Алым Токтомушев: Полонез

Кандайдыр боштукта эле ал
кандайдыр ээндикте эле
жалгыздык аны
мыжыгып, эзип жаткан.
...үйлөдү каар духу жан жагынан
сылады сүйүү духу маңдайынан. 

Суналып колун сунду периштелер,
азгырды шаттуу бийге
шайтандардын,
жазгы байчечекейдей ачылды ал...
кудум “Венеранын төрөлүшүндөй”
төрөлдү.

Жер дагы бүткүл демин сыгып кирди,
аскалар безилдеди миң бир тилде,
деңиздер ыргып чыкты чанагынан,
башталды улуу толгоо көктө дагы.

Айланды баары
табигый бир бороонго...
анан аны алып жөнөдү
камгактай тегеретип, тегеретип
зор турмушка...
Август, 1971-ж. 

*   *   *

Түн шоокумсуз үлбүрөйт...
Өмүр өттү канча бир.
Өчөөр шамдай үлбүрөп
Неге эрте чарчадым?

Жылдыз учат зуу коюп
Эмин-эркин... эп-эркин...
Кеткен күндөр чуу болуп
Туманданат эртеңким...

Шамал ырдайт жулмалап
тирлик демди... Көр уктап...
Сөнүп турат бир гана
мен жак менен бейит жак... 

Көздүн нуру өчө элек...
Жол жылтырайт күндүзгү...
Тынч өмүргө жетелеп
Алып барат түн духу...
1972-ж. 

МУНАР ЫРЫ

Тургунбай Эргешовго

Доордун ак тилектүү кароолундай
мезгилдин солк этпестен бороонуна
түнкүсү: бозоргон бейиттердин арасында...
күндүзү: бир жайыкта футбол тепкен
сандаган эскерүүдөн суру качып
Өзгөндө... Карт мунардын түбүнөн мен
авансыз бул аванды эшиткемин,
түштүктүн аптабына аралашып.
Шартылдап жылдар өттү андан бери
өмүрлөр мезгил бойлоп тегеренди.
Дос кетти, аял чанды, атак чанды.
Чанган жок ушул аваз гана мени.
Баары өчтү: көз нур өчтү, көңүл өчтү.
Өчкөн жок ушул аваз гана менде.
Аваз:
Азизмин, азиздигим мына мында:
Ата-Журт маңдайдагы жалгыз көзүм.
Бирок кеч: арбак болгон убагымда
гана бир жарк-журк этип жанды сезим.

Дудукмун, дудуктугум мына мында:
жалгыз тил жаралгандан – эне тилим...
Бирок кеч: кайың болгон убагымда
кайырсыз ааламдыгым гана билдим...

...Жалгызмын, жалгыздыгым мына мында:
жапан күч бу турмушта тирүүлүгүм.
Бирок кеч: шейит кеткен убагымда
кур үмүт, жалгыздыгым кийин билдим.

Өлбөсөм муну кайдан билет элем,
кайтпасам кантип билем туура жолдон.
Өлгөндөр кадыржам бол, силер менен
өлгөмүн небак ушул турган бойдон.

Жаш элем деңиз мисал. Тынчып уктум,
жаңырткан үнсүз-тилсиз түнкү ымыртты.

12-август, 72-ж.

ЭЧ КИМ жана ЭЧ НЕРСЕ

ЭЧ КИМ да, ЭЧ НЕРСЕ да эмес ал,
саналуу... саналуу бир калды убакыт.
Обдулуп күнгө карай... Тынчып анан
айланат бир дүйнөгө унчукпаган.
Саналуу убакытта мерес гана
кабагын чыткан бойдон
айланат ЭЧ КИМ жана ЭЧ НЕРСЕге!
(Түшүнүп атасыңбы, айланайын...
ЭЧ КИМ жана ЭЧ НЕРСЕге!)
Сугалак көздөр менен карайлаган
баардыгын бир сындырып карап анан,
ойлоду ЭЧ КИМ жана ЭЧ НЕРСЕни:
жылдызды, тоону, ташты,
кызматты, атак-даңкты,
сүйүүнү, эрдиктерди,
жыйынтык, себептерди,
аялын, жаш балдарын,
досторун, душмандарын
ж.б. ж.б. ж.б...
бардыгын жеңил гана
айланып ЭЧ КИМ жана ЭЧ НЕРСЕге...
айланды дүнүйө бүт
кыпынга көзгө түшкөн.
Жүрөгүн айландырды, ирээнжитти
нурдай өчтү...

(Адамдар күнөөлөбөгүлө:
ал азыр ЭЧКИМ жана ЭЧ НЕРСЕ эмес эле).
20-август, 72-ж.

“Анна Ахматованын” 46-портретине бир нече эскиз

(Карандаш)

...баштагыдан уп-узун
баштагыдан беш эсе узун болуп
кагаздын, тамгалардын бороонунда
тумчугуп, уйпаланып, чыргоолонуп
соолугуп саясатта, согуштарда
унчукпай дудук болуп, көрүстөн мисал...
көрүстөнчүдөй көрүстөндүн карын күрөп
сандаган кыймылдарда, көчөлөрдө
базарда, азык-түлүк дүкөндөрдө
жалгыз жүрөт... жалгыз жүрөт... жалгыз жүрөт...

...Ким бул?! Эмне бул?!
...Шаарбы кыйраган?! А мүмкүн азгырык – дух?!
Бергиле менин хан чагымда таажымды.
Бергиле мага, жалгыз эркек – Горацийди.
Бергиле менин стулумду,
бергиле менин кистимди,
бергиле менин бөлмөмдү,
бергиле менин... бергиле менин... бергиле менин...

Анна:
– Мага тий! Болбосо думана бол дүйнө кезип...
Каргышпы... каарбы... оор тийген деген сөзүң?
(Тыным)
Гамлет, барбы оттугуң?!

Гамлет:
– Дүйнөлүк хансарайда...
Жеп-жеңил көйнөктөрдө... салтанатта
кубулжуп пери болуп миң бир ирет
бийик, күчтүү эркектин колтугунда
жүргөнсүң өчпөс болуп, жап-жаш болуп...

Бир түндүк көңүл мисал бардыгы өчтү.
(Тыным)
- Унут сен, европалык Гамлетти.
Бергиниң рыцарлыкты өзүнө Дон-Кихоттун.
Думуккан, арак ичкен, чылым чеккен
миң эркекке эркелегин.
Аялдар, кандай гана жийиркеничтүү,
Жийиркеничтүү!
(Чыгып кетет)
21-24-август, 72-ж.

КӨЛӨКӨ

“Мне кто-то руку подает
И кто-то улыбается”
А.БЛОК

Дүйнө дымып бешик үндүү,
үлп деп өчтү шам чырак.
Долу шамал эшигимди
ачат...жабат...каңшылайт.

...Сары азгырык ырын ырдап,
денге батпай чатырап...
Кимдир-бирөө шалпар булгайт
көзүн ымдайт... чакырат...

...Кимдир бирөө бетин тытат,
бейпайланат, безенет.
Добул жүрүп, жаш бурганак
жолду катат энтелеп...

...Кара түскө чабылган жаан...
...Көрүстөндөн керткен от...
...Кимдир-бирөө чагылгандан
качат... безет... мерт болот.

Үй ичинде көгөргөндөн
караңгылык жана мен...
Тереземде төрөлгөн күн
жылдыз анан жаналек.

Өткөндөрдү окуялап,
Көңүл чурайт...жайланат...
башын чулгуйт, окуранат
ээсиз калган жайдак ат...

...Сары азгырык ырын ырдап,
денге батпай чатырап...
Кимдир-бирөө шалпар булгайт
көзүн ымдайт... чакырат...
1-сентябрь, 72-ж.

ЭСКЕРҮҮ ТУМАРЫ

I

Сүйүүбүз калар мүмкүн, экөөбүздүн.
Кайталанаар төрт мезгилдей.
Өчүп жанаар Феникстей.
Ырдалаар биздин ырлар,
таң нурундай таза авада, дилдерде.
Бийлешер не бир мукам ыргактарда,
жап-жаш балтыр жаркыратып демдерди...

II  

...а бирок экөөбүзгө кыйын болду,
муп-муздак болот биздин көрүнүүлөр.
А мүмкүн тагдыр буйруп бир да жолу,
ал эмес көрүшпөйбүз көрүстөндө. 

А мүмкүн... (бу тагдырды болбойт болжоп)
жолуксак жолугаарбыз тарам жолдо.
Шык да жок, кумар да жок, учкун да жок
жылтылдаар тааныш көздөр зорго, зорго...

Көп болор таарынуулар, табышуулар
жарыкта... Экөөбүздө болбос андай
мүнөттөр кызмат кылар так ушундай
а бирок, күйбөс көңүл зорго шамдай...

III

...албадым көздөрүмдү, айырбадым
сүт денелүү, суулары Кайырманын...
Бир кездеги биздердин сүйүү мисал
башка түс, формаларга жайылганын...
1-сентябрь, 72-ж.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз