Достоевский жана Айтматов: Адамтаанымдагы эки усул

  • 10.06.2020
  • 4643

("Чыңгыз Айтматовдун көркөм антропологиясы" аттуу макаладан)

Ымандай кеп

Соңку жылдары белгилүү публицист агабыз Эсенбай Нурушев коомдук процесстерден четтей түшкөндөй көрүнүп жүрдү. Башкаларга кандай билбейм, бу кишинин бүгүнкү турмуш агымына кайдыгердей үн катпай жүргөнүнө жеке менин ичим чыкпай жүргөн.

Кээде “атаң алтымышка чыкканда алдап-соолап күчүн ал” накылы менен Эсекеме телефон чалам, адилетсиз бийликтин айыбын ашкерелеп макала жазып берсе дейм, козутуп. Удургуган улуттун нарк-насилден ажырап бараткан наадандыгын көзгө сайып сындаса дейм, тукуруп. Үн катпайт. “Жазганда эмне... Менден башкаңар жазсаңар деле жетет. Силер жазгыла” демиш болуп, колу бошобой жүргөнүн айтат.

Көрсө, Эсекебиздин бүгүнкү ыбырсыган турмушубуздан четтей калганынын жөнү бар окшоду...

Турмуш агымында ал киши дайранын түбүндөгү коңулдан козголбогон салмактуу таштай те ылдыйда, тереңде жылтылдап жаткан тура көрсө. А бейпайлуу биз дайранын үстүндө калдаңдаган агындылардай, чамындылардай калкып жүрүптүрбүз. Үстүдө...

Мындан эки жыл мурда “Айтматология: “Жамийла” жана улуттук эрос” аталышындагы эмгеги менен адабий коомчулукта, илимий чөйрөдө чоң сөз жараткан Эсекебиз азыр да бекер жатпаптыр. Айтматов ааламын аңтарган дүйнөгө сүңгүп кетиптир. Айта турган кебинин уч-кыйыры тереңде экен көрсө.

Биз улуттук адабияттын казынасы делген фольклорду да, Айтматовду да али күнчө жетик өздөштүрө элек экенибизди Эсекебиз аңдап атыптыр, талдап атыптыр. Аны биз ар бир макаласын жарыялаган сайын туюп баштадык. Эне тилибизди илимдин тилине буруп, кыргыздын көөнө сөздөрүн терминдик түшүнүктөргө көгөөндөп байлап берип атат бу киши. Жөн жата бербептир, философия илиминдеги түшүнүктөрдү кыргыз тилинде деле шаңшытып, кыргызча терминдер менен деле дүйнөлүк философия агымын жалпак тилге салып улуттаанымыбызды өстүрсөк болорун кыргыз урпагына ушу Эсекебиз туюнтат окшоду...

Эсекебиз бүгүн Айтматовдун эле арбагын ыраазы кылар эмгекке башын байлабаптыр да көрсө... Атпай-журтубуз менен ыраазы болор улуттаанымыбызды кеңитер философия илимине башбагып, али күнгө чейин окумуштууларыбыз ооз ача элек ой кыртышын оодарып, улуттук философиябыздын буйтка жаткан маселелерине буурсунун салып жүрүптүр.

Эмесе Эскебизге эмне дейт элек, мээнетинин дөөлөтү буюрсун! Эмгектерин жаза берсин, ыбырсыган турмушка алаксыбай. Жазгандарын окурмандар журтуна четинен тааныштырып туруу биздин милдет болсун...

Олжобай ШАКИР

Николай Бердяев өзүнүн орноктуу эмгектеринин биринде Фёдор Достоевскийди улуттун эң башкы энчиси, анын айбары улук асылнаркы катары баалаган. Буга калганда философ айныгыс бир ишенимде болгон: кыяматтын сопкут-сотунда жарыкчылыкта эмнеге жашап, эмне мүдөөгө жеттиңер деп сурашса орус эли Достоевскийди кадыр-колко кылып көрсөтүп, ошонун аты менен дүйнөдөгү бүт болмушун актай алат деп жазган ал. Жазуучунун романдарындагы көркөм ойдун бийик өрүшүн философ "антропологиялык трактаттарга" теңештирген. (Н.Бердяев. Миросозерцание Достоевского. 2009).

Менимче, бизге Чыңгыз Айтматов да ушундай улук мандатка, улуттук бийик асылнаркка айланды. Бу жарыкта бекерге жашабаганын ырасташ үчүн кыяматтын сурагында кыргыз деле алаканга толбос азгантай эл болгонуна карабай адамзаттын алтаны аталган ысымдарга өз өкүлүн кошконун айтып, эки дүйнөдө тең бардык элдерге теңата боло алат. Мындан тышкары биз деле Айтматовдун чыгармаларын өзүнчө эле бир "антропологиялык трактаттар" деп атай алабыз.

Антропология (anthropology) — абдан эле эски, тээ Аристотелден бери келаткан термин. Аны адам жөнүндөгү илим деп жүрүшөт, өткөн кылымдын башталышынан тартып анын мааниси кеңейип, бара-бара диний, философиялык, социалдык-маданий, соңку мезгилде атүгүл кибернетикалык ж.б. аталымдарга бөлүнүп, бир топ эле тарамдалып кетти. Ошолордун ичинде көркөм антропология искусство чөйрөсүндөгү адамтаанымды түшүндүрөт. Атап айтканда, өз чыгармасында сүрөткер адамды, анын дүйнөсүн түзөт, ошол аркылуу адамды изилдейт жана  таанып-билет. Демек, бул өнөр да антропологиянын өзүнчө бир түрү катары коомдук тааным-билимде атайын таанылганга, андан орун-очок алганга акылуу. (В.Савельева. "Художественная антропология". Алматы: АГУ им.Абая, 1999).

Демек, көркөм антропология дегенде, албетте, биринчи кезекте сүрөткердин чыгармаларын түшүнүү керек. Эгер философ негизинен "адам - дүйнө" тутумунда узанып, адамды жалпы жонунан изилдесе, сүрөткер анын ичине чейин үңүлүп кире алат, муну менен адамтаануу ишинин кыйырын кеңейтип, учун узартат.  

Достоевский, маселен, философиядан билим алган эмес, философиялык тракттарды жазган эмес, өзүн философ деп атаган да эмес. Жада калса замандаштары жазуучунун романдарын философиялык өңүттөн караган эмес экен.Тескерисинче, аны ошо "замандын кемесинен ыргытып салууну" (И.Бунин) сунуш кылгандар, чыгармаларын "банкадагы жөргөмүштөргө, бөйөн-чаянга" (В.Набоков) салыштыргандар аз болбоптур. Анын аз сандагы тарапкерлери, алардын ичинде айрыкча В.Белинскийдин айткан пикирлери гана акыры туура чыгыптыр. Атап айтканда, айтылуу сынчы жаш автор Достоевский дароо таанылып кетпеген таланттардан экенин, бирок баралына келип, даңкы таш жара баштаган кезде ага асылгандардын көбү унутулуп каларын таасын баамдаптыр. -"Его (Достоевского) талант принадлежит к разряду тех, которые постигаются и признаются не вдруг. Много, в продолжение его поприща, явится талантов, которых будут противопоставлять ему, но кончится тем, что о них забудут именно в то время, когда он достигнет апогея своей славы". (И.Якубович. Летопись жизни и творчества Ф. М.Достоевского. СПб. 1999. С.110).

Эми азыр – биздин заманда – жалпы баары, америкалык профессор Жеймс Сканлан жазгандай, атүгүл "жеткен катаал сынчы да академиялык философиядан канчалык алыс турганына карабай Достоевский анык философ-жазуучулардын бири болгонун моюнга албай койо албайт". Ал эмне жөнүндө жазбасын – динби, этикабы, эстетикабы, мамлекетпи же орус элиби – баарында такылеттик табышмактын: адам болуу эмне? - деген соболдун ачкычы катылып жатат. Сканлан жазуучунун көркөм философиясында антропоцентризм – адамды бул ааламдын борборуна койгон, аны дүйнөдөгү бардык окуялардын башкы максаты деп санаган көз караш - үстөмдүк кыларын, ал ушул позициядан "адамдан адамды издегенин" белгилейт. (Д.Сканлан. Достоевский как мыслитель. – Dostoevsky the Thinker. СПб.2006).

Бул айтылгандар жалпысынан биздин Айтматовго да ылайык келет:  ал деле философия факультетинде окуган эмес, андан кыйла эле алыс турган айыл чарба институтун бүтүргөн, таза философиялык маанидеги макалалары деле жок. Учурунда аны да кыргыздын өз алына жараша кылдырап турган адабий "арабасынан" түшүрүп салгысы келгендер, алгачкы чыгармалары ("Бетме-бет", "Жамийла") менен улутту дүйнөгө уят кылды деп айгай салгандар, аны жөн эле бир "журналист бала" көргөндөр болуптур. Айтматов жаңы чыкканда – өткөн кылымдын элүүнчү жылдарынын этегинде – анын алыска чуркай турган талантын чындап баамдагандар аз эле болгон экен (К.Асаналиев, К.Бобулов ж.б).

Философия жагын айтсак, Алексей Лосев эртеги макалаларынын биринде ("Эрос у Платона", 1916) орустарда теориялык философия болбогонун, анын милдетин көркөм адабият аткарып келгенин айткан экен. Бизде, кыргыздарда теориялык философия мындай турсун, жазма көркөм адабияттын өзү мындан токсон жылдай илгери гана жаралды. Ошол адабият деле бизде чындап келгенде өткөн кылымдын экинчи жарымынан баштап философиянын жүгүн аркалай баштады десек болот. Бул жагынан биз Айтматовго, анын муунуна милдеткербиз.

Бу жерде дагы бир салыштыруу эске келет. Атап айтканда, XIX кылымдын башталышында орус ойчулдары Россияда адабият жок деп ырасташкан экен. 1833-жылы, мисалы, А.Пушкин "Жалчыбаган орус адабияты жөнүндө" макала жазып, анысын бүтпөй калат. Кылымдын орто ченине жакын В.Белинский Россиянын өз адабияты бар экенин, бирок ал европалык мааниге жете электигин белгилейт. 1878-жылы гана жазуучулардын Париждеги конгрессинде И.Тургенев  орус адабияты жалпыевропалык адабиятка айланганын жарыялайт.

Бизде өткөн кылымдын ортосуна чейинки адабият иш жүзүндө "жалчыбаган" адабият болгонун, ал жалпысынан пропаганданын, идеологиянын милдетин аткарганын таныш кыйын. Чыңгыз Айтматов бар болгону беш-алты жыл ичинде – дээрлик катарлаш жарыяланган "Бетме-бет", "Жамийладан" (1957) тартып  "Биринчи мугалим" (1961),  "Саманчынын жолуна" (1963) чейин -  ошол ортосаар кыргыз адабиятын адегенде жалпысоюздук мааниге, андан ары дүйнөлүк деңгээлге чапчаң чыгарып салды. Мындай секирикти, ыкчам өнүгүүнү, жаңылбасам, - кокус жаңылсам, ак чөп башта – дүйнөдө бир да адабият билбесе керек.  Ошондо эле Айтматовдон бөтөн, агарып-көгөргөн алдыңкы элдердин өкүлдөрү  философиялык тереңдикти көрүшкөн. Азыркы күндө аны жамы журтчулук философ-сүрөткер катары таанышат. 

Философ-жазуучу катары Айтматовдо антропоцентризм  – адамды сүйүү, анын насили менен  эркиндигин, кадыр-баркын улук саноо, урматтоо идеялары  - башкы орунда турат. Бирок бул кантсе да Достоевскийдин тушундагы классикалык антропоцентризм эмес. Достоевский жалаң адамдын өзүнө, адамдардын ортосундагы алака-мамилелерине, алардын татаал, чаташкан, чиеленген турмушуна, тагдырына гана көңүлүн топтогон, анын  романдарында мындан башка олуттуу тема жок, аны не табият, не тарых, кала берсе искусство да кызыктырган эмес.  - Бери эле дегенде Бердяев бизди ушинтип ишендирет. (Философтун жогоруда аталган макаласын караңыз).

Эгер философтун бул сөзү чын болсо, анда буга баарын айтып отурбай, маанилүү эки жагдайды кошумчалай кетүү керек: биринчиден,  Достоевскийдин заманында адам – дүйнөнүн жападан-жалгыз кожоюну,  "табияттын падышасы" (Библия), жер бетиндеги бардык өсүмдүктөр менен жан-жаныбарды кудай адам үчүн жараткан, демек, өз керектөөсү жана муктаждыгы үчүн жаратылыштан каалаган ресурстарды каалаганча алганга, бул максатта биологиялык калган бардык түрлөргө кыянат кылганга адамдын укугу бар деп эсептеген көп кылымдык көз караш (мисалы: Фома Аквинский. "Сумма теологика", XIII к.) астамдык кылып турган. Бул идея жалпысынан XX кылымдагы антропоцентризмде деле каймагы бузулбай турду.  

Экинчиден, Достоевскийдин мезгилинде Агартуу доорунан (era of enlightenment) – европанын маданий тарыхындагы түйүндүү бурулуш мезгилден -  башталган интеллектуалдык кыймылдын шарапаты менен рационализм жана эркин ойлом кеңири жайылып, диний ишенимдин кризиси күүсүнөн жана элек болчу. Элестүү айтканда, "кудай өлдү" деп табылып, массалык пессимизм өкүмсүрүп калган. Жараткандан ажыраганда адамдар моралдык жактан баарын жасаса болот деген маанайга туш болорун биринчи ирет Ренессанстын гуманисттери "христиан Цицерону" атыктырган латын теологу, африкалык ритор Лактанций (III-IV) кыйытып айтып, кийин аны Паскаль, Жан-Поль, Гегель, Гейне сыяктуу ойчулдар толуктап, акырында Ницше ийине жеткирген. Ушундай шартта Достоевский адам болуу эмне экенин айланып келип эле кудай жолунан, анын түпкү прототибине жакындашуудан, жаратканга кайтуудан издеди. "Эгер мага ким бирөө Христос акыйкаттан тышкары турарын далилдесе, анан ырастан эле акыйкат Христтен тышкары болсо, анда мен жакшысы акыйкат менен эмес, Христ менен калганды каалайт элем", - деп жазган ал бир катында (Письма. 15 т. 1834-1881. Л. 1989. С. 96).

Адамтаанымдагы, жалпы алганда дүйнөтаанымдагы дагы бир ири бурулуш өткөн кылымдын экинчи жарымынан башталды. Буга илимдеги, технологиядагы жаңы жетишкендиктер, айрыкча атом бомбасынын жаралышы түрткү болду. Күн тартибине адамдын насили менен бирге бу дүйнөдө ал дегеле аман калабы же жокпу деген маселе чыкты. Мындай ой буга чейинки тарыхта адам башына келбесе деле керек, келсе да ал анчейин назарга алынган эмес, адам баласы бу дүйнөдө укум-тукум калтырып, түбөлүк жашай берерине эч ким шектенген эмес. Бирок жаңы реалдуулук муну төгүндөп салды, натыйжада адам өзүнө жана өзүн курчаган сырткы чөйрөгө башкача караганга мажбур болду. Дал ушундай мезгилде адабиятка Айтматов келди, б.а. бу мезгил Айтматовдун доору болду.

Айтматовдун заманында, ошентип, нон-антпропоцентризм ( non anthropocentrism) көз карашы жарылып, калыптанды. Анын башкы принциби - киши баласы дегениң  бу болмуштун чычайган жалгыз асылнаркы эмес, ал өңчөй  адамдардан турган социалдык дүйнөнүн эле эмес, адамсыз дүйнөнүн да мүчөсү, биосфера менен экосферанын составдуу бир бөлүгү болот деп санаган позицияга таянат. Гуманитардык илим бул көз караштан соңку кездери этикалык бир катар жаңы түшүнүктөрдү жасаганга үлгүрдү. 

Маселен, эгер адам жер бетиндеги бардык жан-жаныбарды аяганга милдеттүү десек, мындай этика патоцентризм (грек. pathos — жапакечтик) деп аталат. Эгер адам ыймандык жактан жердеги бардык тирүү жандардын алдында жоопкер,  ошондуктан жан-жаныбарларды, айбанаттар менен өсүмдүктөрдү коргоого милдеттүү деп таанылса, анда муну биоцентризм дешет, б.а. көңүлдүн борборунда "биос"- өмүр, жашоо, тирүүлүк турат да, ал эң башкы асылнарк (ценность) болуп таанылат. (Ж.Р.Мейер. "Биоэтика и образование". - "Bioethics in education". Sydney and Hamburg. 1990).

Замандын ушул жана башка түйүндүү ойлору менен идеялары Айтматовдун чыгармаларында өз ордун тапты. Жазуучу адам качан адам болорун микрокосмос (адамдын ички дүйнөсү) менен макрокосмостун (тышкы дүйнөнүн) диалектикалык карым-катнашына байланыштырып карап, маселени башка өңүткө оодарды. (Айтмакчы, Достоевский диалектиканы турмуштан ажырап калган теория деп эсептеген). Бул жагынан Айтматовдун көркөм антропологиясы пандеизмге (pan – баары, deus — кудай) жуук турат. Философиялык бул концепция жердеги тирүүлүктүн – биостун башталышы Аалам, табият деп тааныйт. Менимче, жазуучунун жалгыз-жарым маданият, дин менен чектелбеген, жалпы адамзатка бирдей таандык асылнарктарга басым жасаган планетардык ойлому түбү барып биздин замандагы жогоркудай концептуализмдерден тамырлап чыкканы талашсыз.

Ошентип, Айтматов бизге өткөн доорлордун философиясын эмес, жаңы заманда жаралган, келечектин философиясын сунуш кылды. Жазуучунун чыгармаларынан,  макалалары менен маектеринен биз планетардык цивилизация (Пол Раскин. Улуу өткөөл - Great Transition), антропоцен – геологиялык жаңы доор (Паул Крутцен ж.б.) жөнүндөгү кыялый жана илимий долбоорлорго үндөш апаздарды, ойлорду жана идеяларды арбын жолуктурабыз. Айтматовдун адамы бизге кала берсе аны "бош дүйнө" жана "толук дүйнө" (Рим клубунун доклады."Come On! " 2019) концепттеринин аңытында  да карап көргөнгө жүйө берет.

Таза көркөм-адабий жагына келсек, атактуу гуманист Алберт Швейцердин бир айтканы бар: үй ичин жууп-тазалап жатканда кокус сырттан буту булганыч ити кирип келбесин деп каалгасын бекитип алган аялга окшоп диний ойчулдар менен философтор өздөрү түзгөн этикалык-эстетикалык системага жан-жаныбарларды караманча киргизген эмес, анткени алар өз системасын "булгап" алгандан коркушкан.

Айтматов  ошол диний ойчулдар менен философтордун айныгыс  эрежесин бузду:  ал өз чыгармаларында адамдар менен бирге эле жаныбарларды башкы кейипкер кылып алды, бул анын чыгармачылыгын "булгаган" жок, кайра аларга жаңыча көркөм-эстетикалык ажар берди.

Достоевскийде деле жаныбар-персонаждар бар, бирок алар саналуу эле:  эки ит - Амишка ("Чужая жена и муж под кроватью"), Жучка-Перезвон ("Братья Карамазовы"), азоо айгыр Танкред ("Маленький герой"), дагы бир эчки, бир бүркүт, жаңылбасам, болгону ушулар. Анын үстүнө алар тек гана эпизоддук персонаждарга кирет.

Айтматовдо жаныбар-каармандардын орду бир топ эле бараандуу. Айталы, Гүлсарат – Танабайга, Каранар – Эдигейге тең турган образдар, алардын өзүнчө мүнөзү, кыял-жоругу, биоцентристтердин сөзү менен айтканда, "ички асылнарктары" бар, алар эки адам-кейипкерге  эгиз персонаждар, аларды тигилерден ажыратканга мүмкүн эмес, минткенде берки экөөнүн кишилик кунарынан эчтеме деле калбайт. Ал эми Акбара, Жаабарс, Бугу-эне чыгарманын бүткүл сюжеттик өзөгүн аныктаган каармандар, аларды, мисалы,  Акбараны, Жаабарсты чыгармадан чыгарып салсаңыз, "Кыямат" – кыямат болбойт да, "Тоолордун кулаганы" жөн эле бир кулаган таштын шоокумундай угулмак.  Бугу-эне да ушундай: кокус бул уламыш болбогондо, "Ак кемедеги" баланын өз жомогу анчейин эле бир кеп болуп калмак.

Чөп башылап, жалпы дүңүнөн алып, сомолоп айтканда мага Чыңгыз Айтматовдун көркөм антропологиясы мына ушундай көрүнөт. Эми ушул жана башка ойлорду жазуучунун чыгармачылыгындагы конкреттүү мисалдар менен бышыктап бергенге аракет кылып көрөлү.  

Эсенбай НУРУШЕВ

P. S. Эсекебиз макаланы чү деп баштаган жерден эле "Бердяев өзүнүн орноктуу эмгектеринин биринде..." деп салыптыр. А мен "орноктуу" дегенин "өрнөктүү" деп оңдоп койгонумду кантейин))) Анан эле Эсекем чалат, "ОРНОКТУУ дегеним - фундаменталдуу деген түшүнүктү берет, муну те илгери Ашым Жакыпбеков киргизген", - дейт термин катары. Андыктан ОРНОКТУУ дегенди турмушубузда кеңири колдоно жүргүдөй экенбиз, азиз окурман! Орноктуу - фундаменталдуу деген түшүнүккө куп жарашчудай экен...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз