Казат Акматов: Коштоочу

АҢГЕМЕ

Келиндин өңү-түсү эсимден чыга түшкөн экен, бирок жигитти азыр көрсөм азыр, кийин көрсөм кийин айныбай дароо тааныр элем. Анткени ал экөөбүз аздыр-көптүр бир күндөн ашык ээн тоолорду аралап үзөнгүлөш жүрүп калдык. Дене-бою жаш теректей солкулдаган көздөрүнө, кыйдысы жок, адамды караганда алайып эч айыпсыз тике баккан таптаза азамат болчу.

Ошону коштоочу кылып берди мага башкарма. Өзү болсо өңү түктүйүп, боорун алаканы менен басып отурган экен кабинетинде.

- Ооруп калдым, ок тийип,- деди ал чыйрыккан далысын куушуруп. - Ушул малчылардын күнүн өткөрүп коюп догдурга жатсамбы деген өзүмдө деле план бар эле, бирок ага жетпей моминтип... Элдин баарысын кечээ эле жибергем. Машина менен кетишти. Кызыл Омполду айланып. Бүгүн үйлөрүн тигип камын көрсө, эртең буюрса... Тартиптүү өтөт, ичкичтер деле тизгинин тартып калган кез азыр. Главкадан киши жок деп аттык эле, ырас келбедиңизби. Мен эми сизди ат менен жөнөтөйүн. Тезирээк жетесиңер. Мына бул эки кырды аттасаңар эле ары түшө бериште, Кан жайлоо деген жайыкта. Күүгүмдөп кирип барасыңар.

Башкарма ошентип мага алиги баланы кошуп берди. Мен атка мингениме маашыр болуп адеп бастырганчакты каным кадимкидей дүргүп, тигил бала теңтушураак болсо мындай чыкканда азын-оолак дыр бергизип алсак кана дегендей көңүлүм ойноп кетти.

- Кел эми таанышалы, атың ким? - дедим.

- Тариэл .

Атың укмуш экен деген белги жасап мен ага мулуңдап күлүп койдум. Карасам бир сыры бардай көрүнөт баланын. Кандайдыр ой санаага алагды болуп аткандай сезилген жана адеп жолго чыкканда эле. Өзү бухгалтерияда иштеген жаш адис экен. Колхозго келгенине эки жыл айлана элек болсо керек айтымында. Тим бастыра берсем жигиттин деле мени менен сүйлөшкүсү жок. Суроо берсем селт этип чочуп карайт.

- Бу тоолорду жакшы билесиңби?

- Анча-мынча.

- Адашпайбызбы деги?

Тариэл  башын чайкап күлүп койду. Сөздүн чыны мен саал тырчып бараттым балага. Ээн жолдо экөөбүз жалгыз болсок, анан кобурашкыбыз келбей дудукча баш ийкешип тим болсок, анда жол жүргөнүң да курусун, буга окшогон жандоочуң да курусун. Анткенде кыска жол узарып, чарчабаган жаның өзүнөн өзү чарчайт.

Аны жайына жөн коюп мен өз алдымча бастырышка ниет кылдым да маңдайымдагы шаңкайып көк асманды тиреген ак чокуларга куштарым артып, ошондон улам тиги балага таарынычымды да унутуп барам. Көрсө тоолорду, ат минип бастырганды көңүлүм көксөп калса керек. Көп айлар шаарда телпилдеп жүрө берип, анан бир күнү табийгатка чыга калсаң кандай! Жаның жыргап, көңүлүң тимеле жууп жайгандай чаңкая түшөт. Көрсө табийгат бизге кийим, тамак эле эмес, көңүл, паанай да берет тура.

Өр талашкан сайын аттардын деми угула баштады. Күн дал маңдайдан тийип, тим койсом ал эки саатта мурду-башым күйүп калчудай такыр. Ошондон качып мен ээрге кыңкайдым да Тариэл  жакка бурулуп алдым. Карасам бала эми бир аз өзгөргөн түрү бар. Мага көзү күлүңдөп, жал-жал карап, бир нерсе айтчудай болуп, бирок айта албай келаткансыйт. Кээде туруп өзүнчө эле бети албырып, айтор сүйлөбөгөн менен көңүлү жайдары эле көрүнөт.

Эми бир имерип өзүм кепке алайын дедим аны, бирок ага бир аз муздаганым тарабай келет. Анын үстүнө жашыбызда бир топ айырма бар экен, мен башка, бул жигит башка экени сезилип эле турат. Демек анын оюндагысын таап сүйлөбөсөм анда тим эле койгонум оң. Бирок адамдагы алиги дидарлашуу сезими кандай күчтүү, мен ошого жеңилдим көрүнөт:

- Тариэл , ырдап бастырбайлыбы,- деп койдум. Ушул суроом жигитке саал таасир эткенсип калды окшойт, мени күлмүң этип бир карап алды. Бирок кайра эле ырдабады да, сүйлөбөдү. «Атаны оңбогур» дедим ичимден, бу жубарымбектин деле мени менен ымалашкысы жок да!

Бир кырды ашып, экинчи кырга таяна турган болдук. Аттардын мойну нымдашып, денелери жибий баштады. Экөөбүздө тең үн жок, сөз жок. Кууш жолдордо кээде Тариэл  алдыга түшөт, кээде мен алдыга түшөм, кээде тизгиндешип жанаша жүрүп барабыз. Ошенткен учурларда Тариэл  дагы эле баягы мага бир нерсени айта албай аткан кейпинде кыйпычыктап жал-жал карайт деле, бирок эч нерсе дебейт. Ошентип үч-төрт жолу кайталанган соң жиним келе баштады, бир туруп балада анча-мынча кеп барбы деп кетем. Айтор бул оңбогон коштоочум мага табышмак болуп туруп алды. Көрсө бул балада чынында эле кеп бар экен.

-Байке,- деди бир оокумда ал баягы кыжалат сөзүн эми айтчудай көздөрүн күлмүңдөтүп,- мына бул жол менен баралыбы?

- А бул жолчу?

- Мунусу жакын.

- А мейли, мага баары бир.

Биз кырды капталдап баратып, кайра коктунун таманына түштүк да, суу бойлоп тике өйдө жөнөдүк. Колоттун ичи калың от экен, аттарыбыз тизгин чоюп күрт-күрт чөп чала жүрдү. Мына ушул сааттан баштап Тариэл  мага жакындап чечиле баштады окшойт.

- Ырдайлыбы? - деди ал жаркылдап күлүп, негедир көкүрөгүнөн бир оор жүк кулаган сымал.

- Угайын...

Тариэл менин жообумду көп тыңшай бербей өзүнчө ойлоно калып, анан ачыла элек каргыл үнү менен ырдап калды. Чагымда кайсы бир джаз ансамблдин испанча ырын кайталап барат. Мен баланы абдан кызыгып карап бараттым. Таптакыр башка муун, башка адам. Өз сыры өз ичинде, өз ою өз башында дегендей, тулкусун эркин кармап, көңүлүнө эмне туура келсе ошону жасай турган бизге бир аз чоочунураак жаш муун. Болгондо да бир топ эле шайдоот бала экен. Ээрдин кашын барабан кылып черткилеп, ийиндерин боркулдатып өз обонуна өзүнүн жаны жыргап эч токтолбой баратат.

- Азамат турбайсыңбы! - дедим ал демин баса калганчакты артынан кыйкырып,- эми «Аппагымды» бир созуп койчу, угайын.

Бала ырдап аткан боюнча артына кайрылып ийнин куушура башын чайкады да, мурдагысынан катуу ээленип кирди. Тапа-тап, тапа-тап деп бир колу ээрдин кашын, экинчиси өз санын тынбай чапкылайт.

Үстүндөгү кишиси урунуп-беринген сайын Тариэл  минген ат кулагын шектүү жапыра басыгын ыкчамдатып, кыйла алга узап кетип жатты. Ыр токтогондо ат да солгуп, чөп күрмөп келет.

- Эми сиз ырдаңыз! - деп кыйкырды бир оокумда Тариэл  кезекти мага берип. Мен ыр билбесимди мурда эле айткам, ошентсе да кайталап күлүп койдум.

- Өнөрүң бар экен, сени эле уга берейин!

Дагы бир топ узап барган соң Тариэл  обонун үздүк-создук өчүрүп, мойнун созо үзөнгүгө тура калып алды жагын карай баштады. Көрсө алдыда бир короолуу чабандын турагы бар экен. Жончого чыга келгенде көк майсаңдын үстүндөгү кой жаткан корголдуу конуш, боз үй көрүндү.

- Силердин колхоздун чабаныбы? - деп сурадым. Тариэл менин сөзүмдү укпастан бүт тулкусу менен алдыга умтулуп, боз үйдөн көзүн албай тирмиет. Бир паста алиги диск-жокей болуп улам бир каламбурду оң-солду ырдап келаткан бала үнсүз мелтейди да калды. Мен атымды теминип, ага катарлаша келип көз кырымды салсам, баланын азыр бүт ааламды унуткан түрү бар.

Айла жок ичимден күлдүм, жаштыктын оргу-баргысы деген кандай. Бир туруп уяң, бир туруп эч кимди көзгө илбеген шайыр, эми карасаң алда немени эстей койгонсуп өзүнчө нес. Жанында киши баратабы же жокпу – аны менен кенедей иши жок.

Эмнеси болсо да чабандыкына түшүп суусун жута кетебиз го деп өзүмчө бүтүмгө келдим да, баланын тынчын алганым жок. Бир гана байкаганым – короо коктунун эң төрүнө жайгашкан экен, мынабул биз бойлогон суунун да агып чыккан башаты ушул туюк өңдөнөт. А жалгыз аяк жол болсо короого жетип жетпей өчүп жок болот экен. Андан ары деле көзгө илинген чыйыр жок. Андан ары биз кандай кетебиз – ага көзүм жетпеди. Сурайын дейм – коштоочумда тил жок же.

Боз үйгө жакындаган сайын бала өң алаттан кетип апкаарып, эмнегедир бир алаамат шумдуктун үстүнөн чыкчудай, бир жүрөк айрыла турган нерсени күтүп бараткандай кебетеленет. Аңгычакты биздин аттар боз үйдүн алдындагы такырга бут коюп, кошоктошо токтой калды. Мен да унчукпайм, бала да унчукпайт, же адаттагыдай нары короо тараптан ит үрүп чыкпайт...

Үнсүз бир оокумга байлана түшкөн соң, анан боз үйдүн ичинен бир жаш келин кылак этип сыртка чыга калды. Кызыл алжапкыччан, чачы кыркылуу кара тору келин экен. Ошону гана байкап калдым, анткени ал бизди көрө сала саамга нес боло калып, анан кайра боз үйгө атып кирип кетти.

Бул эмнеси деп, мен аркы-беркиге ой жүгүртүп түшүнгүчөктү болбой Тариэл да желге учкандай аттын үстүнөн жок болду. Карасам курган бала өз салмагын өзү сезбей, денеси кудум канаттуу куштукундай жепжеңил болуп дирилдеп, атын турган жерине таштаган бойдон мени бир кыжалат карап алды да, боз үйгө жетип барып эшигине кол сунган тейде туруп калды. Анан ал кандайча үйгө кирип кеткенин көрбөй калыптырмын. Себеби колдон бошоно калган коштоочумдун аты чылбырын сүйрөп артты көздөй жөнөп берген экен, далбастап мен алдын тосо чаптым. Антпесем экөөбүз соксоюп бир атка учкашып калчудайбыз. Атаганат ушундайда жылкынын кыйдысын айт. Улам алдынан тосо чыксам «сен мага ээлик кылбагын» дегенсип ат мени окурая бир карап алат да башын чулгуй буйтап кетет.

Качырып жиберемби деп бир жагынан жаным далбас, бир жагынан боз үйдүн ичинде эмне балээ болуп атат деген шекилде ал жакка кылчак карап алаксыйм.

Тынч келаткан жаным далбас ура түшкөндө тез эле жонумдан тер кетип, көзүм ала-чакмак. Анын үстүнө кеч да кирип кетти. - Тариэ-эл! - деп катуу кыйкырып жибердим бир маалда ачуума чыдабай. Ошентсем Тариэлден дайын жок, бирок чочуп кеткенденби, анын аты солт этип токтой калды. Акырын ээрден жылбышып түштүм да чылбырдын учун бут менен баса калдым. Сүйүнүп кеттим сөздүн чыны. Анан эки атты кайчылаш чылбыр чалып байладым да, боз үйдү көздөй жакындап келдим. Үн да жок, сөз да жок. Кирип барайын дейм - тартынам, кирбей коёюн дейм - санаам тынчыбайт. Алдемне кокус болсо жанында турган мен жооп беремби дейм закон алдында. Ошентип жатып акыры кылайтып туурдуктун четин көтөрдүм да боз үйдүн ичине моюн создум. Карасам келин менен менин коштоочум экөө кол кармашкан бойдон бирин-бири тиктешип ыйлап турушат. Келиндин көз жашы он талаа, тигил курган бала да, эркек кайратынан кетип, көзүн ирмеген сайын сымаптай мөлт эткен жашын токтото албай дапдаарыйт.

Күтүлбөгөн бул окуяга аза боюм дүркүрөп, эмне кыларымды билбей турдум. А деп эле оюма кеткени тигил жаш келиндин күйөөсү болду. Кокус ал карп-курптан чыга келсе тигилердин күнү эмне болот деген ой. Анда чатактын чыгары көзүмө көрүнө түшүп, ошол күнгө туш келбегей элем деп жандалбастайм. Өзүм аттай-тоодой милдет менен командировкага баратсам, анан минтип орто жолдо ылгый жаштардын чатагына аралашып кетип жаманатты болбоюн деген кооп. Бул бир чети. Экинчиден, Тариэл коштоочумдун жанатан берки кыял-жоругунун сырын ачып алганыма таңданып жаттым. Ээ чунак бала! Көрсө койнуна каткан сырың бар тура. Жол бою алеп-желеп болгонуңдун жөнү мында тура дейм тигил келиндин ушул саатта менден, ал түгүл кокус кирип келсе күйөөсүнөн да сыр жашырбай, чак түштө бөтөн бирөөнүн колун мыжыга тастайып ыйлап турганына таңыркап.

Оо баракелде, эмдиги жаштарга дедим ичимден дагы бир ирет түңүлүп. Анан эси кеткен эки жашты күтүп тура бербей бирдеме кылмакка кам урдум.

Дал ушул тушта борчук таштуу капталдан, береги эле боз үйгө чукул арадан бир атчан карп-курп чыга түшсө болобу. Болду-болбоду тигил келиндин күйөөсү. Мен ойлонуп турбай калдаң этип үйгө кирип бардым. Кирсем келин чочуган болуп колун бошотту да тескери карап кетти. Тариэлим жаштуу көздөрүн ирмеп эч күнөөсүз эми жал-жал карайт.

- Келатат! - дедим аны зекий жеңден булкуп. Ачуум ушундай келди, бирок аргам жок, коштоочумду мындай кыйын ахвалдан куткарып кетиш керек болуп калды.

Канткен күндө да ал экөөбүз бир тарап, тигил келаткан атчан бир тарап болуп атпайбы. Ошентип мен бир акыл ойлой койгучакты сырттагы атчан дүп этип жерге секирип түшүп, а Тариэл болсо ага бетме-бет шырп этип сыртка чыгып кетти, жеңден алгыча болбой. Келинди карп-курп бир карасам, жашын сүртүп алыптыр, бирок чычаладай кызарган шишимик көздөрүндө дегеле чочуган кейпи жок. «Отуруп айран ичиңиз» дейт мени. Мага ошол акыл оңдуу көрүнө түштүбү, айтор үйдөн чыга барып кайра тарттым да, төргө барып отура калдым. Бирок эки кулагым сыртта. Эпадам тигил экөө дүрбөлөң боло түшсө атып чыгууга даярмын. Бирок дүрбөлөң дегендей деле эч нерсе туюлбады, болгону эки ирет чап-чап эткен камчынын үнү чыккандай болду окшойт, андан соң үн жок, сөз жок эки адамдын дабышы эки жакка ажырап, чабан жигит, мен жаңылбапмын, тигил келиндин күйөөсү экен, таноолору кыпчылган тейде жаак эттерин чулчуйта тиштенип үйгө кирип келди.

- Ассалоомалейкум! - деди ал туттуккан үнүн жашыра албай катуу чыгарып. Анан ирегеден бери чоң аттап келип менин колумду ушундай бир кармады деңиз, чай этип кыйкырып коё таштадым. Баракелденин колу арчанын катыган жыгачындай заардуу белем. Мага ал башка акаарат айткан жок, бирок ошол кол кармашы менен чабан жигит мени абдан күнөөлөп да, жазалап да койду окшойт. Унчукканым жок, тек гана курушканы али жазылбай кан сөлү качкан манжаларымды кирпик астынан карап койдум. Андан соң чабан жигит кесе кармап турган келинчегинин маңдайынан сылап, бетинен коомай сүйүп өттү. Бул аны таптакыр күнөөлөбөгөн белги болуп чыкты. Мен туталана түштүм биресе. Чабан мында эмеле болуп өткөн ишти айттырбай түшүнгөн окшойт, бирок менин колумду, анча эмне мыкчый кармайт? Баарыдан да келинчегинин бетинен өөп, а бизди болсо минткенине ыза келе түштү эле, бирок өзүмдү колго албасам болбойт дедим.

- Малчылардын күнүнө баратып суусун жутканы түшө калдык,- деп күңкүлдөдүм. Үнүм киргилденип арсар чыкканын сезип, ошого өзүмө өзүмдүн кыжырым келди. Мен эмнеге ымтырайм дейм да! Же күнөө кылган жерим болбосо!

- Уят, аксакал! Сакалдуу башың менен!.. Кайдагы малчыларга баратасыңар? Мындан ары жол жок болсо!

Айраным колумдан түшүп калды.

- Эмне үчүн жол жок?..

- Сиз кайдан келаткан немесиз өзү?!

- Ал киши чоочун го, - деди аңгыча келин токтоо, назик үн чыгарып. Чабан ошол замат тайсалдай түшүп зайыбын күнөөлүү карап кечирим сурагандай болду. Мен жеңилдей түштүм.

- Эмне үчүн жол жок?! - дедим эми экөөнө бирдей кызыраңдап.

Чабан кылыйып мени шектүү тиктеп турду, бирок камдаган орой сөзүн айта албады, зайыбынан ийменди.

Мен иштин жайын чала түшүнгөн бойдон ордумдан серпилип турдум да сыртка чыктым. Антпесем болчудай эмес. Карасам Тариэл атына минип, мени тээ обочодо күтүп турат. Жанына жете берип байкасам, баланын оң жаагы бир сөөмдөй болуп барсайып көбө түшкөн экен, канталап сыйрылып турат. Камчынын изи экени дароо көрүндү.

- Акмактар! - дедим ушул жерден негедир үчөөнү тең бирдей күнөөлөп, бирок коштоочума көбүрөк боорум ачыгансыды.

Чынында эле ал байкуштун бир паста өңү шапая түшүптүр. Бир гана ошонусуна боорум ооруду, болбосо азырынча мага бул бир келин менен эки жигиттин кимиси ак, кимиси кара экенин териштириш кыйын эле.

Күн небак тоодон кулап, күүгүм бир паста коюуланып, айлана көрүнбөй баратты. Ичине сырын каткан менин коштоочум мага бир эмес, эки эсе күнөөлүү болуп алдыда үнсүз шылкыйып кетип барат. Кокту ылдый төмөн түшкөн аттын жону солкулдак. Чагымда Кан жайлоого биз түнү менен да жетпейт окшойбуз...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз