Тарыхый чындык: Булат Окуджава заарканып жашаган саясый доор

Мындай Окуджаваны билген эмесмин!!! А Сиз билдиңиз бекен???

*       *       *

Кыйроо күнүм күтүп жашайм курган жан,
басынамын жана дагы айрылуу.
Империя – коркунучум туулгандан,
жадагалса майрам күнүм кайгылуу.

Баары тамам – жарым-жарты сөз менен
балким бир күн кырк мертебе жаңырды...
Империяда туулгамын кан көздөгөн,
жадагалса тартпадым өз канымды.

*       *       *

Айттыңар жөнүн Ливандын...
Ливанды жалгап кудайым!
Сактасын кудай Ивандан
танк жолун курбай ылайым.

Ал келчү болсо танк менен
ким билет, оён жутунуп,
түтүктөн огу «даңк» деген
балээни баштайт кутуруп.

Жолоочу сөзү – келжирек,
кеппи ошол – кылыч чапканы.
Канкордон көрө – элжиреп
кууган оң сүйүү, акчаны.

Ал жакта тынчтык – өчөшпөй
кылымдар кылы кыйшайбай,
коломто турат оту өчпөй,
чөл күүсүн чалат – тынч албай.

Дамамат кандай караба,
Ыйык жер бизден үзбөгөн:
Мандельштам, Толстой жана даа
Пушкиндер калат биз менен.

Коомубуз артка кеткендигин билчүмүн, бирок мынчалык деӊгээлге жетет деп үч уктасам түшүмө кирбеген. Айрым татыктуу делген кишилер бар. Алар каякта? Коомдо болуп жаткан көрүнүштөргө катышкысы келбей, четте карап турган гана көрүнүш. Алар тек гана булуттуу көктүн астында, муңдуу чөптүн үстүндө, үмүт артпай калышкан...

Бул анын 1989-жылдын күз айындагы катынан.

Биринчи строфасы 1991-жылдын 4-февралында “Вечерная Москвада” жарыяланган ыр:

Алдашты дале, жигиттер,
кайрале тетир нуктады.
Дем алып кере күйүккөн,
Демибиз кайра чыкпады.

Кере дем алып күйүгүп,
Жүрөккө жолду салды элек.
Бекчейдик белдер бүгүлүп,
Бел түзөп басып калды элек.

Соода экен достор, керегиң,
иш кудум кыштын күнүндөй.
Ток этер чындык дегениң,
Ак кептер учкан күүгүмдөй.

– Булат Шалвович, биздин өлкөгө эӊ коркунучтуу эмне деп эсептейсиз? – деп 1992-жылы “Столица” журналынан сурашканда, ал минтип жооп берген:

– Табият менен тарых мыйзамдарына карама-каршы нерселерди курганыбызды коом да, өзүбүз да түшүнгөн жокпуз. Азыркыга чейин бул балээни аӊдап-биле элекпиз. Биз мурункудай эле адамдык инсандыкты урматтаганды билбей келебиз, андагы жашоонун жогорку баалуулуктарын көрө албайбыз жана мунун баарын каныбыздан арылтмайын эч нерсе өзгөрбөйт, төбөлдүк психологиясы боло берет, ал бизди да, балдарыбызды да жок кылат. Тилекке каршы, ал өтө күчтүү, бүлдүргүч жана ит жандуу...

Коомубузду жапайы – бир канкордун башкарганы керекпи?
Кембагалды болот кантип алдаса? Маң баштыгы эмеспи;
жан-тенинин бурчегинде купуялуу жалган күлкү жатыры,
караламан калктын каары портреттин аркасында катылуу.

*       *       *

Коколо деп күүлөп бир-бирин,
Кырып жатат тууган тууганын;
кан күсөөдө жайлап кимди-ким,
колдо кылыч, жайлап кууганын.

Уу-дуу жеңиш, желпип желекти,
менменсүүгө төнүп айлана...
кыйроо салган жеңиш керекпи,
көңүлдөр кайт болуп кайрадан?

Нес кылып бир эске келтирген,
сокку керек биздин төбөгө.
Ансыз – тозок турар мелтиреп,
үстүбүзгө үйгөн дөбөдө.

1995-жылдын 23-июнунда Окуджава Париждеги сценалардын биринде туруп, Чеченстандагы согушка кандай көзкарашта экендиги тууралуу суроого жооп берген. Акын ондогон, жүздөгөн жылдар бою эскерилер кооптуу көрүнүш экендигин айткан. Өзүн өзү сүйгөн, өтө татаал, миллионго жетпеген бир ууч калктын психологиясы менен эсептешүү зарылдыгын белгилеген. Аларды өткөн кылымда 50 жылдын ичинде жок кылышты. Бул кылымдын 44-жылында кыргынга дуушар кылдык. Азыр да жок кылууда. Бул эмне? Россия бийлиги башка ыкма менен өзүн өзү бекемдей албайбы? Бул үчүн сөзсүз түрдө өз жарандарын кырыштын кереге бар беле?

Мага сүйкүм орустар – баянында байыркы,
Пушкиндин казалында.
Жактырам ый, кубаныч, жалкоолугун дайымкы,
Кайгысын, азабын да.

Жүрөгүмдө – сабыры, ишеними, жалганы,
Жадесе заары дагы...
Ким билиптир, коопко калат жандануу
Пейзаж да – арыдагы?

Не демекпиз, башка доор. Сыры ачылып миң мифтер.
Жеңилди кеменгерлер.
Каягына карабаң – скиф, скиф, скифтер...
Караңгы, керең, көрлөр!

“Биз оорулуубуз десек болот, биздин коом жапайы, ооруга чалдыккан. Коом эски стереотип, көзкараш менен жашап келет. Жаӊыча, жаӊы күч-кубат менен жашай албайт. Ал ушуга көнүп барат, төнүп барат. Оору менен, кан менен”. (1990-жылдагы Киевдеги концертинде).

“Биз жетимиш жыл артка кеттик, жапайыландык. Библиядан мисал келтире кетейин. Моисей Египеттеги туткундан еврейлерди алып чыгып кетип баратып, кул болгон муун жашап кетиш үчүн, кулчулук сезимден тышкары болгон адамдар жаралыш үчүн беш күндө жетчү жерге кырк жыл ээрчитип жүргөн. Ал эми биз оорчулуктан жабыр тарткан жөнөкөй кулбуз, кулчулугубуз менен сыймыктанган кесипкөй кулбуз...” (1991-жылдын февраль айындагы Донецк шаарында берген интервьюсунан).

Тумоо болуп же бир айнып эсиңден,
не согушта, не канкордун огунан –
өлбөй аттиң, түйшөлүп жаш кезиңден
өкүнүчтүү; гүлдөй эрте соолуган.

Кеп кылбайын, мейли түндө текшерүү.
Тапканымдын баарына сен кожоюн.
Мекенимдин өчтү аттиң, кечтери,
ал жөнүндө кандай ырды созбоюн.

Жырткычтыкка жеткендиктен жаалдануу,
көз ирмемде көз ачылат умачтай,
калк айласы кара жанын кармануу –
журт которуп, көчүн улам чубатмай.

1991

Которгон Эрмек Шоруков

P. S. Ырлар О`Шакирдин котормосунда

Булак: livejournal.com

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз