ҮМҮТ КУЛТАЕВА: ЭПИГРАММАДАН ПАРОДИЯГА… (ЭКИНЧИ МАКАЛА)

  • 19.03.2020
  • 3903

Буга чейин белгиленгендей, Т.Самудиновдун чыгармачылык “үч бурчтугунун экинчи жагы” кыргыз улуттук адабияттын тарыхында белдүү юморист жана пародист катары адабий сындын өзгөчө түрү – көркөм сындын мыкты үлгүлөрүн  жараткандыгында.

Албетте, илимий адабияттарда дайыма жазылып жүргөндөй, Т.Самудинов бул жанрды биринчи баштаган жок. Ал өзүнө чейин калемгерлерди чычалата чымчып, окурмандардын кумарын кандыра тамшандырган жана элдин калың катмарына тарап кеткен Мидин Алыбаевдин “Адабияттык парады” менен Салижан Жигитовдун “Дарбыздан дарбыган сөздөрүнүн” салтын улай,   бул жанрды жаңы сапаттык деңгээлге алып чыкты.

Калемгердин адамдык табиятында юмор сезими болбосо, ал бул жанрда  чыгарма жаза албайт. Т.Самудиновдун лирикадагы изденүүлөрүндө эле анын табиятынан сынды жумшак тамаша, юмор, калемпирлүү сарказм, элпек ирония  аркылуу айта билүү жөндөмү (1-макаланы караңыз: Өзүмө өз колуман  камчы тийип, \ Намысым  күлүп  турат  мыйыгынан) бар экени байкалат. Намысы жөн күлбөй “мыйыгынан” күлүп турушу тексттин тулку боюна сиңип кеткен, акындын өзүн-өзү сындоо сапатына эгедер экенинен кабар берип турат. Т.Самудиновдун ушул сапаты анын эпиграммадагы тапкычтыгын,  пародиядагы сынчылдыгын камсыз кылган. Анын үстүнө ал дүйнөлүк адабиятты казып окуган жазуучу-интеллектуал. Ошондуктан ал эпиграмма менен пародия жанрындагы чыгармаларын топтоп, эң кийинки басмадан чыгарган эки томдугунун бирин “Айтылбай турган сөз эле…” атап, ага  А.С.Пушкиндин:

“Фаустту жазган жанга башымды иемин,
Ошентсе да, эпиграмманы сүйөмүн…” – деген сөзүн бүтүндөй жыйнакка эпиграф катары колдонган. Демек,  акындын бул жанрга жакындыгы, анын жан-дүйнөсүндө баланын мүнөзүнө таандык тамашакөйлүктүн жайлуу конушу орун алганы  чыгармачылыгына таасир этүүчү маанилүү өзгөчө фактор. Бул  балдар адабияты үчүн эң керектүү эстетикалык сапаттардан экени белгилүү.

Т.Самудинов өз замандаштарынын кулк-мүнөзүнө, чыгармачылыгына тыкыр байкоо салып, алардын жетишкендигин, өксүгүн юмор, ирониянын сыйкырдуу күчү, тамаша-азилдин адам маанайын шат кылар таасири аркылуу жумшак келекелейт, а бирок анын түпкү тегинде турмуш көрүнүштөрүнүн көйгөйлөрү жатат. Натыйжада, кемчиликтин бет пардасы күлкү менен ачылат. Айталы, таланттуу прозаик Аман Саспаевдин “Сарала ит” аңгемеси Жазуучулар Союзунда адилетсиз сынга кабылганын юморист “Аман Саспаевге” деген эпиграмма аркылуу мындайча келекелейт:

Багып жүргөн болучу
Күчүгүнөн телчитип.
“Сарала итин” бир күнү
Алып келсе ээрчитип.

Жооругуна кээлердин
Жүрөгүнөн кан акты.
Ит аларды талабай,
Алар итти талашты.

Тексттен көрүнүп тургандай, ушул эле ой кадимки адабий сын аркылуу айтылса, авторду сотко берчүлөр табылмак. Ал эми юмордун күчү ушунда, тамашага салуу менен кескин сынды жумшак анализге, ачуу сөздү таттуу күлкүгө айлантып, окурманды “бырс” күлдүрүү менен чектелбей, аны ойго салат. Карабайсызбы, юмордун касиети менен эпиграмманын подтекстинде чыгарманын көркөм наркын түшүнбөгөн адамдардын “итке” айланып калганын. Же болбосо улуттук адабияттагы адабий сындын кийинки жылдардагы абалына кабатыр болгон Т.Самудинов Кадыркул Даутовго арнаган эпиграммасы аркылуу бул кырдаалдын жүзүн канчалык кашкайта ача алган:

Кийинки кезде Кадыркул
Жазгандарга кубанбайт.
Бирок, түйгөн муштумун
Чөнтөгүнөн чыгарбайт.

Бир кезде калеминен кан тамгандай, курч адабий сындары аркылуу жазуучуларды сестендирип, халтуранын төбөсүнө чагылган түшүрчүүдөй айбаттуу сынчынын кийинки кездеги момураган абалы эпиграмманын башка жанрларда жок сыйкыры аркылуу төрт саптын ичине не бир көп кырдуу ойлордун тамчысынан куралган чоң маанини сыйдырып, “чөнтөктөн чыкпаган” муштум юмору менен ар ким өз билгениндей жазып жаткан, цензурасыз гана эмес, бир доор адабиятынын ичине жалпы эстетикалык табит менен талаптын критерийлеринен кур калган чыгармалардын орун алышын  көз алдыга тарта алган. Эпиграмманын дал ушул сыйымдуулукту камсыз кылуу мүмкүндүгү жанр катары анын артыкчылыгына кепил болуп турат. Натыйжада, пародисттин чеберчилигинен улам, көп сөздүүлүк өзү эле “акылдуу нуска сөзгө” орун бошотуп бергенине окурман кумарлана ыракаттана алат.

Юморист кыска, бирок таамай, чеберчилик менен тарткан өзү менен курбалдаш, калемдеш курбуларынын портретинен кадимкидей алардын образы окурманга ачык көрүнөт. Буга анын “Мелис Абакировго” аттуу эпиграммасы далил боло алат:

Калемдештер ичинде
Кадим өзү курактуу…
Амбиция жагынан
Абдан эле дымактуу.
Суутулган күлүктөй,
Сымбаттуу да, кубаттуу.
Карылыктын айлынан
Качып келген сыяктуу.

Автордун биз сөз кылган жыйнагына ар түрдүү өнөр адамдарына арналган 80 эпиграмма, 150гө жакын пародия, бир нече ирония кирген. Аларды окуган адам бир кылым ичиндеги чыгармачыл инсандардын өзүнчө эле көркөм галереясын көрө алат.

Юмористтин пародия жанрына өтүшү да өзүнө таандык иш стили аркылуу, жөнөкөйдөн татаалды карай бет алган эволюциялык мүнөзгө ээ. Эгерде эпиграммада чымчыкейлер тамаша, азил иретинде арнаган адамдын мүнөзүнө, жорук-жосун, жүрүш-турушуна сын айтылса, пародияда калемгерлердин чыгармачылыгына таандык кемчиликтер сатиранын ирониялуу куйкум сөздөрү менен коштолуп, көркөм сындын оригиналдуу түрү пайда болду.

Натыйжада, пародисттин аяр байкоолорунан жаралган пародиялары адабияттагы алешемдикке, куру кыйкырыкка, халтурага шилтелген  “миздүү кылыч” сыяктуу чыгармалардагы орунсуз ойлорду шылдыңга алганы окурмандын эстетикалык табитин өстүрүүгө багытталган адабий билимдин өзгөчө мектеби сыяктанат. Албетте, мындай милдетти аткаруу үчүн, биринчиден, чыгарманы окуу керек. Экинчиден, тиешелүү интеллект, көркөм табит болбосо, мындай чыгармаларды жазуу мүмкүн эмес. Айталы, элдик тил менен элпек жазылып, сын айтууга себеп жоктой сезилген, айтылуу акын Б.Сарногоевдин “Каркуша менен сүйлөшүү” ырындагы:

Караңгы тартып айлана
Агарып жерде кар гана
Көчөдө кетип баратып,
Көз салсам жалгыз каргага
“Как живешь, поэт!” – дегенсип,
“Карк” этип коёт ал мага – деген  саптарын мындайча пародияга айландырган:

Көз байлам иңир кеч эле,
Келаткам ээн көчөдө.
“Как живешь?” деген үн чыгып,
“Былч” эте түштү чекеме.

Жандык деп кокуй кайдагы?
Карадым кушту талдагы.
Тааныбай жатып тааныдым
Каркуша деген карганы.

Өзгөчө мындай нерсеге,
Жалындап кетчү өрт эле.
Бобулов үкөм жанда жок,
“Кыргызча сүйлө!” – дейт эле.

Пародиянын текстинен көрүнүп тургандай, эгер акын Б.Сарногоев жазган ырда жөн гана жаратылыш фонундагы турмуш көрүнүшүнөн бир элес көзгө тартылса, ага жазылган пародияда сүрөттөө предметинин масштабы кеңейип кеткенин байкоого болот. Жөнү жок жерден (балким, тамашалоо максатында) акындын орусча сөздү кошконун ирония аркылуу сындоо үчүн карганын жосуну келекеге алынып, лирикалык каармандын   (автор) кечки пейзаж фонундагы бейпил маанайы гана элестебей, капысынан үчүнчү инсан – К.Бобуловдун улуттук тилге күйүп-бышып, албууттанган келбетин окурмандын эсине салат.  Натыйжада, ырдагы орунсуз колдонулган сөзгө айтылган сын тамашанын илеби менен сындалып, ирония билинбей айтылат. Мындай кыраакылык, албетте, окурмандын да, калемгердин да сезимине жетпей койбойт эмеспи.

Сыртынан караганда  чыгармадан алынган үзүндүгө жазылган пародия жөнү жок узартылып жаткандай көрүнгөнү менен анын негизинде ошол үзүндүгө болгон талдоо орун алат. Анткени өзү сөзгө аяр мамиле жасаган калемгерге орунсуз сөздөр одоно катадай, дилине жакпай кетет да, дал ошол сап пародиянын сарказмы аркылуу “кебез менен” мууздалат. Буга акын Гулсайра Момунованын:

Толгоо тартып, таң атканча толгонуп,
Ыр төрөдүм ак маңдайы жаркыган, – деген ыр саптарына Т.Самудиновдун  “Ыр-бала” пародиясы күбө:

Эрдин тиштеп, купкуу тартып иреңи,
Жарылчуудай тез-тез согуп жүрөгү…
Толгоо деген – өлүп, кайра тирилмей,
Анын жайын эркек шүмшүк билеби?

Мартуу басып, көзүңө “бөө” көрүнүп,
Коркконуңан кара терге чөмүлүп.
Оңой бекен онтоп жатып көз жарган,
Он омурткаң, кырк кабыргаң сөгүлүп.

Жапжаш өмүр жашоо күнүн жар салган
Салам айтты бул дүйнөгө картайган.
“Ичтен чыккан ийри жылан”, — дешчү эле,
Өзүмө окшош чүрпө тура балкайган.

Адат күтпөй эмчек сурап ыйлаган,
Үстөлүмдө тыптынч жатат ыр-балам.
Ар бир жанда айтылбаган сыр болот,
Атасы ким? – деп сураса, кыйналам.

“Ымыркайым көпчүлүк эл көрсө деп,
Ыроосуна көрүндүгүн берсе” – деп,
Тилек кылсам… үмүтөтөбү бирдеме,
Киндик кескис – редактор керсейет.

Пародияга предмет болгон руханий жаратмандыкты биологиялык төрөт менен берүүнүн осолдугунун пародия аркылуу  сынга алынышы окурманды тамашанын жагымдуу   ыракатына батырып, анын жан-дүйнөсүн ээлеп алат. Толгоонун азабын “эркек шүмшүк” билбегенине карабай, аны пародисттин өз башынан кечиргендей мыкты сүрөттөшүнө таң калууга да, тан берүүгө да болот.  Эки сап ырда берилген орунсуз ойду (“толгоо тартып, ыр төрөдүм”) бир нече куплеттерде ирониялуу тамашага салып, андан соң сындын “тузу”:

Ар бир жанда айтылбаган сыр болот,
Атасы ким? – деп сураса, кыйналам, − деген эки сапта окурмандын эстетикалык моокумун кандыра таамай айтылат. Ушунун өзү пародиянын адабий чыгармалардын сапатын камсыз кылуучу керемет мүмкүнчүлүгүн айгинелеп турат. Демек, пародия да адабий сын сыяктуу эле адабий процессте аткаруучу кызматы зор дегенге толук негиз бар. Ал эмес пародиянын мүмкүнчүлүгү адабий сындан да кеңип кеткенин байкоого болот. Анткени анда тамашанын подтексти менен адабий сында айтууга мүмкүн болбогон нерселерди да айтып салуу кудурети бар.

Ошондуктан пародист “хан-бегине” карабай, каалаган чыгармачыл адамына капыс жерден карышкырдай качыра “тиш сала” алат. Айтылган ойдун далили катары көп эле сынчы батынбаган, өзү кыраакы сынчы Салижан Жигитовдун “Көл жана мен” деген ырынан алынган мына бул төрт сапка:

Жээгине түшүп келдим. Дилде сыңар
Асыл баа салыштыруу кумда чыгар.
Жатыптыр кум үстүндө магдырашып,
Даңкайган саны жоон ургаачылар − Т.Самудинов жазган пародия денесин аялзатындай күтө албаган “кумда жаткан аялдарды” да уяткарып, “асыл баа салыштырууну кумдан издеп”, бирок аны өтө эле карапайым салыштыруу аркылуу өзү айткан ойду кайра өзү бузуп алган С.Жигитовдун ырдагы өксүгүн гана эмес, анын  “атка жеңил, тайга чак” турпатын жумшак ирония менен келекелеп салган:

Ысык-Көл… Эстен кеткис элес-кыял,
Желбирейт көңүлүм да желек сыңар.
Аялдар шыңк-шыңк күлөт кумда жаткан
А буга узун  трусым себеп чыгар.

Алыстан араң жетсем кусаланып,
Не  кылам болбос ишке ызаланып.
Дөң жерге чыгам  дагы, ургаачынын
Ар бирин карай берем бутага алып.

Бириси көктөмдөгү ак кайыңдай,
Тигиси… каз-өрдөктүн басканындай.
Береги фигураны салыштырсам,
Кадимки гитаранын капкагындай.

Тыямын өзүмдү өзүм: “Туура танда!
Башыңды балакеттүү чууга салба!
Ажыкыс кебиңди айтып, тийишпегин
Тетиги бука моюн, буура санга”.

Албетте, кадимки адабий сында жогоруда айтылган ойлордун баарын айтууга мүмкүн эмес. Кум ичинен издегениң ушул беле деген ойду пародист кыйытма сөздөр менен кемелине келтире көркөм чагылдырат. Пародисттин мындай чукугандай, күйдүргү сөздөргө, маңдай жарган күлкүгө карк чыгармаларын дагы көпкө улантууга болот. Макаланын көлөмүнүн чегин эске алуу менен жаш калемгерлерди пародиядан сабак алууга чакырар элек. Ошол эле учурда пародия жанры биздин улуттук адабиятта өнүктүрүүнү талап кылган өксүктөрдүн бири экендигин белгилемекчибиз.

Комментарий калтырыңыз