Ойго карк Качкынбай Осмоналиевдин «Көчмөндөр кагылышы» китебинен

  • 27.03.2020
  • 10579

*     *     *

Баш деген баш! А башты баш кылган – мээ. Мээ иштебесинчи! Көз көрүп, эмнени ажыратат? Кол кармап, кайсыны көтөрөт? Бут басып, не жолду арбытат? Бүт тулкуну баш башкарып, мээ тейлеген сымал, ар айылды теске салчу бир башчысы болот. Ал өзүн: карамагымдагы айылдарды башкара аламын, менин мойнумда аларды башкаруу мида анын илдети турат деп, өзүн ишенимдүү сезет да, берген буйругун  туура деп чечет. Баш ийүүчүлөр да анын кабак-кашына карап, моюн сунууга аргасыз. Ошол баш ийүүдөгү  аргасыздык пенделерди жакшылык үмүткө да жеркирет, азап-тозокко да туш кылат. Акыры, абалкы туура өңдөнгөн, дилди баш ийдирген башкаруучулуктун анык купуя сырынын дал чыгышы, же адашып калышы кийин-кийин ачылат.

*     *     *

Жаштын иши жаш, баштын иши баш деп, бир угар элем. Суу ылдый агып, суу өйдө чыкмайын адам кагылбайт деп, эки угар элем. Эли тозмоюн эл кадыры билинбейт, жери тозмоюн жер кадыры билинбейт деп, үч угар элем. Аксабаса ат кадыры билинбейт, ата өлбөсө аксакал кадыры билинбейт деп, төрт угар элем. Бая белде кубат барында, билекте күч барында, жүрөктө от барында азууга салып таш чайнап, алаңгазар кыял менен алоолоп сөз кадырын билбегем. Сөз кадырын билбесең, өз кадырың билбейсиң. Дөбөгө чыгып сүйлөшүп, сөзгө кулак тосуп, сөз кадырын билгенде адамга көз бүтөт экен. Көз бүтүп, имерип, алысты карай баштаганыңда карылык жакадан алып, адамга ажал чукулдай баштайт экен. Топтогон акылыңды билбегендерге үйрөтөйүн десең, бирөө угат, көбү кол шилтейт. “Сенин иттик менен өткөн өмүрүңдү бу да басканы турат деп чөгүп, шалдырайсың!”

*     *     *

Мыкты жактарыбыз болсо көтөрүлүп көкөлөйбүз. Кемчил жагыбыз болсо, чөөттүн  көзүнө чөп таштагансып, жашырабыз.

*     *     *

Наманган улугу аркылуу элди чогулткан Болот: - Кыраан уруктанбы? Жатынданбы?

Санжы-Сынчы: - Экөөнөн тең. Кай күчтүүсү өз тарабына тартар. Ошондой болсо да, урук – атылган ок. Ок ташка да тиет, чөпкө да тиет. Маани жатында. Башталган түйүлдүк тогуз ай ошол уяда жатат. Ошондо кыбырап, ошондо өсөт.

*     *     *

Курсак ачса аш кадыры билинет. Башыңа мүшкүл түшсө – турмуш татаалы байкалат.

*     *     *

Качыке : -  Жүз жаш кандай болот экен, аба?

Ниязбек: - Бешиктеги таңылуу баланын ыйлаганың көрдүң беле, ападан эмчек күтүп?

Куш уясынан ак күп балапанын көрдүң беле, жем сурап, оозун ачкан? Көрсөң, пенде жашап чегине жеткенде кайтып,  абалкы абалына келет экен. Жүзүң ошол наристе менен балапан өңдүү. Жооштугу да, бейкамдыгы да. Чыкпаган чымындай жан үчүн тамак күтүп, ооз ачканы да окшош.

*     *     *

Кыргыз бышкан ашты таштабайт. Өчөшүп, даяр тамакты таштоо – кудай сунган белен ырыскыңы тепкен менен барабар.

*     *     *

Туура акылга жинди да кылчаят.

*     *     *

Жакшы айылда чоочундар ата ордуна самап кадырлаган карыя болот. Андайдын акыл сөзү, жүргөнү үлгү. Өзү өлсө да, сөзү өлбөй, муундан-муунга эскерилет. Жылдыздуу жүзүнөн мээр төгүлүп, сөзүңдү кунт коюп угуп, сырыңды тартат. Бабы менен акылын айтат. Кошмолобой туурасын, ылайлабай тунугун айтат. Адам ээй, ушундай карыялардын жоругу, тирүү кезинде, азга жугуп, көпкө жетпегени неси?!

*     *     *

Чыгаан чыкчу уул чыйрак ойлойт. Оттуу жүрөк “кой” дегенге тил албайт. Оттуу көз “басканга” жабылбайт.

*     *     *

Жакшыны элден алыстык бөлө албайт. Жакшыны аска зоо туюктап, чытырман жашыра албайт.

*     *     *

Ормон: - Кайсы жерден болосуз, карыя?

Карыя: - Асманында шумкар айланган, тоолору булут челген, жайнаган малы бар, арча жыттуу абасы бар жерден болом.

Ормон: - Кайсы элден болосуз, карыя?

Карыя: - Башы бар, мээси жок, байлыгы бар, ээси жок, алын тынч бакпай, ашын аш кыла албай эсирген элден болом.

Ормон: - Кайсы айылдан аттандыңыз, карыя?

Карыя: - Каткырыгы таш жарган, төрүндө олтуруп тапкан амалы босогодон ашпаган, бири баштан, миңдин убалына калган айылдан чыктым.

Ормон: - Кимди тосуп чыктыңыз, карыя?

Карыя: - Алы бар, акылы жок, өз деп жакынын гана баккан, өзгө деп, коңшусун чапкан, алыска уча албаган, көтөрүлсө коно албаган, кыска өмүрүн узун деп жүргөн, ырысын көтөрө албай тебелеп күлгөн, бир баатыр боло турган эле. Ошону тосуп чыктым.

*     *     *

Эл чачылбасын?! Чачылган эл – ээсиз мал. Ээсизди ууру да алат. Бөрү да жейт.

Эл бузулбасын?! Бузулган эл түн толгонуп, эмизген эне сүтүн унутат. Эптеп чоңойткон ата күчүн унутат.

*     *     *

Жакшы ата – жаман уулга кырк жыл азык. Жакшы ага – жаман иниге канат-куйрук.

*     *     *

Коңшу эл бизге илгертен ат байларга казык, туу илээрге шыргый болгон. Колуңан чыгарбай бооруңа тарт. Эл менен кишисиң сен!

*     *     *

Дүйнөдө туулган жердин топурагы – алтын, суусу – мүрөк. Кайда жүрсөң сени кол булгап, өзүнө чакырат.

*     *     *

Мал семирсе, ооз майлайт. Адам семирсе, төбө каңдайт.

*     *     *

Денени мээ башкаргандай, элди теске салчу, шогун колго чаап, уурусуна айып тарттырчу адамдарга адамдан башчы керек ко?

*     *     *

Баланын да баласы бар. Көп кийимдин ичинде да бир кийим болот. Көп буюмдун ичинде да  бир буюм болот көңүлгө жаккан! 

*     *     *

Кыз бала тагдыры жүрөгүмө бычак уруп атпайбы! Эркек балаң адамдын ургуру болсо да шалпайып үйүңдө жүрө бергидей. Ай, кыз чиркин! Анын үйдөн аттанып чыкканда да жолу ачакей! Жыргар жерге барабы? Ыйлар жерге барабы? Кыздын барган жери канчалык жетиштүү болбосун, ал толук бакты болуп эсептелбейт!

*     *     *

Ашык болуп, бир-бирине кошулгандардын деми сууп, күйүтү басылат. Калың элдин койнуна сиңип, көптүн бириндей  тым-тырс жоголот. Жетпей зарлап кала бергендер үчүн уламалар айтылып, муңканткан ырлар куралып, муундан-муунга даңаза. Өмүрлөр да ошону менен алаксып, ошону менен жашылданып, барк-баасы сезилет. Бул ташка тамга баскандай чындык!

*     *     *

Үмүт жүрөк токтогондо бүтөт!

*     *     *

Ички сыры оңой менен туюлбаган, дүйнөсү татаал адам баласы.

*     *     *

Тосмого тирелген сел – акыры багытын каптабай койбойт.

*     *     *

Өз жакшылыгыңды доома кылба, бирөөнүн жакшылыгын унутпа,- деген улууларыбыз.

*     *     *

Аял жапаа, ит бапаа!

*     *     *

Сүйүүсүнөн айрылган өмүрдүн бары кайсы, жогу кайсы?!

*     *     *

Ит адашпайт, киши адашат көп ичинде.

*     *     *

Жакшы талапты, чоң үмүттү кишинин кишиси ойлойт. Бирок, ал орундалабы, жокпу?! Анын орундалышына да кишинин кишиси түтөт. Жеткенге чейин азап-тозокко да кишинин кишиси чыдайт.

Топтогон: Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз