Кубатбек Жусубалиев: Акындардын пири Секелек Сары Кыз шатысы бийик үйдө жашайт

  • 24.03.2020
  • 4127

АҢГЕМЕ

Экөө үйдөн чыгышты.

Атасы каалганы жапкан жок. Кызы коркуп кетти.

-  Жап, ата, каалганы жап!

Атасы кайра үйгө кирип кетет деп коркту. Экөө шатынын түгөнгөн текчесинде турушту. Шаты ушул жабылуу окшош төрт каалганын босогосуна келип, шыпка чыгып кетет. Шыптын оозунан төөнүн көзүндөй күн түшөт. Азыр шатынын эң акыркы тепкичинде жатты. Экөө жанында турушту. Кеп кылышты. Акындардын пири Секелек сары кыз менен атасы күндү кеп кылышты. Экөө дайыма сүткө тойгон балтектей тепкичте уктап жатканын көрүшөт.

-  Дагы уктап жатат, -  деди Секелек сары кыз.

-  Сүткө тойгон күчүк, -  деди атасы.

-  Сүткө тойгон күчүк тепкичте уктап жатат, -  деди Секелек сары кыз.

-  Жөнө эми, -  деди атасы.

-  Ойготоюнбу, ата?

-  Тим кой, -  деди атасы.

-  Эмне үчүн ата?

-  Каап алат, -  деди атасы.

-  Ойготом!

-  Каап алат.

- Мен ойгонгонун көрө элекмин, -  деди Секелек сары кыз.

- Мен дагы, -  деди атасы.

- Кантип ойготосуң? -  деди кайра.

- Тээп ойготом, -  деди Секелек сары кыз.

- Каап алат, -  деди атасы.

Экөө күндү тээп укташпайт. Түндү тээп укташат. Күн баштанып укташат. «Түндү баштанбай, күндү баштанып жатып уктап жүр. Күндү теппей, түндү тээп жатып уктап жүр». Атасынын Чоң энеси ушинтип үйрөтүп койгон.

Секелек сары кыз ушуну эстеп ойлонуп калды. Каалганын оозу ачык турду. Атасы жапкан жок.

- Жөнө эми, -  деди атасы.

- Кетпе, -  деди Секелек сары кыз.

Күндү аттабай, жанынан өткөнүн көрүп атасы ичинен жылмайып койду. Эми кызы жерге түшкөнчө дабышын тыңшап турат. Шаты бүткөндө дабышы да бүтөт. Угулбай калат. «Ата!» деп кыйкырганы угулат. Ошондон кийин үйгө кирет. Каалганы жабат. Эми болсо, күтүүгө бел байлады.

- Каап алат, -  деди Секелек сары кыз атасынын жылмайганын көрүп.

- Куйругун басып ала жаздадың, -  деди атасы.

- Мен туруп кеткенин көрө элекмин ата, сенчи?

- Мен дагы, -  деди атасы.

- Экөөбүз тең көрө элекпиз, -  деди Секелек сары кыз.

- Жөнө эми, -  деди атасы.

- Сен кетип каласың. Эртең кетип калдың, -  деди Секелек сары кыз.

- Бүгүн кетпейм, -  деди атасы. Секелек сары кыз бүгүн, эртең, бүрсүгүнү, кечээ, бүрсүгүндүн наркы күнү дегендерди билбейт. Баарын эртең дейт.

- Каалганы жап, -  деди Секелек сары кыз.

- Шамал кирсин.

- Сен кирбе, -  деди Секелек сары кыз. Атасына карап күлүп койду.

Анан тепкичтерге карап, ойлонуп калды. Жолу кыйын. Машакаты, коркунучу көп. Тепкичтери бийик, чукул. Бир аттап түшүп токтоп, эки аттап түшүп токтоп баратты. Арасында кылчайып карап коёт.

- Караба, жыгыласың, -  деди атасы.

- Эмне? -  деди Секелек сары кыз.

- Мени караба, жыгыласың, -  деди атасы.

- Жыгылбайм! -  деди Секелек сары кыз.

Атасы оозун тартып сүйлөбөгөнүн дагы ойлоду. «Жыгыласыңдан» башка сөзүң барбы, болбосо унчукпа деди өзүнө. Ылдыйтан тарс этип бир эшик жабылды. Тамдын ичи жаңыра түшүп, кайра тынчыды. Шамал же жаш бала жапты окшойт. Каалганын душмандары ошол экөө. Секелек сары кыз каалганын жабылганын бир тыңшап койду. Сол жагында дубал. Дубалды кармаган жок. Оң жагында темир тор. Кармаган жок. Чукул, бийик тепкичтерге отура калып, таяна калып, күшүлдөп, бышылдап түшүп баратты. Арасында атасына карап койгонду унуткан жок.

- Шамал кирип атабы? -  деди Секелек сары кыз.

Шамал үйгө үңкүргө киргендей кирип жатты. Кагаздардын шуудурап учкандары угулду.

- Шамал кирип атабы, ата? -  деди Секелек сары кыз.

- Кирип атат, -  деди атасы.

- Эмне унчукпайсың? -  деди Секелек сары кыз.

- Кагаздардын учканын тыңшадым, -  деди атасы.

- Кандай кагаздар? -  деди Секелек сары кыз.

- Үйдө менин кагаздарым шамалга учуп жүрөт, -  деди атасы.

- А- аа...

Секелек сары кыз башын ийкеп койду.

- Мени карап тур, -  деди кайра.

- Болуптур, -  деди атасы.

- Кетпе, -  деди Секелек сары кыз.

- Кетпейм, -  деди атасы.

- Мен жерге түшмөйүнчө кетпе, мен жерге түшкөндө кыйкырам ошондо кетесиң, -  деди Секелек сары кыз.

- Кетпейм, -  деди атасы.

Кызынын акыркы сөздөрү кулагына жаман угулду. Кечээ кагаздарынын учуп жүргөнүн укканда кетип калган. «Бүгүн кетпейм» деди. Анан Секелек сары кыз менен Прокурордун сүйлөшкөнүн тыңшады. (Прокурор каалгасын минтип «карс-с!» жаппайт. Дубал титиреп кетти. Шамал жапты окшойт). Экөө жакшы сүйлөшүшөт.

- Саламатсызбы, господин Прокурор!

- О, Сары кызым! Өзүң жакшысыңбы?

- Жакшымын.

- Дары кызым, эмнеге көрүнбөй калдың?

- Ооруканада жаттым, господин Прокурор.

- Качан чыктың?

- Эртең.

- Качан?

- Эртең, господин Прокурор.

- Дагы эле Эртең дейсиңби?

- Дагы эле Эртең дейм, господин Прокурор.

- Кыргызча сүйлөй алчу эмес элең, суудай сүйлөп калыпсың.

- Ооруканадан үйрөндүм, господин Прокурор.

- Ким үйрөттү?

- Таалайбек, господин Прокурор. Күн алыс үйүнөн кат келет. Өзү тамга тааныбайт. «Ооруп жүрүп көркат болуп калдым» дейт. Мага окутат, мен окуп берем. Өзү, оозун ачып угуп турат. Анан мага кат жаздырат. Ошентип жүрүп үйрөнүп алдым.

- Кат жазган оңой бекен?

- Кат жазган өлгөндөй кыйын болот экен, господин Прокурор.

- Бедный мальчик, үйү кайда?

- Кердегейде.

- Кердегей кайда?

- Алайда, господин Прокурор.

- Бедный мальчик! Катты ким жазат?

- Мен.

- Жок. Аты ким эле?

- Таалайбекке катты ким жазат?

- Мен.

- Жок. Алайдан ооруканага катты ким жазат дейм?

- А-аа... Ырыс, господин Прокурор.

- Ырыс ким?

- Ырыс экинчи класста окуйт. Ырыс эжеси, господин Прокурор.

- Ырыс кандай кат жазат?

- Азыр... «Учурашуу салам кат. Андагы Кыргызстандын борбор шаарындагы чоң оорукана номур экинчи палатада табийгаттын адам баласына болгон улуу кырсыктарынын бирине дуушар болуп күнүмдүк эмес, түбөлүккө жашап турган курсакташ бир боорум...»

- Чудесное письмо!

- Да, господин Прокурор! Велтрозлогермудрабоспис да ушундай дейт!

- Ал ким?

- Великан, Тролль, Злодей, Герой, Мудрец, Рабочий Осел, Писатель, господин Прокурор. Менин атам. Он еще замечательный заплетальщик волос, замечательный полотер, замечательный Чанач, замечательный Судомойник, и замечательный французский Повар!

- Ха- ха- ха! Бедный мальчик, эмнеси ооруйт!

- Табарсыгы ооруйт, господин Прокурор. Заарасы токтобойт, суук тийгизип алыптыр...

- А экөөңөр Ырыска кандай кат жазасыңар?

- Такой теплый и тяжелый...

- Эмне?

- Бөтөлкө, господин Прокурор. Таалайбек белине бөтөлкө байлап жүрөт. Анан чуркай албайт. Мага жете албайт. Чоң кишилер «Таалайбектин тапанчасы бар» деп күлүшөт. Таалайбек бөтөлкөсү заарага толгондо мени чакырат. Экөөбүз оорукананын багына чыгабыз. Оорукананын чоң багы бар. Мен бөтөлкөсүн белинен чечип берем. Өзү чече албайт. Чийе байлап алат. Таалайбек бөтөлкөсүн төгөт. Башында таранчылар чуркурашкан дарактын түбүнө төгөт. Мен карап турам. Анан бөтөлкөсүн төгөт. Башында таранчылар чуркурашкан дарактын түбүнө төгөт. Мен карап турам. Анан бөтөлкөсүн кайра байлап берем. Анан экөөбүз таранчылардын чурулдашкандарын тыңшайбыз. Ой, бир чурулдашат дейсиң! Тойго келгендей чурулдашат. Даракты муштап, муштап койсок, тым болуп калышат. Унчукпай калышат. Таалайбек экөөбүз сүйлөшө баштасак, кайра таранчылар чуркурай башташат. Ушунчалык көп! Туман, туман! Бизден коркушпайт. Чоң кишилер коркуп, бакка чыгышпайт. Ырыстан кат келгенде да Таалайбек мага чуркап келет. Экөөбүз бакка чыгабыз. Башында таранчылар чурулдашкан дарактын түбүндө эшек бар. Таалайбек скамейканы эшек дейт! Кердегейде скамейканы эшек дешет экен. Экөөбүз эшекке отурабыз. Таранчылар сөздү угузушпайт. Мен Таалайбекти «даракты мушта» дейм. Таалайбек даракты муштайт. Мен Ырыстын катын окуйм. Ырыска кат жазам. Кээде даракты экөөлөп муштагылайбыз...

- Ырыска экөөңөр ушундай кат жазасыңарбы?

- И-ии... Үч күн кат жазабыз.

- Бир катты үч күн жазасыңарбы?

- И-ии. «Срочно и точно!», «Жду ответа!», «Лично в руки!» деп коёт.

- Ким?

- Ырыс.

- А-аа, в мои годы мы писали такие письма. Видно, еще жива...

- Что жива, господин Прокурор?

- Простая, Чистая, Убогая...

- Кто, господин Прокурор?

- Жизнь.

- А-аа... Сколько Вам лет, господин Прокурор?

- Шестьдесят.

- Вы тоже живы, господин Прокурор.

- Нет. Я мертвый...

Ушул тапта эшик карс ачылды.

- Эмне эле бала менен бала болуп атасың? Жинди болдуңбу? -  деди Прокурордун аялы, -  жөнөбөйсүңбү машинаң күтүп калды?

Каалганын артынан аңдып, угуп турса керек. Секелек сары кыз менен Прокурор унчукпай калышты.

- Ырыска дагы кандай кат жаздыңар?

- Такой пьяненький, такой хорошенький старичок...

- Ким?

Каалга карс-с жабылды. Дубал көчүп кете жаздады.

- Арабакеч, господин Прокурор. Биздин ооруканага тамак, сүт, айран ташыган араба бар. Бир аттык. Аттын мойнунда коңгуроосу бар, кичинекей! Машиналардыкындай дөңгөлөктөрү бар. Машиналардын ичинде баратат! Биринчи Таалайбек «биздин араба!» деп кыйкырды. Арабакеч чал дарылдап уктап калыптыр. Машинелер кө-өп! Кумурсакалардай көп. Ат чуркап баратат. Чум кара ат. Арабакеч чал тизгинин кармаган боюнча уктап калыптыр. Көргөндөр баары күлүштү. Биз да күлдүк...

- Мас эмес эле өлүп калган окшойт?

- Жо-ок, господин Прокурор!

- Ырыска ушинтип кат жаздыңарбы?

- Жо-ок, уктап баратат деп кат жаздык! Кайра бизге тамак ташып келди. Сүйлөштүк. Таалайбек экөөбүз чум кара аттын коңгуроосун кармалап көрдүк. «Үйүмө чейин уктап бардым. Кемпирим ойготту» дейт.

- Ырыска ушуну да жаздыңарбы?

- Жок.

- Бедный мальчик! Кайда барасың кызым?

- Күнгө.

- Эмне кыласың?

- Ойнойм, господин Прокурор.

- Ким менен ойнойсуң?

- Жалгыз... Он всегда чудесно пахнет...

- Ким?

- Таалайбек, господин Прокурор.

- Кандай жыттанат?

- Буркурап заара жыттанат.

- А Ыбыш азыр эмне кылып жатат?

- Пишет глупые, темные истории...

- Ха-ха!

- “Адамдын жүрөгү караңгы” дейт.

- Ушинтип айтабы Ыбыш?

- И-ии.

- Ха-ха-ха!

Прокурор менен Секелек сары кыз кошулуп күлүштү. Экөө жакшы сүйлөшөт. Анан эки дабыш угулду. Бирөө жеңил, бирөө оор... Жайында (Секелек сары кыз ооруканада жаткан) командировкалап барып, Сандыктан (Тяншандагы жайлоонун аты) суунун боюндагы чатырда жамгыр, мөндүр, кар, жөө туман келген түндү эстеди. Жамгыр жааган чатырда отурушканда алты-жети жашар, суу болгон бала эшиктен кирди. «Жамгыр караңгы менен кошо келди» деди. «Көрдүңбү?» деди балпайган сары байбиче. «И-ии» - деди бала. Анан чырактын түбүнө барып унчукпай отуруп калды. Сөз тыңшады. Калыйча деген келин машинадан жыгылыптыр. Эмчек эмген баласы калыптыр. Сөз ушул жөнүндө эле. Анан качан чыкканын эч ким билген жок. «Жолборсту агыттым» деди. Байланган итти агытпай унутуп калышкандарын ошондо эстешти. Ит мөндүрдүн алдында калган экен. Бала кыңшылаганын угуптур. Башка эч ким укпаптыр. Бала дагы чырактын түбүнө барып корголоду. Сөз тыңшады... Калыйча келин кабинада баратыптыр. Кабинанын эшиги ачылып кетиптир... Сөз дагы эле ушул жөнүндө эле. Анан мөндүр лып басылды. Чатырдын ичи тынчый түштү. Оттун сүйлөгөнү, суунун сүйлөгөнү угулду. Баары дагы суу болуп чатырдын оозунда турган балага карашты. «Кар келди» деди бала. «Ким менен келди?» деди балпайган сары байбиче. «Жөө туман экөө келди» деди бала. «Эмнеге чыктың?». «Заара кылдым» деди бала. «Эми ордуңа келип, жылбай отур. Эшикке чыкпа» деди балпайган сары байбиче. Бала чырактын түбүнө барып отурду. Сөз бүткөнүн көрүп, чочугандай суроо берди: «Эмне, Калыйча эже өз үйүнө кеттиби?». «Ооба» деди балпайган сары байбиче.

Эртеси күн ачылды. Асманда булуттар шуулдап жүрүштү. Суунун боюнда алысты карап турду. Булуттар тебелеп өтүшүп, шаркырап аккан сууга жетип, сууну тебелеп өтүшүп, жалгыз аяк жолго түшүп, жолго батышпай, жол талашып, анан жол талашкан бойдон, серең этип жон ашып кетип жатышты. «Карачы, карачы, күн түндү кубалап баратат!» деди бала. Түндөгү чырактын түбүндө отурган баланын жанында турду. Балпайган сары байбиче баланы жанына жолотпогонун, жанына басып келсе, улам чакырып алып сүйлөштүрбөгөндүгүн ойлоду. Мунун себеби бар эле. Баланын жүзүн булут көөмп турду. «Атың ким?» деди. «Билбейм» деди бала. Аты Таалайбек эле. Бири Тяншандан, бири Алайдан, бири кейбир, бири сарөөк... Кичинекей эки Таалайбек жөнүндө ойлогондо жүрөгү эзилди...

- Бедный, бедный мальчик! -  деди Прокурор.

Башка сүйлөгөн жок. Тез-тез басып түшүп баратты. Эшикте капкара машинасы күтүп турат. Прокурордун баласы жок. Эч ким болбосо, карап турган эч ким болбосо, Секелек сары кыз менен ушинтип жакшы сүйлөшөт. Сүйлөшүп атып, башка убакта сезбеген, туйбаган капалыкты, карылыкты, жалгыздыкты, кубанычты, өкүнүчтү, сүйүүнү сезет, туят...

- Ата!

- О-оов!

- Кирип атабы?

- Ким?

- Шамал.

- А-а, кирип атат!

- Сен кирбе...

Секелек сары кыздын атасы күлүп койду. Бул кызынын текшергени эле. Эми кызы бийик, чукул шатыда жалгыз калды. Жаралгандан бери дубалдарында, тепкичтеринде жашашкан: Кыйкырган, өкүргөн (каалгасын өзү жаап алып, кайра өзү ачалбай, көрүнгөнгө ачтырган чыканактай кыргыз кемпир да жакында өлдү), ыйлаган, онтогон, күлгөн, жүгүргөн, жыгылган, тайгаланган, өбүшкөн (кыштын күндөрү шатынын ичи сүйүшкөндөрдүн шамы жок, караңгы сепилине айланат). Бурч-бурчтарында бышылдап өбүшкөндөрдүн жанынан өтөт. Эзелтен дуба тийген куу, амалкай немелер шатыдагы лампочкаларды сындырып, же бузуп салышат, уктаган үндөрдү, дабыштарды козгоп, талаадагы чегирткелердей дүр-р, дүр-р үркүтүп, коркутуп баратты. Анан дабышы дагы токтоду. Эми дагы текшерет.

- Ата!

- 0-оов!

- Кеттиби?

- Ким?

- Күчүк.

- А-аа, кете элек! -  деди атасы.

- Жатат! -  деди кайра.

- Сен да кетпе, -  деди Секелек сары кыз.

- Кетпейм, -  деди атасы.

- Мен кыйкырам...

- Болуптур, -  деди атасы.

Кайра тепкичте жаткан күнгө караса, жок!! Коркуп кетти. Секелек сары кызга кыйкыргысы келип, кыйкырган жок. Кыйкырыгы ичинде калды.

Комментарий калтырыңыз