коркунучтуу болуп каларымды, тилимди тишиме катпасам жиндилер үйүнө камай турганын айтышты. Кайгы мага жүлүнүмдү аралап киргендей болуп, жүрөгүм сыгылышып барып, өлөрүмдү сездим, анан... анан ойгонуп кеттим.

----------------------------

Таң куланөөк тартып, толук ата элек болсо да саат алтыга таяп калыптыр. Ошол эле креслодо көзүмдү ачсам шам күйүп бүткөн экен. Капитандар болсо уйкуга кеткен өӊдүү, айлана кулак-мурун кескендей жымжырт. Адегенде таӊ калганымдан ыргып турдум. Кресломдо эч качан үргүлөчү эмесмин. Аӊгыча өзүмө келгиче капыстан тапанчам көзүмө урунду. Октолуу, дапдаяр экен, көз ирмемде өзүмдөн алыстаттым аны! О, жашоо! Колумду көтөрүп, түбөлүк чындыкка үн салдым, үн эле салбастан ыйладым. Чоӊ сүйүнүч менде болгон нерсени көтөрүп койду. Жашоонун өзү – үгүт-насаат! Бул ой ошондо келер менен өмүр бою жадымда тутуп койдум. Үгүт жүргүзгөнү барам, ошентким келет, эмнени? Чындыкты, анткени чындыкты, болгон турпатын мен өз көзүм менен көрдүм!

Ошондон тарта үгүт жүргүзүп келем. Андан тышкары мага күлгөндөрдүн баарын сүйөм. Эмне үчүн мындай экенин билбейм, түшүндүрө албайм дагын, мейли ошондой боло берсин. Мен жолдон адашып баратканымды айтышат, ошондой болсо, андан ары кандай болот? Ачуу чындык мында: адаштым, балким андан ары мындан да жаман болоттур. Албетте, кантип үгүттөштү үйрөнгүчө ары-бери согулам. Кандай сөз айтып, кайсы иш менен, анткен менен бул аткарууга оор. Айткандай, мен муну чаламандын чак түшүндө көрүп атпаймынбы, бирок угуп койгула, кимдер гана адашпаган! Болбосо баарыбыз – даанышмандан тартып, каракчыга чейин эч болбоду дегенде бир жерге баратабыз, болгону ар кайсы жол менен.

Бул эски чындык, бирок мында жаӊы чындык дагы бар: өтө адаша да албайт экенмин. Анткени мен чындыкты көрдүм, жерде жашоо жөндөмдүүлүгүн жоготпостон адамдар эӊ сонун, бактылуу боло алышарын көрдүм, билдим. Жамандык адамдардын ажырагыс бөлүгү болуп калышын каалабайм, ишене да албайм. Алар ушул ишенимдин үстүнөн, мага күлүп жатышпады беле. Бирок кантип мен ишенбей коё алам, чындыкты көрдүм, акылым менен ойлоп таап эмес, көрдүм, жандуу элеси жан дүйнөмө түбөлүккө орноп калды. Мен аны адамдарда болбой турган бүтүндүктө көрдүм. Анан кантип адашам? Кыйшаям, ээрден көчүк кылтаят, кайра түздөлөм, кайра тирилип, жандуу элес мени дайыма түзөп, бир багыт алдырат. Кайра сергектенип, миӊ жылга болсо дагы кадам таштайм. Билесиздерби, адегенде бардыгын бузганымды жашыргым келген, бирок бул жаӊылыштык болуп калды, мына – биринчи катам! Чындык менин калп айтып жатканымды кулак түбүмө шыбырап сактап калды. Багыт берди. Кантип бул дүйнөдө бейиш курушту билбейм, анткени сөз менен беришти билбейм. Түшүмдөн кийин тилимди жутуп алгансыдым.

Бардык негизги, эӊ керектүү сөздөрдү жоготуп алдым. Мейли, көргөнүмдү айтып бергенди билбесем дагы өз көзүм менен көргөндү барып чарчабастан айта бергеним айта берген. Шылдыӊкорлор аны түшүнсүнбү: “Түш көрүп, сандырактык, дөөрүмө”. Эх! Кантип ушундай болсун? Ал эми алар ушинтип сыймыктанат. Түшпү? Түш деген эмне? Биздин жашоо түш эмеспи? Мындай дээр элем: мейли, бейиштегидей болбой эле койсун (мен муну түшүнүм атам да!), а мен баары бир үгүт жүргүзгөнүм жүргүзгөн. Ошондой болсо да жөпжөнөкөй гана, бир эле күндө, бир саатта, баары жай-жайына келет да калат! Эӊ негизгиси – башкаларды өзүӊдөй жакшы көр, башка эч нерсенин кереги жок, ошол замат баары калыбына келет. Бул болгону миӊ жолу кайталап окуган эски чындык камыр-жумур болуп кеткен жок! “Жашоону билиш жашоонун өзүнөн жогору турат, бакыт мыйзамын билүү бакытка татырлык”. Мынакей эмне менен күрөшүш керек! Күрөшөм. Эгер баары кааласа, азыр баары болот.

-------------------------

Тиги кичинекей кызды издеп тапкам...Кой, жөнөдүм!

Орусчадан оодарган Эрмек ШООРУКОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз