Карантин убагында адабият теориясынан сабактар – 2

Экинчи сабак: Образдуулук жана көркөм образ

Искусствонун, анын ичинде көркөм адабияттын эң айырмалуу белгиси – бул анын образдуулугу. Маселен, кыргыз жериндеги биз күндө эле көрүп жүргөн тоолор жөнүндө географиялык түшүнүктөр боюнча сөздүктө мындай айтылат: «Тоо – жер бетинде түзөң аймактардан бир кыйла бийик көтөрүлгөн бөлүгү» [1]. Бул түшүндүрүүдө эч кандай образдуулук жок, жөнөкөй маалымат берилген. Ырас, бул адабият эмес, көркөм чыгармада мындайча айтылбайт. Эми акындын тоолор жөнүндөгү ырын окуп көрөлү:

Тоого тоолор курамалап, курашып,
Узун тартып, уламалап, улашып.
Алда кайда кебез тартып келаткан,
Кербенчинин төөлөрүндөй чубашып.

Кара зоолор ар кай жерде каркайып,
Катмарлашып, калың тартып заңкайып.
Алмаз сындуу көккө тийген миздери,
Арстандын азуусундай арсайып.

Мөңгү кетпей чокулары жалтырап,
Тоңгон муздар шөкүлөдөй жаркырап.
Ар жагынан бер жагына куш эмес,
Араң гана бороон өтөт калтырап.

Бул ырды Алыкул Осмонов (1915-1950) жазган. Биринчисинде тоолор жөнүндө сөздүктөгү берилген маалымат менен экинчи учурдагы ырдын, көркөм адабияттын айырмасы эмнеде? Образдуулугунда. Образдуулуктун касиети миңдеген жөнөкөй сөз менен бере албаган нерсени кыска жана так, элестүү бергендигинде. Көркөм өнөр чыгармасын карап, окуп же көрүп отурганда анын таасиринен кубанычка батабыз, кайгырабыз, мына ошону жараткан нерсе да ушул образдуулук. Манас баатырдын ким экендигин жана анын кандайлыгын таасирдүү жана жеткиликтүү берүү үчүн сырткы көрүнүшү «мурду тоонун сенирдей», «айбаты албарс темирдей», «муруту чөлдүн камыштай», «карарышы – түн, бүркөлүшү – кайра жаар күн» дегендей образдуу сөз айкаштары менен сүрөттөлөт. Көркөм чыгармада образдуулук жаратуу үчүн ошол чыгарманын мазмуну жана формасы, идеясы жана темасы, сюжети жана композициясы, тили жана каармандар системасы аракеттенет.

Көркөм образ – образдуулуктун бир көрүнүшү катары, адабияттын маңызын, жашоосун, кызматын көрсөткөн негизги түшүнүктөрдүн бири. Жазуучу өзүнүн чыгармада берейин деген оюн кандайдыр бир адамдын айланасына топтойт, ошонун жүрүш-турушун, мүнөзүн, психологиясын көрсөтөт.

Образ – адамдын искусстводогу чагылдырылышы.

Дал ушул образ көркөм өнөрдү илимден айырмалап турат. Маселен, Чыңгыз Айтматов (1928-2008) «Бетме-бет» повестинде окуяларды негизинен эки каармандын – Сейде менен Ысмайылдын айланасына топтойт, ошол экөөнүн башка адамдар менен болгон мамилесин, ички-тышкы кагылышуусун, турмушка, жашоого болгон түшүнүктөрүн көрсөтүп, алардын сырткы келбетин, жүрүш-турушун, демек, образын ар бир деталда, эпизоддо ачып отуруп, акырында бир үй-бүлөгө уюган максаты-ниети бир-эки адам эки башка көз караштагы, эки ача жолдогу киши катары чыга келет. Мына ушинтип, жазуучу алдына койгон ниетин ишке ашырууда көркөм образдан пайдаланат.

Бул образ түшүнүгү байыркы грек философу Аристотель (б.з.ч 384-322) тарабынан эле теориялык жактан иштелип чыккан. Ф.Гегель (1770-1831) болсо өзүнүн эстетика боюнча эмгектеринде искусство – образдар аркылуу ой жүгүртүү экендигин далилдеген.

Образдуулук азыркыдай татаал жана өнүккөн формасында өнөр чыгармаларына дароо эле мүнөздүү боло калган жок. Бул көрүнүш узак тарыхый өнүгүүнүн натыйжасында келип чыккан. Байыркы коомдун искусствосу айрым жеке көрүнүштөрдү, кубулуштарды, адамдарды чагылдыруу менен чектелген. Албетте, бул ошол мезгилдеги адамдардын көркөм ойлоосунун өсүү деңгээли менен мүнөздөлөт. Кийинчерээк, эзелки коомдун адабиятында белгилүү өлчөмдөгү жалпылаштыруунун ачык көрүнө баштагандыгын байкайбыз. Адам коому, анын ойлоо жөндөмдүүлүгү улам өсүп отурду. Натыйжада, кайра жаралуу доорунда жана XVIII-XIX кылымдарда белгилүү бир таптын, топтун негизги белгилерин топтоштурган образ-типтер пайда боло баштады, биздин мезгилде ал дагы өзүнүн эң жогорку өнүгүүсүнө умтулууда.

Эстетикада [2] образ түшүнүгү эки мааниде колдонулат: 1) каарман-персонаж катары; 2) искусствонун түрлөрүндө турмушту чагылдыруунун өзүнчө жолу, ыгы катары.

Образдуулук жана көркөм образды терең түшүнүү үчүн эң мурда терминологиялык жагынан тактыктын, бирдиктүү пикирдин керектигин айта кеткенибиз оң. Адатта теориялык эмгектерде, адабий-сын макалаларда катышуучу каарман, персонаж, мүнөз, тип деген бир нече терминдер колдонулуп жүрөт. Булардын ар бирин өз салмагына, маанисине ылайык колдонгонубуз жөндүү. Катышуучу каарман, же персонаж чыгармада жалпы катышат, бирок автор тарабынан терең, ар тараптуу көрсөтүлбөстөн, үстүртөн гана эпизоддо же деталда сүрөттөлөт.

Мүнөз – чыгармада белгилүү бир идеялык жүк көтөрөт, чыгарманын көп жеринде жетиштүү даражада толук жана так сүрөттөлөт. Турмуштук мамилелерде бардык эле адам мүнөздү түзө бербейт, адабиятта ар кандай эле катышуучу (персонаж) мүнөз боло албайт, анткени алар баары эле толук, жеткиликтүү деңгээлде ачылбайт. Каарман көп болушу мүмкүн, бирок мүнөз аз гана болот. Мисалы, Касымаалы Баялиновдун (1902-1979) «Ажар» повестинде Айткулу, Батма, Козубек, Сагын, Манап, Сабитахун, Чыр деген каармандар бар, булар жөн гана окуяга кирди-чыкты катышат да, баары биригип келип Ажардын мүнөзүн ачууга кызмат кылат. Повестте бир гана мүнөз бар, ал – Ажар.

Ошону менен бирге ар бир эле мүнөз тип эмес, тип – бул мүнөздүн жогорку формасы, өтө кеңири көркөм жалпылык, толгон-токой адамдардын бир кишиге жыйналып чогулушу. Маселен, Түгөлбөй Сыдыкбековдун (1912-1997) «Тоо балдары» романындагы Аскарды согуштан кийинки жылдардагы мектеп окуучусунун, ал эми Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестиндеги Дүйшөндү кыргыз жеринде Совет бийлигин орнотууда эмгек сиңирген мугалимдин типтүү образы дейбиз. Бул каармандар өз мезгилинин миңдеген адамдарынын белгилерин өзүнө сиңирип, ошолордун сапаттарын, ишмердүүлүгүн жалпылаштырып, топтоп жүрөт. Демек тип, же типтүү образ деген белгилүү бир убакытта жашаган жана бир катмарга кирип, коомдук байланышта турган кейипкерлердин жалпылыктарын алып жүрүүчү каарман.

Каармандын мүнөзүн түзүү, аны тип даражасына жеткирүү өтө таланттуу жазуучунун гана колунан келет. Орус жазуучусу В.Астафьев (1924-2001) улуу сүрөткер Л.Н.Толстой (1828-1910) жөнүндө жазган макаласында: «Лев Николаевичтин «Кожоюн менен кызматчысы» менин эң жакшы көргөн чыгармам. Ажайып көркөмдүгүн айтпаганда да, биз үчүн – азыр калем менен иштеп жүргөндөр үчүн сабак болор жагы көп. Ал адабий схема үчүн турмуштун чындыгына калп айтпа дейт. Эгер ушул тема Ата Мекенибиздин азыркы жазуучуларынын биринин колуна тийип калса, «кожоюн» «кызматчысын» сактап калайын деп кайрылып аракет да кылмак эмес, тоңуп калганга чейинки тозокко бармак да эмес, тескерисинче, эл душманы сыяктуу эле «куураган кулдарды» жоготмок, анткени түшүнүгүбүз ошондой, «эзүүчүбү» бүттү, ал адам эмес, айбан! Ага өзүнчө мүнөздү, «ич дүйнөнү» ким коюптур!» [3] - деп айтат. Бул жерде улуу жазуучу менен биздин азыркы адабияттагы мүнөз түзүүнү салыштыруу менен каармандар өз жүзү, өзүнчө табигый турган турпаты менен көрүнбөй, жасалма кишилер жаралып жатканын сөз кылууда. Кыргыз адабиятында схема менен жаратылган мүнөздөр көп чыгармалардын кендирин кесип келатат.

Мүнөз түзүүдөгү белгилүү бир этапты Ч.Айтматов менен Т.Касымбековдун чыгармаларынан көрөбүз. Жамийла, Толгонай, Эдигей, Бостон, Нүзүп, Абил бий, Курманжан датка, Мадаминбек сыяктуу каармандар өз мүнөздөрүн бир кыйла терең көрсөтө алышты.

Адабиятта образ деген түшүнүк дагы башка маанилерде колдонулганын байкоого болот. Кең маанисинде жазуучу тарабынан түзүлгөн бүтүн көрүнүш, турмушту типтүү чагылдырган бүтүн чыгарма. Тар маанисинде адабиятта, оозеки речте колдонулган учкул сөз же сөз тизмектери. Мисалы, «Ак чүч» (М.Алыбаев), «жарым кашык музыка», «боз ат минген отуз жаш» (А.Осмонов) деген сыяктуу сөз айкаштары образ түзүп турат, б.а., буларды образдуу айтылган кеп дейбиз.

Кээ бир учурларда адабий образды көрүүгө мүмкүн нерсе катары карап, көрсөтмөлүүлүккө байланыштырып да жүрүшөт. Бул бир чети туура эмес, образды толук көрүү сүрөт өнөрүнүн жардамы аркылуу ишке ашат, адабиятта анчалык даражада болбойт.

Көркөм чыгармада образ-мүнөз, образ-пейзаж, образ-предмет сыяктууларды ажырата билип, алардын жалпы көркөмдүүлүктү түзүүдөгү кызматын түшүнүү керек. Байкасаңар, кээде чыгармаларда ар кандай буюмдар, предметтер, жаныбарлар, жаратылыштын өзү да образ катары кызмат кылат. Мында да көркөм образ көркөм ойлоонун негизги каражаты, жолу, ыгы катары көрүнөт. Адабияттагы образдын касиетин М.Горький образ «ойду үнөмдүү уюштуруунун жолу» деп баа берген.

Көркөм образ ишенимдүү түзүлсө, бизди өз артынан ээрчитип кетет, ошон үчүн В.Г.Белинский образды «бейтааныш тааныштар» дейт.

Образ түзүүдө көркөм токуу (фантазия, кыял, ойдон чыгаруу) чон роль ойнойт. Ч.Айтматов минтип жазат: «Жаныбарым, Гүлсары» повести бир кыйла даражада автобиографиялуу. Каармандардын көпчүлүгү турмушта бар, мага жакын адамдар. Гүлсары да болгон: дубандан чыккан атактуу жорго эле, кала берсе аты да Гүлсары болчу» [4]. Демек, жазуучу айткандай чыгармага негиз кылып алынган жаныбар кандайдыр бир даражада турмушта болгон, бирок ага башка бир окуяларды, ойдон токуп чыккан эпизоддорду кошуп, анан аттын образын түзгөн.

Сүрөткер образды эки түрдүү усул менен жаратат:

1) Жалпылаштыруу жолу менен түзүлгөн образдар. Жазуучу турмуштагы көп адамдардын өмүр жолун, ички дүйнөсүн, үрп-адатын, психологиясын тыкан үйрөнүп, ошонун негизинде алардын эң башкы белгилерин, типтүү касиеттерин тандап алат, ошондон соң жалпылаштырат, синтездейт да бир көркөм бүтүндүккө топтоп, конкреттүү образ аркылуу чагылдырат. Н.Г.Чернышевский жазуучу «...көп кишилерди үйрөнөт, булардын эч кимиси толук тип болуп кызмат кыла албайт, бирок ар биринен жалпы типтүү белгилерди аныктайт, ар кыл кишилерден алынган белгилерди бир көркөм бүтүндүккө бириктирүү жолу менен мүнөз жаратат» [5, с.113] деп айткан. М.Горький жазуучуну ар түрдүү гүлдөрден жыт искеп көрүп, алардан бал жыйнаган аарыга салыштырат. Мына ушундай жалпылаштыруу жолу менен түзүлгөн образдарга Авалбек (Ч.Айтматовдун «Атадан калган туяк» аңгемесинен), Сабыр, Омор, Аскар, Орусбек (Т.Сыдыкбековдун «Тоо балдары» романынан), Зарлык (А.Токомбаевдин «Күүнүн сыры» аңгемесинен), Ванька (А.П.Чеховдун «Ванька» аңгемесинен) ж.б. каармандар кирет.

2) Прототиптердин негизинде жаралган образдар. Ч.Айтматов ойдон чыгарылып алынган адабий каармандар да прототиптер сыяктуу эле чындыкты түзүп берерин, а түгүл алардан да тереңирээк жана көбүрөөк жалпылап көрсөтөрүн айтат [6, с.18]. Мындай образдар тарыхта жашап өткөн, же жашап жаткан адамдардын өмүр жолунун жана реалдуу окуялардын негизинде, ошолордун айланасында жаралат. Бирок мында ошол адамдын тагдыр-таржымалы кандай болсо так ошондой көчүрүлбөйт, турмуштагы окуя-кырдаалдар типтештирилет, айрым нерселерди жазуучу токуп чыгат, өзүнүн эстетикалык-турмуштук идеялын, көз карашын кошот. Маселен, ушундай жол менен түзүлгөн көркөм образды дарак деп элестетсек, прототип дарактын өзөгү, көркөм токуу, фантазия анын бутак-шагы, эстетикалык идеял, автордун көз карашы болсо дарактын тамыры. М.Горькийдин «Эне» романындагы Павел Власовдун, Пелагея Ниловнанын, А.Токомбаевдин «Мезгил учат» повестиндеги Жапардын, К.Жусуповдун «Ыр сабындагы өмүр» эссесиндеги Алыкул Осмоновдун, Н.Байтемировдун «Тарых эстелиги» романындагы Уркуя Салиеванын, Ж.Садыковдун «Жукеев-Пудовкин» драмасындагы Табылды Жукеевдин образдары прототиптердин негизинде жазылган. Прототип прообраз деп да айтылат.

Суроолор жана тапшырмалар

1. Эмне үчүн адабиятты «турмуштун окуу китеби» (Н.Г.Чернышевский) дейбиз? Көркөм чыгарма адамдын аң-сезимине, жүрүш-турушуна кантип жана кандай таасир этет деп ойлойсуңар? Бир чыгарманы окуп жатканда каарман менен кошо кейип, же кошо кубанып толкунданган учуруң болду беле? Эгер болсо ал кайсы чыгарма эле, кандай сезимдерде болгонсуң?

2. Көркөм адабиятты неге сөз өнөрү дейбиз? «Адабият» жана «литература» деген терминдердин келип чыгышы, мааниси жөнүндө айтып бергиле.

3. «Кыргызстандын тарыхы» китебинен Кыргызстандын Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги абалы жөнүндө материал менен таанышкыла жана ошол тарых китебиндеги баянды согуш жөнүндөгү чыгармалар менен салыштыргыла. Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» повести (же башка чыгарманы) сөз өнөрүнөн искусствонун башка түрлөрүнө (кино, театр, балет-оратория) өткөндө кандай өзгөрүүлөргө учурагандыгын айтып бергиле. «Адабият жана илим, көркөм өнөрдүн башка түрлөрү жана сөз өнөрү» деген теманын айланасында кеп учугун улагыла.

4. Образдуулук көркөм адабияттын негизги белгиси экендигин окуган чыгармаларыңардын мисалында далилдеп бергиле.

5. Көркөм образ деген эмне? Прототип аркылуу жана жалпылаштыруу жолу менен түзүлгөн образдарга мисал келтиргиле. Образдын кандай тарбиялык мааниси бар экендигин айтып бергиле. Сенин сүйүктүү каарманың ким, ошол образ сага кандай сапаттары менен жагат? Айрым каармандарды «оң образ», кээ бирлерин «терс образ» деп жүрөбүз, булар жөнүндө көз карашын кандай?

6. Өзүңөр каалаган бир чыгармадагы каармандарды кимиси тип, кимиси мүнөз, кимиси персонаж экендигин ажыратып мисалдар аркылуу далилдеп, айтып бергиле.

Адабияттар:

[1] Географиялык терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. КСЭ. - Ф.: 1990. – 141-б.

[2] Эстетика – искусство жөнүндө, андагы жана жаратылыштагы сулуулук, көркөмдүк жөнүндөгү илим, окуу.

[3] Астафьев В. Толстойдун аты ыйык //Кыргызстан маданияты. – 1988. – 22-сентябрь.

[4] Ч.Айтматовдун А.Дергачёв менен маеги // Кыргызстан маданияты. – 1972 – №17.

[6] Чернышевский Н.Г. Соб. соч. в 5 томах. Т. 4. – М.: «Правда», 1974. – с. 113

[7] Китепте: Искусство и человек. А.Салиевдин жалпы редакциясында. – Ф.: «Илим», 1981. – с.18.

Сабакты даярдаган профессор Абдыкерим МУРАТОВ

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз