Россияга Кыргызстанчалык көз каранды бир да өлкө жок

Абдувахаб Мониев, публицист: “Керт башы,  көр оокаты үчүн акылдууларыбыз арбын. А жалпы мамлекеттик ишке, жамы улуттук оокатка келгенде акылга чукакпыз” – дейт.

“ЭГЕР КАЙТАЛАНСА, АЛ КОКУСТУК ЭМЕС, ООРУ”

- Абдувахаб ага, АКШ Кыргызстанды Африканын эң артта калган мамлекеттеринин катарында визалык жана миграциялык чектөөлөр боюнча “кара тизмеге” киргизгендиги боюнча ар кандай ойлор айтылууда. Борбордук Азиядагы эң демократиялуу мамлекет саналган, парламенттик башкарууну тандап алган биздин өлкөгө дүйнөдөгү демократиянын таянычы болгон империя неге тетири көзү менен карап жатат?

-  Эларалык мамилелерде мындай иштердин ачык да, жабык да себептери болот.  Биометрикалык паспортторду берүүнү кечеңдеткендикке,  терроризм, коопсуздукка байланыштуу маалыматтарды бөлүшпөй койгондукка  шылтап, ачык тарабын АКШ бийлиги расмий билдирди. Албетте, анысы да негиздүү: жөнөкөй жарандык паспорт деле бизде чоң проблема, аягына чыкпаган чуу. Ал эми  жабык жагы дүйнөдө кайра жанданган геосаясий атаандаштыкка байланган.

АКШ Кыргыз Республикасынын эгемендигин биринчилерден болуп тааныган эле. Анан кыргыз мамлекети Россия таасиринен чыгып, эркин, демократиялык өлкө катары калыптанып, дүйнөгө бир кылка демократиялык тартип орноткусу келген Американын гегемондугу үчүн үлгүлүү өлкө болот деп үмүт арткан. Ошол максатта канчалык жардам бергенине карабай, Кыргызстан эркин, демократиялык мамлекет катары калыптана албады. А акыркы кездери өз алдынча саясаты жок, жөн гана Россиянын кол баласы сыяктуу акыбалга кептелди. ЕАЭБга кирүү ж.б. кадамдар аркылуу бул көзкарандылык барган сайын тереңдеп атат. Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинде Россияга Кыргызстанчалык көз каранды бир да өлкө жок.

Азыр өлкөбүз Москванын макулдугусуз өз алдынча тышкы саясат жүргүзө албайт. Ал тургай ички саясий иштери да Кремлдин көзөмөлүндө. Экономикалык-социалдык маселелерди болсо АКШнын дагы бир атаандашы Кытайсыз жайгара албай калдык. А акыркы кездери дүйнөдө АКШ менен РФнын геосаясий атаандаштыгынын жаңы этабы башталды. А Борбордук Азия мамлекеттери андан сыртта калбайт.   

-  Демек, алардын бизге сыртын салышына Кыргызстандын АКШ менен мамлекеттер аралык келишимден өз бетинче чыкканы,  Ганси аскер-аба базасынын Кыргызстандан чыгарылышы да түрткү болсо керек. Американын Ганси авиа базасынын чыгарылышы боюнча оюңуз кандай?

- Эгерде түпкүлүктүү мамлекеттик кызыкчылыкты көңүлгө алсак, АКШнын авиабазасынын турушу, биз үчүн экономикалык жагынан да, саясий жагынан да пайдалуу болчу. Ижарага төлөмөр болгон акчасынан да баалуусу (акчаны биздин чоңдор жөн эле бөлүп жеп алат деп атышпайбы),  идиректүү балдарбызды АКШнын алдыңкы университеттеринен окутууну сунуштап, макулдашсак деле утук алмакпыз.  Бирок, Кыргызстанда экономикалык да, саясий да кризис тереңдеп, ички саясий күчтөрдүн ыйкы-тыйкылыктары күчөп кеткенде, саясий элитабыз четтен жардам сурап, ички проблеманы орустардын күчү менен жайгарууну оң көрдү. Мамлекет тагдырына тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүнө ошентип өзүбүз шарт түздүк. Азыр эми Кыргызстан Россиянын сателлитине айланды. Американын Кыргызстанды “кара тизмеге” киргизүүсүнө мына ушул жагдай, анын ичинде Ганси да түрткү болбой койбойт.

-  Бирок коомдук пикир, эл маанайы менен эсептеше турган болсок, бизде чындыгында эле Америкага каршы маанай күчтүү. Көпчүлүк Россияга жан тартат...

 - Анткени кыргыз дагы эле дүйнөгө өз көзү менен карай албайт. Россиянын көзү менен карайт. Россиянын телесин көрөбүз. ММКсынан маалымат алабыз. Ал тургай өзүбүздөн чыккан “Дело№” сындуу гезиттер ачык эле Кремлдин саясатын жүргүзөт. Анан “чоң үйдөгү жылмайса, кичи үйдөгү ырсаят” болуп, өз алдынча ойлонуп, талдап, чечим чыгарууга көнбөгөн кыргыздар үйүндө жатып алып эле Американы сөгөт да. Дегинкиси, Африканын артта калган мамлекеттеринин катарына кошуп чыгарган акыркы чечими менен Америка биздин ордубуз каерде экендигин көрсөтүп койду. Бир жагы бул сабак: эки миң-үч миң жылдык мамлекеттүүлүк тарыхбыз бар, дүйнөдө теңдеши жок улуу элбиз деп көкүрөк муштап, барабан кагып бапыраган кыргыз интеллигенттери үчүн да, мурдунун учунан аркыны көрө албаган бийлиги үчүн да.

Абдувахаб Мониев, публицист

-  Менимче, Кыргызстандын мындай начар акыбалга кептелишине эң негизги себеп, дээрлик отуз жылдык эгемендик мезгилинде мамлекет башына түзүгүрөк адамдын – чыныгы лидердин келбегендиги,  бийликте турган адамдарынын деңгээлинин начардыгы. Ушундан улам ойлойсуң, деги  канткенде бийлик башына татыктуу, мыкты адамдар келет?

-  Ооба, көпчүлүк кыргыздар ушинтип ойлойт. Айыптын баарын бийликке шылтайт. Калың караламан биякта турсун, билимдүү, акылдуу деген “жакшыларыбыз” улуттук интеллигенция өкүлдөрү да кыргыздын бешенесине бир түзүк падыша келбей атат да деп наалыйт. Мыкты бирөө президент болуп калса эле, өлкө шыр өнүгүп кете тургандай кыялда жүрөт... Ушундан улам эске түшөт, мен 2003-жылы “Агым гезитиндеги бир макаламда:

“Мамлекеттин өчөөр же өнөөрү үчүн мамлекеттик бийликтин кандайча куралышы 15-20 пайыз гана таасир этип, роль ойноорун, ал эми калган 80-85 пайыздык таасир жалпы калктын ички потенциалына жараша болорун дүйнөлүк тарых далай тастыктаган. Демек, бүгүн-эртең мамбийлик алмашып, Аскар Акаевичтин ордуна андан 10 эсе мыкты, 10 эсе кыйын кыргыз отуруп калса, бүрсүгүнү кескин өзгөрүү болуп, бечел калган өлкө ирденип кетпеси анык” деп жазган элем (“Агым”, 2003- жыл, 25- апрель).

А кезде Акаев президент болчу. Андан бери канчасы алмашты?! Эки жолу төңкөрүш болду. Кана өнүгүп кеткенибиз? Дегинкиси, азыркы кыргыз коомунан мыкты лидер суурулуп чыгышы кыйын. Андай инсанды таптап, сүрөп, марага жеткирер коомдук-саясий шарт жок. Жазып-тайып чыгып калса деле жалгыз адам эч нерсе жасай албайт.

- Дүйнөлүк тарыхты карасак, төңкөрүш менен бийлик алмаштыруу коомго көп деле жакшылык алып келбейт экен. Андай шартта кокустук арбын болот, кокустан ар кандай шылуундар бийликке келиши мүмкүн да... Бизде ошондой болгон жокпу?

- Кокустук дегенде эми... Акаев менен Бакиев качып кетти. Атамбаев түрмөдө отурат. Отунбаева убактылуу президент болгону үчүн гана сак калды окшойт. Азыр бешинчи президент Жээнбековду деле жакалап атабыз... Неткен менен, бул кишинин бийлигинин тушунда деле өлкөдө сезилээрлик жылыш болбойт. Анан аны да жамандап жатып калабыз. Эми журт башына бир жолу “жаман” падыша келип калса, аны кокустук деп койсо болот. Макул, экинчисин да кокустук деп коёлу. “Чапкан сайын көз чыкпайт” дейт, кокустук үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы болуп, катары менен кайра-кайра кайталана бербейт да?! Эгер кайталанса, ал кокустук эмес, тамыры терең өнөкөт, оору.

- Кандай өнөкөт, оору?

- Айтылуу көсөм Салижан Жигитов айткан итий оорусу, же жетиле электик өнөкөтү. Бийлик адамдары асмандан түшкөн жок. Эл ичинен чыгып атат. Ал тургай демократия деп, ошол көпчүлүк тандап, шайлап атат. “Эшегине жараша – тушагы”, же болбосо “эришине жараша – аркагы” дейт, эл кандай болсо, журт кандай болсо, эл-журт башына келген адамдар ошондой эле болот. Мындан чыкты, кечээ эле уруу-уруу болуп чабышкан, ууруларын “баатыр” деп урматтаган, тарыхый өнүгүштөн жедеп артта калып кеткен кыргыз эли мамлекетке ээлик этер, кадыресе коом курар деңгээлге өсүп жетиле элек окшойт.

Улут дээрине мамлекеттик көзкараш, мамлекеттик инстинкт сиңип кетпеген көрүнөт.. Мына ошондуктан, кыргыз коому дапдаяр мамлекетке кадыресе ээлик этип, асыроого, а кыргыз элитасы мамлекетти кадыресе башкарууга дарамети жетпей жатат. Табият мыйзамы ушундай эмеспи, күн өткөн сайын аң-сезимибиз аз-аздан өсүп, анча-мынча сапаттык жылыш болуп, мамлекет тороло башташы керек эле. А бизде тескерисинче. Барган сайын мамлекеттик саясаттын куну учуп атат. Мамлекет башкарууга тартылган кадрларыбыздын деңгээли адеп начарлап, кадр тандоонун критерийлери улам ылдыйлоодо. Ушундан улам айтылуу Жакыпованын кыйла жыл мурда бир айтканын эстейсиң.

- Кайсы Жакыпова? Кыргызстандын билим берүү тармагында өтө чоң өзгөрүүлөрдү жасап, ЖОЖдордогу паракорлукту канбуугандай токтоткон реформатор билим министри Чынара Жакыповабы?

- Ошол, “ырысын көтөрө албай” (анын министрликтен кетирилишин президент Акаев ушинтип “түшүндүрүптүр” деген кеп чыккан), кызматтан алынган Чынара Жакыпова. Жаңылбасам, 1996-жыл болушу керек, бу кезде “Кыргызстан-Сорос” фондусун башкарып аткан Чынара Жакыпованын “Асаба” гезитине “Кыргызская политика слишком смешная вещь, чтобы к ней относиться серьезно” деген аталыштагы интервьюсу чыккан. Анда журналисттин “Сиз кайра саясатка кайтып келесизби?” деген маанидеги суроосуна ал дал ушинтип жооп берген. Канткен менен билимдүү, абийирдүү, интеллектуал инсан да, ошондо эле кыргыз коому, бийлиги кай жолойго түшкөнүн сезип, өзүн оолактата баштаган көрүнөт...

- Чындыгында эле Чынара Жакыпова ошондон кийин саясатка таптакыр аралашкан жок. Мамлекеттик кызматка да барбады, оппозицияга да кошулбады. Акыркы кездери кыргыз саясий элитасында Чынара Жакыпова өңдүү билимдүү адамдар жок. Бүгүн Рысбаевге, Жолдошбаевге окшогон базардан барган адамдар Жогорку Кеңеш депутаты болуп, мамлекеттик саясатты аныктап,  эл тагдырын чечип калды...

- Рысбаев трибунада туруп: “Биз деген Кыргызстандын элиталарыбыз” деп койсо, көпчүлүк “и, ушулар элита имиш” деп мурдун чүйрүп, ага асылып жатып калбадыбы. Ой, ага эмнеге чычалайбыз? Депутат болгону жылаңач чындыкты -  фактыны гана жарыя айтты. Биз парламенттик республикабыз. Маанилүү мамлекеттик маселелерди азыр Рысбаев катарлуу парламантарийлер талкуулайт, чечет. Туурабы? Дегинкиси, Кыргызстандын кадр потенциалы жыл өткөн сайын жардыланууда.”Үй-бүлөчүлдүгүнө” карап тандалгандыгына карабай, Акаев доорундагы жетекчи кадрлардын деңгээли азыркыдан кыйла жогору болчу.

Мисалга, “эл шайлаган” делген парламентти алалы, а кездеги спикер Абдыганы Эркебаев менен азыркы спикер Жумабековдун деңгээли асман менен жердей да, туурабы?.. Болбосо, парламентти түзгөн 5- 6 партиянын фракция лидерлерин кара, ушундан эле жалпы акыбалыбыз айгине болуп турбайбы... Жетекчиликке тандоонун критерийлери жыл өткөн сайын төмөндөп отуруп, Атамбаевдин убагына келгенде дегеле акылга сыйгыс деңгээлге жетти. Азыр ошо нукта баратат.

Эми мамлекет болгондон кийин башка мамлекеттер менен алака кылып, маселе чечиш керек. Анан ошондой учурда биздин чоңдор, министрлер, депутаттар алар менен кантип сүйлөшөт деп кыжаалат болосуң. Кыргыз чоңдорунун билимсиздиги, түркөйлүгү “а” деп кеп баштаганда эле билинип калат да. Сырын билип алган соң алар биздикилер менен тең ата сүйлөшмөк беле? Оңой эле алдап жолго салбайбы...

“Калк канчалык караңгы болсо, саясатчылар менен молдолор ошончолук оңой алдайт”

- Абдувахаб ага,  анткениңиз менен, саясатка 90-жылдардын ортосунда ошол Акаев учурунда келген, анан Бакиев учурунда иштеген адамдар деле азыркы саясатка аралашып жүрөт. Мисалы, Адахан Мадумаров. Ал азыр оппозицияда активдүү саясий ишмердик жүргүзүп атат, туурабы?

- Анда-санда соцтармактан айткан-дегенин угуп-көрүп калып атам, Адахан Мадумаров ошо 95-жылкы деңгээлинде эле калган окшойт. Эми андан бери канча суу акты, бир муун эрезеге жетти. Ошол аралыкта Кыргызстанда болуп өткөн саясий окуя, бурулуш, көрүнүштөрдүн өзү эле азыркы мамлекеттик саясатка терең, ар тараптуу талдоо жүргүзүп, олуттуу кароого түртүп турбайбы. Бирок, Мадумаровдор баягы эле примитивдүү ой жүгүртүүнүн күүсүндө жүрөт. Көчө сөзүнөн көтөрүлө элек. Ал тургай, элемантардуу этика, кашкайган калыстыкты тебелеп-тепсөөнү дагы адатка айлантып алгансыйт. Айылдагы ажаан аялдардын деңгээлине түшүп, экс-президент Роза Отунбаевага деле асылып атат. ( Чын-чынына келсе, Отунбаева кызматтан кеткен, ушул пенсиядагы кезинде деле кыргыз коому үчүн он Мадумаровдон өйдө иштерди жасап жатпайбы!?) Дегеле, Мадумаров сыяктуу адамдардын азыркы кылган-эткени кыргыз үчүн эле активдүү саясий ишмердик болуп эсептелбесе, цивилдүү коом үчүн жөн эле бир былжырак. Бирок караңгы калкка ошол жагат.  

-  А Өмүрбек Текебаевчи? Менимче, ал учурдагы эң “стажылуу” саясатчы болсо керек?..

- Өмүрбек Текебаевдин баскан жолун, эмгегин дагы, дээр-деңгээлин дагы Мадумаров сындуу көпчүлүк кыргыз саясатчыларына салыштыруу орунсуз. Ал мындан 30 жыл илгери эле мамлекеттик-конституциялык түзүлүш ж.б. саясий маселелердеги түшүнүгү, билими, намыскөйлүгү жагынан кыргыз саясатында сап башында турган адамдардын бири болчу.  Жакшы үй-бүлөдөн чыкса керек, адамгерчиликтүү. (Негизи эле Акманда жакшы адамдар көп.) Көп окуп, изденип, өзүн өстүрүүгө тынымсыз аракет кылат. Тилекке каршы, анын ойлонуу, изденүү объектиси  мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү маселелери менен эле чектелип калып жаткансыйт. Өмүрбек Текебаев ошентип мамлекетчил-патриоттук сезимден куржалак көпчүлүк кыргыз саясатчы сөрөйлөрүнүн катарына түшүп, бийлик, байлык көксөгөн убактылуу саясий кызыкчылыктардын, интригалардын айлампасынан чыга албай калгансыйт.

Өлкөнү кантип өнүктүрөбүз маселесине келгенде, Конституцияга жабышкандан, мамлекеттик башкаруунун формасын өзгөртүүнү сунуштагандан башка не акыл айтып, аракет кылганы белгисиз . Билим берүү, илим сыяктуу мамлекеттин өнүгүүсүнө айныксыз өбөлгө, пайдубал боло турган келечектүү маселелерге байланыштуу демилге көтөрүп, ошол багытта кызыл чеке болуп тартышканын, күрөшкөнүн дегеле көрө элекпиз. Чөйрөнүн таасириненби, же рух дүйнөсүнүн жардылыгынанбы, айтор, Текебаев эл күткөндөй чыныгы мамлекеттик ишмер катары калыптанан албай калды.

- Дагы бир ой келет: көпчүлүк саясатчылар система алмашмайынча эч кандай жылыш болбойт деп келатпайбы. Мүмкүн мамлекетибиздин өнүкпөй жаткандыгына система күнөөлүүдүр?

- Система дегенде алар эмнени көңүлгө алып жатышат? Коомдук-саясий түзүлүштүбү? Андай десе, дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүндө сындан өткөн азыркы системадан артыгын табуу кыйын. Же мамлекеттик башкаруу формасын айтып жатышабы? Мындай десек, дагы да өнүккөн өлкөлөрдүн практикасы ушундай экен, парламенттик башкарууга өтпөсөк болбойт деп, партиялык-парламенттик башкарууга өтүмүш болбодукпу. Кана өнүгүп кеткенибиз? Жээк-жаатчылдык күчөп, бардык тармакта жетекчилик кызматка кадрлар кошоматчылыгы, “шайлоодо иштеп бергендиги” үчүн гана тандалып отуруп, бар чарбабыздын кедери кетип атат. Менчик партиясы бар, лидер делген саясатчылардын эле абройу артып, капчыгы кампайбаса... Демек, айыптын баарын системага жабыштыруунун жөнү жок. Кандай система болбосун, ал өзүнөн өзү иштеп кетпейт. Аны адам, жаран иштетет. Ошондуктан, система-пистема деп, ар кепти чаргыткандан оболу,  кыргыз, мамлекетин, коомун түзгөн журтчулуктун -  адамдардын сапатына, дараметине, аң-сезимине көңүл бурган оң. Кептин баары улуттун тарыхый өнүгүштөн артта калгандыгында, караңгылыгында.

- А бирок, азыр элибиздин аң-сезими мурдагыдай эмес, болуп көрбөгөндөй  өстү. Эл активдүү болуп калды деп атышпайбы...

- Муну да саясатчылар айтып жатышабы?

-  Ооба.

-  Саясатчылар менен молдолор үчүн калк канчалык караңгы болсо, ошончолук оңтойлуу. Анткени, караңгы элди алдоо, башын айлантып, пайдалануу оңой. Ошон үчүн алар калп жерден деле мактап, жазгырып, караңгы бойдон кармап турганды туура көрүшсө керек...

Тарыхка кичине кылчаялы. 19-кылым кыргыз эли үчүн нагыз караңгылык, наадандыктын, шермендечиликтин мезгили болуптур. (Аны учурунда улуу акын Молдо Кылыч “бечарадан” башка кыргыз деле андабаса керек.) Ырас, андан кийин СССРдеги коммунисттик режим 70 жыл ичи кыргызды туташ сабаттуу кылды. Бирок билимдүү кылып жиберген жок. Ошону менен улуттун сырткы сөлөкөтү эле өзгөрдү. Улуттук интеллигенциянын жигердүү чөйрөсү –“каймагы” эсептелген окумуштуу-илимпоздорубуздун, жазуучу-журналисттерибиздин, артистерибиздин, дегеле, баарыбыздын  айткан-жазган, кылган-эткенибизден эле аң-акылдын, ой жүгүртүүнүн чектелгендиги, жөпжөнөкөй сынчыл көз караштын жоктугу кашкайып көрүнүп турбайбы.

Бизде рационалдуу ой калчай билгендер өтө аз, “аба ырайына” таасир эте албайт. Саясатчылардын арасында болсо жокко эсе. Маселен, саясатчыларбызга сыртынан карасаң, баары алдыңкы Батыштын стандартын кармайт. Ошолорду туурап кийинип, моюнга галстук, той-топурда “көпөлөк” да тагып алышат. Ошолордой басып-турганга, күлгөнгө аракет кылышат. А ичине – мээсине башпаксаң, баягы 19 кылымдагы уруучулук-патриархалдык аң-сезим, бай-манаптык көзкараш! Арасында  керт башы,  көр оокаты үчүн акылдуулар оголе арбын. А жалпы мамлекеттик ишке, жалпы улуттук оокатка-кызыкчылыкка  келгенде акылга чукак.

- Элибиз жабыла митингге чыгып, керек болсо, бийликтин чечимдерин өзгөртүп, мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келген келишимдерди да жокко чыгартууга жетишип жатпайбы? Акыркы эле айларда коррупцияга – Матраимовдорго каршы митинг болду. Чек ара маселеси боюнча митинг өттү. Ат-Башыга логистикалык борбор куруу маселеси митингдин күчү менен токтоду...

- Тилекке каршы, калктын калың катмарынын караңгылыгын, билип-билбей, түшүнүп-түшүнбөй (түшүнүүгө далалат да кылбай), ушакка деле уугуп, айдаган жакка кете берген сүрмө топтугун ошол митингдердин өзү тастыктап атат. А мындай сүрмө топ ар кандай ички-тышкы, кыйды-кыйыр күчтөр үчүн даяр  курал. Мамлекет бүтүндүгү, стабилдүүлүк үчүн кооптуу. Дегеле, мамлекеттик-улуттук мүдөө караламанды көчөгө чыгарып айкыртуу менен корголбойт. Акылдуу эл өз мүдөөсүн антип талашпайт. Туруп-туруп эле, 30 жылдан берки Кыргызстандагы бардык балээнин башаты болгон сыяктуу жалгыз бир үй-бүлөгө –Матраимовдорго асылып, бакырып чыгабыз. Анан туруп-туруп эле “кокуй, кытай каптап кетти” деп, кылкылдаган бүтүндөй кытай элине каршы кыйкырып калабыз.

Ушундан эле биздин “активдүүлүгүбүз, патриоттуулугубуз” логикага анча сыйбай тургандыгы айгине болуп атпайбы. А ксенофобия болсо, эзелтен эле артта калган, алсыз, билимсиз элдерге тийиштүү көрүнүш.

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы канча  ирет өзгөртүлгөндүгүн деле санай албай калдык окшойт. Эчен жолу өзгөртүү, толуктоолор киргизилди. Ошого карабай, дале ара-чолодо Конституцияны өзгөртүү керек деген сунуштар айтыла калууда. Баш мыйзамыбыз эмнеден аксап жатат?

- Конституция аксабайт, адам аксайт. Мен бул маселеге байланыштуу тээ Акаевдин мезгилинде Конституцияны дагы да өзгөртүү үчүн референдум өтөрдүн алды -  2003-жылдын 31-январында: “...Коомдук аң-сезим көтөрүлмөйүн, турмуштук шарт ыңгай түзмөйүн, дүйнөдө теңдеши жок Конституция “жасап” алсак деле акыбалыбыз оңдолуп кетпесин түшүнүп, моюнга алуу үчүн ашыкча акылдын деле кереги жок” деп жазган элем. Андан берки 17 жылдык турмуш анын тууралыгын эң сонун тастыктады. Бирок, “оро албаган орок тандайт” болуп, дале асылганыбыз Конституция, мамлекеттик бийликти бөлүштүрүп, үлөштүрүү. Анан дагы биздин саясатчылар саясий, мамлекеттик бийлик маселелери чыкса эле, “Америкада мындай” деп, АКШны же Батыштын дагы бир өнүккөн өлкөсүн мисалга тартат. А экономикалык проблема болсо, Япониянын, же Кореянын тажрыйбасын айтат. “Америкада мындай, Японияда тигиндей”  дегенден оболу биз өзүбүздү өзүбүз таанып, акыл-эс, илим-билимибиздин пастыгын моюнга алып, адегенде ушул жагынан ошол алдыңкы элдердин деңгээлине жетүүгө күч үрөгөнүбүз кажет. Жараны билимдүү, акылдуу, абийирдүү, эмгекчил болсо, андай мамлекет тоталитардык-авторитардык диктаттан тыш кандай бийлик болсо да, ал тургай, монархиялык башкаруу менен деле өнүгүп, өсө берет.

- Алдыда парламенттик шайлоо. Кыргызстандагы саясий партиялардын дарамети тууралуу кандай ойдосуз? Деги бизде күчтүү партиялар барбы?

- Кыргызстанда классикалык үлгүдөгү саясий партиялар жок,  жакын арада калыптанаары да күмөн. “Ала кушту атынан чакырсак”, бизде партия деп катталган уюмдар чыныгы саясий партияга пародияга да жарабайт. Анткени, дегеле азыркы кыргыз коомунда саясий партиялардын жашап, тамырлашы үчүн социалдык кыртыш жок. А накта саясий партия коомдо атаандаш саясий идеялар жашаган шартта дал ошол идеологиялык приниптердин негизинде гана түзүлөт. А кыргыз интеллигенттери көкүрөгүндө кандайдыр мамлекетчил, саясий идея багып, бапестеп, ошону ишке ашыруу үчүн күрөшүп, же сүрөөнчү болуп көнгөн эмес.

Ошондуктан бизде чөнтөгүндөгү пулу тынчтык бербей, амбициясын козуткан бай адамдар убактылуу кошоктошо калып,   “Жомок”, “Санжыра”, “Шерине”, “Кесиптеш”, “Бар бол” же болбосо “Бириктик”, “Ачылдык” деп деле партия түзө берет. Же кээ бир төбөсү көрүнгөн саясатчылар менчик партия болумуш ачып алышы ыктымал. Ыйык Ата-Журтубуз, Ата-Мекенибиз Кыргызстандын атын партия болумуштарга оңду-солду чаптай беришип, тамтыгын чыгарышты.

Ток этери, бизде бул социалист, тигиниси либерал, же коммунист дегидей идеологиялык өзгөчөлүккө ээ партия да, ошол тутунган идеологиясына, принциптерине карап, тандап, шайлай турган электорат да жок.  Мындай шартта парламенттик башкаруу, партиялык система дегендерибиз жөн гана оосар сөз экендигин акыркы 10 жыл жакшы эле далилдеди.

- Канткен менен ошол партияларыбыз деле шайлоодо өлкөнү өнүктүрүү боюнча өз алдынча программасы менен чыгып жатышпайбы?

- Эми ал программа дегенин тиер-биерден көчүрүп, чапмалай коюш аталадан асан иш. Мисалы, караламан элге жага турган андай программаны бир түзүк жазмакер деле эки саатта жазып, даярдап бериши мүмкүн. А бирок саясатчынын мээсинде, көкүрөгүндө эмес, кагазда же оозунда гана жашаган ал программадан не пайда, ишке ашмак беле?

“Биздин диний аалымдар эрди-катындын төшөккө кантип жатып-турганына чейинки ислам этикетин гана саймедиреп келишет”

- Абдувахаб ага, күтүлгөн саясий кампанияда Кыргызстандагы партиялардын баарына бирдей шарт түзүп, деги парламенттик шайлоону таза, мыйзамдуу өткөрүүгө болобу?

Абдувахаб Мониев белгилүү окумуштуу Салижан Жигитов менен, 2000-ж.

- Бүгүнкү шартта болбойт. Чыныгы демократиялык, таза, мыйзамдуу шайлоолор өтүшү үчүн адегенде мамлекетте демократиялык принципте мыйзамдуу иш жүргүзгөн накта саясий партиялардын өзү болушу керек ко.  Бизде андай уюмдар жок дебедикпи... Саясий партиябыз деген биздеги утурумдук уюшмаларда депутаттык мандат акчага бааланып, башкача айтканда, атайын “аукциондо” сатылаары элдин баарына жакшы дайын. Арам-адал жол менен табылган ошол акчаларды иштетишет шайлоо кампаниясында.  Анан утуп чыкканы парламенттеги, өкмөттөгү “портфелдерди” дагы ошондой эле принципте бөлүштүрөт.

Коррупционерби, уруубу, же каракчыбы (бандитпи), айтор, пулду ким көп берген болсо, ошонун чүкөсү -  айкүр. “Атка мингенде эле ээрге кыйшык отурган...” дейт муну. Кылдатыраак карасак, мамлекеттик бийликтеги  кызмат ордун сатып, адегенде  эле ошол партия болумуштар (же элитабы?) өздөрү паракорлук менен шугулданып, коррупияга, мыйзамсыздыкка барып жатпайбы? А ушунун баарын көрүп-билип турган караламан шайлоочу эмне кылат?

Мен эми депутаттыкты сатып алгыдай алым жок экен, жок дегенде булардын сапырган пулунан кичине ооз тийип калайын дейт. Булардын кимиси утса деле баары бир да, нени кыйратмак деп ойлойт. Ошентип, ким көп пул берсе, ошону шайлайт. Бир жагынан караганда аныкы да туура. Партиялардын биринен биринин айрымасы жок...  Кечээ тигил партияда жүргөнү, бүгүн мунусуна өтөт, талапкер дегендери башын адаштырып атса... Кемигинде да, керкисинде да бар деген ушул.

-  Шайлоочулардын баары эле добуштарын акчага баалап сатпайт. Шайлоолордо кайсы бир партияны шайлап эле тим болбой, керек болсо алардан бир тыйын акы албай, акысыз эле үгүтчү болуп иштеп жүргөн мекендештерибиз деле бар го...

- Парламенттик шайлоолорго негизинен элет жериндеги эл активдүү катышат эмеспи. А алардын арасында кайсы бир партияга эмес, кайсы бир саясий лидерге ишенип, чын дилинен күйөрман болгон таза, баёо адамдар аз болсо да бар. Анан калганы кызмат жагынанбы, же тууганчылык, жээк-жаатчылдыктанбы, айтор, бир илинчеги табылып, кайсы бир партияга байланып калгандар. Жөн эле кыргызчылыгына салып, сенден мен кемминби, сен муну колдосоң, мен тигини шайлайм деп, кошунасына атаандашып, акысыз чуркап жүргөндөр да кездешет. Баары бир мындай “патриот” шайлоочулар азчылык. Ал эми кыргыз саясатынын, шайлоосунун табиятын жакшы түшүнгөн, өзүн өзү сыйлаган, билимдүү катмардагы абийирдүү адам шайлоого басып барбайт. Өзгөчө шаар жеринде.

-  Кебиңизге караганда, Сиз алдыдагы парламенттик шайлоого өзгөчө маани бериштин кереги жок деген ойдо окшойсуз. Парламенттик шайлоолор мамлекет үчүн эч кандай өзгөрүш, жылыш алып келбейт дегендик өлкө, улут тагдырына кайдыгер карагандык эмеспи?

- Кайдыгерлик эмес, анын тескерисинче. Бүгүнкү коомдук аң-сезимдин, караламан калктын да, элитанын да  түшүнүгүнүн, деңгээлинин, көздөгөн мүдөөсүнүн шартында, дегеле, бизде шайлоолор таза өтөт деп ойлоо; анан түзүлгөн жаңы бийлик кескин өзгөрүш, өсүш жасап жиберет деп үмүттөнүү аңкоолукту, же алдамчылыкты гана түшүндүрүшү ыктымал.

- Өзүңүз да байкагандырсыз, биздин маек бир беткей пессимисттик маанайда уланып келатат. Баштан-аяк “артта калгандык, жок, болбойт, мүмкүн эмес” деген сөздөр. Эмне, баарыбыз  ушинтип келечектен үмүт үзүп, кол куушуруп отуруп калышыбыз керекпи? Мамлекетибиз дүйнөдөн татыктуу ордун таап, кыргызстандыктардын турмушу оңолуп, эл катарына кошулуп, башын бийик көтөрүп жашашы үчүн бирдеме жасаш керек ко акыры?

- “Биз бийликке келсек эле өлкөнү гүлдөтүп жиберебиз” деген “гениалдуу программалар” менен келген парламент болобу;  “мен мамлекетти тез эле оңдоп, айлыкты эки-үч жылда мынча пайыз көтөрөм” деп, дегеле ишке ашпас убадаларды мойнуна илип алган президент болобу, бүт кыргыз бийлиги чындап эле мамлекеттин келечегин ойлосо, элге-журтка болгон турмуш чындыгын, болгон акыбалды ачык эле айтышы керек. А бийликке адегенде жаш баладай ишенип, анан эки-үч жылдан кийин ашатып сөгүп, “оодарыш керек” деп опурулганды адатка айлантып, саясатка ашкерек байланып алган караңгы калкыбыз да баарыбыз кептелген, качып кутулгус акыйкатты -  турмуш чындыгын моюнга алып, ойгонуп, келечек үчүн ар бири өзү кам көрбөсө болбойт.

-  Анчалык эле тагдыр чечер мааниге ээ ал кайсы акыйкат, чындык?

- Мисалы, бийлигибиз: “Айланайын эл, кыргызстандыктар, кыргыз калкы! Чындыкка тике карайлы, биз тарыхый өнүгүштөн жедеп артта калып кеткен эл экенбиз. Тамга таанып, сабат ачканыбызга; там салып, турмуш-тиричиликти жөндөгөнүбүзгө деле 100 жыл дадил толо элек. Торолуп, али балалыктан  чыга элекпиз. Билимибиз тайыз, акылыбыз тайкы. Алдыңкы мамлекет, коом түзгөн күчтүү улуттарга тиешелүү жоопкерчилик, абийирдүүлүк, биримдүүлүк, билимдүүлүк, эмгекчилдик сыяктуу ийги касиеттер бизге жат! Ал тургай, али улут катары деле толук кандуу калыптана элекпиз. Керек болсо, “кыргыз улуу эл, байыркы эл, аруу эл; байыркы тарыхы бар, Манасыбыз бар, Чынгызыбыз бар” деп, өзүбүздүн көкүрөктү өзүбүз каккылаганыбыздын өзү ошо кенемтебиздин – артта калгандыгыбыздын, мажирөөлүгүзбүздүн, бечелдигибиздин, алаңгазарлыгыбыздын белгиси!

Мына ушундан улам, сиздер менен биздер мамлекетти кыска убакыт -  5-6 жылдык бир шайлоо мөөнөтүндө тургай, 10-20 жылда деле оңдоп, өнүктүрүп жибере албайбыз. Ачык айтканда, жалпыбыздын эс-акыл, эрк-кайрат, илим-билимибиз дегеле кадыресе мамлекет башкарып, аны дүйнөдөгү астынкы өлкөлөрдүн катарына кошууга жетпейт. Ошондуктан, өзүбүздү өзүбүз таанып, кемчилик-кенемтебизди арылып, өзгөлөрдүн жакшы сапатын өнө боюбузга сиңирип, тынымсыз жаңылануунун жолуна түшөлү. Бизден терең, бизден сергек ойлонгон, бизден бийик сапатка ээ болгон акылдуу, абийирдүү жаңы муунду тарбиялап, өстүрүүнүн камын көрөлү.

Ошолор эрезеге жетип, колдон ишти алып, мамлекетти башкарууга өтсө гана 30-40 жылдан кийин өнүгүүгө ишенимдүү бет алган түз жолго түшүшүбүз мүмкүн. Өнүккөн Кыргызстанды биз көрбөсөк да балдарыбыз, неберелерибиз көрсүн! Биз жок дегенде ошого пайдубал түптөп кетели” деген маанидеги кеп чынын айтышы керек да. Ошентип, бийлик дейбизби, же элита дейбизби, ошолор коомду реалдуу нукка салып, туура багытка бурганы оң. Мамлекеттин, коомдун өсүш, же өчүшүн аныктоочу эң башкы фактор – андагы адам ресурстарынын сапаты. Бийлик да, букара да бул реалийди моюндап,  намыска келбесе болбойт. А биздин акылыбыз, эркибиз ага жетпей, бири-бирибизди алдоо менен эле күн өткөрүп атпайбызбы!?  Ушинтип баш айлантмай, көз таңмай менен эле 30 жылдык мезгил, дээрлик бир муундун өмүрү кетти. Ойгонбосок, ушул таз кейпибиз менен 21-кылымды деле карытабыз.

-  А эл ойгонуп, бул нусканы туура түшүнүп, кабыл алабы?

-  Эгер кабыл албаса, демек, андай элдин, коомдун дегеле келечеги жок.

-  Аныңыз туура. Бирок мамлекетибизди өнүктүрүүгө жетик, абийирдүү, намыстуу андай сапаттагы муунду кантип өстүрмөкчүбүз?

-  Ушуга чейинки адамзат тарыхы айныксыз тастыктаган бир гана жолу бар: алдыңкы  илим-билим, таалим-тарбия, өнөр.

-  Улуу Ленин айткандай, “окуу, окуу жана окуу” деңиз...

- Ооба, ал да жөн адам болгон эмес да. Бирок, окуунун, илим-билимдин зарылдыгын ашкан атеист, совет коомунун “пайгамбары” Владимир Ильичтен алда канча мурда ыйык пайгамбарыбыз Мухаммед алейхи салам да айткан. Хадистердеги анын: “Керектүү илимди Кытайга барып болсо да алыш керек” деп айтканын молдоке, аалымдардын бирөө да жокко чыгара албайт. Тилекке каршы, илим алыш керек дегенди, биздин молдокелер тек гана дин ажытын ачып, шариат жол-жосунун, этикетин үйрөнүү, же Куранды курулай жаттоо менен гана чектеп, бурмалап, туура эмес түшүндүрүшөт. Жөпжөнөкөй логика деле, “Кытайдан болсо да илим ал” дегенде Мухаммед пайгамбар жалгыз дин илимин айтпагандыгы анык болуп турбайбы. Эмне, мусулман баласы кайрыдин деп эсептеген кытай элинен шариат үйрөнмөк беле?! Бул -  тил бил, өнөр үйрөн, дүйнө таанып, акыл-эс, аң-сезимиңди өстүр, азыркыча айтканда, мыкты илим-билим алып, алдыңкы технологияны өздөштүр деген эле кеп эмеспи! Сөз арасында “калктын караңгылыгын каалайт” деген мааниде молдокелерге да кичине тийише кетпедикпи. Ал мындан улам айтылды.

Азыркы кыргыз коомунда Чубак Жалилов, Абдышүкүр Нарматов сыяктуу кээде “Кудайдан да улук сүйлөп жиберген” дин аалымдары колунда конкрет бийлиги жок туруп, “мен” деген саясатчылардан, депутаттардан алдаганча таасирдүү, кадырлуу.

Бирок, булар ал кадырын эрди-катындын төшөккө кантип жатып-турганынан, ажатканага кантип кирип-чыкканынан тамактанганына чейинки ислам этикетин гана саймедиреп түшүндүргөндөн башкага пайдаланбай жатпайбы... Андан ашса, көпчүлүктү Кудайга курулай кулчулук кылууга гана үндөө менен чектелишет. Анык аалымдын милдети - пайгамбарыбыздын тигиндей ыйык осуятын орундатып, коомду агартып, элди алдыңкы илим-билим, маданиятка чакыруу го!   А биздикилер калкты кайра караңгылыкка тартып, артка, орто кылымдарга сүдүрөмөкчү болушат.

“Улуу элбиз, байыркы тарыхыбыз, маданиятыбыз бар” деп, кытай айтса жарашпайбы?..”

-  Абдувахаб ага, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн билим берүүнүн маанилүүлүгүн айтып жатасыз. Бул ой биз үчүн жаңылык эмес. Мисалы, Кыргызстандын алгачкы президенти Аскар Акаев деле илим-билим тууралуу көп айтчу...

-  Ооба, Акаев көп айтчу. Бирок ал: “Биздин эң башкы көзүрүбүз – илим-билим. Биз билимдүүбүз, бул - кыргыз элинин негизги байлыгы” деп, турмуш чындыгына коошпогон карандай статистикага таянып, калпты шыпыртчу. “Илим-билим потенициалыбызды пайдаланып,  тез эле өнүгүп кетебиз” деген баёо кыялга жетеленчү. Мүмкүн, жогорку билимдүү деген дипломго ээ болгондордун саны боюнча Кыргызстан СССРде, алтургай, дүйнөдө алдыңкы орундарда турса керек эле. Көчмөн калк жалкоо келет экен. Анан дагы, бөтөн журтка көзкарандылыкта жашаган, кулчулук сезимден кутулбаган калктын өкүлдөрү чоң болуп чочоңдогонду самаган амалпараз болот тура. Ошентип папке көтөрүп, бел оорутпай, жеңил оокат кылууну көздөп, кыргыздын көбү чыныгы илим-билимге ээ болуш үчүн эмес, “жогорку билимдүү” деген диплом алыш үчүн эле ЖОЖго окуган, окуп жатышат.

Экинчи жагынан алганда, СССР накта тоталитардык-авторитардык мамлекет эмес беле. Мындай дөөлөт коомдук аң-сезимдин өсүшү, жарандарынын ар тараптуу билимге ээ болуп, интеллектуалдык потенциалынын жогорулашы үчүн берилип кам көрбөйт. Жарандары жапырт билимдүү, акылдуу болуп кетсе, баары диссидент болуп чыкпайбы, туурабы?

Акаевдин учурунда кантсе да стабилдүү мамлекет элек. Элге болгон абалды, акыйкатты айтып, чыныгы билимге болгон умтулуусун ойготуп, коомдук аң-сезимди өзгөртүп, туура нукка бурганга анда кыйла мүмкүнчүлүк бар болчу. Бирок, ал мүмкүнчүлүлүктү пайдалана алган жок. “21-кылымдын кадрлары” дегендей жакшы программалары бар эле, аларды ишке ашырганга деле астейдил күч үрөбөдү. Тек гана, ЖОЖдордун санын көбөйтүп, кыргыздын куру намысчыл кумарын кандырды. Ошентип Россия шаарлары үчүн “жогорку билимдүү” көчө шыпыргычтарды даярдап калдык. Чет өлкөлөрдөгү билим, адистик талап кылбаган кара жумушту кыргыздын миңдеген “квалификаиялуу” юристтери, экономисттери, инженерлери аткара баштады.

 - Акыркы кезде бийлик деле билим берүүгө өзгөчө маани берип жаткандай. Сооронбай Жээнбеков президент болгону биринчи болуп мугалимдердин айлык акысы көтөрүлдү. Ушул жагдайлар билим берүүнүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзөбү?

-  Эми мугалимдердин айлык акысы тууралуу кеп болсо, аны көп десе да болот, аз десе да болот. Көп дегеним, азыркы педагогикалык кызматкерлердин дээрлик 60-70 пайызынын деңгээли өтө төмөн, пара менен окуп, эптеп диплом алып алгандар. Заман талабына төп келбейт. Чын-чынына келсе, алардын анык эмгеги, дарамети үчүн азыркы алган айлыгы деле көптүк кылат. Дүйнөдө мыкты билим, жогорку квалификация гана кымбат бааланат эмеспи. Ал эми мыкты мугалимдер үчүн бул айлык акы өтө аз. Ал мугалимдик кесипти атаандаштык жарата турган кадырлуу кесипке айлантып, коомдук статусун жогорулата албайт. Күчтүү, билимдүү жаштар мектепке барбайт. Ошон үчүн биз мугалимдердин айлыгын 20-30 пайыз деп, чүмчүлөп отурбай, 200-300 пайызга кескин көтөрүп, тобокелчиликке бармайын, андан эч канда майнап чыкпайт. Ошондо гана мугалимдик кесип үчүн атаандаштык пайда болот, начарлар сүрүлүп, мыктылар барат.

- Мамлекетибиздин чөнтөгү баарыбызга белгилүү го. Албетте, өкмөтүбүз андай тобокелчиликке барбайт.  Же мектеп мугалимдеринин айлыгын кескин деңгээлде жогорулатуу үчүн башка булактарды тапса болобу?

-  Ушул кембагал өкмөтүбүздүн тапкан каражаты деле бүгүн натыйжалуу пайдаланылып жатат дегенге болбойт. Маселен, канча каражат мамлекеттик башкаруу органдары үчүн эч бир максатсыз жумшалат. (Өкмөт кембагал, бирок, анын эсебинен министрлери орун басарларына чейин олчойгон “жип” минет.) Парламент депутаттарынын санынан, аларга кеткен чыгымдан баштап, бирин бири кайталаган керексиз бийлик структураларын жоюу, аймактык-административдик реформа жасап, район-облустарды кыскартуу аркылуу эле канчалаган каражатты үнөмдөсө болот. Мамлекетибиз кембагал болгонуна карабай, калкка пенсия-пособие дегендей социалдык чыгымдоолору да ашыкча. Максат ошол кембагалдыктан биротоло арылуу болуп жаткан соң, көпчүлүк социалдык чыгымдоолордон, долбоорлордон убактылуу баш тартуудан коркпош керек. Утурумдук көп ишти курмандыкка чалмайынча кең келечек жок.

 - Ушулардан акча үнөмдөп, мамлекет билим берүү тармагын толук кандуу камсыз кыла алабы?

-  Жок, ата-энелердин көмөгүсүз билим берүүнүн чыгымын жабуу кыйын. Азыр мисалы “кокуй, мектепте акча топтоп атат, муну токтотпосоңор болбойт” деп ызылдап атышпайбы, болбогон 100-200 сом үчүн деле. А чындыгында  бизде баласы үчүн мектепке айына 500 сомдон акы төлөөгө көпчүлүк үй-бүлөлөрдүн чамасы жетет. Той-топурду өткөрүп эле атышат ко. Билим берүү акысыз деген советтик-социалисттик коомдун жобосу аң-сезимибизге бекем сиңип калган да. Ошон үчүн мектепке акы төлөш керек десе, жаа бою секиребиз.  Арасат болбой, мектепке акы төлөөнү  кечиктирбестен мыйзамдаштырып, жол-жобосун иштеп чыгуу керек. Мисалы, Бишкек, Ош баш болгон чоң шаарлардагы мектептерде акча мурдатан эле топтолуп келаткан. Ошол акчага мамлекет камсыз кыла албаган окуу куралдары, жабдыктар алынып, ремонт жасалчу. Андан кичине ашса, мугалимдер үчүн стимул катары пайдаланылчу. Эгер ал болбосо, шаардагы мектеп-гимназияларыбыздын эбак тамтыгы чыкмак. Демек, аз-аздан, символикалуу  болсо да бардык мектептерде окуучулар үчүн милдеттүү түрдө акы төлөөнү киргизбесе болбойт.

- Элибиз кедей да. Антип акы төлөөгө калкыбыздын капчыгы чак келеби? 

- “Эгер чындап ыйласа, сокур көздөн жаш чыгат” дейт, анын сыңары, ниеттенсе, бир баланын окуусу үчүн, мисалы, айына 1000 сом акча төлөөгө кыргызстандыктардын 100 пайызынын шаасы жетет. Дыйканчылык мезгилде талаада жалданып иштегендер деле күнүнө кеминде 500 сом табат. Менин болжолдуу эсептөөмдө, айылдагы жөнөкөй үй-бүлө өзү той өткөрбөгөн учурда деле башкаларга кошумча кылып атып, жылына жок дегенде 30-40 миң сомдой акчаны тойго коротот. Бирок, ошолордун көпчүлүгү баласы үчүн мектепке 100 сом берип коюудан корунат. Балага компьютер алып берүү деген дегеле түшүнө кирбейт. Демек, проблема жетишпестикте эмес, аң-сезим, акылыбызда, дээрибизде илим-билимге умтулуунун жок экендигинде.

Балага мыкты билим, мыкты таалим тарбия берүү ата-энелердин катышуусусуз, жалгыз мектептин күчү менен ишке ашпайт. Мүмкүн мектеп менен бирге эле балдарга татыктуу билим берүүгө көңүл бурдуруу, туура таалим-тарбия берүүсүнө көмөктөшүүгө көнүктүрүү үчүн ата-энелер үчүн кыска мөөнөттүү курстарды ачуу керектир. Иши кылып, коомдук аң-сезимди өзгөртүү -  алдыдагы биринчи милдет. Ата-эненин дилгирлигисиз бул жаатта ийгилик жок.

 - Айрыкча, элет жерлеринде көп балалуу, социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөр арбын. Балдардын окуусу үчүн акы төлөө системасы кирсе, алар балдарын окута албай, кайра сабатсыздардын санын арбытпайбызбы?

- Талаш жок, мындай учурда мамлекет кам көрөт. Бирок, мамлекетке эле ишенип, жүгүн арта салуу адат болбой, коомдо үй-бүлөнү пландаштыруу жараяны да күн тартибине коюлушу керек. Ата-эне баланы кемсинтпей багып, татыктуу билим-тарбия бере алат, ошого жараша балалуу болсун.

Эми биз жадагалса там салып жашагандарды да теңине албай, “төрт дубалдын ичине камалып кантип киши жашасын” деп мурун чүйрүгөн көчмөндүк доордон эбак өтүп, дүйнөлүк жаңы цивилизациянын көчүнө аралашып калган элбиз.  Ушул цивилизациянын табигый мыйзамдарына баш ийип, ага ыңгайлашып жашоого аргасызбыз. Жаңы заман кыргыздын эски түшүнүктөрүнө баш ийбейт.

Азыр дүйнөдө глобализаия процесси жүрүп жатат. Кааласак, каалабасак да мындан четте кала албайбыз. А анын доорунда ким билимдүү, ким акылдуу, ким күчтүү болсо, ким жаңы технологияны өздөштүрүп, дүйнөлүк тилдерде түш жоруп турса гана татыктуу жашайт. “Бир шыбакка бир, улак”, ар кимдин ырыскысы өзүнчө” деген айкөл, кенебес көзкараштан арылып, санга эмес, сапатка маани берчү кез келди. Дегеле, азыркыдай “вирус-сирус” деген алааматтан эле Кудай сактаса, бу заманда ачка, же жылаңач калган киши жок. Бирок, ырыскыны адам башка мамлекеттерде, бөтөн элге аргасыз корсунбай, кемсинбей таап жеши керек да. Эмне үчүн кыргызстандыктар, бөтөн өлкө үчүн арзан баадагы кара жумушчуларды, малайларды гана даядап бериши керек?! Эмне үчүн биз мандикерлердин санын көбөйтүшүбүз керек?! Эмне үчүн дүйнөдө үчүнчү сорттогу эл эсептелишибиз керек?! Менимче, калкка мына ушундай жөнөкөй эле түшүндүрүлсө, кантип намысы ойгонбосун?! 

- Башка мамлекеттерде, биздин коңшуларыбызда бул жааттагы абал кандай?

- Коңшулар адаттагыдай эле бул жагынан да бизден алдыда. Айрыкча, билим берүүнүн сапатын жогорулатып, дүйнөлүк стандартка умтулууда Казакстан кыйла ийгилик жаратууда. Алар англис тилин өздөштүрүү боюнча дагы ат чабым алдыга кетти. Жакын арада латын арибине өтмөк болуп турушат. Талаш жок, ал кадамы келчек өнүгүүсү,  интеграция үчүн чоң өбөлгө. Бизде бул тууралуу ойлонгон адам жок. ( Мурдагы жылы “Азия ньюс” гезити аркылуу “латын арибине өтүп, англис тилин өздөштүрүшүбүз керек” дей койсом, кыргыз интеллигенттери, ура-патриоттор жаалап каяша айтып жатып калышкан.) Өзбекстанда деле өз кенемтесин сезип, ошого жараша аракет кылып жатышат. Аларда идиректүү балдарды чет өлкөдөгү мыкты ЖОЖдорго окутууну каржылаган атайын мамлекеттик фонд иштеп жатат.

Ушу жерде кылым Кытай мамлекетинин билим берүү саясаты тууралуу айта кетсек. Бул өлкөгө 2-3 жолу барып байкаганым: мамлекет балдардын билим алуусуна ашкере көңүл буруп жатыптыр. Мектеп окуучуларында тыным жок. Саартан кечке эле окууда. Тамактанып алып, түштөн кийин да окушат. Алардыкына салыштырмалуу биздин мектептеги окуу жөн эле оюнчук. Экинчиден, англис тилине өзгөчө маани беришет. Балдары мектептен эле бул дүйнөлүк тилди дээрлик өздөштүрүп чыгат.

...Кытай - бу жаңы заманда да жашап аткан эң эски цивилизаиянын ээси. А азыр дүйнөдө экинин бири. Калк саны дүйнө элинин дээрлик төрттөн бирин түзөт. Эми ошолор “биз деген улуу элбиз, байыркы тарых, маданиятыбыз бар, кытай цивилизасиясы жашаган чакта Европа жапайы болчу, агылчын тили эмес, эли да жок эле... бизге эч кандай башка тилдин кереги жок, керек болсо, бүт дүйнө биздин тилге өтөт” деп көкүрөк кагып чыкса, башка тилди такыр танса жарашат эле да, туурабы? Ушуларды карап деле кичине сабак алсакчы...

- Айтмакчы, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков тууралуу кандай ойдосуз? Кызматка келгенден эле анын дарегине ар кыл сындар айтыла баштады...

- Чынара Жакыповадан кийин Кыргызстандагы билим берүү тармагы министрге жарган эмес эле. Өз дараметин буга чейин иши менен көрсөткөн Каныбек Исаковдун министрликке келиши ошол каталыкты оңдоду десе болот. Аны мен ийги идеяга бай, ою-колу таза, реформатор жетекчи катары билем. Билим берүү тармагын түп тамырынан оңдоп, өнүктүрүүгө жасаган далалаты алгачкы кадамдарынан эле байкалууда. Бирок, “ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” болуп, ага бут тосмокчу болгондор жетиштүү окшойт.

-  Анын математика, физика сыяктуу так илимдер боюнча сабактарды окутууну англис тилинде өткөрүшүбүз керек дегени популисттик эмеспи?

- Министрдин позициясы эң туура, англис тилин өздөштүрмөйүн Кыргызстанда эле эмес, бүт дүйнөдө мыкты билим алуу кыйын. Ырас, азыр бизде андай мугалимдер жок. Бирок, адегенде багытты аныктоо керек. Кеп эми ошол талапка жооп бере турган кадрларды даярдоодо. Чычалагандан не пайда, 5 миллион адам сүйлөгөн кыргыз тили эмес, 150-200 миллион калк сүйлөгөн чоң тилдер да фундаменталдуу билим берүүдө алсыздык кылат. Мисалы, Кыргызстанда англис тилинде окутуу системасына түшкөн “Сапат” билим берүү мекемесинин мектептери кандай ийгиликтерди жаратып жатат!? Облустук, республикалык олимпиадаларда алдыңкы орунду алган, чет мамлекеттердин университеттерине өткөн балдардын басымдуу көпчүлүгү “Сапаттын”окуучулары.

Маектешкен Элдияр СУЛАЙМАНОВ

(“Азия-news” гезити, 20-27-февраль, 12-19-март, 2020-жыл)

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз