«Сен пенде болгон менен бир жөнөкөй, От кошот сенин ырың зор кылымга»

  • 01.04.2020
  • 4367

(Акын Жолон Мамытовдун ажарына айрым сүртүмдөр)

Жолон Мамытов – кыргыз поэзиясы дүйнөлүк адабияттын салттарын Ала-Тоо аймагына батылдык менен алып келген өткөн кылымдын 60-70-жылдарында эң активдүү жана үзүрлүү иштеген акындардын бири. Анын кесибинин (мал чарба адиси) адабиятка алакасы жок болгондугуна карабай ыр жазуу жаш курагынан эле анын жашоосунун жандуу стихиясына айланган. «Ала-Тоо» журналына чыккан алгачкы ыр топтомдору, анан биринчи жана экинчи китептери менен эле ал өзүн күчтүү рухтун, романтикалык пафостун акыны экенин көрсөттү.

Анын лирикалык каарманы бул же тигил көрүнүшкө атуулдук позициясын айкын билдирет. «Сен пенде болгон менен бир жөнөкөй, от кошот сенин ырың зор кылымга» деген саптары анын жөнөкөй адамдын жөнөкөй иши кылымда орду бар иш болорун айтуу менен гуманисттик бийик пафосун тастыктайт.

Акын өзүн дүйнөлүк кыймылдын борборуна коёт да, ошондон өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтөт. Анын оюнча акын жүрөгү баарын туйган, баарын кабыл алган жана баарына таасир эткен татаал аппарат, «оо, жүрөгүм – асыл сыя челегим», «оо, жүрөк бир жүрүшкө чыдап бергин» деген сыяктуу жүрөккө, мээге, өзүнө, адамга, кудайга, Күнгө, Ай-жылдызга, отко, доорго кайрылган саптары арбын. Метафоралар анын ырларынын жанын түзүп, ошолор аркылуу поэтикалык жандуу элес жаратат. Поэзиясы – демдүү поэзия. Ошол поэзияны жараткан акындын жүрөгү да демдүү.

Анын бүтүндөй чыгармачылыгын кызыл сызык менен тепчип өткөн нерсе да ошол – демдүүлүк. Демдүүлүк деген бул – ички дүйнөнүн козголуусу, реакциясы, жүрөк-жүлүндүн туйлап турушу. Тышкы таасирге козголуп, өз сөзүн ыкчам жана бийик пафос менен эмоционалдуу айтуусу. Дал ушул нерселер акындын баркын бийиктетип, атуулдук аброюн көкөлөтүп турат.

Ал Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн деген айылда 1940-жылы 1-апрелде туулган. Бул айыл Ош шаарына бир карыш, Папан тоолоруна бир карыш жерде болуп, бир жагынан өзбек, кыргыз маданияты сиңишкен калаанын таасирин, бир жагынан Олокон тоонун шапатасын өзүнүн жүрөгүнөн өткөрүп турган. Мектепти бүтүргөн кезде жакшы окуган балдарды терип алып, мугалимдер, айыл активдери борбор шаарга чоң окуу жайларына жиберчү. Ошол кездеги зобололуу окуулардын бири айыл чарба институту боло турган, аны бүткөндөр колхоздорго башкарма, совхоздорго директор, райком-обкомдордо парттөбөлдөрдүн бири болчу. Анан, албетте, андай окууларга кирүү да кыйын болчу.

1957-жылы айылдагы орто мектепти бүтүрүп, азыр эле барып окууга кирип кете тургансып Фрунзенин поездине отурган балбан жигит дагы бир өзүнөн жашы улуураак болгону менен адабиятка астейдил мамилеси байкалган, колхоздо, геологиялык партияда иштеп анча-мынча тиш кагып калган сары чийкил жигит менен таанышат. Көрсө ал да окууга бараткан ноокаттык Мурза Гапаров деген бала экен. Жазуучу ошол учур тууралуу кийин мындай эскерген жайы бар: “А мен вокзалга акырын жашырынып качып барып, Фрунзеге белет алып, поездге түшүп кете бердим. Баса, Жолон Мамытов менен ошондо поездден тааныштым. А да окуу издеп кетип бараткан экен. Поезддеги жоруктар айта берсе чоң жомок. Заара кылалбайм да кысыталак. Сууга заара кылып көргөн эмеспиз да...”

Бул эки ака-үка көздөрү өткөнчө кадырдан болуп жүрдү. Жолон Мамытов “Арстанбап ыры (Мурза Гапаровго)” деген ырын жазды. Ал мындай:

Канбай калгам мен табийгат ойнуна,
Арыстанбап, кетем сенин койнуңа.
Жаңгак терем, сайдан түстүү таш терем,
шаарда жүрүп ыр жазгандын ордуна.

Эч ким мени жетелебейт колуман,
кетем сага, кетемин деп оолугам.
Көкүрөктө күчтүү болсо ишенчим,
Арыстан-Баба өзүңө да жолугам.

Мен өмүргө кароо эмесмин, кебелбей,
башкалардан көп жашайын дегендей.
Каалашынча ойсун мезгил түбүмдү
кулатууга күп дедертип кемердей.

Бүртүгүмүн табийгаттын байкалбас,
менден дүйнө кемибес да, чайпалбас.
Мен кеткенде жазыла элек ыр калаар,
бөлөк эч ким аны ошондой айта албас.

Арыстанбап, ак чокуңду кар басып,
өзөндөрдөн кылым оошот алмашып.
Дүнүйөлүк той өткөрсө болчудай
бүтүн кыргыз көлөкөңө жайгашып.

Канбай калгам мен табийгат ойнуна,
Арыстанбап, кетем сенин койнуңа
Жаңгак терем, сайдан түстүү таш терем,
шаарда жүрүп ыр жазгандын ордуна.

Бул ыр – адам менен табияттын, акын менен дүйнөнүн биримдиги, урбанизация менен эскиликтин, шаар менен айылдын карама-каршылыгы тууралуу чыныгы дилден жазылган мыкты ырлардын бири. Анда акын өзүн чачыратып төгүп берген, бир гана Мурза Гапаров экөөнүн гана эмес, тоо арасынан чыгып шаардык боло албай жаткан интеллигенциянын тагдырын таамай тарткан. “Жаңгак терем, сайдан түстүү таш терем” деген керемет табылган образдуу сөздөрү бар, “Бүртүгүмүн табийгаттын байкалбас, менден дүйнө кемибес да, чайпалбас, мен кеткенде жазыла элек ыр калаар, бөлөк эч ким аны ошондой айта албас” деген куплетте болсо акын тагдыры, көркөм чыгарма тагдыры философиялык бийиктикте жана тереңдикти чагылдырылып жатат.

Ошентип, Фрунзеге келген жаш жигит жолдуу болуп, Кыргыз айыл чарба институтунун ветеринардык факультетине кирип, аны 1962-жылы аяктайт. Жаш адис катары Түштүктө «Катта-Талдык» асыл тукум кой өстүрүүчү чарбасында башкы ветврач болуп иштеп, дагы чыгармачыл адам үчүн зарыл чөйрөгө түшөт. Дегеним, бул чарба айтылуу Алай тоолорунун башталышы, Курманжан датка менен Алымбек датканын издери түшкөн аймак, ал жерликтер сөз кунун жакшы билгендер, меймандос келет. Анан калса, туулган жери Төлөйкөндөн бир кыйла алыс, акынды жерин сагынуу кусалагы да бийлеп турган.

Дал ошол кезде кыргыз акындарынан айырмаланып турган мындай саптары жаралып жаткандай:

Бир үңкүр бар тоолордун арасында,
жомоктогу сулуулар жолугушат.
Жайлоо жакта ат чабым тегиздик бар,
жомоктогу баатырлар жолугушат.

Бир суу агат тоолордун ичи менен,
жез кемпирлер жээгинде чач тарашат.
Бир ашуу бар тоолордун өркөчүндө,
жомоктогу желмаян, аттар ашат (“Романтика”).

Карабайсызбы, кызыкты: бул эмне жомокпу, же кыялбы? Мындай ырлар ошол кездеги далай жаш акындардын ыр жазуу ышкысын козгогон.

Баш жагында айтпадым беле: айыл чарбаны бүткөндөр чоң кызматтарга келишет деп, Жолон Мамытовдун жолу да ошондой жүрдү: 1965-1966-жылдарда Ош областтык комсомол комитетинде нускоочулукта иштеп, 1966-жылы областтык ветлабораторияда бөлүм башчысы кызматына алынды, анда жалпы Түштүк бир эле облус экенин эске алсак, бул албетте, жаш жигитке берилген чоң ишеним, чоң милдет эле. Анан эле мен уккандан экинчи тапшырган ыр топтому “Отту сүйөм” дегени 1969-жылы алдын чыгып, экинчи болуп биринчи жыйнагы “Жашыл аалам” деген китеби 1971-жылы чыкса керек эле. Эми акындык тагдырды, ыр ышкысын карабайсызбы, карьеранын баары калды, 1969-жылы Москвагы эки жылдык жогорку адабий курска кетип калды да, башын биротоло чыгармачылыкка оодарып ийди. Москвадан алган билим, тажрыйбадан соң 1971-жылы телерадио комитеттин Ош облустук бөлүмүнө редактор болуп орношту.

1972-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун кыргыз тили жана адабияты бөлүмүнө келип кирген биз, студенттер, Жолон акынды такыр башкача көрчүбүз: анын радиого жазып алуучу магнитофонун бооруна асып көтөрүп, шаар аралай басканы, студенттердин арасына келип күпүлдөп ыр окуганы, чайханада пияласын чайпап отурганы биз үчүн өзүнчө эле бир маанай тартуулган өрнөктөр эле. Ошол жылдарда биздин эки агай Курбанбай Калдыбаев менен Кайыр Жээналиев институтубузга чейин жалпы республикага атактуу боло баштаган жаш акынды ээрчитип келе берчү. Ал эми Фрунзеде чоң-чоң сынчылар Мамытовду түшүнө албай, сындай коюп да, мактай коюп да жатты. Ырас, дал ошол кезде Ошто Исраил Сулайманов менен Шабданбай Абдыраманов деген эки үлкөн карасөзчү, дагы бир прозаиктер Абдимитал Камалов менен Азада Бегимкулова, акындардан Сабыралы Кулуев, Карымшак Ташбаев, Курбаналы Сабыров, Курбанбай Калдыбаев, Айтмамат Үмөталиев, Алымкан Дегенбаева, Сүйүнтбек Дүйшөналиев, Сатыбалды Кадыров дегендер өзүнчө бир адабий чөйрө түзүп турган. Кийинчерээк аларга Нууман Сайдуллаев, Турабай Жороев, Маркабай Ааматов, Касымбай Бапов, Карбалас Бакиров, Атантай Акбаров кошулду.

Биз, ошол кездеги студенттер, болсо анын:

Алоолонуп күйгөн от көрсөм,
Алоолонуп кетет жүрөгүм.
Канча оттуу күндөр өткөрсөм,
Ошончолук отту сүйөмүн, - дегендей жаңыча жазылган ырларын жаттап айтып жүрдүк.

Жолон Мамытов он жылдай Ошто жүрүп, Оштун руханий-маданий, анын ичинде адабий чөйрөсүн локомотивдей алга тартып жүрдү. Өзүнүн журналисттик жана поэтикалык мектебин калтырып кетти. Рыспай Абдыкадыров экөө биригип, “Издейм сени” деген сыяктуу классикалык чыгармаларын өнөктөштүктө жаратты. Ош шаары, Ак-Буура дайрасы, Сулайман тагы анын өмүр бою айта берчү темасына айланды. Оштон кетип кырктын кырына баргандагы бир келишинде Ош тууралуу “Баба-шаарым” деген ырын жаратат:

“Мезгил – укмуш” деп шыпшынып
бул жайда кирсем Оштун базарына
отуз жыл мурда көргөн шишкебекчи
шишкебегин дале желпийт
шуу... шуу... шуу...
Ошондо мантуу саткан арык адам,
дале арык, аз өзгөргөн, карыбаган.
Дагы эле буурчак саткан сатат буурчак,
адамдар тамактанат аны курчап.

Бул ырды мен азыр да Бишкектен Ошко келгенде кайталай берем, кайталай берем. Ырдын жүрөккө жакындыгы, өлбөстүгү ушул да.

Жолон Мамытов 1974-жылдан Фрунзеге келип, Мамкинодо жооптуу катчы, редактор, 1980-жылдан «Кыргызстан маданияты» газетасында бөлүм башчы, 1983-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунда катчы, 1986-жылдан төрага орунбасары болуп кызмат кылган.

Ал коомдук иштерди зор ынтаа менен аткарган, жаш жазуучулардын тарбияланышына салым кошкон инсан болгон, өзгөчө ага Чыңгыз Айтматов өзүнө ишенгендей ишенген.

Анын чыгармачылыгы эрте башталган, жашынан эле ыр жазып келген, алгачкы ыры 1954-жылы Ош областтык «Ленин жолу» газетасына жарыяланган. Анткен менен «Отту сүйөм» деген жыйнагы 1966-жылы гана жарык көрдү. Бирок ошол алгачкы жыйнагына чейин эле «Ала-Тоо» журналына жарыяланган ыр түрмөктөрү менен эле СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган. Мындай окуя Кыргызстандын маданий турмушундагы сейрек көрүнүш эле.

«Отту сүйөм» жана «Жашыл аалам» (1971) деген жыйнактары менен ал кыргыз поэзиясына таланттуу акын келгендигин далилдеди, адабий сында анын чыгармачылыгы негизинен жогору бааланды. Кийин анын «Убакыт» (1973), «Ырлар» (1975), «Мезгилдин элеси» (1976), «Буурул таңдын жомогу» (1980), «Суунун өмүрү» (1981), «Жарышкан суулар» (1985), «Жүз жашка тол, кылым» (1987) деген ыр жыйнактары чыкты. Көп кырдуу талант экенин ушундан билиңиз, операларга либератто, мультфильмге сценарий, радио инценировкаларды жазды. 1981-жылы «Суунун өмүрү» аттуу жыйнагы, «Эр Чилтен», «Олокон» деген мультфильмдин сценарийи, «Түркүк эненин балдары» деген куурчак театры койгон спектакли үчүн Кыргызстан Ленин комсомолу, 1989-жылы «Жүз жашка тол, кылым» аттуу ыр китеби үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылган.

Чыгармалары башка бир топ тилдерге которулду. Өзү да Ф.Тютчевдин, А.Феттин, В.Маяковскийдин, М.Слуцкистин, О.Сулеймановдун чыгармаларын кыргызчалаган.

Ал 1988-жылы 7-мартта 48 жаш курагында катуу оорудан улам Москва шаарындагы ооруканада дүйнөдөн кайткан.

Бүгүнкү күндө акындын чыгармалары мектеп программаларына киргизилген. Ал элдик дастандарга, анын ичинде сыйкырдуу баатырдык дастандарга бир топ чыгармаларында кайрылып келген. Анын бири – «Буурул таңдын жомогу». Жомок кыргыздын баатырдык дастандарынын салтын улантат, тагыраагы, «Эр Төштүк» эпосунун окуяларын өнүктүрөт. Ал балдар үчүн өзүнчө китеп болуп 1980-жылы жарык көргөн. Анда душмандар жана кара күч ээлери менен күрөшүү башкы орунга чыгат да, баатырдын көп кыйынчылыктардан өтүп, акыры жеңишке жетиши көрсөтүлөт.

Эр жүрөктүүлүк, эл тарапта болуучулук, тайманбастык, баатырдык даңазаланат. Бабалардан бери айтылып келген насаат сөз бүгүн да маанисин жогото элек, бул сөз муундан муунга айтылып келет деп билдирилет. Бул баянды жазардан мурда ушул окуяны:

Чоң атамдын атасы
Өз атамдан уккам деп,
Бул жомокту ал айткан.
Чоң энемдин энеси
Чоң апамдан уккам деп,
Бул жомокту ал айткан деп, - айтып келип, анан гана акын ошол жалпы элдик чыгарманы өзүнчө ырга айлантат.

Чыгармада чоң тарбиялык маани, жомоктук укмуштуу окуялар айкалыштырылган да, айжаркын образдар жаратылыган. Автор жомоктук доордун өзгөчөлүктөрүн, жолборс жашаган коңулдун сүрөттөлүшүн эпикалык полотно менен таамай берсе, жолборстун, жин-перилердин турмушун романтикалык боёктор менен фантастикалык картиналарда тартып берет. Чортон менен Чилтендин бейнеси жомоктук мотивдер менен чагылдырылып, таш күзгүнүн керемети көрсөтүлөт. Мына ушундай образдар элестүүлүгү менен эсте калат, автордун ыр техникасын колдонушу да чебер иштелген. Мисалы, башкы каарман Чилтен абдан акылдуу, шамдагай, эр жүрөк, тайманбас болсо да, анын душмандары Жин-перилер, Жалпактаман, суунун шаасы Чортон, чөөлөр андан өткөн амалкер, куу, кара күчтүн ээлери. Аларды адам баласы менен дос болгон жолборс сыяктуу башка жаныбарлардын жардамы менен жеңип чыгып, адам коомунда бейпилдик, жакшылык, тынчтык орнотот.

Абдыкерим МУРАТОВ, педагогика илимдеринин доктору, профессор

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз