Жаңыл Мырзалы: Түн ичинде чач жууган кыз

  • 04.07.2025
  • 211

АҢГЕМЕ

(Жаңыл Мырзалынын чыгармалар сериясынан)
Руханий революция башталган түн...

I

Уят эмес, жашынган үн

Ай жарыгы керебеттин жээгине түшкөн. Кыздын чачы узун. Узун болгону менен өзүнө бейтааныш. Кээде өзүнө өзү жат бул кыз.

Көзүн жумат да, сыртта тынч жаткан айылга кулагын түрөт. Ымыркайдын ыйы угулбайт. Эркек кишинин жөтөлгөнү да жок. Болгону — бул түндө эч ким эч кимге үн катпайт.

Кыз ваннага куюлган суунун ичинен акырын чачын сылап жууйт. Ымыркай эмес. Эне эмес. Бой жеткен да курак эмес. Бирок денеси унчукпастан көлөмү өсүп барат. Түшүнүксүз балалык менен түгөйсүз аялдык ортосунда турган жан.

Бул түн анын эң алгачкы денеси менен сүйлөшкөн түнү.

II

Чачтан башталган түшүнүк

Мектептен эч ким айткан эмес ага:

– Сенин денең — уят эмес, жашоо.

– Сенин чачың — баш эмес, туюм.

– Сен өзүң менен өзүнчө сүйлөшө аласың...

Бир жолу энеси айткан:

– Кыз бала түндөсү чач жуубайт...

Апасынын бул айтканы ырымбы же эркиндигине тыюу салуубу?

Түндөсү чач жуугандан баары эле коркушчу. Бирок бул кыз түндөсү жууйт. Анткени күндүз үй толо көздөр. Түндө гана өзү менен өзү.

Бул түн анын руханий жылаңачтануусунун башталышы.

III

Айтылбаган, бирок жеткиликтүү сабак

Классташ кыздарынан бири кош бойлуу болуп калды. Экинчиси өз денесинен жийиркенет. Үчүнчүсү "көңүл айтпаган" жигиттердин ортосунда өзүн түккө арзыбаган жан сезет.

Алар эч качан жыныстык тарбияны угушкан эмес. Болгону:

– Эркек алдында жуурулушпас бол!

– Кыз деген бет ачарга чейин тынч болгону эп...

– Аял бол, бирок аялдай жашаганың бааланбайт...

Түнкү ваннада суу акырын гана жылжып агууда. Кыз ай жарыгында өз чачын жууганы – уят үчүн эмес. Өзүн өзү түшүнүү үчүн ичинен кобурана берди:

«Суу агып жатат, бирок жүрөгүмдөгү түйшүктөр агып кетсе кана...»

«Көзүмдү жумуп, жан дүйнөмдү тазалагым келет… бирок эмнеден баштасам?»

«Чачым сыяктуу чырмалышкан ойлорумду да тарагым келет… мүмкүнбү?»

«Башымды жууган сайын үмүт менен өзүмө кайрылам: балким бүгүн өзгөрөрмүн?»

«Жүрөгүмө кулак түрөм… үн чыкпайт. Балким өзүм үн болуум керектир...»

IV

Ыйлабай калган кыз

Кыздын чачынан суу тамчылап, шыптын көкөлөгөн жарыгына кошулуп кетти. Сууда үн жок, бирок денеде үн бар экенин ал эми гана түшүндү.

Бул үн — кимдир бирөө түн ичинде кулак төшөп угуп калар үн эмес. Бул үн — мыйзамдашпаган билимдин үнү. Бул үн — жашыруун руханий революция.

Эртең менен ал чачын жайып, желге гана шыбырады:

“Менин денем – уят эмес. Менин жыныстык аң-сезимим – табигый. Мен жашоого күнөөгө батыш үчүн эмес, дүйнөнү таануу үчүн келгемин, – деп акырын гана күбүрөндү.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз