Жолон Мамытов жөнүндө биз билген-билбеген фактылар

“Уруум – Муңгуш, уругум – Төлөйкөн. Жердин аты да Төлөйкөн. Ош шаарынын Чыгыш-Түштүк тарабына, Ак-Буура дарыясынын жээгине жакын жайланышкан кыштак. 1940-жылы туулганым так, бирок кайсы числодо экени так эмес. Паспортума биринчи апрель деп өзүм жаздырып алганмын. Эч ким ишенбейт да, куттуктабайт да, ал гана эмес ал күндүн кандай өтүп кеткенин өзүм да сезбей калам. Атамын айтуусуна караганда жамгыр жаап жаткан күнү төрөлүпмүн... Атымды “Жолой” деп К.Жантөшевдин “Каныбек” романын окуп жаткан агам Райымберди койдурган экен, өзү айтып калат. 1-класска окууга барганда эле Жолон болуп жазылган. Эмне үчүн экенин билбейм. (Ж.Мамытовдун жеке архивиндеги “Адам буту алгач Айга жеткен замандын күбөсүмүн....” деген күндөлүгүнөн).

Жолон Мамытовдун акын болуп калыптанышында абасы жамакчы Берикбай менен апасы Алмакандын орду өзгөчө. Алмакан Төлөйкөндөгү Мати деген соодагердин кызы, атасы Кашкарга каттап, кытай жибегин, фарфорун Оштун базарында пулдаган, Анжыян, Маргалаң, Кокон тараптан өзбек ашына-досторду күткөн мартабалуу киши болгон.

Базардын жаагын кызытканы аз болгондой, мал-койдун баасын бычкан көздүү, кыйын далдалчы болгонун айтышкан карыялар. Николайдын тикме машинасын үйүнө биринчи өзү алып келгенинен байбичеси кыздарын кол өнөрчүлүккө үйрөткөн. Алмакан кичине кезинен эле жүк бурчунда отуруп сайма сайып, курак курап, эркектердин чапан, постун (көрпө ичик), тебетейин жасаганды үйрөнгөн. Бойго жеткенде анын уздугу, жанда жок сулуулугу жөнүндө айылдаштары тамшанып сөз кылышкан.

Бирок, сулуунун тагдыры оош-кыйыштуу болуп, бактысын тапканга чейин муңайымдуу күндөрдүн далайын баштан өткөргөн, барган жеринде “таш түшкөн жеринде оор” дегендей, отуруп калбаган. Бир тууган таежесинин кызы Үсөнова Айымдын айтканына караганда, Алмакан сулуу төрт же беш күйөөгө чыккан. Он алты жашында бир тууган тагасы Данияр келин кылып алат. Бир жылдан кийин күйөөсү эски оорусунан каза табат, жаш келин тул калат, бир тууган агасы Дубананын колуна келет.

Ошол маалда кеңеш өкмөтү жаңыдан курула баштаган мезгил экен, совет бийлигине каршы турган Абдырайым деген корбашы жуучу коёт. Колунда бар байлар кызга калың кандай берсе, так ошондой төрт түлүктөн тогуз кара, кымбат баалуу тогуз мата, күмүш теңгесин кошуп, келиндин калыңын бердирет. Заман тынчыбай, калтыс болуп турганынан чочулаган корбашы болжошкон күнгө жеткирбей, Алмаканды уурдатып алып, Папандын Бука деген жайлоосуна алып кетет.

Корбашынын Алмакандан башка үч-төрт аялы болот. Тоо койнундагы ажайып кооз жайлоодо корбашы менен бир жылча өмүр сүргөндөн кийин, апасы Нарбүнүн көзү өтүп, Төлөйкөнгө бир ат коштуртуп, ыйлап-жоктоп келет. Апасынын кыркы чыкканга чейин басмачылар колго түшүрүлүп, Абдырайым бек атып өлтүрүлөт. Жесир калган байбичелер Алмаканга кара кийгизип, кошок коштуруп, маркумдун кыркылыгына чейин боз үйдөн жылдырбайбыз дегенде, эптеп бир ылажысын табат, Төлөйкөнгө кошо барган паңсаттын жигитин паралап, кайсы бир күнү түндү коюулатып, Бука капчыгайынан атчан качып чыгат.

Апасы Алмакан сулуу

Алмакан Төлөйкөнгө келип агасынын үйүндө жүрүп калганда, солкулдаган бастилүү бой, ак жуумалданган жүзүнөн нур тамып, токмоктой өрүлгөн калың чачы этегине өбөктөгөн жаш жубандын сулуулугун айтып түгөтө албаган аңыз кептер жүрөт. Айыл аксакалдары ортого түшүп, Оморов (Өмаров) Ражабалиге алып беришет. Анын биринчи турмушунан Тургунбай деген чыйрак, өткүр, билимдүү баласы айылдагы биринчи мектепти куруп, сабатсыздыкты жоюп, бала окутуп, директорлуктан райондун билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына көтөрүлөт. Айылдан чыккан активист, партия мүчөсү, жаңы турмуштун, жаңы замандын алгачкы карлыгачы Тургунбайдын ысмы Төлөйкөн айылындагы чоң көчөнүн бирине коюлган. Ражабалиден Турат аттуу уул, Эрке деген кыздуу болот.

Күйөөсү эл башчысы катары каерден кароосуз калган жетим балдарды көрсө, атына учкаштырып үйүнө алып келип багып алган колу ачык, март, адамгерчиликтүү, боорукер болгонун ушул кезге чейин айтышат. Кыз болсо казан-табагына каралашып, уул болсо эшик элигиндеги иштерди, мал-калын карап, аларды кийиндирип-ичиндирген.

Эгер бири-бирине көңүлү келип калса, экөөнү үйлөндүрүп, кыз баланын энчисин кошо берген. Эки балалуу болгондон кийин Ражабали ааламдан өтүп кетет, Алмакан дагы тул калат. Айыл-апа, алыс-жакынга гана эмес, районго, облуска аты белгилүү, кадыр-барктуу улуунун кадырын бийик коюп, жети-сегиз жылдай бош жүрөт. Колун сурап келгендерге; “Эч кимге турмушка чыкпайм. Эрим да, балам да ушул...” деп коёт.

Эл деген эл да. Илгери жакшы кыз же жакшы жубан бөтөн жерге кетпей, өзүбүздө калсын деген көз караш күч болгон. Ражабалинин жесирине алдыртан тузак коюп, көз арткандар, сөз ыргыткандар, тамакайы так болгондор азайбаган. “Сезимде ар-намыс барбы” дегендей, жаш жигиттер да ашкере сулууга ашык болгонун жашырышпаптыр...

Алмакан ошол маалда түнү менен Николайдын тикме машинасын тыкылдатып тындырбай, пес сурптан, бөздөн (агыш катуу материал) кийим-кече тигип, айыл-апаны кийиндирип, бүт кем-карчын түгөлдөп, жыртык-тешигин жамачылап турган. Аттуу-баштуулардын зыйнатына алдыртып, кошок коштурушкан. Өзү да жөн сүйлөбөй какшыктап, бирөөлөргө ат коюп, куйкум сөзгө жакын, кыял-жоругун туурап күлдүрчү экен. Айылдан эки чоң эле киши Алмаканды талаша кетип, көйнөк, дамбалы сала-сала тытылып-айырылгыча мушташып, биринин мурдун бири жанчат. Анысы киңкилдеп сүйлөп калат.

1937–38-жылы тууган-уругу бүт масилетке чогулуп, эптеп Мамытка алып берели деп сүйлөшүшөт. Ошол кезде чоң кызматта иштеген айылдын кадырманы Тургунбайдын достору, айыл аксакалдары чогулуп, “Жакшы аял жатка кетпесин. Апаң али жаш, Мамытка тийсин”, – деп алдына барышат. Ары ойлонуп, бери ойлонуп Тургунбай араң макул болгон экен.

Мамыт

Ата салтын улап, Алмакан жетим-жесирди көп баккан. Өзү да короздой койкоюп баскан, бий сөрөй аялзаты эле. Башындагы жоолугу менен көйнөгүн бир түс кездемеден тигип, мейманга же базар-учарга барганда сөзсүз башын жууп, аттын кылы сымал кайраттуу чачын экиге өрүп таштап койчу. Чачы узун, катуу, жоон болгондуктан, көйнөгүнүн желкеси тез эле сүзүлүп кеткендиктен, мүрүсүн эки-үч кабаттап тигип кийчү дешет. Алмакан Мамытка турмушка чыккандан кийин көпкө чейин балалуу болбой жүрөт. Кызы Эркени Мамыттын уулу Кудайбердиге күйөөгө берет.

Курган Алмакан көпкө дейре төрөбөй жүрүп, бакшы-бүбүлөргө Таштандын кызы Султанхан экөө тынбай каттап, кудайдан тилейт. Бакшы сарсанаадан жүдөп жүргөн Алмакандын бой-башын кылдат карап, тамырын кармап, бүркүттүн этин жедирип, этек-жеңин ысырыктап, мындай дейт: “Сенин күмөнүң бар, эркек төрөйсүң. Калта какты кийинки бала кыйын болот дешет. Өмүрүн берсин”, - деп алкап, жолго салат.

“Төлөйкөндөгү Алооке (биздин туугандарды ошентип коюшат). Айтназардын Мамыты менин атам. Өз атам ачык-айрым, бир ишти колуна алса майын чыгара иштеген, бозо уулап бир жүрүп калса далайга жүрө берген адам экен. Атамы билбейм. 1942-жылы согушка кетип, ошол бойдон дайынсыз. Үмүт деген кыйын экен го. “Кокус келип калса” деген ой дале башымдан жылт этип кетпейт. Тирүү болсо азыр 74кө чыккан болор эле. Атам кетер жылы пахта кырманында илме таразага көйнөгүмдөн илип тартып көрсө, 13 кило чыгыпмын (Муну да Райымберди акем айтат). Азыр 78 килограммын. Тууганыбыз Момуштан 12кг.га арыкмын.

Апам Алмакан Төлөйкөндөгү Мати дегендин кызы.Таятабыз мен төрөлө электен сансыз жылдар мурда эле каза болуптур. Агам Турат менен энелеш экем. Апам ал экөөбүздү апамын сөзү менен айтканда “эки жетимди” чоңойтом деп жүрүп карыды байкушум. Бул дүйнөдө эненин карызынан кутулуунун айласы болбойт окшойт...” (Акындын автобиографиялык баяндамасынан).

Атасы Мамыт сөзгө уста, куйкум сүйлөгөн акылдуу киши болгон дешет айылдаштары. Айтназар – “Какшык”, Мамыт-какшык деп коюшчу экен. Айыл кыдырып жүрүп, бозо ичип бир кыйла кызып калган Мамыт атасы Айтназарга барат:

– Ассалоому алейкум, -деп салам айтса, Айтназар кекээрленгендей:

– Дагы ичипсин... – дегенсип алик албай коёт, бир азга артына барып, кайра келген Мамыт:

– Здраствуй, – деп учурашчу дешет атасын күлдүрүп.

Жолондун тамашакөйлүгү ошол аталарынан калган өнөрү болсо керек.

1942-жылы декабрдын аяк ченинде Айтназаров Мамыт аскерге чакырылат. Мамыт узун бойлуу, чап жаак, кыйгач мурун, кең көкүрөк, өңү кара торуланган, баскан-турганы жеңил, азилкеч киши болуптур. Жөн сүйлөбөй какшыктап, сөз менен атышса, оңойго өнөгүн бербеген кежир болгон дешет. Айылдашы Үсөнбай экөө фронтко бирге жөнөмөк болушат. Ана-мына жөнөйбүз деп турганда, аскерге чакырылган күнү Мамыт:

Жолон аталаш агасы Кудайберди Мамытов менен...

– Жүр Үсөнбай, согушка кете электе эстеликке сүрөткө түшүп коёлу. Бар болобузбу, жок болобузбу?.. - дейт шумданып.

– Койчу, кийин дозокко түшөбүз. Мусулманчылыкта сүрөткө түшпөйт дейт, - макул болбойт.

Үсөнбайдын бою кодоо, шыргыйдай арык, чыканактай кичине киши болчу.

– Сен окопту кичине казсаң эле бекинип аласың. Мен сөтөйүп качан казып болом аа?.. – дегенде, узатып келгендердин баары күлүптүр.

“Берикбай аттуу кошокчу-жамакчы абабыз менин бир укканда эле жаттап алууга жөндөмдүүлүгүмдү билип калып, алты-жети жашыман эле жанына алып жүрүп, аш-тойго барса, эшекке учкаштырып алчу экен. Молдо-кожону жакшы көрбөгөн адам эле дешет. Мен аларын элес-булас гана билем... Поэзияга болгон шыгым маркум Берикбай абамдан уламбы деп ойлоном....” (Ж.Мамытовдун күндөлүгүнөн).

Берикбай Жолонду эшегине учкаштырып алып, аш-тойго алпарып, өз билгендерин куйма кулак балага жуктурганга ынтызар болгон. Өз мезгилинин агартуучусу, чөйрөсүндөгү жакшы-жаманга баа берген жамакчы акын ырларын кичинекей Жолонго айттырып, анын көркөм сөзгө болгон мамилесине, адамдагы оң-терс сапаттарды көрө билген дилгирликти ойготкон. Отчул акындын стихиясындагы оттой таптуу, оттой жалбырттаган сүйүүнүн көз ачышына, жашоого, жаратылышка, коомго, адамдарга болгон көз карашынын калыптанышына, поэзияга болгон ышкынын өзөк алышына түрткү берген жана чоң устат болуп берген.

Берикбай жамакчы ошол кездеги коомдогу терс көрүнүштөрдүн чекесине чыккан чыйкан сымал, жаман көрүнүш, адепсиз кыял-жорук, адамгерчиликсиз мамилени жамактатып ырга кошуп, өзү да ырдап, бала Жолонго да айттырган. Андан колхоздун активисттери, ушакчы, куйту, жалкоо, ууру-кески, жаман ойлуу адамдар чочуп, коркушкан. Тайманбай бетке айткан, жамак болсо да сөздүн энергетикасы менен таасир эткен. Сөздүн күчү, кудурети, таасири болуп көрбөгөндөй чоң болгон.

Коомчулукту Берикбай жамакчы, Тургунбай активис өңдүү адамдар теске салып турушкан. Жамакчынын айылдын ал-бул башынан тыйылбаган кадамы адамдардын аң-сезимине кыттай орноп, бирде театрдын, бирде кинонун, бирде мектептин ролун аткарып турган. 

Ризван ИСМАИЛОВА

(Уландысы бар)

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз