Ризван Исмаилова: Коктудагы сары айвандар

  • 15.03.2022
  • 2157

АҢГЕМЕ

Коктуга конгон айыл тоону көздөй чукулунан өрдөп кетет. Бир жак өйүзүндө береги үйлөрдөн кыйла обочорок тектирде үстү камыш менен жабылган тамда жашаган аялдын бир эркек баласы менен бой тартып келаткан кызынан башка эч кимиси жок. Тоту курган кантсин, өмүрү же эрден, же тиричилигинен жалчыбады. Өзү жетим кыз, алысыраак туугандарынын колунда түртүндү болуп жүргөндө Чойбек деген чабан аяпбы же чындап көңүлү түшүппү, токолдукка алып, барып-келип жашап жүрүп никесине алган дешет. Чойбектин ажаан аялы токолду эч нерсесине эгедер кылбады. Элден уялганынан кайсы бир жылы жайлоого көчүп кетеринде айылдагы мандикерлерге ушул тамды салдырып берген. Тоодон өөнгө түшүп, шаарга ары-бери каттаганда эркек баласына кыйлага имерилип, бирдемелерди атап ала келчү адатын да таштабадыбы; биринчи аялынын азабынан. Анысынан ызылдап оголе балдары көп.

Наканда бир ичип алганда кызуусу менен атын таскактата айдап, куржун толгон базарлыгын туш келди көздөн далдоодогу үйүнө таштап өтөт. Ошондо кудай боору ооруган, чырактай кызынын бешенесинен сүйүп, уулун мойнуна мингизип эркелетип, бир кумардан чыгат. Келери келип, кетиши кыйынга турат. Көзүнүн кыйыгы менен кызына карап, ичи эзилет. Солкулдаган жаш кайыңдай бой тартып келатат анысы. Аттын кылындай катуу, кара жоон чачын экиге өрүп, артына таштап алат. Ортосу биригип-бирикпей турган коюу, түтөгөн кашынын алдындагы жазыксыз жоодураган көздөрү эч нерсени айтпайт да, айта да албайт.

Ак жуумалданган жүзүнө бөйтөйгөн эриндери жарашып, ууртунда кокустан чачырай түшкөнсүгөн эки калы бар. Атасы айда-жылда бир келгени менен көргөн сайын ичи эзилип, түтөп кетет. Кызынын минтип калышы кудайдын буйругунанбы же өзү себепкерби, ким билет, “окутсам” дегени оюнда болгону менен окута албады. Мындайлардын атайын мектеби болот деп шаарда жашаган классташы көп эле айтты. Ана-мына деп чолосу тийбей, тийсе да жарым карыш жылганда кекиртектеп турган ажаанынын айынан ою эртеңкиге калып отура берип, акыры мезгил өктөмдүк кылып койду. “Кудайдын боору ооруп, бир багы ачылып кетсе экен” деп тилейт ата, айласы мукураганда ичинен тынат.

Тоту ак көңүл, ичинде кылдай кири жок, дардалаңдап ой-тоону сүйлөгөн, саал паам-парасаты жогураак, тейтектеп чакырган жерден калбаган көчөнүн катыны. Айылдын чоң-кичинеси дебей ага чоңдук кылганга кызыкдар. Жада калса коңшунун жаңы келини деле ара-чолодо бирдемесин бүтүртүп алганга дилгирленип турат. Курган жок дебейт. Кечки тамакка даяр болуп барат, ишин кылган жерден арткан кешик-мешигинен колтугуна кысып. Баео кызы эрбеңдеп, казан-аякты кылдыратып, өз билгениндей бир үйдүн тиричилигин кылат.

Эки челегин баканга илип, мүрүсүнө коюп, оо-на-бу коктунун төрүндөгү булакка сууга жөнөгөндө айылдын мадыра баш, мурундарын шыр тартып, эсине кирген балдар-кыздары ар кайсы жерден мойнун созуп карап калышат.

- Санжыра сакоо келатат. Сакоо келатат, - дешет эл дүрбөсө кошо дүрбөгөн майда балдар, эмнеге дүрбөгөнүн элес албай чурулдашып.

Чоң балдар атайын бирин-бири шылтоолоп, көчөгө чогула калышат да кыз булактан кайтып келгичекти кадам басышпайт.

Кыз эч нерсени байкабагандай. Таңыркап, таңданып, өзүнө суктанып тургандардан айбыккандай, жалжылдаган көздөрү менен жал-жал тиктеп өтөт. Бөйтөйүп билинер-билинбес көкүрөгүнөн ийменип, мүрүсүндөгү бакандын эки учунда мелт-калт чайпалган сууга көз жиберип, келе берет, келе берет.

- Ө-лаа, жаман сулуу болуп кетиптир аа..., - дейт Адинин үйгө токтобой калган кызы таңдайын такылдатып, башын чайкап.

Үстүндөгү жуула берип өңү өчө түшкөн майда-майда гүлү бар тегерек жака, бели буума, этеги кең, пуштуу чыт көйнөгүнө, анын үстүнө кийген апасынын жаш кезиндеги кара чийбаркыттан тигилген камзирине, балтырын жаап-жаппаган байпагына, булактаган кара чачынын  сеңселгенине чейин кызыга карашат кыздар.

Кызыгышканы сакоо кыз көп деле көчө-көйгө чыга бербейт. Өзү менен өзү. Же классташы, же сүйлөшүп чер жазышаар бирөө-жарымы жок. Жүзүнөн таптакыр кетпеген муңайым салкындык сезилгени менен бир караган адамды аргасыз тык эттирген башкача бир ажары, ыйманы ысык эле. Кичинесинде балдар тийишкенде бирдеме дей албай кекечтенип, жарым-жартылай түшүнүксүз сөздөрүн жутуп, какап-чакап, чочуркагандай калтыс бакырып, айласыздыгынан бар күчүн көз жашынан чыгарып алчу.

Кыз көндүм болуп бүткөн үй жумушун нарыдан бери бүткөрө коюп, тартайып колу-буту узун, чедирейген чоң курсактуу таргыл уюн откозгону чыгат. Шуудуңдаган жаңы тууган саан уйдун кашаачылдыгы коңшу-колоңду бүт чарчатты. Кичине эле көздөн далдоо кетсе, сүзгүлөп кашааны бузуп кирип, огороддогу мөмө-чөмөнү жеп, эшик-эликтеги чөп-чарды жалмалаганды жакшы көрөт.

Эч кимдикине окшобогон ырынын обонун, көкүрөктөн сызылып келатып, көмөкөйгө келгенде жарым-жартылай жутулуп, таңдайын күүгө келтире албаган кекечтигин угуп-сезери да ушул сары айвандар. Жапыс бойлуу, шактары чаржайыт өскөн мөмөлүү дарактын кыз чыкпаган бир да бутагы жок. Этек-жеңин аркыраган шамалга толтуруп сүйгөн сары айвандын шагына илдирип, тыттырганына кайыл болгон секелек кез да өттү. Эзели тарак тийбеген түйдөктөлгөн чачтары саксайып, узун кирпиги менен маталышкан көкүлү кашын жеп, эскирген көйнөк-көчөгүн ар жеринен жырттырып алган кыздын шактан-шакка секирип ойногонун төштөн мал-салын айдап келаткан айылдагылар көп эле көрчү. Ак, кыпкызыл, кызгылтым пуштуу гүлкайырдын ачылган гүлдөрүнүн желегин так ортосунан бөлүп, бетинин отуна, бешенесине, мурдуна, ээгине шилекейлеп жабыштырып көпөлөк болуп алчу.

Дирилдеп чуркап жел менен жарышкан кыздын ошондогу кубанычы армандуу тагдырын унуттуруп, кантип сүйрүсүнө сүт толуп, ийрисине эт толуп, күндөн-күнгө чырайына чыгып баратканына бүт өрөөн өзү күбө.

Муңайымдык таш жеген тагдырынын энчиси. Анын бар дүйнөсү, маңдайы жарыла сүйүнгөнү айлана-тегерегиндеги өзүнө окшогон тилсиз макулуктар. Айрыкча сары айвандар гүлдөгөндө аны үйдө токтотуп болбойт. Ууртунда күлкү ойноп, көздөрү эт-жүрөктү элжирете жалжылдап, көңүлү кушубак. Күүлөнө секирип, нары-бери чуркап, аппапакай, үлпүлдөк гүлдөрдүн ажарына арбалгандай өзү менен өзү “бекин-бечек” ойнойт.

Ар кыл гүлдөрдөн гүлчамбар жасап, аны маңдайына тегерете байлайт да, төрт бурч, чекеси аз-маз кертилген күзгүдөн аярлай өзүн көпкө каранат. Сүйүнгөнүнөн терисине батпай өз дүйнөсүн өзү гүлгө ороп, кубанычы төгүлүп-чачылып турган маалда тигиндей чычырканактуу коктудан ким-бирөөнүн жат көзү сугалактана аңдып отурат. Качан кыз оюндан тажап, үйүн көздөй жөнөгөндө, ал да артындагы өз жолуна түшүп кетет.

Коктуну аралап түшкөн кум-топурактан жазындасы аталадай бозгуч, ылайкалуу киргилтим суу жайында көгүлтүр көк кашкадай тунуп, ар-ар жерден чогулуп, айылдын башындагы көпүрөнүн алдындагы чоң алыштагы куурдан огород-огородго бөлүнүп кетет.

Куурдан атырылып, ак көбүк чачкан чоң суунун жээгинде бутун арыкка салып, чалпылдатып ойноп отурган кыздын жанына бейтааныш бирөө келди. Илмийген арык, узун бойлуу, ак жүздүү бала буерлик эмес. Бирде-экиде таптакыр көрбөгөн. Бала тарткынчыктап кыздын жанына келип, бирдеме деп сурады. Кыз байкамаксанга салып, укпагандай отура берди.

Бала көзүнүн кыйыгы менен кыйлага карап отуруп, тамчыдай мөлтүрөп турган сулуу кыздын унчукпаганына теригип кеттиби, жерден көк чыбыкты ала коюп, эми эле сууну шилеп чачып жиберерде баятан бери беркинин кыймылын астыртан баамдап отурган кыз тик багып, жалт карады. Кыз менен баланын көздөрү чагылышып кетти. Бир башкача мурун-соңку жолукпаган жылуу сезим көөдөндү көзөп өткөнсүп, жүрөктөрдүн түрсүл кагышы, экөөнүн көз ирмемдеги абалы өздөрүнө гана маалым болуп калды. Көөдөндү бир серпилткен күчкө багынган кыздын көздөрү айбыккандай төмөн карады. Баланын илебинен сөзү ыргып, жоодураган каректин жүрөктү солк эттирген учкунунан алапайын таппай калды.

Жымжырттык. Кыз баягы отурган калыбынан жазбаган. Бала бирдеме дейин дейт, айталбайт. Жанатан бери жалтаңдап тик кароодон айбыгат. Бир маалда кыз шашыла тизесине жетпей өйдө түрүлгөн этегин чочулагандай кымтылана, буттарын суудан чыгарды, ордунан турары менен үйүн көздөй чуркап кетти.

Май айында балдары мектептеги окуусун бүтүп-бүтпөй эле чабандар короо-короо койлору, үй-жайы менен жайлоого көчүп кетишет. “Окуусу бүткөндө барат, ага чейин баш-көз боло тур” деп кызыбы, баласыбы тууган-уругуна табыштап кетет.

Өөндө калган бирин-экин жандыктын көпчүлүгү саан уйлар. Актан кыйналбайлы деп айылда калгандар саан уйлардын бирөө-жарымын алып калышат.

Айылга кире бергендеги беш-алты үй нары ак кыш менен кештеленип салган үйдө бир чоңдун энеси жашайт. Жашы өйдөлөгөн сайын замбардай семирген кемпирдин баскан-турганы оордоп калган. Жеп-ичкени аттай болгону менен ичинде бир дарты барбы - толгондон толуп, туураланып кетти. Бир көңүлү келсе жанда жок берешен, маанайы бузулганда, мындан жаман киши жок. Кыйкымчыл, ооп-төгүлүп өзгөрүлүп турганынан айылдагылар “эрке эжебиз” деп коюшат. Коңшу-колоңдун, тууган-уруктун келин-кесеги дикилдеп, биринен сала бири ушунун кызматында. Облустук Түштүк жол курулуш башкармасында башкаруучу болуп иштеген тун уулу Жолборс ат тезегин кургатпай, тез-тез ак “Волгасы” менен келип турат. Кенжесинин окуусун бүтөрүнө аз калды. Ал Саратов шаарында окуйт. “Апама каралашканча онунчу классты айылдан бүтүрөсүң” деген ал өз уулун айылга алып келатканда:

- Апам карып калды. Тамак-ашына, мал-салына каралашсын, - деди.

- Мен эмне, кыз бекемин казанын кармагыдай. Кыздарыңды жибер, - деди уулу каяша айтып.

Бала кыйлага макул болбоду. Чоң калаада өсүп, орус мектепте окуган шаардык бала кыйылып, атасынан коркконунан араң келди. Анан калса башкаруучуга өз уулунун мүнөзү, боштугу, баеолугу жакпай баратты. Өзүнүн өрттөнүп өткөн өспүрүм кезин эстеп, уулуна ичи чыкпай “кызга окшоп назиктигин, кысталак”, - дечү ал ойлонуп отуруп. “Балам көрүнүктүү музыкант болсо” деп пианино сатып берип, музыкалык мектепке ташып жеткирип, кайра алып келгенин эстедеи өзүн-өзү сөгүп. Бирде дос-жары менен чайлашып отурушканда балдардын маселесин сүйлөштү. Кайсы окууга барат? Душман көзүнө чоң окуу жайдын бирөөсүнө киргизе албаса, анын чоңдугу кимге? Баланчанын баласычылап дешпейби. Токточу, капыстан анын оюна бир ой келди.

Баласы жарылып дардин айтпайт деле. Муну кыялдантып эле койсо. Тиктегени телевизор, марка чогултмай, кечиндеси балдар менен гитарасын эрмектейт. "Кой, музыканттын оокаты оокатпы... Андан көрө айылга жиберип, онунчуну ошерден бүтүрсө, директордун убадасы боюнча алтын медаль алса, кеп билиминде эмес, кагазда, документте болуп калбадыбы азыр. Эки-үч сынак бүткөнчө сар-санаа болбой, биринчисинен шыр өткөрүп койбой жаны жокпу?" Кол алдындагыларга айта жүрчү жакшы сөзү менен бул оюн “айылда жашап, чор кол менен бүткөн турмушту көрсүн, бышыксын”- деп чечти.

Кубакай жүз, баео көздөрүнөн эч нерсенин түйшүгү байкалбаган шаардык бала көпкө чейин элет мектебине көнө албай, балдарга кошулбай чекелеп жүрдү. Мектептен келери менен китеп баштыгын айвандагы сөрүгө ыргытып ийип, нандан сугунуп коюп, магнитофондон ыр угат. Балпайган Мистекан чоң энеси майпаңдай басып, үстүнө үйрүлө түшүп, кагылып-согулганына кыжыры келип, үйдөн көз көрсөтпөскө шашат.

Кылган иши жаңы тууган кунаажынды откозуш. Бир күнү отко кирип калган торпокту айылдын баш жагындагы чөбү өскүлөң буума төшкө аркандап келатып, куурдан бутун салаңдатып, сууну чапкылап ойноп отурган баягы кызды көрүп, тык токтоп калды. Кыз бул жолу чымкый кызгылтым штампел көйнөк кийип, чачын бирди өрүп, ансыз да түтөгөн кашынын ортосун бириктирип осмо коюп алыптыр. Аппак, жумуру балтырына куурдан ак көбүгүн чачыратып аккан суунун туптунук тамчылары жабалактап жабышса оголе сулуу. Узун, апарык колунун манжалары менен күндөн көзүн калкалап, тынчтыгын бузган шарпага дит баккансыды.

Баланын кеткиси келбей кубаныппы же башка белгисиз сезимден көөдөнү элеп-желеп болуп кетти. Колундагы торпок айдаган узун чыбыгы менен жер чукуп тура берди. Кыялында кыз аны көрүп, баам салгандай сезилип кетти...

Коктудан чатка чейин бир кыйла алыс. Жолдо келатып, балдар бирин-бири мазактап таңуулаган кыз ушул сакоо экенин, чоң энесинин “Токтунун сакоосунан алысыраак бак, балакет болуп, кулжуңдаган чоң ую кунаажынды сүзүп койбосун” деп безилдегенин эстеп, аяганынанбы же боору эзилип кеттиби, ыйлагысы келип, мууну бошой түштү. Ысык аптаптын табы кайта түшкөн айылда тентек жел жортуп жүрдү...

Мектептен келери менен айранга курук нанды туурап, сугунуп жеп, куруттан чөнтөккө уруп, бала төштү көздөй кунаажынды айдап жөнөйт. Энесин көргөн сайын эмчек издеп, тынымсыз мөөрөй берген торпогун көздөн далдоо жерге аркандап койду. Казыктап койгон жерин такырайта жеп таштаган кыздын уюн оттуу жерге жылдырып, ушул ой эсине келе калганына ичинен сүйүндү. Кызды күтүп жатты. Кыздын кекечтиги, сүйлөй албастыгы деле көңүлүнө келбей, кызды күттү.

Айылдын коктуга келип такалган төмөн жагынан жай басып келаткан, биринчи жолуккандагыдай пуштуу чыт көйнөкчөн кыз көрүндү. Баланы майда калтырак басып, асты-үстү аңтарыла түшчүдөй дүкүлдөп соккон жүрөгүнүн ээ-жаа бербеген албуутунан тердеп шаштысы кетти.

Пластмассадан жасалган томпойгон чакан констирге айран куюп көтөрө келиптир кыз. Уюн жылдырып койгон балага ыраазы болгондой жылмая карап, күлүп койду. Мунусу баланы эмелеки олдоксон абалынан жеңилдеткенсиди. Көөдөнүн ийне менен тепчип өткөнсүгөн сезимден абдаарып, кыздын жоодураган көздөрүнө тик багып карай албай, ичинен эзилип да, аяп да турду.

Кыз констирдеги айрандан эки-үч ууртап, балага сунду. Бала шашкалактап жутуп жиберип, түбүндө калган айранды көрүп ыңгайсыздана түштү. Кыз дагы алып келем дегендей ишара кылды да үйүн көздөй чуркады.

Ырымына тырмактай бир булуту жок, чалкыган көгүлтүр көкмөк асман алдындагы чызыраган ысыкка ныксыраган айыл эки жаштын арзуусу башталган күндөрдү абайлай көкүрөгүнө катып алгансыды...

Кыз шыпылдай ыкчам кыймылдап, баланын ую менен өзүнүн уюнун мүйүзүнө жибин казыгы менен кошо орой түрүп, коктуну көздөй бет алышты.

Күздүн баш багып калган маалында дале сары айвандуу коктунун көркү кетпейт. Эмне деген гана гүлдөр жок. Баары тегиз ачылган. Ак, кызыл, сары, кыпкызыл, көк, теги койчу, боектун түрү жетпейт. Ушундай маалда эгер табиятка тил бүтсө, гүл бүткөндүн баарысы шак эле атын айтып жиберчүдөй бажыраят. Бири-бирине таптакыр окшобогон гүлдөрдүн ар кыл, назик, үлбүрөк желектери кыз кыялындай дирилдейт. Мындайда ай талаанын көркү да, алды да гүлкайырлар. Бүт коктунун көркүн чыгарган гүлдөрдүн ыргагын, шуудурун, кыймылын, жамалы менен авазын бир күүгө келтирип тургандай ар-ар жерден оболоп, бийикке ушулар гана бой керет. Жашыл түскө жайкалып, күнөстүн аптабына, шамалдын башатына балкыган коктунун көз күйдүрөр кези али алдыда...

Кыз менен бала бүт коктуну ээлеп алгандай керели кечке эгиз козудай кубалашып, бекинбечек же шактан-шакка секирип ойношот. Кыздын сергек, өтө сезимтал, ыкчамдыгына бала кыйлага таңыркап жүрдү. Экөө бекин-бечек ойногондо кызды таап көр. Таштын коңулуна кире качат, ойдуңдун түбүнө сунала жата калат же бадалдарга жашырынып алып, таптакыр таптырбайт. Издей берип, шайы оогон бала айласы түгөнгөндө коктунун кыл чокусуна чыгып бүт арзуусун ааламга айткысы келгендей тээ-тигиндеги ак кары гана көзгө урунган жылаңач аскаларга жетчүдөй “Санжыра-аа, Эми-ил, Санжыра-аа, Эмил-ил” деп алмак-салмак аттарын айтып кыйкыра берет. Мындайда кубанычы койнуна батпай, өзүнүн айласына шерденгендей, бетинин оту алоолоп, дердеңдеген кыз шалдайып айласы түгөнүп отурган баланын артынан байкатпай келип, эки көзүн бекитип жыгылат...

Аты аңыз тракторчу, чоё муш Шүкүнүн келтегине таарынып, бала-чакасы менен төркүнүнө кеткен аялынан көптөн бери дайын жок. Кез-кез совхоздон колу бошой калганда бир шишени кез келген менен бөлүшүп, сары айвандуу коктуну аңдып көпкө жүрдү. Дароо даай албаганы деле жөндүү болчу. Сакоонун бет келгендеги сүрдүү көзү, көчө-көйдө баратканда жүзүнөн кетпеген муңайымдыгы менен оор басырыктуулугу кыйла сестентти. Адеп артынан аңдып барып, ошол коктуга жанаша жыш өскөн чычырканактуу төштүн ичинен акмалап жүргөндө жаз эмес беле.

Бир күнү дагы жолу болбой ире-ширеде коктудан шашыла басып келатса, алдынан жеңил-желпи келин-кесектин койнуна бирге барып жүрүшкөн теңтушу Зунду чыгып калды.

- Ии-и, илеше албай ичиңден туз жалап келатасың го.

- Энеңди... - деп толук ашата сөгүп.

- Мыкчыгердин городской баласынан күйдүм. Күндө жанынан имерилип кетпейт.

- Экөө эмне кылышат?

- Ойнойт. Жаш балдардай, жиндилердей ойнойт.

- Биякка апчыгып, мурдунан бир-эки ийлеп койбойсуңбу? Нымтырап илбериңкидей көрүнөт ко.

- Ии-и, долу кемпир бетимди жулуп, үйүмдү буерден көчүрүп жиберсин деп турасыңбы?

- Билгениңди жаса. - Зунду корс этип, алдыга басып кетти. Муштуму менен айылды коркуткан Шүкүнүн да жолун тоскон бирөө бар экенин экөө тең моюнга алып баратышты.

Эртели-кеч тоо тараптан сууктун ызгаары келип, күз ортосунан ооп баратты. Коктудагы сары айвандардын учтары саргарып, даам кирип калды. Ушул жылдагыдай сары айвандар мөмө байлабас. Чаржайыт бутагынын бир жерин койбой шиңгил-шиңгил бармак башындай сары айвандар көз кызартып, шилекей агызат. Анын өзүнчө даамы жеген адамды сагындырар өзүнчө татымы бар.

Бир маалда бирдеме эсине түшкөндөй Санжыра шактан секирип түшүп, Эмилдин колунан жетелеп, тээ коктунун башындагы күн чыгыш тараптагы жалгыз жаш көчөттүн жанына алып келди. Үч бутактуу, түптүз чымыр өсүп келаткан дарактын кылда учтарында кайналыдай чоң-чоң, эттүү, сапсары сары айвандар жөн эле мөлтүрөйт. Кыз секирип ылдыйкы шагынан бирди үзүп, оозуна салды да, жарымын балага узатты.

Эмил шактын кылда учтарын кызыга карап, эзиле бышкан сары айвандарды терип бермекке үч ача шактаны чатына бутун эми эле кое бергенде кыздын “кой чыкпа, сынат” дегендей, колу желкеден жулкулдатты да, өзүнө имере тартканда, кептеле түшкөн тирсийген көкүрөгүнөн, назик денесинин илебинен бүт жан-дүйнөсү ымыр-чымыр болуп, кызды бек кучактап, алкымынан өөп-өөп алды. Санжыранын бүт турпатын чагылган чаап өткөндөй, эт жүрөгүн элжиреткен бейубак жылуулуктан калтаарып, эңги-деңги кылган сезим толкунунда көлбөрүп турду.

Небересинин баскан-турганы, кыял-жоругу чукулунан өзгөрүп кеткенин кексе кемпир байкабай калмакпы. Анан калса айылда күбүр-шыбыр сөз көбөйдү. Келин-кесек четин чыгарып азилдешкендеричи. Бир айласын таап, баланы токтотуу керек. “Атасы келсе, шаарга кошуп берем. Ошоягында окуй берсин. Медалы болбосо, башкасы болор”, - деп Мистекан кемпир тун уулунун келишин чыдамсыздык менен күтүп жатты.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз