Сүйүү лирикасынын корифейи (1-макала)

  • 30.06.2025
  • 732

Боёлгон чач

1983-жылдын кеч күзү... Ош пединститутунун филфагында окуйм. Фрунзеге жаш жазуучулардын республикалык семинар-кеңешмесине барарымды укканда, кубанычым ичиме батпай турду. Мындай сыймыкка татыктуу болбосом да, барууга бел байладым. Тагдырым калемим мененби... чоң түйшүктүү жазуучулукка бет келгенге кудуретим жетеби деген ой көкүрөгүмдү тээп турду. Фрунзенин деми аябай дээликтирип, эки күн кечке жол камын көрдүм.

15-ноябрда күндүзгү саат 14.50 самолёт бизди борборго алып учмак. Чакырылгандар Майрамкан Жуманова деген төлөйкөндүк акын кыз экөөбүз, калгандары эркек калемгерлер. Майрамкан убагында абдан күчтүү чыккан, анын өрт ырларын Жолон Мамытов жактырып, жаш талантты колдоп, гезитке чыгарып, алкаганын өзү айтып калчу.

Жолсуз рейс экен. Аба-ырайынын айынан (Ош аэропорту чуңкур ойдуңда жайгашкан эмеспи) кармалып калып, улам кийинки рейстерге калтырып жатты. Күтүүдөн өткөн азап барбы? Аэропорт залында саргарып отурдук. Ак саргыл, толмочунан келген бетиндеги эки уячадан күлкүсү төгүлгөн Маматемин акын бизди түштө самса менен сыйлады. Аркы-беркини сүйлөшкөнүбүз менен оюбуз санааркап, дитибиз радио түйүндүн жарыясына жабышат.

Айткандай, аэропортко барып, автобекеттен кадамжайлык досум Бурайланын апасын жолуктурдум. Аяш энем көзүнө жаш алып, сагынычтан мени кайра-кайра өпкүлөдү. Студенттик отрядда жүргөндө тапкан жароокер досумдун тоюна бара албаганымды, телеграммды кеч алганыма шылтоолодум. Курбум ЗАГС нике тоюна “жакын дос кызы болуп чыгасың” деп, кудалап койгондо эле айтып жүрчү. Анын күткөнүн эстеп, эмнеге баралбай калганымдын эч бир жанга түшүндүрүп бере алгыс себептери болгону оюна да келбесе керек.

Бизди Кармышак Ташбаев менен Турабай Жороев агайлар чайкананын жанында күтүшмөк. Фрунзеликтерге жер-жемиш алганга кечигип барып, аларды таппай койдум. Учак кармалып жатканына байланыштуу кечки саат 10.00го жылдырылды. Зарыгуунун эң оор мүнөттөрү болду го, же убакыт өтпөйт, же санаа тынчыбайт. Бир жагынан бутума чыпташкан, фасону көркөмдүү кара өтүгүмдүн тардыгы жанымды көзүмө көрсөттү. Оң келди дегиче, чечип ыргытып жибергенге даяр турдум. Кайдан, коомдук жайда бут кийимиңди кыйын болсоң чечип көр...

Бир маалда Кармышак агайлар келишти. Өткөн жылы Кавказга барганымды укканбы, аябай кызыгып сурады. Ал киши экөөбүздүн арабызды качандыр бир кездеги намыска тийген кайым айтышуунун ызасы бөлүп турса да, ооз учунан сүйлөшкөн болобуз. Эмнегедир көз алдыма косектеги көкмөк сүлүк курттун элеси келди...

Кечинде күн бүркөлүп, кайра ачылып, асман карала көшөгөсүн нары-бери оодарып тынчыбады. Учактын асманга көтөрүлүшү күмөндүү. Чыдамым түгөнүп бараткансыды... Мага эч кандай элирүү, калып калуу коркунучу да таасир этпеди. Эс-дарттым эле эки бутум. Жерден көзүм өтөт. Буттарым кысылгандан кызарып-бышарып, өтүгүмдү жарып чыкчудай зыркыратып ооруду. ТУ-154 учагынын орундугуна отурарым менен өтүгүмдү чечип жибергенде, жаным өзүнө келгенсиди... Саат 11де самолёт борборго конду.

Бул жолу Фрунзеге экинчи жолу келишим. Фрунзе – менин ак эткенден так эткен арзуум, ишке ашпаган кыялдарымды укпай койгон ички таарынычым эле. Тагдыр мага аерде жаштыгымды, студенттик курагымды буюрбады, ыраа көрбөдү... Борбордо окууну кандай гана самаар элем... Ошол кезден ушул кезге чейин Сага барып кайтуу кандайдыр бир өкүнүчтү, өксүктү, тунжуроону гана таңуулап туруп алат...

Биринчи жолу КМУга тапшырып, сынактан кулаганда таксиде Ошко келгенге чейин көзүмдүн жашы тыйылбай койгон. Ардангам, намыстангам, окубасам күнүм өтпөчүдөй классташ, жердеш, туугандарымдан уялгам...

Аэропорттон жакын курбум жигити менен тосуп алышты. Алардын келишин күтпөгөн болсом да аябай кубандым. Бизди автобус менен шаарды көздөй алып жөнөштү. Эки тараптагы жол чырагы жаркыраган кечки Фрунзе канткен менен кооз, көркөмү көз кубандырган тарыхый калаа.

Кеч болгонуна карабай Эркиндик сейил багындагы маңдайына чоң-чоң тамгалар менен “Дом творчество” деп жазылган имаратка бардык. Экинчи кабатка көтөрүлгөндө, ар бир бөлмөсүнө кыпкызыл килем төшөлгөн залдан кабинеттерге өтүп, тегерете кыдырып чыккандагы толкунданганымы айт... Бала кезде окуган, студент куракта жанынан көргөн, чыгармаларына суктанып, каармандары менен аралашып жашаган чоң таланттардын ордосун отурган-иштеген жерин көрүү кызык, биз үчүн кымбат эле. Мейманканада орундар даяр экен. Аман-эсен келгенибизге миң мертебе шүгүр деп, балконго чыгып, түнкү шаардын мемиреген тынчтыгына, асмандагы уйгу-туйгу түшкөн ала-була булуттарга көз чаптырдык.

Эртең мененки тамактануудан соң жаш жазуучулардын республикалык семинар-кеңешмеси ишин баштады. Кеңешмени жазуучулар союзунун башкармалыгынын секретары М.Жангазиев аруу тилек менен куттуктап сөз сүйлөп ачты. Ак чач, жүзү балпайган, көзү мээримдүү күлмүңдөгөн, агыш түстөгү жаңы костюм-шым кийген балдар акынын билбегендер аз болсо керек. Зал ичи жык-жыйма эл. Кыз киши эмеспизби, жашпыз, уялчаакпыз, бир эсе сүрдөйм... Баары эле бизди карап тургансып, тегеректегилерге кунттуу карагандан тартынабыз. Ошол кездеги улуттун адабияты, маданияты менен искусствосуна тирек болуп турган акын-жазуучулардын көбүн көрдүм. Президумда Т.Аскаров, Т.Үмөталиев, Т.Адышева, М.Абылкасымова, С.Жусуев, Ж.Мавлянов жана Е.Колесников отурушту. Трибунадан бүгүнкү кыргыз поэзиясы жана прозасы жөнүндө адабиятчы, сынчы, илимпоздор Э.Кылычев менен А.Эркебаев доклад окушту. Андан кийин бир топ акын-жазуучулар сөз сүйлөштү, чыгармаларга пикир айтышты, адабий процесстеги маселелерди, көйгөйлөрдү ортого салышты.

Жыйынды дыкаттык менен тыңшаганга аракет кылдым. Жанымдагы орундукта Омор Султанов отурду. Аны кеч байкадым, оозумду кыбыратып саламдаштым. Акындын “Жашыл аралдар” деген китебин окугам. Учу-кыйырсыз СССРдин биз көрбөгөн, тааныбаган аймагындагы (мен үчүн) адам эмгеги анын бакты-таалайы жөнүндөгү жазылган чыгармасы, “Сен жөнүндөгү бүтпөгөн поэмасынын” керемет саптарын кайра-кайра окуп, ыракаттанганым эсимде. Узун бойлуу, кең далылуу, тармал чачы буурул тартып калган акындын ушунчалык жөнөкөйлүгү мени таң калтырды. Эски таанышындай биринчи көргөн кишисине ким эле ынтаалуу мамиле жасайт? Бир маалда мен жакка мойнун буруп, абайлай эңкейип:

– Сен кандай ойлойсуң, тиги кишинин чачы өзүнүкүбү же боёлгонбу? – деди.

Президумда отурган орус улутундагы кишинин башы күрөң-кызыл түсү терезеден түшкөн алсыз нурга үлпүлдөп, ачыгырак боёгу күнгө калтыс кубулуп, аргасыз көңүл бурдурткан (ошол кездеги партиянын Борбордук комитетинен болсо керек) Е.Колесниковдун чачы биздин таанышуубузга себепчи болду. Мен тартынып, ооз учуман:

– Боёлгон болуш керек ... – дедим

Менин костюмумдагы депутаттык төш белгини көрүп, таңдангансып:

– Сен окуйсуңбу, иштейсиңби? Жапжаш туруп ушундай чинге кандай жетиштиң?

Оштун пединститутунун үчүнчү курсунда окуурумду, партиянын эл депутаттарынын Ош шаардык кеңешинин депутаты экенимди айттым. Суроодон суроо уланып, эзелки эски тааныштардай сүйлөштүк.

– Ыр жазасыңбы?

– Жок, кара сөз.

– И-и-де, Ризван, Ризван... атың кызык экен, ким койгон, эмнени түшүндүрөт?

– Гезит-журналдарга (“Кыргызстан маданияты”, “Ленинчил жаш”, “Ала Тоо”) чыгармаларың басылганбы?

Омор агай суроо артынан суроо жаадырды. Баятан берки кысынганым, тартынганым жоголуп, тыкылдап жооп бергенге ашыктым. Ысмы адабий чөйрөдө аттын кашкасындай таанылган акындын көңүл буруп (теңсинбей, кекирейгендер канча...), кичи пейил, чын дилдүү, жөнөкөй мамилесине кубанып, жетине албай турдум.

Ошондо расмий кагазга (докладда) жазылган, эл алдында айтылган акын-жазуучулардын аты-жөнү өзгөчө мааниге экенин билдим. Поэзия, проза жана драматургия жанрында белсемдүү кимдер бар, ким чыгармачылыкта кандай иштеп жатат, кимден кийин кимдин аты аталыш керек деген маалымат (азыркынын рейтинги) сыртка чыкканда кызуу талкууланды.

Эртеси күн секциялар боюнча иш алынып барылды. Проза секциясына мен, поэзияга Майрамкан жана башка акындар бөлүнүп кеттик. Мен жазган чыгарма сөрөйлөрүмдү кара сөз чебери, мүнөзү, жүрүш-турушу, адеп-ахлагы идеалдуу саналган чоң жазуучу Жунай Мавлянов окуп чыгыптыр. Ар бирин зерикпей окуп, кылдат талдап берди. Кара сөздүн түйшүгү, сөз менен иштөөнүн машакаты жана чеберчилиги жөнүндө куюлуштуруп, ичеги өргөн сымал жөрмөлөтө саймедиреп, маарага жетер күлүктүн жүрүшүндөй бирде майин, бирде көтөрүңкү үнү менен ар бир сөзүн, пауза менен интонациясын таптап, тактап сүйлөгөн “кыргыз адабиятынын патриархы” Түгөлбай Сыдыкбековдун маеги эстен чыккыс болду. Сөз арасында өзүнүн оорусу, дары чөптөр, аларды кантип колдонуу жөнүндө икаясы бүт өмүрүн “буктурмадагы душманы – дартына” ички күрөшүнө арнап өткөнүн баяндап тургансыды... Азыр ойлосом, чоң атактуулардын көпчүлүгүндө шакирттерине ыймандуу, ыкластуу мамиле, кийинки адабий көчтү уланткандарга эбедейи эзиле чексиз мээрими болгон экен.

Чарчоонун ырлары кантип жазылган?

Омор Султанов 1935-жылы 6-ноябрда Жети-Өгүз районунун Тосор айылында жарыкчылыкка келет. Анын туулган айылы көлдүн тескей тарабында жайгашып, күңгөй жагы касиеттүү Ысык-Көл менен коюн-колтук алышып турат. Айылдын бет маңдайындагы Калкак деген бийик тоо Тосорду калкалап турган белестей сезилет деп жазат акын. Жаратылышы кооз, чебер сүрөткердин колунан жаралгандай алаканга толуп-толбогон жылдыздай жарык айылда акындын балалыгы өтөт. Ал өз ата-теги, ата-энеси, тууган-уругу жөнүндөгү (I-X томдуктарында) эскерүүсүндө кеңири айтып берет.

Жайды жайлата жайлоодо жүрүп, күн сууганда өөндөгү айылга кайткан элдин күндөлүк турмушу, айылдын бүтпөгөн тиричилиги, оюнкарак болгону менен сезим-туюмдуу, сергек, сөз кадырын балапан сары ооз кезинен сезген-туйган болочок акындын балалык сезимине өчпөс из калтырат. Балалыгы ойноп-күлүп, эч нерседен капарсыз өткөн дешке болбойт. Жеке үйбүлөлүк турмушуна, ошол кездеги кырдаалдын капсалаңына байланыштуу кайгы-касирет, сар-санаага батырган, бүлүк түшүргөн оор күндөрдү башынан өткөрөт.

Кулагым калган күүсүнө
Куланып аккан булактын.

Жайлоонун көркүн жактырып
Жашыман ага ынакмын.

*     *     *

Чыкпастыр эстен “Көк-Өтөк”,
Сыдырып жечү жөргөмүш.
Сымаптай таза булактан
Суусасак иче бергенбиз,
Бүлүнтүп тоонун куштарын
Бүлдүркөн издеп көнгөнбүз.
(“Жайлоодогу балалык”)

Жогоруда ыры эч бир жасалмасыз, азыркы акындар “жасап эмес, жашап көрүп жазыш керек” деп тили тешилгенче айтып жүрүшкөндөй, өзү көргөн, өзү билген балалыгынын бир үзүм эпизоду, акындын балалык сезиминде түбөлүк жашап калган элестер.

Бала Омордун апасы көкүрөгүнөн ооруп, дартына кымыз дары экен дешкенден Алтын-Күңгөй жайлоосундагы алыскы бир Жумаш деген туугандарына барып, өзүнчө алачык тиктирип, бээ саадырып ичкени кетет. Эртелеп мектепке кеткен бала апасы менен коштошо албайт. Бир айга чамалап калганда сагынычы күчөп, басса-турса апасын эстеп кусаланат. Мектеп жабылып, окуучулар каникулга тараган күндүн эртеси эч кимге айтып-дебей, апасын издеп, жалгыз жайлоого жөнөйт.

Чарчоонун биринчи ыры
жазылган күн
эсимде
турат бүгүн...
Баарыбыз жаш бала элек
түшүнө элек.
Экинчиби,
үчүнчүбү
класста элек.

Күн аркан бою көтөрүлгөндө Тосор тоосунан чыгып, ээн жолдо, ээнсиреген, айбаттуу тоонун кокту-колотунда баратып, (8-9 жашта) коркконунан эки жагын элеңдей карап, тоо таянган өйдөдө чуркаганга жакшы деп, бөрү желиш менен кете берет. Курсагы аябай ачат, алы куруп, араң Көк-Кыя деген колотко жеткенде, карагайдын арасынан көк түтүндү көрөт. Ыбырай деген авасы, капканчы тууганы кийиктин шыйрак чучугун шоркурата соруп отуруптур, жанындагы кызарган чокко бышкан боордун кесиндисин көрүп, көзү жайнай түшөт. Бирок Ыбырай балага бир кесим этти ыраа көрбөйт. Бала Алтын-Күңгөйгө кантип барат деп жолду сурайт да, жөө жүрүшүн улантат.

Алыстан
же бийиктен караганга
жердин бити сыяктуу
болсом керек.

Колумда таягым бар
өзүмдөн чоң
жол билбейм
бирок, барам тоо аралап
апамды издейм...

Көк-Кыядан түшкөндө, оозунан кара суу келип, башы тегеренип, басканга дарманы калбайт. Күн кечтеп, желпилдеген серүүн шамалга жүзүн аймалатып, араңдан илкип-салкып өйдөгө жол тартат. Шам-шум эткенге азык издеп, көзү чачырайт. Караса, Жазы-Карагайга жармашып өскөн козу кулак, жөргөмүш, кымыздыктар жерде жайнап жатыптыр, үзүп алып, бурдап-бурдап жейт. Канчалык көп жеген сайын, ошончолук ичи эңшерилип, курсагы ачат. Бар күчүн жумшап, алдыга тырмалаңдап жүрүп, Чоң-Кайкыга жетет.

Күн батайын деп калганда, мектепте бирге окуган, бирок жылда класстан класска көчпөй калып, окуудан чыгарылган классташы Отурукту көрүп, кубанганынан кыйкырып жиберет. Төштөн койлорун айдап келаткан классташы колун жаңсап:

– Апаң тэ-этигинде, – деп Жумаш байкеси отурган боз үйдү көрсөтөт.

Өзүмдөн чоң таягымды

колума алып
алачыкка кирип барып
бир “баа-а” деп жыгылыпмын
апама канат жайып...
Бар эле анда
коркунуч да,
кубаныч да,
кусалык да
бир өмүргө созулган ошол “баа-а” да
Мени оорулуу көкүрөккө кысып алып
апам дагы ыйлап жатты
кусалыктын бугун жарып.

Бир мезгилде, эгер жаңылбасам 60–70-жылдары республикалык гезит-журналдарда кыргыз адабиятында салттуу (традициялуу) ырлар менен ак ырды (белый стих) кимиси жарамдуу, ыңгайлуу ал гана эмес күчтүү деп, талашып-тартышкан полемикалуу макалалар байма-бай жарыяланган. Ак ырды жериген, чанган, өгөйлөгөн “кыргыздын улуттук ыр формасына туура келбейт” деп, караманча каршы чыккандар да болгон. Так ошол талаштын, “адабий чырдын” аягына чекит койгон акындар: Рамис Рыскулов, Омор Султанов, Сагын Акматбекова, Майрамкан Абылкасымова баштаган, үлгү көрсөткөн жана башка аты аталбаган акындар болгону белгилүү.

“Чарчоонун биринчи ыры” так ошол ак ыр формасында жазылып, форма менен мазмундун бүтүндүгүн ширелткен, ойду ачык, көзгө толумдуу, сезимге жугумдуу кылып так берген жана көркөм туюнтмаларды: “жердин бити сыяктуу болсом керек, өзүмдөн чоң таягымды, апама канат жайып... кусалыктын бугун жарып” орундуу колдонгон. Ырдын ритми менен рифмасы ич ара жуурулушуп, окуган адамдын нравалык-эстетикалык сезим-табитин козгогон касиеттерге байлыгын мисалы: балалык сүйүүнүн тазалыгы, апанын кадыры, эне менен баланын бир бүтүн ажырагыс жан-дүйнө экендиги, энелик-балалык интуициянын күч-кудурети, болочок акындын (апасын көрсөм деп ашыкканынан оңой жете турган жолдун бар экенин билбей) жолдун азабына карабай, энесин таап келген чечкиндүүлүгүн, эрктүүлүгүн жана боорукерлигин айгинелейт. Ырдын окурманга берер таасири, пайдасы ушул.

Жер битиндей болгон сегиз-тогуз жашар баланын апасын издеп, “чоң кайкы ашып, узунду күн жол басып, (билбептирмин жол дагы ушунчалык ыраак болобу? деп өзү айтмакчы, жалгыз-жалаң, жөө басып, тоо өрдөп кеткенинин өзү эрдик эмеспи. Дээринде таланттын оту тутанып, жаздырбай коё албаган илхам ышкы кайнап турганда жазылган ырлар так турмуштагыдай таасирдүү, кинодогудай элестүү, бараандуу сезимдерге бай болот эмеспи.

Ушул ырдын аяк жагында мурунку, кийинки саптар менен катарлаша албаган мындай; Кусалык коркунучтан жырткычыраак” деген ыр сабы бар. Балдар энесин же атасын сагынып куса болгондо өңдөн азып, тамак жебей, түнт тартып, ооруп калышат дешет психологдор. Адамды адамдай кылып турган сезимдин бүтүндөй ансамблин андагы ар бир назик, аяр, мөлтүрөк нюанстарды сезип-туйуу, кармап калуу, аны ыр саптары аркылуу капкагын ачып берүү милдетин акындар гана аткара алат. Кусалык адамды кайраттуу, эрктүү, көздөгөнүнөн баш тартпаган көк жалдай баатырдыкка тарбиялайт. Мындагы жырткычыраак деген сөздү автор оң мааниде колдонгон.

Акындын өмүрүнө насиптеш болгон тарыхый кырдаалга кайрылбасак болчудай эмес. О.Султанов беш жашка чыкканда Батышта Улуу Ата Мекендик согуш башталат. Апааттуу жылдардын биринде апасынын улуу агасы согушка кетип, кара кагаз келди деген имиш тарап, анысы аз келгендей өмүрлүк түгөйүнөн (атасынан) кабар үзүлүп, кат келбей, оорудан азап чегип жүргөн апасынын кайгысына кошул-ташыл болуп мүңкүрөтөт. Алар жашаган айылды капылет кара тумоо каптайт. 1945-жылы май айында бир айылдан сегиз адам жарыкчылык менен кош айтышат. Алардын бири Омордун көз карегине тең болгон кадырлуу апасы эле. Бир үй бүлөдө үч эле бала калышат. Жетимчилик, турмуштун оорчулугу, кендирди кескен жокчулуктун азабын тартып чоңойот.

Кайдасың Маркү, кайдасың?...

Карала-Арча жайлоосун сүрөттөп бергенге сөз жетпейт. Айрыкча жайда жайлоо көркүнө чыгып, бой тарткан жаш селкидей көргөн кишинин кушун арттырат, таңдайын так кылат. Жер бети тегиз жапжашыл, балкыган килемге оронуп, түркүн-түс гүлдөрдүн жыты аңкып, күнгө, шамалга, желаргыга теңселе ыргалган-кулпурган көркөмдүү кербезин бир көргөндүн кеткиси келбейт. Омордун үй-бүлөсү Абдылда деген жылкычы менен жайлоодо жанаша, катарлаш отурукташып калышат.

Күндөрдүн биринде Таш-Төбөдө 5-класста бирге окуган, 6-классты Кажы-Сайдагы орус мектепте чогуу окуган классташ кызы Маркү жайлоого келип калбаспы... Омор экөө атка учкашып, тээ-тетигиндеги кокту-колотторго чейин чөптүн гүлүн тандап, терип кеткен койлорду бирге кайтарып, үйгө чогуу айдап келип, бирге ойношот. Ат үстүндө жел менен жарышкан кыздын чапчаңдыгы, кыймылынын тездиги, сулуу болбогону менен кандайдыр бир ажары жаш уландын көкүрөгүнө бүлүк салат. Аны менен жүргөн ар бир күн Омор үчүн жагымдуу, ыракаттуу эле.

Бир айча койлорду чогуу кайтарып жүргөндөн кийин Кажы-Сайга агасыныкына кеткен бойдон кыз кайтып келбейт. Омор жол карап, кызды эстеген сайын сагынычы күчөп, көргүсү келип, балалык алгачкы сезимдин туткунунда калат...  

25-июнь 2025-жыл

2-макала мында >>>>>>>

Ризван Исмаилова, филология илимдеринин кандидаты, ОшМУнун доценти

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз