Сопулардын икеясы: Кара тумоо

  • 30.03.2024
  • 5342

Зыяратчы менен Тумоо капыл-тапыл жолугуп калышат.

– Кайда жөнөдүң? – дейт Тумоо.

– Меккеге, ыйык жерге сыйынганы. А өзүңчү?

– Багдатка, беш миң адамды алганы, – дейт Тумоо.

Экөө өз жолдору менен кетет. Бир жылдан соң экөө баягы жолдон кайра кездешет.

– Сен мени алдап коюпсуң го, – дейт зыяратчы Тумоого. – Багдатка беш миң адамды алганы баратам дедиң эле, элүү беш миң адамды мойсоп коюпсуң!

– Жок, – дейт анда Тумоо, – болор ишти гана айткамын. Мен Багдатта болуп, өзүмө энчилүү беш миңин алдым. Калган адамдар коркконунан өлүп тынышты, – деген экен.

Которгон О`Шакир

Комментарий калтырыңыз