O`Шакир: Адабий фестиваль: мааниси – кем, шааниси – дем... (1-макала)
- 01.07.2025
- 273

“Конок – койдон жоош” дейт кыргыз. Эң жаман көргөн макалым ушул! Төрдө сыпайычылык карманып тылтыйып отурганды жактырбайм. Нарк деп да санабайм муну. Кандай жерде болбосун, ичимден туйлай берем. Конок койдон жоош болуп, алдыга келгенин үн катпай аймап, алдыга салып айдап алса деле макул болуп отура бериши керекпи момоюп?! Макалдын философиясы ушулбу?..
Эмне кемчилик көрсөм, шар ооз жаным конок ээсинин көңүлүн карап отурамбы дейм да, балээ баштамайым бар. Жаншеригим санымды чымчылап тыйып отурганына карабайм. Канча жолу конокто болсок, ошончо жолу санымды көгөртө чымчыганын койбоду ал дагы. Бу жолу даа санымды көгөртө чымчылап, тыйып отурду келинчегим.
– Ушунча сыйын көрүп атасың, тынч отурчу! – дейт улам.
– Йе, койчу! Масканы сыйрыш керек жүзүбүздөгү, – дейм шыбырап, бирок улам санымдан аткыйт...
Тынч отуруп бердим. Фестиваль бүткөнчө. Эми үйгө келип, санымдын көгөргөнү тарап калган үчүн Чыныбай Турсунбеков атындагы Эларалык Адабий фестивалдын мааниси менен шаанисин кеп кылууну ийги дедим.
Ансыз да тарыхый калпка токулган кыргыз турмушунда ооз толтура мактоого, жалган түшүнүккө шыкалган далай салтанатты көрүп-билип эле келатабыз го! Ч.Турсунбековдун зоболосу тургай Манастын 1000 жылдык тоюнда ичип-жеп, чычып тараган жолуң болгур кыргыз жалпыга жарыгы тиер өрнөктүү ишке жөндөмүн көрсөткөнү чанда бир кезикпесе, аталган фестивалдын маанисин арттырууга өзүбүз (өзүбүз дегеним – акын-жазуучулар журту!) кол кабыш кылалбай келатканыбызды кеп кылгым бар.
Маркум Ч.Турсунбековдун жубайы Нуржан Давлетбековна менен анын үй-бүлөсү, тууган-уруктары беш жыл мурда “Жылдыздуу жээк” аталышындагы Адабий фестивалды уюштурганына албетте, терең алкыш! Жалпы калемгерлер үчүн бул саамалык – асмандан издегенибиз, тилегенибиз эле го. Тилекке каршы, ушул саамалыкты жалпы акын-жазуучулар колдоп-буттап кетсек кана?! Эгемендик жылдарынан бериге адабиятка ири инвестиция жумшоого белсенгендер ансыз да беш манжабызга толгонун көрө элекмин. Бирок жетимдин этегине ырыскы токтобогондой эле жеткен мажүрө, чабал, сенек, бекердин ашына көнүп бүткөн акын-жазуучуларыбыз “Жылдыздуу жээк” саналган Адабий фестивалдын беш жылдан бери зоболосун көтөрүп кетер жерде элек!
Кантип дээрсиз... Агер бийликтегилерге өтүмдүү болсок, аларды жаркын идея, демилгелерге ынандыра алсак, калемгерлер деле спорттук ийгиликтерди жараткан замандаштарыбыздай колдоого алынмак, жалпы коомчулуктун назарына илинип, сүймөнчүгүнө айланган кадыр-баркка жетмек. Коомдун көңүл чордонуна айланмак. Ооздон түшкүс улуттук сыймыкка айланышмак. Себеби, Жазуучулар союзунун (ЖС) жетекчилерине караганда спорт чөйрөсүнүн жетекчилерине бали! Алар чыгармачыл чөйрөдөгү чычайган чилистендерге караганда төөлүк өйдө экен! Жана да бали: диний чөйрөнүн ишмерлерине. Молдокелер мечит же медресе ачылыштарынын чоң салтанатын уюштурууда чыгармачыл адамдардын оюна келбеген фокустарды, идеяларды таап, бийлик курчоосундагылар менен бизнес чөйрөсүнүн колдоосуна арзыгандарын көрүп, ЖСнын ыкшоолугун, акын-жазуучуларга ат үстүнөн мамиле кылганына жаның кашаят!
Жаңылбасам, ЖСнын 700-800дөй мүчөсү бар, ошончо котологон лириктердин мынчалык мажүрө, бакма тооктой кол карап көнгөн мажирөлүгү ушул фестивалда 5 жылдан бери көрүнүп калды. Оркоюп! ЖС канчалык бөйрөк таянып, саныбыз баланча деп мактанбасын, тарых алардын саны менен бааланбайт.
Аты бар, заты жок деген ушу: эч болбосо түрк тилдүү элдердин интеграциясын кеңейтип, адабий алака түзөр аянтчага айлантуу жазуучулардын колунан келбейт беле?! Арийне, адабият, искусствонун касиети – чегара тоскоолдугун билбейт. Кыргыз акын-жазуучулары канчалаган түрк тилдүү боордоштордун сыйын көрүп, сыйлыгын алып жүрүшөт. Бирок Кыргызстанда Эларалык Адабий фестивалды уюштурууда анын диапазонун, географиясын кеңейтүүгө эмнеге жарай алышпайт?!
Ушул жерден айтпай кетпеске да болбос, кыстырма кепке токтолгум бар. башкасын койдум, сөз баккан, ой баккан чөйрө делчү акын-жазуучулар арасында конкурс менен сынакты бир кончко тыгып алган түшүнүктөн дегеле арылбадык. Же муну калыстар тобунун курамында отурган аттуу-баштуулар да таназар албады. Адатта сынак терминин экзамен деп түшүнсөк, конкурстук саамалыктарды деле сынак деп, айтор ушул эки түшүнүктү ажыратпай келаткан элибизде кантип анан кыргыз тили ырааттуу өнүксүн?! Кантип бирдиктүү түшүнүк жаралсын?.. Айтор, фестивалдын алып баруучулары конкурстанттарды сынактын катышуучуларын деп сахнага чакырган сайын негедир экзамен катышуучуларын чакыргандай туюм болуп атты менде. Дегеним конкурсту конкурс, экзаменди сынак дегенге качан көнөр экенбиз?!
Кулакка комсоо угулган дагы бир аталыш – Эларалык фестиваль аташканы. Ооба, бу жолу Эларалык фестиваль деп ооз толтура мактанышканы менен, маани-маңызы эч төп келбеген эле формалдуулукка күбө болдум! Башкалар кандай кабыл алды билбейм, жеке өзүмдүн кабылдоомдо: үйбүлөлүк зоболону эле даңазалаган иш-чарага көбүрөк окшошуп калды. Көркөм окууда жалаң Ч.Турсунбековдун чыгармаларын көркөм окуу тапшырмасы (!) менен чектелишиптир. Поэзия жана көркөм окуу конкурсуна катышкандар деле жалаң кыргызсандыктар. Сыйлык ээлери деле жалаң өзүбүздүкүлөр. Атаандаштыкка катышкан бир да четөлкөлүк меймандар болбоду. Тек гана кошуна өлкөлөрдүн чыгармачыл уюмдарынын үркөрдөй тобу мейман катары катышканы болбосо, негизги чыгармачылык атаандаштыкка катышкан бири да болгон жок.
Агер Чыныбай Турсунбеков атындагы Адабий Фестивалдын даңазасын чыгаруу керек болсо, коңшу элдердин акын-жазуучуларынын чыгармачыл таймашын Ысык-Көл жээгинде гана эмес Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркменстан, Азербайжан, Түркия деги койчу – географиясын, масштабын жалпы ойлонсок, аталган фестиваль мындан даа кеңири таанылып, мындан даа салмагы артпайт беле!
Буга себеп болгон жагдай эң жөнөкөй: Ч.Турсунбеков атындагы адабий фонддун негиздөөчүлөрү кимдерден түзүлсө, фестивалдын жүрүшү, мазмуну, программасы ошолордун идеясына жараша түптөлөт. Анын курамы өңчөй ыраматылык Чыныбай мырзанын курсташтары жана ЖС мүчөлөрү болгондуктан, эч биринен креативдүү идея күтүү мүмкүн эмес.
Бизнес чөйрөсүнүн өкүлү, фестивалдын негизги уюштуруучусу Нуржан айымга “медвежья услуга” көрсөтүп кеңеш берген “көсөмдөр” өңчөй калемгерлер болгон үчүн аталган иш-чара коомчулукка ыраматылык Чыныбай мырзаны эскерип, зоболосун таанытуу менен гана чектелип калууда. Болбосо жылыга фестиваль катышуучулары Ч.Турсунбековдун чыгармаларын көркөм окуу салтын улап кеткенден эле Адабий фестивалдын түбөлүгү түз болуп кетеби?! Бара-жүрө аудиторияны тажатат. Себеби, “бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” деп ошолордун оозун тиктеген фестивалдын уюштуруучулары жетеленбей коёбу?!.
Руханий майыптыкка, деградацияга кабылган коомубузда орток баалуулуктагы көркөм маселелерди ортого салчу жагдайлар толтура. Панелдик талкууга салып, кеңири кеп-келең курар улуттук көйгөйлөрүбүз канча?! Улуттук иденттүүлүк, деколонизация, декоммунизация жаатында көмүлүп жаткан темалардын кыртышын оодарууга жарабаган адабий чөйрөбүздүн билермандары сыягы, Нуржан айымга туура эмес фокус, туура эмес ракурсту көрсөтүшкөн. Болбосо аталган фестиваль башынан эле ыраматылык Чыныбай Турсунбековдун чыгармаларын көркөм окууга жана жаш акындардын чыгармачылыгын колдоо багыты менен эле чектелип калбашы керек ко...
Дегеним, коңшуларыбыз – Казакстан, Өзбекстан окумуштуулары, жазуучулары учурда деколонизация, десоветизация процесстерин жигердүү жандантып, Түркестан тарыхын, жалпы Борбор Азия элдеринин эстутумун ойготор тарыхый булактарды аңтарып, улуттук иденттүүлүктү чыйралтар аракеттерин көрүүдө. А биздикилер Көл жээгинде лирика окуп, глобалдык көйгөйлөрдөн кабарсыз, оолак, кумда оонап жатышат чөйчөк кагыштырып. Ылжып мас болуп...
Агер Жазуучулар союзу Ысык-Көл жээгиндеги Адабий фестивалды боордош элдер менен руханий интеграция багытында көпүрө болуп берер кеңири аянтчага айлантуу идеясын расмий бийликке жеткире алышса, сөзсүз колдоо тапмак эбак! Адатта, калемдештерибиздин арасында уңулдап-уңшугандар толтура: Кыргыз бийлиги спортчуларга көңүл бургандай адабият-маданиятка көңүл бурса кана деген. Эй, жолуң болгурлар! Жогору жактын колдоосуна ээ болуш үчүн Жазуучулар союзунун кайсы жетекчисинин мээси иштеп – спорт чөйрөсүнүн жетекчилериндей коомчулуктун, бийликтин көңүлүн бурдура алыптыр? Же болбосо диний чөйрөнүн жетекчилерин алалы, канчалаган мечиттерди, медреселерди курууга сырттан инвестор таап келишпеди? Алар курдурган борбордук мечиттин жалпы аянты эле 3,5 гектар жерди ээлеп, 20 000дей адам намазга жыгылчу жайга ээ болуп отурушат. А спорттук аянтчалардын канчасы курулууда? Ал эми ЖС өздөрү отурган имараттын ижара акысын төлөй алышпай, тилемчи болуп отурушат! Молдокелер менен спортчулардын мээси жеткен фокустарга неге чыгармачыл адамдардын мээси жетпейт?! Же бир кадыр-баркы өспөйт? Бул үчүн коомчулукту же бийликти күнөөлөштүн кереги жок эч. Тек креативдүү ой жүгүртүү жөндөмү жок өздөрүнөн көрсүн.
Уу-дуу салып, бак-бак сүйлөп, чуулдап сүрөп, алакандарыбызды шатыратып чапканга үйрөтүлгөн эл экенбиз кантели: рефлекси дүүлүгүп алган фестиваль катышуучулары ак-караны ажыратуу жөндөмүнөн ажырап калгандай эйфория менен дуулдашты айтор. Өңчөй бир беткей мактоолор менен биз эч качан Эларалык деңгээлде Адабий фестивалдын зоболосун да, маани-маңызын да көкөлөтө албайбыз. Бул жолу Ысык-Көл жээгинен өз казаныбызда шаркылдап кайнап, боткого айланган кейпибизди көрдүм!
Коомдук деградациянын кебете-кешпири кандай болот десе, так-кесе жообум мына деп так ушул кыргыз акын-жазуучулардын ырайын көрсөтөр элем! Дүйнөлүк адабий процесстердин желаргысында жаңы агымдар, формалар, жанрлар, түшүнүктөр жаралууда. А кыргыз авторлору байыркы лириканын күүсүнөн чыга элек. Чыгармаларына кунт коё келсең, бир короо койдун арасынан шыйрактан илип сүйрөп чыгар семиз мал колго урунбагандай, поэтикалык жаркын идеясы бар акынды кезиктирбейсиң!
Өңчөй уйкаштык, жамакчылык менен оокат кылган акындарга шатыратып кол чаап дүүлүккөн аудиторияда айып жок деңизчи, тек элдин эс-акыл эркечи, адеп-аклактын ориентири болуп берер чыныгы жазуучу-акындарга чукак элибиз кантсин анан – халтурщиктерге кол чаппаганда. “Баатыр жокто майданга маскарапоз чыгат” демекчи, эл массасынын көркөм эстетикасын көркөм идеяларга сугара албай келгенибиздин кесепети эмне экенин көрүп атабыз: коомдо кадам сайын түркөйлүк, зөөкүрчүлүк, зордук-зомбулук, кылмыштуулук күч. Муну эмнеге талкуулабайт кыргыз калемгерлери?
Италиялык философ, жазуучу Умберто Эко айткан экен: "Кайсы замандын адабияты болбосун, ал — ошол доордогу адамзаттын аң-сезим күзгүсү." Андыктан биздин коомдун күзгүсү акын-жазуучуларыбыз заманга шайкеш болалбаган үчүн адамзат дүйнөсүнөн арыга сүңгүгөн постгуманизм жаатында табият, жан-жаныбар, технологиянын философиялык-эстетикасына кайрылып атышыппы – жок! Гуманисттик көркөм идеянын күчү менен заманбап жаратмандыкка эл массасын сүрөп кетер болсок кана, арман!!!
Учурда биздин акын-жазуучулар жалаң жөө жомоктуу лирика жазып атса, дүйнөдө климаттык адабият (Cli-Fi) деген түшүнүк пайда болду. Бул деген – жаратылыш бизге жөн гана фон эмес, ал да адабият, искусствонун жандуу каарманы, катышуучусу, табият менен көркөм диалог түзөр өнөгү экенин туюнтууда. А бизде айлана-чөйрөбүз климаттык апаат алдында турса да кенебейбиз! Ысык-Көл тагдыры жылдан жылга кооптуу абалга жакындаганына адистер тынчсызданса да, акындар баягы эле өз лирикаларына эргип, ошого маашыр! Эл-жерди, Мекенди тил учунан сүйгөн лирикасын окуп, шилекей чачыраткандар.
Дүйнөдө метафикшн агымы алдыга озуп, көркөм жомокко ишенбеген адабиятты жаратууда. Бул — окурманды текстке ишенбе, тескерисинче, эс-акылдуу күмөн саноого үйрөн, шек санап, ой жүгүртүп оку, ар кандай манипуляцияга жетеленбе дечү жаңы формада өрнөктүү текст курушубуз керектигин эскертүүдө. А бизчи? Биз кооз сөздөрдүн, таамай метафоралардын чаңында калганыбызга шапалак урган коомбуз!!!
(Уландысы бар)
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.