Токтосун Самудиновдун арноо ырларынан

  • 31.03.2020
  • 3686

Аалы ТОКОМБАЕВге

Кирпиктен жасап кистини
Сүрѳтүн тартты Ильичтин.
Арылткан болчу ал адам
Азабын жетимчиликтин.

Туу тутту бала чагынан
Ар-намыс менен уятты.
Эстелик курду ѳзүнѳ
Пушкиндей пири сыяктуу.

Алдына киши чыгарбаш
Аалыкем үчүн – турган иш.
Кааласа, жакшы жазуучу
Ал үчүн – жакшы журналист.

Чыңгыз АЙТМАТОВго

Даниярга ээрчитип Жамийланы,
Чыкем болду Сейиттин таарынганы.
«Бул экѳѳнүн ажатын ачагѳр», - деп,
Арагонго Ауэзов дайындады.

Туугандардан жеме угуп ара жолдо,
Жүрѳк оту, кѳз майы корогонго
Кейийт дагы… Сүрѳтүн баалабаган
Сейит эми таарынат Арагонго.

Райкан ШҮКҮРБЕКОВ менен Мидин АЛЫБАЕВге

Машина минип чапкыдай
Кечигет беле кызматтан.
Жоргосу кымбат аларга
Жонуна термеп уктаткан.
Эшеги кандай бактылуу
Эки улуу акын учкашкан!

Кубанычбек МАЛИКОВго

Салижан айтат: Кукемди
Кѳп жылы солто деп келдик.
Бир күнү мага сыр кылды:
«Ичкилик экем баткендик».

Ошондо сѳѳгүн агарттым –
«Жаңылбаптырмын мен анда.
Эзели сиздей феномен
Солтодон чыкпайт дегем да!»

Абдрасул ТОКТОМУШЕВге

Жазуучу журту чакырса –
Чогулду чоңдун баары тең.
Ошондо элден калышпай
Сѳз алды кайран Абыкем.

Урматтап элдин башчысын
Айтам деп атын оболу
Турдакун дештин ордуна
Турдукан десе болобу?!

Апкаарый түштү ѳзү да,
Чоңдордун айбат-сүрүбү?
Жеңенин атын укканда,
Зал ичи болду күрү-күү.

Отурган эл да ойлоду:
«Айтылса аты – эмне экен?
Кырк жылдап ырын жаздырган
Кызматы андан кем бекен?!»

Түгѳлбай СЫДЫКБЕКОВго

Кылычты сунса – багынбай,
Кыргызын сүйчү жанындай.
Баарына баатыр сүйлѳчү
Баягы жаштык чагындай.
Каруудан тайды Түкѳбүз
Кармашар адам табылбай.

Токтоболот АБДЫМОМУНОВго

Баарына макул болчу экен
Жокто да жок деп кыйылбай.
Ак кѳңүл жандын адаты -
Оң-солго бирдей бурулмай.
Түгѳлбай абам айткандай,
Кытайдын оюнчугундай.

Ясыр ШИВАЗАга

Ак калпак кыргыз адамы
Ал үчүн кымбат досундай.
От жоктур жанды жылыткан
Жүрѳктүн ысык отундай.
Улутум дунган эле деп,
Убара тартып отурбай…
Ансыз да ыры даамдуу
Калемпир, жуусай кошулбай.

ЭРКИНДИККЕ ОДА

«Эркиндик» деген жакшы экен,
Оозду, бутту тушабайт.
«Акындар – ырда, сын – кында…»
Даутов буга чычалайт.
Журтубуз – жапырт жазуучу,
Акындан асты жутабайт.

ОМОКЕМ АЙТТЫ, МЕН ЖАЗДЫМ

80-жылдарда Омор Султанов Америкага барат. Келгенде ага белгилүү обончу Асанкалый Керимбаев жолугуп калып, ал жактагы бай-кедейлердин жашоосун такып сурайт. Омокемдин ага берген жообун мен 8 сап ырга айлантып койдум.

Нью-Йорктун кѳркү керемет,
Койкоёт Эгиз мунара.
Ал эми байдын, кедейдин
Жашоосун иним, сураба!

Ал жакта деле – теңсиздик,
Сезилчү бизге сонундай.
Эсиме түштү ошондо
Токтогул менен Керимбай.

Омор СУЛТАНОВго

Жан тартпайт ОМОН менен милийсалар,
Бир гана «талант» деген крыша бар.
Ишенбе «Омокелеп» жүргѳндѳргѳ,
Аларың – кемедеги крысалар.

Омор СУЛТАНОВго

Тѳбѳңүз бар тѳрт тарапка кѳрүнгѳн,
Тѳраганы сизден эч ким талашпайт.
Каада күтүп, казы байлап семирген
Акын менен аргымакка жарашпайт.

Сооронбай ЖУСУЕВге

«Жору» дешсе уруусун,
Эч кими жок арданган.
Сокем бар да анткени,
«Акшумкарга» айланган.

Сооронбай ЖУСУЕВге

Эрежени, тартипти
Сокем бир да бузбачу.
Согуш жүрүп жатса да,
Түштѳ бир маал уктачу.

Сүйүнбай ЭРАЛИЕВге

Күү укканда ар дайым
Ыйлай жаздап, уялат.
Ичте калган арманын
Калеминен чыгарат.

Ал кубанып эскерет
Акжолтой күн – Жеңишти.
Комузду ойлоп, жек кѳрѳт
Колуна аткан немисти.

Майрамкан АБЫЛКАСЫМОВАга

Учурган ырдын туңгуч карлыгачын
Алдыңыз Тенти эженин тарбиясын.
Сизге эми генералдык наам керек
Баштаган акын кыздар армиясын.

Түмѳнбай БАЙЗАКОВго

Ач экенин билдирбей,
Ток экенин билдирбей…
Жазуучулар ортосун
Жѳн жүрѳ албайт күлдүрбѳй.

Ар бир жазган сабынын
Болгон менен жүйѳѳсү
Ырларынан сезилбейт
Аскиячыл мүнѳзү.

Кубатбек ЖУСУБАЛИЕВге

Айлантып башын маң кылат
Аркалык – түштүк талашы.
Пок сѳздүн жытын тазартат
Аскарлуу тоонун абасы.
Камбагал журтун кѳп ойлоп,
Бѳлүнѳт санга санаасы.
Кубатбек досум, бүгүнкү
Кыргыздын Алай – Ламасы.

Кубатбек ЖУСУБАЛИЕВге

Тоолоруна сыйынабы сыягы
Тоо бооруна салып алып уяны,
Жашап келет жалгыздыгы билинбей,
Жаратылыш – болгон жалгыз ынагы.

Жетимишке жетсе дагы курагы,
Жети катар тоолорду ашат кыялы.
Оригиналдуу – басканы да, жазганы,
Арыктыгы – велосипед сыңары.

Тѳлѳгѳн МАМЕЕВге

Акын Тѳкѳм – жан досум,
Ар бир сѳзү коргошун.
«Ачуу» жакка келгенде,
Катуу басты тормозун.
Жазуу жакка келгенде,
Кѳрсѳттү бейм жоргосун.

Тѳлѳгѳн МАМЕЕВге

Болбодук деп Байдылда
Таарынбайлы тагдырга.
Мына, турат эки акын:
Бири – менин алдымда,
Бири – сенин алдыңда.

Тѳлѳгѳн МАМЕЕВге

Акын Тѳкѳм молдо эмес азырынча,
Эт жок болсо – ордуна колбаса жейт.
Уча тартчу тойлорго чакырылса,
Ѳскѳн менен Бексултан барбаса дейт.

Тѳлѳгѳн МАМЕЕВге

Жарыштарда жалыбызды жапырбай,
Туяктардан кум менен таш атылбай…
Болбосок да ахалтекин тулпары,
Ѳжѳр болдук моңголдордун атындай.

Митайым деп айта албастыр сени эч ким,
Ѳзүң деле периштемин дебессиң.
Байдыкеме алып берген пивоңду
Шернияздын балдарына тѳлѳттүң.

Акын досум! Айтпасам да башкасың,
Аткарылсын арак ичпес максатың.
Танк алдында тепселиптир аталар,
Сени кудай таксилерден сактасын!

Мар БАЙЖИЕВге

Жыты болбойт акчанын,
Саны кымбат баарынан.
Кудай ѳзүң сактай гѳр
Кардарлардын каарынан!

Таңдан кечке тамтаңдап,
Тачка түрткѳн биерде
«Балдар бойго жеткенде», 1
Чакырбасын «Дуэлге» 2[1].

Биримкул АЛЫБАЕВге

Жапаркулча мейли, сен сындабагын,
Бирок кошкун Мидинче ырга жалын.
Ар сабыңдан сезилсе асыл ойлор,
Алыбайлар арбагын сыйлаганың.

Тѳш белгини тѳшүңѳ тагып алып,
Тѳшүң керсең, бул сага анык айып.
Бирѳѳ эмес, үч намыс моюнуңда,
Биле жүргүн, Биримкул Алыбаев!

Бексултан ЖАКИЕВге

Жаңылбай да бир жолу
Жакшы кѳрѳт пивону.
Бакай чалдын жайытын 1[2],
Ал тууралуу кинону.

Жактырбайт ал «бектерди»,
Кулдук уруп кеткенди.
Жаман кѳрѳт анан да…
Былжыраган кептерди.

Эрнис ТУРСУНОВго

Эл акыны Эрнис,
Князь дейбиз кѳбүбүз.
Роман деген ал үчүн
Ыр жазгандан жеңил иш.
Ушул ѳзү кыргызда
Уникалдуу кѳрүнүш.

Эрнис ТУРСУНОВго

«Акын чыкпайт аялдан
Топ жаргыч деп саналган», -
Деген кепти эшиттим
«Эл акыны» агамдан.

Ырдын бербей мѳрѳйүн,
Биз кыйраттык дебейин.
Бирок, бир күн угабыз:
«Ѳлү-үк канаң кѳрѳйүн!»

[1] 1,2. М. Байжиевдин драмаларынын аты.

 

[2] 1. Б.Жакиев «Бакайдын жайыты» фильминде тартылган.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз