Абдил Шерматов: Чыгармачылык портреттин эскиздери

  • 28.05.2020
  • 4936

Шербет Келдибекова (1949-2013) орошон таланты менен оозго алынып, кыргыз поэзиясында өз изин калтырган жаңычыл багыттагы акындардын бири. Анын поэзиясы мактоодон да, изилдөөдөн да кемчил болгон жок. Чыгармачылыгына, өзгөчө ыр жаратуу өнөрүндөгү ачылыштарына, болгон кызыгуу азыр да басаңдай элек.

Кесиби боюнча Шербет жогорку билимдүү математик. Мектепте эң алдыңкы окуучулардан болгон дешет. Өзүнүн айтымына караганда адабий чыгармалардан кыя өтпөй окуп, ыр жаза коюп да жүрчү экен. Сыягы ошол чыгармалар анын көркөм туюмунун чатырап эрте бүрдөшүнө, жан дүйнө сулуулугун сүйүп, ыр жандуу болуп калышына себеп болсо керек деп да кетесиң. Анан Шербеттин бала кезден берки жүрөк ооруусун, анын адагенде көп дарттын бири катары кабыл алынып, эс тартканда сандаган санаага салып, тагдыр чечер проблемага айланганын да билмексенге сала албайсың. Ошол өксүктөн өнөкөт ооруу акылы тунук чыйрак кызды эркеликтен эрте арылтып, тышкы таасирлерге жараланма сезим менен чапчаң реакция кылганга, жакындарына боорукер болгонго, өмүрдү өжөрлөнүп өтө сүйүп жашаганга үйрөтүп, кийинки жасаган кадамдарына мотивация болгон окшойт деген ой да орто жолдон чыга калат. Кантсе да багы бар экен. Көр тириликтин көк желкеден ныгыра басканын көргөн жок. Көп балалуу, бардар интеллигенттин үй-бүлөсүндө төрөлүп, ата-эненин мээриминен, уялаштарынын урмат-сыйынан кем болбой өстү.

Ошондой шарт, ошондой мээримге чулганган атмосфера анын жан дүйнөсүндө үй-бүлөлүк баалуулуктардан, ата-бабанын нарктуу салттарынан жана адамды аяп аздектөөдөн тамырлап чыккан бийик сапаттарды калыптандырган, нравалык жактан бакубат болушун шарттаган. Алар Шербетке өтө драмалуу өмүрүндө рухий тирек болуп, жаны кыйналган минуталарда эркин чыйралтып, кыйынчылык башка түшкөндө майтарылткан эмес. Адамдык парасатын, аялдык нарк-насилин бийик кармаганга жардам берген. Ушундай сапаттары жана күчтүү эрки бар үчүн ал жүрөккө жасалган бир нече жолку операциядан мүңкүрөп калбай, ышкы козгогон ырлары бар бир нече жыйнакты калтырып кетти. Жашоонун мындай финалы кимди болсо да суктандырбай койбойт. Адамдык чектен алганда бул эрдик жасаганга барабар.

Шербет Келдибекова личность катары да, акын катары да ошол кезде адабиятта басымдуулук кылган салттуу чыгармачылыктагы көркөм шарттуулуктарга көп байланбай, тыбыштык жана маанилик кайталануулардын ыргактарына ык алган изденүүлөрү менен айырмаланган. Акындын поэтикалык дүйнөсү жөнүндө сөз кылган талантуу адабиятчы, философ жана акын Калык Ибраимов: “Дүйнөнүн билинер-билинбес шыбыштары менен боёктору да анда татаал сезим рефлекцияларын, ассоциативдүү ой-толгоолорун пайда кыларын... анын ырларынын композициялык структурасы көп учурда эркин мүнөздө болорун” белгилейт (КМ., 29.1977-ж.). Дагы бир белгилүү илимпоз-адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты Скандербек Жумабаев: “Ш.Келдибекова үчүн поэзия – бул дүйнөнү, турмушту, ал аркылуу өзүн аңдап түшүнүүнүн каражаты. 60-70-жылдардын жаштарына мүнөздүү романтика, бийик максат, аруу сезим... каарман кыйынчылыктарга кабылганда анын жан дүйнөсүндөгү уйгу-туйгу, кыйчалыш абал...  Китеп – анын дилинин лирикалык биографиясы... Мына ушул эки түрдүү маанайдын, карама-каршы көз караштын ортосунда руханий мазмундуу турмушка талпынган акындын эч качан өзүн алдабаган акыйкатчыл дили, басып өткөн узак жолу, чоң мээнети жатат” – дейт (КМ.24.09.1997-ж.) Ал эми кыргыз аялдар поэзиясын изилдеген филология илимдеринин доктору Аида Эгембердиева: “Ш.Келдибекованын ырларын романтикалык маанайдагы медитативдик ырлар дешке болот. Аларда көңүл чөгүңкү абал дагы кандайдыр бир жылуу туюмдар менен берилет, акындын кыял чабыттары, фантазиясы оңой байкалат, бирок окурман тарабынан жеңил кабылдана бербейт, анткени алар – тагдырдын ырлары,”- деп белгилейт. (Кыргыз аялдар поэзиясы: көркөм табияты, тарыхый өнүгүшү, идеялык-стилдик өзгөчөлүктөрү. Айат. Бишкек-2012-ж).

Айтор, Ш.Келдибекованын поэзиясы жөнүндө жазылып жарыяланган пикирлердин дээрлик баарында анын ырларынын тематикасы, образдык курулушу жана индивидуалдык почерки ошол мезгилдеги поэтикалык чыгармалардын фонунда өзгөчөлөнүп турары айтылат. Ошентсе да жанга бүлүк салган жандуу сөздөрдүн күчү менен кыргыз поэзиясында турук алып калган көркөм критерийлерге өзгөрүү киргизген акындын чыгармачылыгы азырынча толук ачыла электей таасир калат. Учкай болсо да ушул маселенин тегерегинде сөз кылууга аракеттенели.

*      *      *

Шербет Келдибекованын мектепте окуган жылдары Советтер Союзунун эл аралык кадыр-баркы өсүп, коомдук аң-сезимде социалисттик идеалдарга жана партияга деген ишеним күч алып турган мезгилге туура келген. Партиянын платформасына ылайык көркөм чыгармачылыктын социалисттик реализм методуна негизделген советтик адабият, дегеле советтик искусство, таптык коомдун таламын талашкан “жаңы адамды” калыптандыруучу миссияны аткарыш керек эле. Бирок совет доорундагы көркөм тажрыйба алда канча бай жана таасирдүү болуп чыкты да, советтик жазуучулардын эң мыкты өкүлдөрү партикулярга караганда жалпы адамзаттык гуманисттик башталмаларга артыкчылык берген чыгармачылыктын закондоруна ориентир алып иштешти, дүйнөлүк классиканын үлгүлөрүн которушту. Китепканалар массалык түрдө ушундай адабияттар менен толукталды.

Ошол чыгармалар “жаңы адамды” калыптандырууда, эртеңки күнгө жана жаркын келечекке деген ишенимди бекемдөөдө олуттуу роль ойногонун белгилеп кетүү керек. Мекенге берилгендик, анын эркиндигин жана жыргалчылыгын өз өмүрүнөн, өз кызыкчылыгынан жогору коюп, эрдик жасаганга даяр туруу идеясы ошол мезгилдеги совет коомунда планетардык масштабдагы маселе катары каралганы да чындык. Бул XX кылымдын экинчи жарымындагы Н.С.Хрушевдун “темир көшөгөнү” ачкан  “оттепелинен” соң, совет өлкөсүнүн коомдук-саясий климаты жакшырып, элдин аң-сезиминде жаңылануу башталган; көркөм процесс интенсивдүү жана динамикалуу өнүгүүгө өтүп, советтик улуттук жазуучулардын өзгөчө бир плеядасы дүйнөлүк адабияттын пьедесталынан орун алган; советтик гуманитардык илим коомдук аң-сезимди изилдөөгө жаңыча мамиле кылып, совет эли бардык континенттер менен маданий алакага жана рухий байланышка өтө баштаган мезгил эле. Ага кошул-ташыл партиянын саясий технологдору улам жаңылап иштеп чыккан идеологиялык платформанын жана көкөлөп өсүп бараткан көп улуттуу СССР адабиятынын таасири менен пешене-бейнеси ачык, өзүн сыймыктуу сезген советтик адамдын социалдашкан тиби тарыхый аренадан орун алды. Шербет мектеп босогосун аттагандан тартып, бүтөр-бүткүчө ошондой адамдардын чөйрөсүндө жашады, ошолордой ойлонду жана ошондой шартта калыптанды. Узун-узун түндөрдө үңүлүп окуган ошол советтик жана дүйнөлүк классикалык адабияттагы руху бийик жана чечкиндүү персонаждар анын кыялына канат бүтүрүп, идеалына айланды да, ээликтирген романтика дүйнөсүнө жетелеп кетти.

*      *      *

Шербет Келдибекованын студенттик жана жаштык курагы совет доорундагы “дымыгуу” мезгилине туш келди. Н.Хрущевдун “оттепелинен” кийин эркиндиктин жагымдуу климатына адаптациялана түшкөн коомдо 60-70-жылдары ачыкка чыккан же жашырылып, имиш-имиштерге айланган окуялар боло баштады. Адабий турмушта алардын айрымдары популярдуу орус акындары Е.Евтушенконун, А.Вознесенскийдин, Б.Ахмадулинанын тегерегиндеги чуудан (“Метрополь”), орус совет жазуучусу А.Солженицын баш болгон диссиденчиликтен, 1917-жылдагы революциядан кийин таптык мотив менен Францияга эмиграцияланып кеткен, Нобель сыйлыгынын лауреаты И.Буниндин чыгармалар жыйнагынын совет өлкөсүндөгү басылып чыгышынан көрүндү.

Ал окуялар союздук республикаларда да ар кандай резонанстарды жаратты. Бул монолиттүү делген улуу державада тоталдык идеологиялык басымга, жол башчыларга жосунсуз кулдук урууга жана партияга милдеттүү түрдө тийешелүү болууга негизделген бийлик системасы коомдун рухий, социалдык, саясий талаптарына дал келбей, жатыркоону жарата баштаган мезгил болчу. Коомдун бардык чөйрөсүндө, асыресе поэзияда, куру декларативдүүлүктү, жалган пафосту жерүү, ичте тирелген сезим-туюмдарды берүүнүн жаңы каражаттарын издөө күч алган. Дүйнөлүк поэзияда топтолгон эстетикалык-көркөм ой жүгүртүү материалдарын акырындап өздөштүрүү, улуттук поэзияга жаңы образдарды, сүрөттөө, туюнтуу каражаттарын колдонуу ишке аша баштаган. Ошол жылдардагы Шербеттин өмүрүнө абай салган адам анын өзүн өзү өзгөртүп, кайра жаратып, рухий бийиктикке умтулсам деген ниети, ошону поэзиянын тили аркылуу ажарлантып туюндуруу менен коштолгон өжөрлүгү байкалбай койбойт.

Арзыбас кишилерди майда иштерди,
Эскирген көйнөктөрдөй таштап кетүү.
Турмуштан энчилүү аттай орун алуу
Чыныгы досторуңдай максаттарды -
Түшүнүү, издөө, табуу...
Дүйнөдө өз үйүңдөй жашап калуу. (7-б.)

Көп улуттуу совет поэзиясына жаңылануунун мындай белгилери өзүнөн өзү эле пайда боло калган эмес. Алар, жогоруда белгилегендей, дүйнөлүк поэзиядагы жаңы тенденциялардын эпкини менен келген. Ал тенденциялар XIX кылымдын экинчи жарымында Шарль Бодлердин “Кара ниеттиктин гүлүнөн” жана көзү тирүүсүндө замандаштары жериген Уолт Уитмендин чыгармачылыгынан башталганы адабият илиминде айтылып жүрөт. Сезимдин болуп көрбөгөндөй интенсивдүүлүгүн жана ритмдин ээ-жаа бербеген эркиндигин шардана кылган (Эмиль Жексон, Жерард Мэнли Хопкинс), тайманбай поэтикалык маани-маңыздык жаңыланууларды киргизген ырлар, (Р.Киплинг, Р.М.Рильке, У.Б.Йетс, Гитом Аполлинер ж.б.), ошондой эле француз акындарынын (П.Верлен, А. Рембо, С.Маллармс) чыгармаларында ашкере ажарлантып, программалуу туюндурулган символизм менен импрессионизм поэзиянын XX кылымдагы эволюциясын жана анын социомаданий турмуштагы ордун аныктаган.

Анан XX кылымда адам дүйнөсү көндүм болуп калган алкагынан чыгып, космос менен хаостун күрөшүнө айланган заманда поэзия жашоонун маңызы жөнүндө чымырканып ойлонуунун жана адамзатка эч бир күтпөгөн тараптан жылып келаткан ошол хаосту жеңип өтүүнүн жол картасына айланган. Мындай абал айлана чөйрөнүн кардиналдуу өзгөргөнүнө байланыштуу жаралды. Сыягы поэзия өзү пайда болгондон бери дүйнө дегениң эмне, андагы адам дегениң ким деген маселени так ушул XX кылымда биринчи жолу өзгөчө курч койду окшойт. Бул поэзиянын концепти жөнүндөгү түшүнүктү кардиналдуу өзгөрттү, ошону менен бирге анын поэтикалык каражаттарынын арсеналын кайра аныктоону талап кылды, ал заманбап поэтикалык тилди иштеп чыгууну негизги орунга чыгарды.

Поэтикалык арсеналды кайра кароо маселеси жөн жерден чыккан эмес.

Айталы, мурда XIX кылымда, дүйнөнү канча бир кылымдар бою карманган диний доктриналардын чегинде чиркөө кызматкерлери интерпретациялап келсе, эми ал милдет акындарга жүктөлүп, аларды сулуулуктун жана серттиктин, сүйүүнүн жана жек көрүүнүн, өлүмдүн жана өмүрдүн мистерияларына өздүк образдык аныктамаларды издөөгө, доордун так мүнөздөмөсүн жана белгилерин берүүгө түрткөн. XX кылымдагы албууттанган Биринчи дүйнөлүк согуштун бомбалары кудайга болгон ишенимди кетирип, личносттук координаттардын баарынан кол үзүүгө, коом, адамгерчилик, тарых, традиция сыяктуу түшүнүктөрдү кайрадан баалоого алып келген. Бул поэтикалык туюндурууга материал боло турган чөйрөнү кескин кеңейткен. Мурдагы көркөм прозага тиешелүү чөйрө поэзиянын предметине айланган. АКШнын белгилүү авангардист акыны У.К.Уильямстын журналисттин поэзияга эмнелер материал боло алат деген суроосуна дүкөндөн сатып алган продуктуларын санап киргени ошондон болсо керек. Эмнеси болсо да поэзиянын бир кездеги бийик кармалган баркы басаңдап, көр тириликке көбүрөк жакындаганы ачык көрүнө баштады.

Турмуштун өзүнүн минтип өтө эле прозалашып кеткени кылымдын экинчи жарымында ыр түзүлүшүнүн радикалдуу “прозаланышына” алып келди. Уламдан-улам татаалданып бараткан реалдуулуктун басым-кысымы ырдын поэтикалык формасын да жалпы жонунан татаалдантты. Сыртынан ажырап экиге бөлүнгөн ошол дүйнө эң оболу поэтикалык чыгарманын формасынан көрүндү. Бул XX кылымдан поэзиясында турук алган ырдын “ачык формасы”, тагыраак айтканда, көп сандаган ритмикалык комбинациялардан турган ак ыр же верлибр формасындагы ыр түзүлүшү. Ал бирдей ченемдеги узундук жана рифмалар системасы аркылуу уюштурулган ырдын “жабык формасынын” ордун алмаштырган. Мындай ыр эркин формада болот, салттуу көркөм шарттуулуктар менен байланышпайт жана жалаң тыбыштык, маанилик кайталоолордун ритмикасына негизделет.

Ушул искусствонун теоретиктеринин айтымында ыр жаратуу чыгармачылыгынын формалык ачыктыгы форманын жалаң эле тыш жагынан бүткөнү дегенди билдирбестен, ошондой эле ырды жаратуу процессине да ориентир кылат дегенди билдирет экен. Поэзиянын прозалаштырылышына, ырдын оозеки речке ык алышына салым кошкон америкалык авангардист акындардын бири Дениз Левертовдун өткөн кылымдын 60-жылдары МГУ студенттеринин алданда сүйлөп жатып: “Поэзия бул – океанга секирип түшкөндөй нерсе: кайсы жерден сүзүп чыгасың – билбейсиң”, - дегени бар. Сыягы, акындардын верлибрге кайрылуусу ой жүгүртүүнүн, интерпретациялоонун жана кабыл алуунун ийкемдүүлүгүнө умтулуусу дегенди да билдирсе керек.

Аалам индивидиумдун ичинде жаралат – мына XX кылымдын поэтикалык философиясы. Анын поэтикалык программасы – хаос менен деструкциянын, коммерция менен индустриализмдин курчоосунда тынымсыз жана интенсивдүү изденүү. Ушул изденүү эң башкы орунга лириканы чыгарды. Көңүлдүн ага карап оогону – личносттун социалдык чөйрөдөн, тарыхтан жана традициялардан оолакташынан, индивидуалдуу башталманын коомдук башталмадан артыкчылык кылганынан жана коммуналдык тажрыйбадан көңүл калгандыктан болсо керек. Анда тондун медитативдүүлүгү басымдуулук кылып, интроспектүүлүк менен субъективдүүлүк ишенимдүү чыгармачылык критерий катары көрүнөт. Эң негизгиси лирикада болмушту түздөн-түз баштан кечирүүнүн баалуулугу жана жеке турмуштук тажрыйбанын борбордук орунду ээлегени анын алдыңкы орунга чыгышына себеп болгон.

Ушул тажрыйба кандайча көрүнөт – бүлүнүү менен айрылуу, жалгыздык менен өлүм, ишенимсиздик менен аргасыздык коштогон келечек аркылуу көрүнөбү же адамдардын башын бириктирген үмүт, ишеним жана сүйүү аркылуу көрүнөбү – ошого жараша поэтикалык чыгармачылыкта эки багытты бөлүп карашат. Булар автордук башталмага негизделген реализм жана модернизм. Ырас, поэзияда мындай чектөөлөрдү коюу бир топ эле кыйын, бирок XX кылымдын поэзиясында реализм менен бирге модернисттик жаңылануунун бир нече багыттары, айталы, Францияда дадаизм менен сюрреализм, Германияда – экспрессионизм, АКШда жана Россияда имажизм пайда болду. XX кылымдын поэзиясына ошол эки багыттан тышкары романтизмдин жана символизмдин традициялары да өз таасирин тийгизип жатты. Демек, мындай чектөөлөрдүн болушу кай жагынан карасаң да мүмкүн экен.

Кыскасы, адамга жана адамзатка эзели болуп көрбөгөн каары катаал сыноолор менен айран калтырган ачылыштар дүйнөсүн тартуулаган XX кылым поэзияда Ааламдын өкүлү катарындагы акындын ички дүйнөсүнүн айкарасынан ачылган көрүнүшү жана жыңалачталган нерви сыңары чагылдырылды. XX кылымдын поэзиясында ашкере аздектелген нерсе – таасир-табияты таамай берилген сезим. Анын адептине айланган акын өз тегерегиндеги дүйнөнүн кайдыгер байкоочусу да, эки жүздүү экиленмечиси да боло албайт. Ал адамзат жашоосунун бардык учурунда – үрөй учурган эң алаамат коркунучуна да, ырахатка бөлөгөн эң ажайып сулуулугуна да күйүп-бышып, тийешеси бар экенин көрсөтөт.

Батыш адабиятындагы мындай тенденциялар идеологиялык кызыкчылыктар менен “герметизацияланган” көп улуттуу совет адабиятына, арийне, кечигип келди. Анын үстүнө поэзиянын, өзгөчө лириканын, дүйнөлүк масштабдагы өнүгүшү адабияттын башка тектерине караганда которуу, тагыраак айтканда, акындардын бири-бири менен байланышуу проблемаларынан улам бир топ кыйындаган. Сыягы, поэзия бөтөн тилдеги “континенттерди” өздөштүрүп, өз таасирин тийгизиш үчүн башка тарыхый мөөнөттөрдү талап кылат окшобойбу. Советтер Союзунда ошондой тарыхый “мөөнөт”  XX кылымдын экинчи жарымында башталды. 50-60-жылдары дүйнөлүк ири акындар Ш.Бодлердин, Р.Киплингдин, П.Верлендин, А.Рембонун, Р.М.Рилькенин, М.Цветаеванын, А.Феттин ж.б. чыгармалары орус тилин орток тил катары пайдалангандардын колуна тийди, ички-тышкы адабий байланыштар жолго коюла баштады, өлкөдөгү рухий жаңылануунун шарапаты менен көп улуттуу совет адабияты дүйнөгө аты чыккан ысымдар менен толукталды. Кыргыз адабиятынын чыгармачыл жаштарынын ошол жылдарындагы маанай-турпатын адабиятчы жана акын, филология илимдеринин доктору А.А.Эгембердиева минтип “ыпыссык” бойдон берген: “... жашоосун бүтүндөй ырга арнаган адабий муун өмүр тагдырында ырдан башка дагы үй, түйшүк, кызмат, үй-бүлө, мүлк, байлык, оокат деген нерселердин бар экенин анча аңдоос албай, ачкабы-токпу, карандай жанын, өздөрүнүн чакан мейкиндигин Аалам менен айкалыштыра карап, Батыш менен Чыгышка бой созо, жарыкка тойбой, кооздук десе дүйнөнү чылк кызыл-тазыл элестеткен фанат болушкан. Көп окуп, көп изденип, көп жазып, которуп, талдап, эң активдүү аталгандар, бир курдай топ, “маңыздар” тобу Т.Муканов, К.Бейшебеков, М.Төлөмүшов, К.Ботояров, Р.Карагулова өңдүү 70-жылдары КМУну бүтүп, аларга Ш.Келдибекова, Р.Мукашова кошулуп, жаңы окулган китептен тартып, илимдин ачылыштарына чейин “жиликтеп”, жаңы эле окулган китепти кайра-кайра кайталап окуп, эмне издегенин өздөрү аңдабай, адабияттын казанында чындап кайнаган”. (А.А.Эгембердиева). “Кыргыз аялдар поэзиясы: көркөм табияты, тарыхый өнүгүшү, идеялык-стилдик өзгөчөлүктөрү.” Бишкек., 2012-ж., 146-б.).

Ушундай чыгармачылык атмосфера, жүрөктү туйлаткан жаштыктын деми Шербеттин көңүлүн көкөлөтүп, шыгын алоолонткон. Анан ушул убакка чейин алпештеген ата-энесине, аздектеген бир туугандарына ашкере марттык менен ысырапталган сезимдери эми бышып-жетилип, кандайдыр бир ченемсиз чоң нерсени эңсетип, табышмактуу тараптарга талпынтат. Ошондой сезимдердин орбитасына оп тартылып, анын албуут күчүнө моюн суна баштаган Шербет өзүнүн бирде күчөп, бирде басаңдай түшмө ооруусуна кол шилтеп, адам катары да, аял катары да бактылуу болгусу келгени, ошондой сүйүүгө ишенип, күткөнү:

“... Удургутуп капилет акыл-эсти,
Укмуштай сүйүү келет
Өмүрдө жалгыз ирет”, - деген саптардан (8-9-б.б., Шилтемелер “Кербен” жыйнагынан алынат. Бишкек, 2005-ж.) сезилип турат. Ошол өрт койчу сезимдердин жалыны кимге багытталып, кимди куйкалайт – ал аны азырынча биле элек. Адабий кружокторго активдүү катышып, ырларын жарыялайт, белгилүү акындардын жылуу пикирин угат. Анда ыбырсып, көптүн бири болуп жашоону жерүү, башкалардыкына окшобогон эсте каларлык ишти, суктанарлык кадамдарды жасоо мотиви күчтүү болгону байкалат. Муну менен ал өзүндөгү илеше калма өксүк комплексин, жаны ооруганда жабышып алма жалгыздык сезимдерин унуткаргысы келген сыяктуу. Ошол кездеги жашы курактуулардын ичинен оригиналдуу ойлонгон, турпат-турушу, ырлары менен оозго алынып көзгө көрүнүп калган, кыздарды аргасыз кылчайта караткан, бирок түрмөдө жаткан А.Токтомушевдин абалы анда аеонун асыл сезимдерин ойготот. Бала кезинен азап тартуу, кайгы-муң деген эмне экенин өзгөлөрдөн жакшы билген Шербет А.Токтомушевдин тагдырына ортоктош болууну өзүнүн парызы катары эсептейт, аны ошондон оргуп чыккан сүйүүгө бөлөгүсү келип, бүтүндөй жан дүйнөсү менен ага тартылат.

... Урданып жүрөгүңө кирейинби,
Удургуп кыялыңда жүрөйүнбү.
Сел болуп толкун болуп, ташкын болуп,
Тынчыбай сени гана,
Жапжалгыз сени гана сүйөйүнбү... (11-12-б.б.)

Балким, Шербет ушундай орошон сезимдердин ээ-жаа бербес эрдикке алып барма эпкини менен эл-журт эмне дейт деп кылчактабай, окуучулук кезинде, кишенделип сүргүнгө айдалган күйөөлөрүнүн азабын кошо тартышуу үчүн, бардык кыйынчылыктарга кайыл болуп, аларды коштоп Сибирге кеткен орус декабристтеринин легендарлуу аялдарын туурап, түрмөдөгү Алым Токтомушевге өзү барып тийип алгандыр? Ким болбосун, Шербеттин чыгармачылыгы жөнүндө сөз кылганда, бул фактыны этибарга албай же айланып өтүп кетпейт. Ошол делбиретип делебе козгогон жана тосмосун тоголото бузган суудай эс-дартты эңгиреткен сезимдер конкреттүү бир адамга арналды беле же Печорин сыяктуу арбап азгырып, туманданган романтика дүйнөсүнө жетелеген кыялындагы адамга арналды беле деген суроого какалып туруп алат. Мындай деп ойлошко акындын ушул темага жакындыгы бар, жогоруда мисалга тартылган “Азгырык” (11-12-б.б.) жана “Сен кааласаң” (15-б.) деген ырларындагы айрым моменттер жол берет. Маселен, анын салттуу жана эркин форманын ширелишинен жаралган “Сен кааласаң” (15-б.) деген ырын алалы. Бул ынагына арзып барган лирикалык каармандын монологу. Мында “сүйдүм”, “күйдүм”, “сагындым” деген трафарет сөздөр жок. Ишенеби, ишенбейби деген кооптонуу, чебеленүү, ынагынын анын убадаларына сүйүнөрүн билип, өзүн алдамчыдай сезүү, үмүтсүз көздөрүн карай албай, өзүн күнөөлүүдөй сезүү бар. Бирок анда “ким эмне дейт” деген кыжаалаттануу жок, аткени ал көңүлүнө көз ымдап, кумарлантып чакырган бакыттын алдында турган. Ошондон улам арзыганын “кымбатым”, “эркем”, “жылдызым”, “кубанычым” деген жалбаруулардын ташкынына бөлөп, “кут түшчү күнү конуп кетерин” айтып, жан дилин бүт бойдон, эч нерсесин калтырбай ага бергиси, аны бактылуу кылгысы келет.

Анан: “Айта берем, айта берем. Түгөтө албайм эч качан айтып баарын...”, - деген акыркы саптарды окуганда, бул ыр сүйүүнүн эмпирикалык деңгээлиндеги фактылары чагылдырылган ыр эмес экенине көзүң жетет. Мында дилин берген адамга деген чексиз сүйүүнүн жана аеонун поэтикалык-философиялык концепциясы жатат. Бул жабыркап турган адамга келген адамдын ичинде да уюган муң бар экенине ишаара кылуу. Ушул жерден христианчылыктын дүйнөлүк адабияттын ар түрдүү жанрларында борбордук темага айланган чыныгы сүйүү жөнүндөгү идеалы эске түшөт. Анда арзыткан адамды, ата-энени, бир тууганды, Ата-журтту эч нерсе талап кылбай, жан дилден сүйүү керектиги, чыныгы сүйүү курмандык катары болору айтылат. Шербеттин ырындагы лирикалык каарман мына ушундай образ менен ассоциацияланып кетет.

*      *      *

“Дымыгуу” мезгилинде бийлик идеологиялык көзөмөлдү кайрадан күчөттү. Саясий мотив менен чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрүн өлкөдөн чыгарып жиберүү, эмиграцияланууга аргасыз кылуу демейки көрүнүшкө айланды. Ошону менен бирге  бул процесс ички дүйнөнүн эмиграциясы деген түшүнүктү пайда кылды. Арийне, мындай шартта модернизм, авангардизм ж.б. сыяктуу агымдар көп улуттуу совет адабиятында чатырап өнүм алып кетиши күмөн эле. Ошентсе да жабыла мактоолор менен жасалма шаңдуулуктун, партия менен мекенге берилгендиктин духундагы советтик поэзияда өзүнө-өзү үңүлгөн жана карама-каршылыктуу татаалданган коомдо өз координатын издеген личносттун ички турмушун ачып берүү актуалдаша баштаган. Ал көп улуттуу совет адабиятында верлибр, ак ыр сыяктуу ыр формаларынын кеңири колдонулушун шарттаган. Анткени ошондой форма гана ойду эркин туюндурууга мүмкүнчүлүк берет жана ырдын маанилик территориясын кеңейтет.

Кыргыз поэзиясында эркин ыр формасын (верлибр, ак ыр) белгилүү акындар Р.Рыскулов, С.Эралиев, О.Султанов ж.б. 60-70-жылдары колдонушкан. Бирок алар форманын мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланышкан эмес, салттуу ыр формаларына өтүп кетишкен. Ошол кездеги жаш акындардын ичинен Ш.Келдибекова да ак ырга, верлибрге көбүрөк кайрылган. Бирок ал, өзүнөн мурдагылардан айырмаланып, ритмдерди эркин айкалыштырууну жана XX кылымдын акындары артыкчылык берген поэтикалык ыкманы – контрапунктту пайдаланып, сүрөттөөнүн тактыгына, маанилик тереңдигине жетишкен. Ошондон улам анын ырларынын архитектурасы жана мазмундук табияты кыргыз поэзиясынын фонунда бир топ эле айырмаланып турат. Бул айырмачылык, биринчи кезекте, Шербеттин өз чыгармачылыгына жеке адамдын, анын бүтүндөй жекече касиеттери менен объективдүү сезим-туюмдарын материал кылып алгандыгы менен түшүндүрүлөт. Ошондон уламбы, анын эстетикасында башкаларда кездешпеген муңдуулук мотиви ар кандай деңгээлде орун алат.

Арийне, бул кубулушту акындын жеке тагдырынын контекстинде чечмелебей туруп, толук ачып беришке мүмкүн эмес. Маселени ушул өңүттөн карап-баксак, улам-улам жүрөккө жасалган операция натыйжа бербей, оорукана палатасындагы өзөктү өрттөгөн ой-санааларын эш туткан сүйүүсү жеңилдете албай, ал аз келгенсип, өз жатынынан бакырып чыккан баланын үнүн эч качан  укпай турганы төрт тарабын торогон трагедияга айланып, Шербетти адам чыдагыс сыноого туш кылганын байкайбыз. Ушундай абал тышкы дүйнөнүн баарын унутууга алып келди, аны өз оорусу, муң кайгысы жана аял катары ойготкон сүйүүсү менен бетме-бет калтырды. Ал ойлобой жасаган кадамдарына намыстанып, эс дартын ээлеп, эркине ээлик кылдырбаган сезимдерин актоого, күнөөнү өзүнөн издөөгө өттү. Эч кимге догун арткан жок, таалайым тайкы экен деп бечераланбады. Анын жүрөгүндө өзү өмүрүндө бир жолуккан, тирүүлүктүн жана махабаттын миң түрлүү ырахатын сездирген сүйүүсү калды. Жекече психикалык, нравалык, интеллектуалдык сапаттары жана бакубат маданий көрөңгөсү бар акын ал кризисти чымырканган чыгармачылык мээнети менен жеңди. Анан ошол сүйүү жана поэзиянын теңдешсиз күчү адамды ичтен “кемирген” муңду Асан кайгыныкындай адамзаттык деңгээлге чыгарды.

Улуу француз акыны Ш.Бодлердин: “Муң адамдын жападан жалгыз болбосо да, эң бийик асылдык сапаттарынын бири”, - деген романтикалуу ою бекер жерден чыкпаса керек. Анын “Кара ниеттиктин гүлү” деген жыйнагынын биринчи бөлүмү “Сплин жана идеал” аталганы ошондон окшойт. Терминдерди пайдалануунун романтикалык спецификасын эске алып чечмелесек, сплин – муң-кайыгынын аналогу, идеал – аны чагылдырууну ишке ашыра турган поэзия.

*      *      *

Шербет алгачкы жыйнагында эле көзүнө чалдыгып, көңүлүн бурган көрүнүштөрдү уйкаштырып урдура берме баео тажрыйбадан эртелеп баш тартып, олуттуу ырларды, болгондо да сезим рефлекциялары менен субъективдүү, ички жеке ноталарга негизделген ырларды жаза баштаганын байкоо кыйын эмес. Ал ыр саптарында сөздөр орду менен пайдаланылып, катмарланган сезимдердин, түрлөнгөн интонациялардын чын экенин ачып берүүчү речтин диапозону кеңейип, акындын тактыкка умтулуу манерасы ачык туюлат. Айлана-чөйрөдөгү пейзаждын сарамжал тандалып алынган деталдары же жан дүйнөнүн абалы өз чегинде ачып берилет.

Түн көшүгөн, жер аалам...
Ит улуду кайдандыр аба жарып.
Иттер үрөт... Үргүлөө. А түшүмө
Жүрөк кирет жанчылып, жараланып...
А түшүмө чачтарың аппак кирет,
А түшүмө көздөрүң жапжаш кирет.
А түшүмдө сүйлөйсүң булут үстүн,
Добушуңда топурак асты жүрөт.

... Кайра-кайра агызып жаштарымды,
Карай албай жалтанам ак чачыңды.
Колдорумду сүйөсүң... Кейип туруп,
Жүрөгүмдү сурайсың... Эрип туруп.

Жүрөгүмдү сурайсың... Каным муздайт,
Бүт боюмду оройсуң... Жаным муздайт!
А түшүмдө өчөм мен, күйүп бүтпөй...
А түшүмдө кетем мен... сүйүп бүтпөй. (20-22-б.б.)

Мисалга тартылган саптар төрт бөлүмдөн турган циклдын үчүнчү – кульминациялык бөлүгү. Ыр үзүлгөн үмүттү, чыккынчылыкты бүт табияты менен жериген сүйүүнүн метафорасы. Түн – көңүлдү карайлаткан ошол сүйүү драмасынын образы, символу. Ырдын маани-маңызына трагедиялуу тоналдуулук мүнөздүү. Ал эми мистификацияланган түш – лирикалык каармандын ички дүйнөсүнүн психологиялык абалын элестүү ачып бере турган поэтикалык ыкма. Чыгарма уйкаштуу жана ак ыр формасында жазылып, ритмикалык комбинациялар аркылуу контрасттуу туюндурулган, ал табышмактуу татаал сезим рефлекцияларын, ассоциативдүү ой толгоолорун пайда кылат. Мындагы жарылып кетчүдөй эмоция ырдын инструментовкаланышы аркылуу күчөп, жогорку чыңалууга жетет да, жан дүйнөңдө орду толгус муңдун таасири калат.

Шербет Келдибекованы пэтикалык маданияты бийик акындардан деп тартынбай эле айтса болот. Ал формалык жаңылануулар менен бирге, ошол кылымдагы акындарды толкундаткан проблемалардан да кыя өтпөй, аларды кыргыз поэзиясынын айлампасына киргизген. Анын чыгармачылыгында поэтикалык айтылыштардын аналитикалуулугу өсүп, лирикалык каармандын өзгөчө психологизминин” белгилери ачык байкалат. Сөздөрдүн катмарланган маанилүүлүгүнө умтулуу, кош пландуу образ жаратуу, маанайларды жана көз ирмемдик туюмдарды берүү жагынан Шербет символизм менен импрессионизм эстетикасынын таасирине жакындап кеткен сыяктанат. Анын акындык таланты, асыресе адамдын тынымсыз кыймылдыгы ички турмушунун болжоп болбогон жактарын бергенинен көрүнүп турат.

Жашыл бактар ааламды жашырышып,
Жашыл чөптөр дүйнөнү каптап турган.
А күндөрчү, күндөр да жашыл болчу,
А сүйүүчү, сүйүү да жашыл беле?
А сиздин көздөрүңүз...
Унутулгус кумарлыкка толгон эле.
Күбүрөп жалбырактар жароокер сөз,
Көчөлөр байкалбастан жагымдуу эле.
Жайдары көңүл менен кубанычтар,
Бүт менин кыймылымды коштоп алган,
А мен сизди көрдүм да сездим баарын,
Жашыл күндөр, жашыл бактар, жашыл чөптөр,
Жалбырактар шыбырашкан жакшы сөздөр,
Жапжашыл сүйүүгө алып келе жаткан.

Күүгүмдөлдү көп элес...
А бирок эсте булар,
Айтылбай көп сөзүбүз калган эле
Жалындай сүйүү турган арабызда
Жашырбай сездиргенсиз.
Менин болсо,
Кайдыгердей турушум жалган эле,
Айтылбай узак сөздөр калган эле,
Же алар сөздөр эмес, арман беле... (“Эскерүү”, 8-9 б.б.).

Формалык жактан алганда чыгарма ак ырдын түптүү үлгүсү жана адамдын ички турмушун сүрөттөйт. Демейки лирикалык фондо речтик прозаизмдер колдонулат. Ырды окуганда француз символизминин теоретиктеринин бири, акын Стефан Малларменин: “Мен тил ойлоп таап жатам, ал таптакыр жаңы поэтикадан агылып чыкмак, анда зат сүрөттөлбөй, ал жараткан эффект сүрөттөлмөк”, - дегени, анан поэзиянын мазмундук жагына кайрылып: “Предметти атоо – бул акырындап чечмелөө бактысын берген мүмкүнчүлүк менен поэтикалык чыгармадан ала турган ырахаттын төрттөн үч бөлүгүн жоготуу дегендик; ал жөнүндөгү элес-түшүнүктөргө таң калтырып таасирлентүү – мына күткөн тилек. Ушул сырдын тереңирээк ачып берилиши-символду түзөт: жан дүйнөнүн абалын ачып бериш үчүн эс тутумду аз-аздан жандандыруу же, тескерисинче, предметти тандап алып, анан ошонун жандырмагын кайра-кайра жандыруу аркылуу жан дүйнө абалын туюндурууну табуу... Поэзияда дайыма табышмак болуш керек, искусствонун максаты – башка максаты жок предметтерге жан киргизүүдө турат,- дегени эске түшөт. Чын эле, жогорудагы ырда эмне жөнүндө сөз болуп жатканын адегенде анча түшүнө бербейсиң, ал пейзажды берүүдөн башталат: жашыл бактар, жашыл чөптөр, жашыл күндөр, күбүрөгөн жалбырактар. Бирок муну пейзаж дешке болбойт, анткени мындагы “жашыл бактар ааламды жашырышып, жашыл чөптөр дүйнөнү каптап турган, күбүрөп жалбырактар жароокер сөз” сыяктуу өзгөчөлөнгөн метаморфозалуу айтылыштар символикалуу маани алып кетет. Алар алдыда күтүлгөн өзгөчө бир ой-сезимдердин прелюдиясындай кабыл алынат. Ырда заттык маанидеги конкреттүү да сөздөр бар – кумардыкка толгон көздөрдүн, жагымдуу көчөлөрдүн, кубанычтуу кыймыл-аракеттердин аталып айтылышы. Бирок бул конкреттүүлүк анча ишендире бербейт. Анткени сүрөттөлгөн окуя акындын аң-сезиминде өтүп жатат. Ал эми предметтик дүйнөнүн жашыл түс менен символдоштурулуп берилиши – бул эч качан соолубай жапжашыл бойдон калуучу, жан дүйнөгө жарашык берүүчү сүйүүнүн табышмагы. Алар эс тутумду жанданырууга кудуреттүү.

Мындагы реалдуу нерсе – көркү ачылбай, көктөп албай калган сезимдер. Кандайдыр бир себептер менен тарткынчыктап, маңдайындагы махабатын кармап кала албаган ачуу арман. Ошондой тагдырына аргасыз моюн сунган лирикалык каарман ошон үчүн өзүн калп эле кайдыгер сыяктуу көрсөтүп, көкүрөк тепкилеген сезимдерин билдире албай калганына арман кылат, жараланат. Шербеттин мына ушул реалиялары ырдын ыргак-мукамына жуурулушуп, ар бир сөз тизмектешип, үн чыгарган, өз-өзүнчө айырмалоого мүмкүн болбогон нотага айланат. Ошондон улам ал көп маани алып кетет да, эс тутумда көшөгөлөнгөн кайгы-муңдун айтып түгөтө алгыс таасирин калтырат.

Боорукердиктин мүрөгүнөн өнүм алып, аял катары көшөгөсүн көгөрткөн орошон сүйүүсүнүн (өчөшкөн оппозиционердей өмүр бою бут тоскон ооруусунун айынан) эне бактысын тартуулай албай калганына ичтен буюккан Шербетке тагдырдын белегиндей берилген үй-бүлөлүк уясы кубанычка караганда арманды арбыныраак алып келген окшойт. Бирок ал армандын ордун жаңы бир күч ээледи. Ал өзүн өзү соороткон, өзүн бийик кармоого үйрөткөн өксүк. Шербетти миң алакетке салган сезимдер эми ааламга багыт алып, анын жанын жеген жалгызчылык муңун канаттуу ыр саптары менен көкөлөтүп, поэзия мейкиндигине алып чыкты. Алар аруу сүйүүдөн чачырап ачылган, гүлдөй жадырап-жайнаган жашоо кумары, өмүрдүн гимни сыяктуу ырлар.

Жалгыздык... азыр менин жакынымсың,
Жалбырак куурайт түшүп күнү курсун.
Мендеги удургуган ой-санаалар.
Теректер араңарда туруп турсун. (50-б.)

Же:

Сүйүүнүн бүт сөздүгүн кайталадык,
Кайталадык дүйнөнүн чын, жалганын.
О азыр кайырчы албас күндөр калып,
Сөздөр дагы айнекей талкаланды...
Болду эми, кездешүүлөр болбойт кайра.

Көңүл да, денелер да бир-бирине
Күсөшпөй, кумар болбой... бу жалгыздык
Жүрөккө айтып бергис ыр шыбырайт...(54-б.).

Шербеттин эстетикасында башка акындарда көп кездеше бербеген бир өзгөчөлүк бар. Бул анын чыгармачылыгына мүнөздүү белгилер. Муну ошол мезгилдеги кыргыз поэзиясы үчүн жаңылык катары караса болот. Мындай ырларда анын эмне айтайын дегенин дайыма эле шар кабыл ала бербейсиң. Акындын кубанычтын же кайгынын түрлөнгөн моменттерин камтыган сезим рефлекциялары сөздөрдүн, саптардын катмарына сиңирилип, ырды окуп бүткөндө гана күтүлбөгөн мааниде ачылат.

Күн күркүрөп төгөөр эле жайында,
Көз ачырбай кара нөшөр чагылган.
Мен талаадан жөнөөр элем үйүмө
Коркунучсуз жай тапчу эле дайыма
Түрсүлдөгөн кичинекей жүрөгүм
Энекемдин колтугунун алдынан. (10-11-б.б.).

Бул Ш.Келдибекованын алгачкы жыйнагындагы “Турмуш” деген ырынан алынган үзүндү. Мында жаратылыш панарамасы жана энесинин колтугунун алдына чагылгандан эси чыккан, андай кубулушту али түшүнө элек кыздын психологиялык абалы параллел сүрөттөлөт. Экинчи сүрөттө ошондой эле жаратылыш панормасы жана чоңойгон кыз. Ал энесинин жанында эмес, бирок мурдагыдай эле күн күркүрөп, жамгыр төгөт, чагылган жаркылдайт. Ал андан коркпойт, таң калбайт. Жаандын суусун чачынан силкип коюп кете берет. Аны менен сандаган ойлору, санаалары, жалгыздыгы кошо кете берет. Эсине анын сагынган энеси, баягы момун кичине кыз түшкөндө, жүрөгү тызылдап, ошо кызды өзү да катуу сагынары айтылат.

Ыр, композициялык жактан алганда, эки катар болуп түзүлгөн. Ушул кайчылаштырылган эки катардын бири – сезимдик-предметтик дүйнөнүн картинасы, экинчиси – жан дүйнөлүк, психологиялык кыймылдын картинасы, б.а. “жаратылыштык” жана “жан дүйнөлүк” башталманын ажырагыс биримдиктеги дүйнөсү. Жаратылышта “алаамат” болуп жатса, андай “алаамат” лирикалык каармандын жан дүйнөсүндө да жүрөт. Ырдан орун алган наристе кыздын образы, кийин бой жетип турмушка аралашкан кезинде байкалган чарчап-чаалыгуу мотиви адегенде анын өткөн өмүр жөнүндөгү муңайым ностальгиясы сыятуу кабыл аланат. Бирок акыркы саптарда:

Эске түшөт... Кээде жүрөк тызылдап,
Ошо кызды мен да катуу сагынам..., - деп лирикалык каарман өзүн үчүнчү жак менен бергенин окуганда, акындын түшүнүктүү эле  сыяктанган ыры татаалданып, эмнегедир Б.М.Эйхенбаумдун А.Феттин поэтикасын изилдеген китебиндеги (“Мелодика стиха”) анын ырларынын “математикалык” технологиялык планда куруларын айтканы эсиңе түшөт. Ырас, мындай поэтикалык ыкманы Фет эрте колдонгон, ал анын чыгармачылыгын өмүр бою коштоп жүргөн. Ырдын композициясында биринчи катар болуп жаткан окуяны же кубулушту сүрөттөсө, экинчи катар ошого байланыштуу өткөн мезгилди эскерген сезим-туюмдардын баалуулугун, кайталангыстыгын, кымбаттыгын берүүгө негизделет. Ал эми Шербеттин ырындагы үчүнчү жак менен айтылган саптар биринчи катардагы наристенин баёо образын, экинчи катардагы чоң турмушка аралашкан кыздын санааркап чаалыккан образын прожектордун жарыгы сыяктуу күчөтүп көрсөтөт, ажарлантат, ырдын катмарында сезим-туюм рефлекциялары менен шөкөттөлгөн ойду жарыкка алып чыгат. Анан мындагы материалдык дүйнөнүн баары арткы планга жылып, жан дүйнөңдө кайталангыс ич сыздаткан балалыктын, сансыз санаалардын таламайына түшкөн жалгыздыктын жана жатыркоонун армандуу ноталары басымдуулук кылып кетет. Ырдын теоретиги катары Фет бул кубулушка мындай түшүндүрмө берет экен: “Ажары ачык чыныгы чыгармада ой да болот... бирок... аны кайсы жерден издөө керектигин аныктоо мүмкүн эмес. Ошондой болсо да анын ушул жерде экенине жаратылыш менен духтун тамырлаш экени же алардын окшоштугу кепил болуп бере алат.

А.А.Феттин ырларын Ш.Келдибекованын жогорку көркөмдүктө которгону белгилүү. Ал дүйнөгө белгилүү акындар менен бирге А.Феттин поэтикалык тажрыйбасын да өздөштүргөнү, ал тажрыйбаларды өз поэзиясынын кыртышында чыгармачылык менен өнүктүргөнү анын ырларынан көрүнүп турат. Табиятынан зээндүү, кумарланткан жаңы нерселерди илгиртпей илип алма интеллектуалдык-эстетикалык дарамети бар акындын бул поэтикалык тажрыйбалардын таасири аркылуу акыл-сезими курчуду, алар аны акын катары калыптандырды. Бүгүнкү күндүн бийиктигинен карасак Ш.Келдибекова, негизинен, өз замандаштарынын ички турмушун жаратуу менен алектенгенине күбө болобуз. Анын ырлары кылт эткен шыбышты жаздым кетирбеген сейсмографтай адамдын ички тумушунун тынымсыз кыймылын, андагы вулкан сымал буюккан сезим-туюмдарды, аларга чөгөрүлгөн түркүн арман-муңду, эмоциялардын эсте калар деми менен чагылдырып, кыргыз поэзиясын сапаттык жаңы тепкичке көтөрдү.

Ырас, Ш.Келдибекованын жашоону өжөрлөнүп сүйүү, бактылуу болууну эңсөө, сүйүүнүн ыйыктыгы, өмүр жана өлүм темасындагы ырларында арман-кайгы аралашкан муңдуулук мотиви көбүрөк. Бул керт башка тиешелүү чектен чыгып, алда качан жалпы адамдык маселедей маани алып кеткен. Ошентсе да бул XX кылымдын аягында дүйнөлүк поэзияда орун ала баштаган тенденция экен. Коомдук турмуштун глобалдуу коммерциялашканы, анын аң-сезимди манипуляциялоону өнөкөткө айландырып, массалык маданиятты жаратышы поэзияны экинчи орунга жылдырган. Мындай абал поэзияны өзүнүн тагдырына тиешелүү милдетинен, үйүр алышкан массалык аудиториясынан ажыраткан. Бул анын адам коомунда салт боюнча ээлеген орду менен кош айтышкан доору эле. XX кылымдын поэзиясы жөнүндөгү монографиясында адабиятчы Ж.Коуэн мындай тыянакка келет экен: “Бир топ акындардын мисалынан көрсө болот: алар тарабынан баш тартуу жөнүндө ченемсиз чечим кабыл алынды. Пайгамбар болуу, заң чыгаруу жана миф жаратуу ролун четке кагышты. Поэзия мындан ары дүйнөнүн тагдыры... жаратылыш жөнүндө масштабдуу ой жүгүрткөнгө умтулбайт... ал жалаң жеке тажрыйба жөнүндө сөз кылат... Жалаң жекече ой жүгүртүүнүн гана баалуулугу бар. Анын себеби дүйнөнүн азыркы абалында. Экинчи Дүйнөлүк башталганда, анан, арийне, Хиросимадан кийин кризистин эпицентринде жашаган ар бир акын дүйнөнүн тагдыры же Ааламдагы адамдын орду жөнүндө билдирүү жасай албай калды. Окуялар комментарийдин баарын арзыбаган нерсеге айландырды. Өздөрү көкүтүп чыгарган кырдаалды көзөмөлдөөгө жөндөмсүз өкмөттөр башкарган, кубаттуулугун сөз менен жеткире албас куралдар тарабынан тыптыйпыл жок болуу коркунучун туйган акын эми өзүнүн жеке чөйрөсүнөн башка жерде олуялык кылууга чамасы жетпейт. Ал өмүр бою жүрөк түшүргөн катастрофадан сактап калам деген нерсесинин баары – бул сүйүүнүн көз ирмеми же акылына келүү, ал бир ирет пайда болсо, анда ага өлүмдүн күчү жетпейт”.

Көрсө, XX кылымдын акындары өмүрдүн кымбаттыгын, сүйүүнүн кайталангыс касиетин, бирөөнүн кубанычын, кайгы-муңун чын жүрөктөн тең бөлүшө билүүнү, тирүүлүктүн ар бир мүнөтүн аздектеп баалоону акыркы деми калганча даңазалап жатканы ошондон турбайбы. Муну келечеги күүгүмдөнгөн ушундай опурталдуу заманда акылдан адашпай, пенде аттууну аяп, сүйүп, жашоонун жаркын жактарын ой-сезимде сактап калуу ар бир акындын ыйык милдети экенин анын эсине салып тура турган коңгуроо десе да болот. Биз сөз кылгын Шербет Келдибекованын ылары ошол коңгуроонун доошуна үндөш жана өзү жашаган доордун поэтикалык документи.

Абдил ШЕРМАТОВ, И.Арабаев атындагы КМУ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз