Молдо Кылыч: Алдамчы

Келип кетем Шамшы ашып
Кезегинде Токмокко,
Кээде жолдо жолугам
Кыйкырышкан бир топко.
Кылгырышып чогулган
Конуп жаткан ашпоздо,
Арак, сыра, бозо ичкен
Ылжыган мас акмакка
Кокус түшүп кетпесин
Жети түрлүү дозокко.
Масчылыктан барысы
Батабыз деп кызыкка,
Кумар ойноп кетишет
Арампоздук бузукка.
Тааныганы ырда деп,
Салып кетет азапка.
Кызыталак дешишип
Корсулдаган ала өпкө
Кой союшуп эт жеген
Денгенеге[1] кызыккан,
Жолугушуп калыпмын
Кокусунан бир итке,
«Денгенеге кошул,— деп,
Калбаңыз,— деп— иреттен
Кантип карап турасың
Куру калып бул эттен.
Акчаңызды төлөймүн
Куткарам,— дейт,— милдеттен».
Убадага карадым,
Жетишпестик себептен.
Акырында чиркин ай,
Салды капа күйүткө.
Сен черикчи[2], мен тынай[3]
Деген сөзү эң өттү.
Жанымдагы акчамы
Этке төлөп кур кеттим.
Акча чиркин курусун
Жолугупмун илдетке.
Беш алты күн сүзөктөп,
Каңгып жүрдүм элетте.
Качан болсо бачагар[4] Алдамчылык тилекте.
Атын айтсам эң уят
Өзү манап уруктан,
Конок келсе кубалап,
Кондурбастан куруткан.
Тышка барса чиренет
Манапсынып ант аткан.
Ашып барып Кочкордо
Алда канча жолуккан.
Жаңы уктум кабарын
Каттоо келип улуктан.
Опус[5] кылып мал-мүлкүн
Ажыраткан уяттан.
Андан башка иши жок.
Алып кеткен бир атын
Киши акысын кишиге
Кетирбеген жараткан.
Насыялап алчу экен
Токмоктогу бай сарттан.
Далай алдап ар кимди
Булун бербей боздоткон.
Беремин деп чай ичип
Бечараны сыздаткан.
Акырында жазасын
Улук берген тияктан —
Жөө калтырып бозортуп,
Ач бөрүдөй улуткан.
Өмүр бою киши алдап
Жан сактоого кыныккан.
Жаш чагынан бузуку
Алдоо менен күнү өткөн.
Алдамчылык кесипти
Көңүлүнө уюткан.
Алдамчынын ар качан
Алла ишин кыйыткан.
Сакта кудай ар кимди
Ал сыяктуу бузуктан.
Алдамчыны көргөмүн:
«Азыр берем» — деп айткан
Жалганчыны көргөмүн,
Акырында ар кимге
Салган чырын көргөмүн.
Акыйкатка келгенде
Жалган, чынын көргөмүн.
Алдап жүрүп ар жерде
Калган чырды көргөмүн.
Алдап күнүн көргөндүн
Артык ойлойм өлгөнүн.
Көпкөндөрдү көргөмүн
Көпкөндөрдүн түбүндө
Көзүнөн учуп арачы
Көп бергенин көргөмүн.
Шок болгонду көргөмүн,
Шок болгондун түбүндө
Көрүнгөнгө соктугуп,
Жок болгонун көргөмүн.
Зор болгонду көргөмүн,
Зор болгондун түбүндө
Ичерине аш таппай
Кор болгонун көргөмүн.
Тар болгонду көргөмүн,
Тар жүргөндүн түбүндө
Эки этак, бир таяк
Зар болгонду көргөмүн.
Өкүмдөрдү көргөмүн,
Өкүнгөнүн көргөмүн.
Эртели кеч тепки жеп,
Өкүргөнүн көргөмүн.
Манаптарды көргөмүн,
Малы түгүл ити жок,
Дубанадай тиленген
Жалактарды көргөмүн.
Пара алганды көргөмүн,
Пара алгандын түбүндө
Элге болуп шерменде
Камалганын көргөмүн.
Жел өпкөнү көргөмүн,
Жел өпкөнүн түбүндө
Кызыл-ала кан болуп,
Жөлөткөнүн көргөмүн.
Тим жүргөндү көргөмүн
Тим жүргөндүн акыры,
Өз акына тең болуп
Тың жүргөнүн көргөмүн.
Тек жүргөндү көргөмүн,
Тек жүргөндүн түбүндө
Жакшы менен жаманга
Тең жүргөнүн көргөмүн.
Берендерди көргөмүн,
Узак бейил, кең санаа
Кыяматта кебелбес
Тереңдерди көргөмүн.
Кенендерди көргөмүн,
Акылга дыйкан даанышман
Тууган душман кыйбаган
Кеменгерди көргөмүн.
Алдамчылык упасыз[6]
Илим, окуш, акылсыз
Тиричиликте тең болуп
Жүргөндөрдү көрбөдүм.
Ойноп, күлүп не таптың,
Оюң менен дардактап,
Ойлогонуң насия
Алдап жүрсөң аржактап,
Өзүң мээнет кылбастан,
Алдоо менен жан сактап.
Ар ким жүрөт алдатып,
Арт жагыңдан кансыктап,
Качан болсо кумарга
Отурасың кырсыктап,
Катын менен кыз-келин
Шылдың кылат ырсактап.
Арак, бозо ичкениң
Кыркка жете кылжактап.
Ортосунда эки үйдүн
Ороңдойсуң далбактап,
Кыз, келин бар айылга
Алда кайдан шалпактап,
Жетсең дагы, жетпесең
Жаның калбай жалпактап.
Кыя карап кыз койсо,
Жаның таштап ыржактап,
Келип чыкса керилген,
Кылак карап кылчактап,
Нааданчылык акмак иш
Алдаганың кой бетпак!
Эр мойнуна болсун карз:
Окуш менен ок атмак.
Жан жыргалы раакат
Тарбиялап ден бакмак.
Динди билиш бизге парз
Чарба менен мал тапмак.
Мал деп жүрүп ажырайт
Абийирден кээ акмак.
Дене-боюн тазалап
Этиеттеп жаш бакмак.
Сууга сүзмөк баш өнөр.
Намаз окуп, оң басмак,
Учкан куштай зыпылдап,
Артык өнөр ат чапмак.
Бекерликке үйрөнсөң,
Көрүнгөнгө сен талпак.
Алдаганың коё гөр
Насыятым ар убак.
Кыйбат эмес көзгө айтмак,
Чукулунан сөз айтмак.
Билимпоздун адаты —
Терең ойлоп, тез айтмак!
Тепеңдешип теминип,
Далбас уруп демигип,
Казак, кыргыз өнөрү
Тарап десе желигип.
Кар жаагандай каргаша,
Жамгырча жок жалгаса.
Бар өнөрү «жакшынын»
Эл жемекке далбаса.
Жаман айтса жактаган,
Жакшы кепти жектеген,
Манабыңдын адаты —
Кара болсо ак деген.
Билгин десе билбеген,
Билген тилиң албаган,
Кыргыз, казак адаты
Оң жагына жүрбөгөн.
Кылар ишти кылбаган,
Боз баланын адаты.
Жакшылыкка барбаган,
Отко айдаса баспаган,
Аразылык сактаган.
Алдоо ууру өнөрү.
Ойнош десе жатпаган,
Бозо ичсе болукшуп,
Кымыз ичсе кылыксып,
Текеберлик, кербездик
Кийим кийсе улуксуйт.
Баатыр десе мактанган,
Эл жемекке таптанган.
Казак, кыргыз адаты
Олжо десе суктанган.
Андай эмес заманың
Алды-артыңа карагын.
Алдамчылык курусун,
Илим болсун жарагың.
Эсиң болсо түйүп ал,
Айткан сөзүм, карагым.
Окуп өнөр, акыл тап,
Насыятым, чырагым.
Оомийин деп дува кыл.
Окугандар — агайын.
Кол көтөрүп турамын,
Жазып өттүм далай сөз
Бергенине кудаанын.
Узун болсо өмүрүм.
Жолдош болсун ыйманым.

[1] Денгене – ортого акча жыйып, мал союп жемей. Союлган малдын этин чогулуп карызга же нак акчага, данга чегерип бөлүп алуу.

[2] Черикчи – Сарбагыш уруусунун ичиндеги бир урук.

[3] Тынай – Оң канатка кирген сары багыш уруусунун бир бөлүгү.

[4][4] Бачагар – оңбогур, кудай каары.

[5] Опус – опись.

[6] Упасыз – опаасыз, бапаасыз, пайдасыз.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз