Соңку жарыялангандар

Олжобай Шакир 21.08.2019 0 comments

Камбожа эл жомогу: Кичипейил Коён

Өтө кичипейил, сылык Коён болуптур. Бир курдай багбандын чарбагынан капустага нык тоюп, үйүнө жөнөй берерде, капыстан Түлкүнү көзү чалат. Дыйкандын короосунан бир тоок сүйрөп кете албаганына арданган ачка Түлкү токойго кайтып бараткандагысы болучу. Аны көргөн Коёндун жүрөгү шуу дейт. Качайын дейт, кайда качат? Шашкалактаган кургур үңкүргө сүңгүйт. А үңкүрдө Түлкүдөн...
Жомок ӨСПҮРҮМ
Олжобай Шакир 21.08.2019 0 comments

Достук азил: Элчиси эки дүйнөнүн

Колтойгон коомдук ишмер, таанымал тамада жана филология, философия, дипломатия, журналистика профессору, атактуу аалым ТИЛЕКТЕШ ИШЕМКУЛОВ 80ге толду. Көрөңгө татпай көбүрүп турган, Көк мончок сөздөр төгүлүп турган. Ачыткы кошпой көбүрүп турган, Ак мончок сөздөр төгүлүп турган. Чачы улгайып, өзү жаш бойдон, Студент окшоп көрүнүп турган. Курсант кылып жалпыны, Кубантып кыргыз калкыны....
Замандаш Инсанат
Олжобай Шакир 21.08.2019 0 comments

Дилазык: Аалымдын сүйүүсү

Мевлана эң жогорку адеп-ахлагы жана илими менен адамдардын көңүл тереңинен орун алган аалым эле. Анын жүрөгү дүйнөдөгү бардык нерсеге сүйүү арнап келген. «Ким болсоң да келе бер!» — деп, бардык адамдарды толеранттуулукка чакырып, кучагын жайган. Мевлана адамдарга ар дайым жакшылык гана каалап, сүйүүсүн арнагандыктан, атагы ай-ааламга кеткен. Ал барган жерде...
Инсанат Котормо
Олжобай Шакир 21.08.2019 0 comments

Темирлан Бейшенов: Жамгыр жууган махабат

НОВЕЛЛА Күз айынын кайсы бир күнү экөөбүз  жолуктук. Дарактар жылаңачтанып, шамалга дирилдеген жалбырактар шуудурап бут алдыда тебеленип жаткан мезгилдердин кайгылуу, муңдуу учуру эле. Экөөбүз жылуу маанай менен  көрүштүк. — Кандайсың? Кандай жүрөсүң? Сени көргөндө  өзүмдү бир азга жоготуп, кыргыздын төл  сөзү менен “жакшы” анан “шүгүр” деп кошумчаладым. — Өзүңчү көптөн...
АДАБИЯТ Проза
Олжобай Шакир 21.08.2019 0 comments

Дайырбек Мейманов: Махабат да кош канаттуу төрөлөт

КУСАЛЫК Эриниңе сүйүү сүртүп ал кечте, жүрөгүмө бүт дүйнөнү батырып, сүйүп жүрдүм ай-ааламды алпечтеп, ак кар болуп мен  алдыңа чачылып. Ак кар болуп кирпигиңден жай алып, эрип кетип карегиңдин отунан, көзүңдүн наз мээримине тянып, кирпигиңе кайтып конуп отурам. Кирпигиңе кайтып конуп отурам, оттуу көзүң калган неге түнөрүп? Жүрөк кысып, эмнегедир...
АДАБИЯТ Поэзия
Олжобай Шакир 20.08.2019 0 comments

Нурзат Казакова: «Уйкаштарын миң экчеп сынагыла»

Поэзия – көркөм адабияттын башка түрлөрүнө салыштырмалуу жандуу, образдуу, “оперативдүү” өнүккөн көркөм сөз искусствосу. Коом жана адам, тарыхый окуялар, түрдүү кырдаалдар катаал акындык көз караш, сарказм, ирония, философиялык ой жүгүртүүлөр менен чагылдырылып, немис акыны Гётенин “жерден жарака кетсе, ал акындын жүрөгү аркылуу өтөт” таамай сөзүн тастыктап келет. Эгер кыргыз поэзия...
АДАБИЯТ Сын
Олжобай Шакир 16.08.2019 0 comments

Биздин айтар сөзүбүз бар: Эже-сиңди деланилердин биринчи жүз жылы

Сара Делани, А. Елизабет Делани,  Эми Хиль Харт (Башы сайтыбызга 2017-жылдын 31-июлу менен 18-сентябрында жана 2018-жылы 4-июлда  жарыяланган) <<<<<<<<<Башы 1-2-бөлүк (31.07.2017) <<<<<<<<<<<<<3-4-бөлүк (31.07.2017) <<<<<<<<<<<< 5-6-бөлүк (04.05.2018) III-бап Касиеттүү Августин Жарандык согуш аяктагандан кийинки ондогон жылдар бою “билим алуу” — тагдыры талаадагы оор жумушка же ак адамдардын там-жайындагы тиричилиикке байланган мурдакы кулдардын...
АДАБИЯТ Инсанат
Олжобай Шакир 16.08.2019 0 comments

Абдыкерим Муратов: Эчки… Сүт… Коммунизм…

АҢГЕМЕ Балага бул жашоо көндүм болуп калган: эки литрлик эки желим бөтөлкө сүтүн сатып бүтүп, үйгө кетерде дүкөнгө кирет да, таенеси дайындаган нерселерди – тузбу, ширенкеби, майбы, башкабы ала кетет. А нанды кудаанын куттуу күнү сөзсүз алат, нансыз булардын күнү өтпөйт, дүкөнчү да таенеңе деп навай нандын какталып бышканынан ылгап...
АДАБИЯТ Проза
Олжобай Шакир 15.08.2019 0 comments

Шаршенбек Үмөталиев: Лирика тууралуу ой жүгүрткөндө…[I]

Лирикалык чыгармалар кайсы элдин адабиятында гана болбосун (мейли оозеки, мейли жазуу жүзүндөгү) негизги орундардын бирин алып келген. Өзүнүн чыгышы жагынан лирика адабияттын алиппеси өңдөнөт. Адабияттын ар кайсы түрү өзүнүн эң алгачкы демин лирикадан алган. Сөз өнөрү төрөлгөндө лирика кошо төрөлгөн. Лирика – сөз искусствосунун бел баласы, прозанын, драматургиянын, көркөм адабияттын...
АДАБИЯТ Сын
Олжобай Шакир 15.08.2019 0 comments

Чоюн Өмүралиев: Керээт

АҢГЕМЕ Адам сагынат экен өткөнүн… Качаңкы бир өспүрүм курагымда өзүм тарткан сүрөттөрдү аңтарып карап отурдум. Ар бир сүрөттү көргөн сайын аны менен кошо өткөнгө көчөм да, качанкы бир элестер жадымда жаңырып толуп ташып чыга келет. Шыбактын жытына чумуп алгандай тамагым кермек татып, каңылжаарымды зил өрдөйт. Турмуштун көлөкөлүү көйгөйү көңүлүн чыйрыктыра...
АДАБИЯТ Проза
Олжобай Шакир 15.08.2019 0 comments

Айтматовдун Азамат Алтай менен Нью-Йоркто таанышканы

Азамат Алтайдын Чыке менен Нью-Йоркто таанышып, үйүнө алып барып коноктоп, анын кыргыздын эң чыгаан уулу экенине ыраазы болгону. Совет доорунда “чыккынчы”, “антисоветчи” деген ат менен канча бир муунга жалаңкыч көрсөтүлүп, расмий идеологияда өңчөй каралоо, айыптоо менен гана айтылып жана жазылып келген – согушта туткунга түшүп, анан кийин Батыш Германияда “Азаттык”...
Инсанат Тарых
Олжобай Шакир 14.08.2019 1 comment

Касым Каимов: Кайната

АҢГЕМЕ Алдыда бир жума бар. Бул убакыт ичинде кандай камынам десе, а түгүл айылдагы ата-энесине, бүт агайын-тууганына кабарлашам десе да үлгүрөт. Биринчи жолу жүз көрүшө турган кишилер да балдарды камынтнай барып, шаштырып койбойлу дегенсип, келер учурун атайын бир апта мурда билдиришкен чыгар. Бирок мейман күтүүчү жаңы үй-бүлө чабалактаган жок. Агайын-тууганы...
АДАБИЯТ Проза
Олжобай Шакир 14.08.2019 2 comments

Азамат Омош: Биздин заман жору-дүйнө

МКАД Бийик үйлөр, кызыл-тазыл чырактар, Маркет, кафе, офис, банктар чар тарап: Сага жетип жомок жашоо түгөнүп, Сенден ары жомок дүйнө башталат. Сага чейин мизилдеген асфальт жол, Сенден кийин баткак жолдор тизеден. Сага чейин маданият барат да, Сенден кийин самогондор шишеде. Сага чейин жалындаган жаштык бар, Сенден кийин өлүм күткөн кемпир-чал....
АДАБИЯТ Поэзия
Олжобай Шакир 14.08.2019 3 comments

Олжобай Шакир: Тоголок каттын автору

АҢГЕМЕ Турмуштун өзүнөн алып жазылган чыгармалар болот. Бирок аны ким канчалык көркөмдөп жазары мага белгисиз. Тек бүгүн адаттагыдан башкача мазмундагы аңгеме баштап отурам, урматтуу окурман. А оң каарман, терс каарманды өзүңүз ажыратып алыңыз. Мага бул аңгемени көркөмдөп жазуунун деле анчалык кажети жоктой сезилет. Тек, болгонун болгондой баяндап бергенимде кеп. Анткени...
АДАБИЯТ Проза
Олжобай Шакир 13.08.2019 0 comments

Айман[1] эл жомогу: Билимдин пайдасы

Айман падышасы буйрук чыгарат. Буйрук негизинде: анын өлкөсүндө билимсиз адамдар болбошу керек. Окуганды, жазганды билмек тургай – философиясы, элдин чечендик өнөрү, кудай таануусу да башка өлкөлөрдүкүнөн артта калбоого тийиш болот. Уруулардын биринде Хамдан деген шейхтин өспүрүм уулу бар экен. Буйрук чыккан соң – окуш керектигин түшүнөт ал! Атасы жөнөкөй, бирок...
Жомок ӨСПҮРҮМ
Олжобай Шакир 13.08.2019 0 comments

Байма Сутенова: Өткөн бир окуя

АҢГЕМЕ Ыраматылык эжемди эстеген сайын, тээ мен бала чакта өткөн бир окуя эске түшөт. Атамдын эжеси болгондуктан биз «Чоң эже» деп атачубуз. Өзү да балпайган, сөөктүү киши. Анча-мынчаны жактыра бербеген, аз сүйлөп, эртели-кеч көп кыймылдачу. Бирок, биз жактагы чоң энелер (эжемдин жеңелери) эжемди атынан айтышпай «Манап кыз» деп тергешчү. Мен...
АДАБИЯТ Проза
Олжобай Шакир 13.08.2019 1 comment

Владимир Зеленскийдин таамай айтылган сөздөрүнөн

Менин абыдан каалаганым – кабинетиңерде сүрөтүм турбасын. Президент деген – икона эмес, идол да эмес, президентти портрет кылбагыла. *       *       * Мамлекет – бул бизнестин атаандашы эмес, тескерисинче, бизнес ишине шарт түзгөн сервис. *       *       * Менимче, биздин өлкөдө саясат жөнүндө азилдер дайыма эскирбейт. Мүмкүн саясатчылар арасында эскирер, бирак эл...
Замандаш Саясат
Олжобай Шакир 13.08.2019 0 comments

Белек Солтоноев: Чыңгыз хан заманындагы кыргыз

Адам жана жер (Человек и земля) деген орус тарыхында Чыӊгыз хан өзү түрк болгон дейт. Мусулман тарыхында айтылганы: Мурунку угуз түрк хандары насилинен кыйат аталып биздин эранын 794-жылында Кытай жери Шамодо тиричилик кылып жүргөн бир түрк урууну монголдордун арасынан келип, аларды бийлеп келген. Бул тукумдан келген хандар ар түрлүү элди...
КООМ Тарых