Бир ырдын сыры: Касым Тыныстанов «Жаңыл Мырза» поэмасы

Поэманын жазылыш тарыхы: К.Тыныстанов бул поэмасын 1924-жылы жазгандыгын көрсөткөн. 1925-жылы Москва шаарындагы СССР элдеринин борбордук басмаканасынан чыккан «Касым ырларынын жыйнагы» деген китепке кирген отуз ырынын ичиндеги жалгыз поэма. Кыргыз профессионал адабиятындагы эң алгачкы поэма.

Чыгарма кыргыз оозеки адабиятында айтылып келген «Жаңыл Мырза» аталган дастандын негизинде жазылган.

Поэма 1924-жылы жазылган болсо, бул мезгилде кыргыз профессионал жазма адабиятынын салттары али калыптана элек болсо, жашы чоң, тажрыйбалуу адис жазуучулар али жок болсо, анан кантип ушундай мыкты деңгээлдеги чыгарма жаралды деп бүгүн биз таң калып отурабыз.

Биринчи кезекте К.Тыныстанов элдик чыгарманы жаңы классикалык адабияттын эстетикалык деңгээлине көтөрүүгө аракет кылган. Адабиячы Абдыганы Эркебаев «Жаңыл Мырза» поэмасы тууралуу мындай деп жазат: «К.Тыныстанов фольклордук материалга чыгармачыл мамиле жасап, дастандын сюжетин майда-баратына чейин кайталабайт, башкы каармандын образын таасын жана терең ачып көрсөтүүчү негизги сызыкты гана сактап, ошол эле мезгилде ага өзү толуктоолорду киргизет».

Поэма адегенде эле мындай саптар менен башталат:

Болуптур бир сонун күн бизден мурун,

Чынында эң сонун күн билем ал күн.

Күү тартып, күңгүрөнүп айтса кары,

Эрксизден ууландырат эр жүрөгүн.

Комуздун үч кулагын толгоп салып,

Тозоктун уулуу, зардуу күүсүн чалып,

Үн менен ый аралаш солкулдаса,

Энтигип, өткөн күнүн эсине алып.

Ал эми поэманын эң соңку саптары төмөнкүдөй берилет:

Тамшанткан, такылдаткан, таң калтырган,

Кийиктей эркин өскөн элиң кандай,

Кайгысыз, убайымсыз ыр ырдаган,

Бакыттуу бир күнсүң го түштөгүдөй,

Жаңылдай ири жандуу кыз урунган,

Ал өңдүү жыргал күндөр жылас болду,

Күңгүрөн, долу комуз, муңкан, муңкан!..

Чыгарманы жана анын авторун сындагандар дал ушул сыяктуу саптардан чоң ката табышты: Тыныстанов азыркы жаңы советтик замандын артыкчылыктарын ырдабай, бул учурга караганда мурдагы учур жакшы болчу, ал кезде эл кайгысыз, убайымсыз, кийиктей эркин өскөн, ал кез түштөгүдөй бир бактылуу күндөр эле деп өткөн феодалдык коомду мактап, ал учурду көкөлөтүп, ошол кезди самап ыр жаратып жатат дешти. Чынында андай эмес эле, акын эркиндикти ырдап жаткан, партиялык басымы жок коомдун артыкчылыгын ырдап жаткан. Мында эч кандай карама-каршылык, өткөндү самоо идеясы жок эле. Бирок чынында ошол 20-жылдарда эл да, акындар да жаңы заманды түшүнбөй турган, ошон үчүн тынчтык кезди эстешкен болушу да ыктымал.

Поэманын алгачкы 28 сабы чыгарманын киришүүсү, акындын лирикалык чегинүүсү сыяктуу болуп, алдыда айтылуучу сөздөр комуз менен айтылган баян, комузга салынган окуя сыяктанат, ал күндөр эми жок, бизден кеткен дейт да:

Тек гана мен жолоочу куш качырган,

Ыр ырдап, көктү карап көңүлүн баскан, - деген саптар менен бул бөлүм аяктайт.

Элдик дастандан айырмаланып, акын адегенде ички толгонуулары менен окурманды алдын ала айта турган чыгармасына даярдап алат.

Биринчи бөлүм 98 саптан турат. Андагы негизги ой – качандыр бир болгон окуяга, же чыгарманын темасына автордун ички толгонуулары, сарсанаалары, ошол окуяны айтып бербесе, ичи бук болуп жүрө бере тургандыгы сыяктуу ойлор.

Мойну узун күздүн түнү... уйкум качты,

Чубалжып учсуз, түпсүз кыял басты...

Кысылып көкүрөгүм, алым куруп,

Оодарды түпсүз кыял бербей башты.

Талаада темир аяз дооран сүрүп,

Чыгарбай күндүн көзүн таң да атпады.

Угулуп чалган комуз алда кайдан

Умачтай түн ортодо көзүмдү ачты.

Лирикалык каармандын абалы ушундай табият менен айкалышып, жаратылыш менен шайкештикте берилет: күздүн узун түнү – каармандын алы куруп, көкүрөгү кысылган абалы – талаадагы темир аяз – таңдын атпашы – комуз күүсү – көзүн түн ортосунда умачтай ачышы. Баары бири-бири менен байланышкан, бири-бирин толуктап турат. Андан ары дагы ушул ой уланат: ай арасы, тумандаган тоонун башы, ала булут, сайдын ташынын кыроо оронуп алышы, түлкү, бөрүнүн короолорго из түшүрүп жүрүшү. Бул өзүнчө элестүү тартылган сүрөт, образдуу ой жүгүртүү, таамай салыштыруулар, эпитеттер, адамдын ички дүйнөсү менен тышкы ааламдын гармониясы. Мындай чеберчилик, образдуу ой жүгүртүү 1924-жылы кыргыз адабияты али фольклордун «бешигинде жаткан кезде» кимдин гана колунан келсин?

Каарман андан соң ошол комуз үнү чыккан жакка карап кетет да, ал жерден бир абышканы көрөт, экөө дөңгө чыгып, «Абышка бир дөбөдө урду мандаш, отурдум мен да мандаш бирге барып». Анан абышка комузу менен Жаңыл жайын сүйлөй баштайт.

К.Тыныстанов ушуга чейин окуяга киришпейт, лирикалык ырга мүнөздүү ички сезимдерин, алдын ала айта турган окуяга «чалгынын чалып» гана турат. Ал Жаңыл баянын өз заманындагы адамдар менен жакындатып, заманбапташтырат. Бул адабияттын негизги өзгөчөлүгү: автор качандыр бир тарыхта болуп өткөн окуяны баяндап береби, уламыш, жомок, тарыхый чыгарма жаратабы – ошого өз доорунун «дүрбүсүн салып», өз доорунун адамдарына керектүү, зарыл деген нерселерди таап чыгат.

Экинчи бөлүм 232 саптан турат. Бул бөлүм эпикалык тектин формасында, б.а., сюжеттик сызыкка негизделип, окуялар биринин артынан экинчиси келип айтылат. Адегенде автор Жаңыл тууралуу айтпай сыр жашырып турат. Түлкү деген жигит тууралуу сөз башталат. Ал Тагай бийдин урпактары. Бир тууганы Үчүкө. «Бир тууган Түлкү, Үчүкө ири жүрөк, сүрдөбөй сүрдүүлөргө сунган билек» дегендей эки бир тууган эч кимден коркпой, баатырларча жашап жаткан болот. Ошондой күндөрдүн биринде эл жайлоого көчүп калат, ал күнү Түлкү жок, келинчеги атын токуп, жүгүн артып, «Озунуп кайненесин аткарбастан, бешигин эңди дагы жолго аттанды». Бул салтты бузуу, наркты тебелөө, кыргыз келиндери мындай кылмак эмес. Салт билбеген келиндин кылганына териккен кайын эненин кылган мамилесин акын мындай чагылдырат:

Какшанды көч үстүнөн кемпир кер жаак,

Колунан баланы ал да балам болсоң,

Жоготкун көч үстүнөн кетсин бейбак.

Түлкү энесинин сүтүн актап алуу үчүн анын айтканын кылып, жубайын ат, тону менен жолго салат. Ошондо жетим калган бала, эмчек эмбей чоңойгон уул кийин даңазалуу Тынай бий катары таанылат эмеспи.

Бир чети аялына, бир чети энесине таарынган Түлкү аял албай жүрөт. Ар кандай ылайыктуу жерлер болсо да, үйлөнгүсү келбейт. Ушундай жылдардын биринде Жаңыл тууралуу угат. Өзүнө эң жакын деп эсептеген Үчүкө, Атагозу, Чабакты деген үч эрге, Шырдакбектин көзү ачык сынчысына Жаңыл кыз тууралуу кеңеш курат. Ошондо алар Жаңыл тууралуу мындай дейт:

Жаңылды эч бир адам жеңе албас да,

Жаңыл кыз эч бир жандан жеңилбес да.

Ушул мүнөздөөдөн соң Түлкү баатырдын Жаңыл кызга ышкы оту андан бетер алоолоп жанып, аны бир көрүүгө делбеленет.

Кеңешип туруп төрт баатыр: Үчүкө, Атагозу, Түлкү, Чабак жолго аттанат, алардын максаты «Какшаалдын карга учурбай дирилдеткен» Жаңыл баатырына кездешүү эле.

Ошондогу Жаңыл тууралуу Касым Тыныстановдун берген мүнөздөмөсү эпикалык салт менен реалисттик адабияттын ширөөсү айкалышын мындача чагылдырылган:

Жаңыл кыз – эрдин эри, шердин шери,

Жаңылдан далай эрдин сынган бели.

Кир жууган, киндик кескен кичинеден,

Какшаал-Тоо – кыз Жаңылдын туулган жери.

Какшаалда кайгысы жок, көчүп-конуп,

Эркиндеп мал өстүргөн нойгут (поэманын айрым басылыштарында ойгут деп айтылат) эли.

Нойгуттун жаны – Жаңыл, каны – Жаңыл

Чытырап так ошондо толгон кези.

 

Жаңылда кандык кылган так болбогон,

Андайга өзү дагы кол созбогон.

Жаралган жандан өзгө бир мүнөздүү

Беш күндүк өмүр жолун башка ойлогон.

Кийинип эр кийимин, чачын түйүп,

Жүргөн соң Мырза деген эл ат койгон.

Кесиби: бүркүт салып, ит агытып,

Жаа тартып, оюн ойноп, той тойлогон.

 

Жаңылды алабыз деп чаңдап келген,

Чамалуу далай баатыр кол сермеген.

Келгендин бири жетпей максатына,

Жебеден куш тилиндей жанын берген.

Жаңыл кыз – желге сырдаш, эрик баласы,

Жаа тартып, ит агытып жүрө берген...

Мына ушул Жаңылдын кыска таржымалы өзүнчө эч кимдикине окшобогон тагдыр менен коштолот. Ал Какшаал аймагынын каны болгону менен кандык тагы жок, демократиялуу кан, буйрук берип, анын аткарылышын көзөмөлдөгөн өкүмдар эмес, ал өзүнчө жаа тартып, ит агытып жел менен жарышып жүргөн жапан тоонун жапан кызы. Ал «күндүк өмүрүң болсо түштүгүңө жорго мин» деген бийлик башчысы эмес, «көбүнчө жаш өмүрүн тоодо өстүргөн» эркин куш.

Ошол күнү ал адатынча Кертайганын ээрчитип аң уулап тоо-ташта жүргөн. Ага жоо келди, жылкы алынды деген кабар күн батарда келет да, түнкү жылдыздуу асманды жамынып, ачуу менен, кек менен бир тартууга даяр жебесин колго алып жолго чыгат.

Бир кезде кол талып, тизгин бошоп калган кезде жар алдынан жанган отко кез келет. Дал ошол от боюнда олжолоп айдап келе жаткан көп жылкыны ийрилтип туюк жарга камап коюп, ортодо таш кордону боркулдата кайнатып коюп, баатырлар жамбаштап жаткан. Андан ары текстте мындай саптар менен жолугушуу учуру берилет:

Сындады эрдин баарын бирден санап,

Үчүкө, Атакозу, өттү Чабак,

Түлкүдөн сын тайгылып, кемтик таппай,

Толкундап түшкөн кезде чын махабат.

Кертайган илгертеден канга жолдуу

Шимшилеп кирип барды от жакалап.

«Канчыктын Кертайганы...» деди Түлкү,

Мөндүрдөй тарткан жебе тийди шак-шак!

Мына жолугушуу – бир тарабы кызды бир көрүүгө дегдеп келип, жылкы тийген баатырлар, алардын ичинде биринчи кароодон эле көңүлү тоюп, эркек сымал жашоо кечирген кыздын чын махабатын ойготкон Түлкү баатыр, экинчи тарапта – жылкыларын алдырганга намыстанган, эчен-эчен эрлерди аттан оодарган Жаңыл Мырза.

Өлүм менен махабат бет келет. Жаңыл Мырза бир көрүштө жактырган Түлкүнү өз колу менен жайлап салат. Ошол учурда акын лирикалык чегинүү менен махабат тууралуу мындай саптарды киргизет:

Махабат – тозок оту балбылдаган,

Ким кызып, илебине албырбаган,

Махабат – кырдан качкан кызыл түлкү, 

Бүркүттү ташка согуп алдырбаган.

Махабат – турагы жок соккон шамал, 

Мойнуна түргөн чалма салдырбаган.

Махабат – чырга тарткан күлүк закым,

Кол созгон талапкерге карматпаган.

Ооба, махабат темасы түбөлүктү тема. Ал эч качан эскирбейт. Дүйнөлүк адабияттын не бир залкарлары бул темага кайрылып, улам бийиктикке чыккан менен улам жаңы авторлор кайрыла берет. Кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгында «Олжобай менен Кишимжан», Мырза уул менен Ак Саткан» дастандары махабаттын улуулугун, ышкы отуна кабылган адамдардын сүйүүсүн даңазаласа, элдик ырчы Барпы Алыкуловдун махабат темасындагы ырлары азыркы күнгө чейин эл оозунан түшпөй айтылып, обончулар обон жаратып, музыкалык ыргактар кошулуп келет.

К.Тыныстановдун махабатты салыштырган саптар өзүнчө керемет, акындын туюмунда махабат Махабат – «балбылдап күйүп турган тозок оту», «кырдан качкан кызыл түлкү»,  «турагы жок соккон шамал», «чырга тарткан күлүк закым», анын илебине кимдер гана албырбаган, ал бүркүттү да ташка соктуруп, өзүн алдырбайт, ал мойнуна чалма салдырбайт», «Кол созгон талапкерге карматпайт».

Мына ошол махабат бул жолу Жаңыл Мырзага – тоонун кыраан бүркүтүнө, тоо-токойдун ээсине, сүйүүнү уккан менен билбеген кызга келди. Анын ошол ички абалын билдирүү үчүн акын кыргыз махабат поэзиясындагы эң таамай, эң таасын саптарды издеп, таап, поэмасын ошолор менен кооздоп отурат.

Поэманын үчүнчү бөлүмү 231 сап. Эми Жаңылдын колунан өлгөн төрт баатырга кун төлөө керек. Кыргыздан хан Шырдакбек, казактан Тауке кан топ башы болуп, Шырдакбектин сынчысы амал ойлоп таап, жаа тартып жайдак атчан келе жаткан Жаңылды буктурмада Абыл жетип чукул жерден чылбырлап калганда Жаңыл аны таанып, сунуп бараткан канжарын, жаасын таштап, көп колго багынып берди. Ошентип,

Какшаалдын кыз кабыланы түштү колго,

Жайылган атак-даңкы оңго-солго.

Кордукта Жаңыл өмүрү чирисин деп,

Беришти бир карыга кылып олжо.

Арадан күндөр өттү, айлар өттү, капастагы кабылан бошой албады. Бир күнү эриккенден Жаңылды мурдагы өнөрлөрүн көрсөтсүн деп чыгышат. Муну Абыл айтып келгенде Жаңыл Мырза азыр эми туткун кыз, капаска камалган кыз мурдагы жоо кийимдерин жана Шырдакбектин жоргосун сурайт, ошондо өнөрлөрүн төкпөй-чачпай көрсөтмөк болот.

Поэманын төртүнчү – жыйынтыктоочу бөлүмү 103 саптан турат. Жаңыл астына ат тартылып, үстүнө жоо кийимин кийген соң кээ бирлер эми бул баатыр кыз качып кетет деп ойлоду, кээ бир өзүнө ишенген баатыр мүнөз жигиттер бир чабышып калууга камынды. Ошондо Жаңыл көрүнөт.

Үстүндө эр кийими, жарак-жабдык,

Топ элге келе сала Абылга айтты:

Саркыты илгеркинин калды бекен?

Кайын иним, тебетейиң асманга атчы!..

Ыргыткан тебетейди түшүрбөстөн,

Жаа менен Жаңыл удаа он беш тартты.

 

Караса: тебетейде түк төбө жок,

Тегерек түпкүч болгон, курбу калып.

Багындым, баракелде!.. деди да Абыл,

Мойнуна кулдук кылды чылбыр салып.

«Кош, кайним! Бизге уруксат болгон чыгар!»

Деп Жаңыл жолго түштү камчыланып...

Ошентип ал качып отуруп, Шырдакбектин жоргосу менен учкан куштай канат ирмеп отуруп, туулган жерине – Какшаал-Тоого келди. Ал жерде кара туман, калың кайгы, анткени нойгут элин сырттан келген кытайлар багынтып алыптыр, жылаңач куру журту калыптыр.

Жаңыл анын баягы төрт азамат өлгөн жерге барат. Бул жерде автор махабат, анын ыйыктыгы, улуулугу тууралуу саптарды киргизет. Ушул жерге Жаңыл Мырзаны алып келген да ошол махабат. Ошондогу Түлкүнүн куу сөөгүн көргөндөгү Жаңылдын абалы: «Эпкиндүү азоо жүрөк алсызданат, өмүрдүн эң акыркы күүсүн тартып», «Бүлкүлдөп соруп жатты жылуу канды, уңгучул куу топурак кактап болду, денинен чыкканынча Жаңыл жаны».

Ошентип, К.Тыныстановдун «Жаңыл Мырза» поэмасы трагедиялуу аяктайт, эки сүйүшкөн жүрөктөр бири-бирин түшүнүшө албай, бири-бирине жетпей махабат отуна күйүп кетет.

Ушул күнгө чейин кыргыз элинде Жаңыл Мырза – баатырлыктын, эрдиктин символу, кыздан чыккан өз эли-жерин коргоочунун образы катары айтылып келет. Кыздардын тартынбас, ат жалында шамалдай жүргөн, эркин, өз ой-пикирин дароо айткан мүнөздүүлөрүн «Жаңыл Мырзадай» деп коюшат. Кыздарга да ушундай ысым коюу кеңири тарап келген. Жаңыл Мырза канчалык эр жүрөк, өзүнчө согушка чыгып жүргөн кыз болсо да, адамдык сапаттан куру жалак эмес. Эмне үчүн ал төрт баатырга жаа атты? Андай кылмак эмес. Айып өздөрүнөн кетти.

Биринчи учурда тынч жаткан нойгут элинин жылкыларына тийип, аларды айылдан обочолоп айдап кетти. Экинчи учурда уурдаткан жылкыларын кайтарып алуу үчүн келе жатканда мунун Кертайганын көрүп, Түлкү баатыр «Канчыктын Кертайганы» деп шылдыңдады. Кыргызда кызга мындай мамиле кылбайт. Анан калса, бөтөн бирөөнүн жеринде, бөтөн бир элдин малын тартып алып баратып. Жаңыл ушуга ачуусу келет. Ушул мамилени жигиттерден, айтылуу Түлкү баш болгон төрт баатырдан көргөндөн кийин эмне кылуу керек? Аргасыздан жебесине колу барды. Бирок ал ошол кылганы үчүн азап тартты.

Түлкү баатырдын жигиттери көп кол менен келип, амал-айла менен колго түшүрүп туткун кылып кетти. Эркиндиктин сүйгөн кыз ал жерде өнөрүн көрсөттү, элге жоокерлик өнөрү, тагыраагы жебе атуу өнөрү менен жагып, таң калып бүтө албай жаткан жигиттерди жазгырып Шырдакбектин күлүгүн минип өз жерине, элине келди. Аны махабат алып келди. Кыз жүрөгү, ургаачылык мээрими Түлкү баатырга берилип калган экен, аны бир кезде өз колу менен атып өлтүрсө, эми анын сөөгүнүн жанында өзүн өзү өлүмгө кыйды. Бул – адабияттагы шарттуу түшүнүк, турмушта мындай болбогону менен бул – образдуулук, каармандын ички дүйнөсүн ачып берүүнүн каражаты.

Адабиячылар Кеңешбек Асаналиев поэма жөнүндө: «Бул кыргыз көркөм сөз искусствосунун тарыхында жаңы адабияттын, жаңы традициянын башталышы», - десе, Качкынбай Артыкбаев: «Поэма чыны менен жазма поэзиянын талабына жооп берерлик деңгээлде жазылган, сөздөр, саптар, строфалар өтө дыкаттык менен так, элестүү, көркөм иштелген», - деген пикирин айтат.

Абдыкерим МУРАТОВ, жазуучу, адабиятчы

Комментарий калтырыңыз