Биз... Ушу биз өз түбүбүзгө өзүбүз жетип бүтмөй болдук ко?!

Ойго карк Качкынбай Осмоналиевдин «Көчмөндөр кагылышы» китебинен

*     *     *

Чындык, эзелтен ийилген, бирок сынган эмес. Дайыма жалганды, күчсүздү сүрүп, өз ордун бербей келген чындык! Оо, адил, ак, күчтүү чындык!

*     *     *

Акын курч, атылган окчо ташка тиет. Акын жалын, алоолоп алса күйгүзөт да, эритет. Акын назик, капыстан урган суук желге кызгалдактай жалбырагын жулдурат. Акын морт, орой сөзгө чорт сынат.

*     *     *

Бирин кор кылган, бийлиги барды зор кылган, ит тиричилик!

*     *     *

Коонун шамалы орой, акылсыздын сөзү орой. Орой менен соргокту эл сыйлап башына койсо көөп, тарс жыгылып жок болушат.

*     *     *

Катын калп айтпайт! Эр ууру кылбайт!

*     *     *

Кейикчээлдик адамды аягыч кылат.

*     *     *

Эне колунан калыстык менен мээрмандык гана келет. Ошондуктан, касиетиңен айланайын, эне! Касиетиңден айланайын, жер эне делинет! Эне көбүргөн ак сүтүн эмизет. Жатык кыял күттүрөт.

Жер эне курсак тойгузат. Тирдентет. Жалпы адам пендесин ала көрбөй багат.

*     *     *

Турмушта кытмырлар өзүнөн жогору турган адамга ар кандай жол менен кошомат кылып, ошону менен талабыма жетемин деген далалатын жасайт. Турмушта, мажүрөө айыл башчылары өзүнөн күчтүү экинчи айыл башчыны паралап, сыйлап, жасалма жүгүнүп, кысталыш иштерде өзүн колдотуп, үчүнчү бир айыл башчыга үстөм сүйлөөгө, ага кыр көрсөтүү далалатына жетмекчи. Мындай амалкөйлүк, мүмкүн убактылуу болсо дагы иш жүзүнө ашар. Бирок... бирок турмуш дегениң өтө татаал. Турмуш дегениң чоң иш. Ал убактылуу чайпалган менен өзүнүн түпкү табийгый чындыгынан аша албайт. Айланып олтуруп, жүрүп отуруп чындык негизине токтойт. Анан ошондойчо орундалмакчы болгон чындыкка алымчанын да, кошумчанын да кереги жок болот.

*     *     *

Алсыздык эмне дедирбейт, ачкалык эмне жедирбейт.

*     *     *

Момундан убада бузган жан оңолбойт.

*     *     *

Аш сунгандын баары дос эмес, таш ургандын баары кас эмес.

*     *     *

Адам баласы, адам өмүрү жашоо үчүн турмуштун “топ таш” оюнчугу экенин бара-бара баамдоодо; эпчил колдогу “жети таш” ар түркүн экчелип, жалгыздан, жуптан, топтон терилип, ар амалдагы машакаттан өткөн сымал, адам өмүрү да акыркы марага жетип тык токтогонуна чейин турмуштун, өмүр күрөшүнүн түркүн-түркүн калчоолорунан жыгылып, туруп, күлүп, ыйлап, макталып, сөгүү жеп алек болот белем?! Ырас, бул кордукту кечирээк болсо да, бир топ сыноолордон өткөн эстүүлөр гана түшүнө баштаса керек.

*     *     *

Биз... Ушу биз өз түбүбүзгө өзүбүз жетип бүтмөй болдук ко?!

*     *     *

Балалуу аялдын мазары – эри болот.

*     *     *

Адамдын жоолашкан жоосу – адам.

*     *     *

Жакшы түгөнбөйт! Жер туткасы эл болсо, эл туткасы жакшы. Эли менен жер көктүү. Жакшысы менен эл эстүү. Жакшысы түгөнгөн эл чачылып, тентирейт. Эли түгөнгөн жерди сел алат.

*     *     *

Ак иш да таң менен башталат. Адал иш да таң менен башталат.

*     *     *

Күүсү жанбас заман жок, күчү кайтпас адам жок.

*     *     *

Кылычың канчалык курч болбосун, көптү чаап бүтө албайсың, мокойт. Жалганды  чындай кылган тилиң канчалык бал болбосун, көптү узакка алдай албайсың – айыбың ачылат.

*     *     *

Жакшы санаалаш курбудан ажыраган, жарты өмүрдөн ажыраган менен барабар экен.

*     *     *

Өмүр баркы өлгөндөн кийин билинет экен. Өз акмактыгыңды да, башкалардын акмактыгын да өлгөндөн кийин билесиң. Дат дейсиң. Үшкүрөсүң. Кайта баштай албайсың. Атаганат! Кудай эрк берип кайра тирилсек, адам баркын, өмүр баркын баалайт элек. Ар ким менен итче ыркырашпай, жакын-ыраакка бөлүнүшпөй ынтымак, ынак болуп жашабайт белек.

*     *     *

Көп жашаганыңдан ким качсын?! Бирок, ынсаптуу жанга анын да кайгылуу жагы бар окшойт ко? Андайлар азилдештеринен ажырайт экен. Үзөңгү кагышып, жаатташчу, бийлик талашуучуларынан ажырайт экен. Бир кездерде ошолордун түрү суук көрүнсө, эми алардын ордун жоктоп? “Эмнеге көңүл калды болуштук экенбиз бул опосуз жарыкчылыкта” деп, дилинде арман этет экен. Адамдын акылдуусу ой сапырат.

*     *     *

Урунуп-беринип аккан бул суу жээгиндеги бадалдын, ойдуңдагы чөптүн гана өмүрү болбостон муундан-муунга улантчу адам баласынын өмүрү экени, жашоо тиричилиги экени баарыга ачык түшүнүктүү дейсиңби?!

*     *     *

Жер бетиндеги жандуунун, көл түбүндөгү сүзүп жүргөндөрдүн баарынан адам артыкчылык кылат. Адамды артык кылган анын байкай билиши. Байкагычтык бар жерде акыл өсөт, укканы менен окуганы жугат. Билгени менен көргөнү калбырланат. Улам жетилет. Жеткилеңдик кайрат берет. Жеткилеңдик жапыздан улам сереге көтөрүлүүгө ишеним түзөт.

*     *     *

Акылдуу туулган, жатык тарбияда болуп, өсүп жетилген адамга улут бөлүү, тагдырларга кайдыгер кароо – жат. Боорукер, жакшы адам канчыктын эмчегине жабышкан күчүктөргө да, көзүн жылтыратып уяда чыйпылдаган сары ооз балапандарга да, жыгылып-туруп жөрмөлөгөн балдарга да мээримин төгөт. Ушулардын боор көтөрүп, жүдөбөй, ачкалыктан өлүп калбай, тентек балдардан келтек жебей торолуп кетүүсүн самайт.

*     *     *

Илим өскөн сайын жердин баркы билинет. Жер бетиндеги жандуу заттар, жер алдындагы түркүн кен байлыктар келечек тиричиликти жакшыртат.

*     *     *

Ич тарлык элин дагы кеңейтпейт. Жерин дагы кеңейтпейт. Ич тарлык жаркыраган буюмга дат түшүрөт. Ич тарлык шоола кирген коңулга капкак жасап жабат.

*     *     *

Айтса-айтпаса канчалык акылдуу болбогун, көрөгөч болбогун, уганаак болбогун, чукугандай сөз тапкыч болбогун, баары тил аркылуу жетет. Шаттыгың да, кайгың да, жек көргөнүң да, сүйгөнүң да тил менен баяндалат. Демек, адамдар ортосундагы данакер – тил. Элдер ортосундагы данакер дагы – тил.

*     *     *

Бийлик башында куйту адам турса, анын жүргүзгөн бийлиги да куйту. Бийлик башында баатыр адам турса, эли да баатыр. Тайманбас. Бийлик башында акылман турса,  эли дагы акылдуу, сабырдуу. Келечеги узак. Чек аралаш элдер бейкут.

*     *     *

Куралына чиренип достошуу жүрөккө зил калтырат. Укумдан-тукумга кек калтырат. Зил жүрөктү айлантып, жанды жейт. Кусмайынча эс ала албайсың. Кек бир жылдарда күчтөнөт.  Өч алууга каршы аттанат. Кандай ала салсаң дагы – бул чындык.

*     *     *

Тил аркылуу сырдашып, дил менен кол кармашкан чыныгы достордун биригүүлөрү уютулган чулу темир. Адам баласынын ага жетиши үчүн али толгон бөгөттөр жатат. Күчтүү мамлекет далай чек араларды бузуп, элди имерип, өз чегин андан нары жылдырып, кеңейтер. Бирок, тил чек арасын бузуу оңойго турбас. Ал көсөөчү куралын мурда камдап албай туруп, тешип нары өтөмүн деп аска түбүнө барган менен барабар. Тилдин жакшы жагы континентте баландай эл жашарын билгизет. Тилдин зыян жагы башка эл менен сиңишип кетүүгө, кыясы жок аскадай тоскоол.

*     *     *

Жаратылышынан таланттуу туулган адам илимдин көп тармагын аралап чыкпаса, суу көрбөгөн чынарча көлөкө бербей жоголот.

*     *     *

Улуту башка болсо да, өздөн артык кайыры тийгенди “жат” деген оңорбу? Өз улутуңан болуп туруп, жаттан жаман иш кылганды “өз” деген оңобу деген ата-бабаларыбыз.

*     *     *

Адамдын көз жоосун алган, адамдын көңүлүн көтөрүп, жаратылышынын кооздугуна суктанткан мобундай асыл жердеги элдин абалын көр?.. Бул чектен чыккан эсирүүчүлүк эмей эмне?! Наадандык эмей эмне?!

*     *     *

Кыз жигиттен куу келет. Кыз жигиттен кыраакы келет. Ал түгөттөрдүн бир айыбы – көз менен сүйлөшөт да, сыр ачпай боюн ала качып турат.

*     *     *

Жүрөккө жаратылыштан “чок” буйруп койсо, жалындын жалбырттап кетиши арзан!

*     *     *

Жакшы обон, жакшы ыр – жарыкчылыктагы тиричилик менен алышкан өмүрдүн гүлазыгы. Ал жаралары менен чек арасын кеңейтип, карлыгачтай канатын зыпылдатып, алыска учат.

*     *     *

Ыймандуу адам улууну урматтайт, кичүүнү ызаттайт. Орой сүйлөбөйт. Орунсуз иш жасабайт. Демек, ыймандуу болуу – жакшы жорук-жосунга умтулуу.

*     *     *

Сүйүү, сен бычак менен кесип алмайынча, жүрөктөн ажырабаган так турбайсыңбы? Сүйүү, сен өлгөндө кошо өлчү дарт турбайсыңбы?!

*     *     *

Дүнүйөң колдун кири, жууса агып жоголгон. Өнөр уюган кыт, ордунан жылбаган.

*     *     *

Тирүүнүн баары келжирек! Наадан! Биринин баркын бири билбейт. Бири-биринен өйдөсүнөт. Бирин-бири жегиси келет! Алсызга сүйөнүч болушпайт. Акылдууну көрө алышпайт.

*     *     *

Өлгөндүн баары мыкты! Алар кайра кайрылышып иттик иштерди да, азаматтык иштерди да жасашпайт. Көргөн-билгендер жалаң жакшы жагын козгой беришет, өлгөндөрдүн.

*     *     *

Адам жакшысы үч түргө бөлүнөт. Үч башка баа берилет. Жаманчылыкта да, жакшылыкта да өзүнүн туруктуулугун көрсөткөн, жат дегенге дагы, тууган дегенге дагы калыс мамиле жасап, көпчүлүктүн кадырлоосуна татыктуу болгон жакшы адамдар чыгат. Муну “эл жакшысы” дейт. “Журт жакшысы” дейт. Мындайлар башка алгыр куштарча жоон топ болбой буудайыкча аздап жалгыздап чыгат.

Катаал учурда каршылашкан топко жалгыз аттанган, душмандын мизин кайтарып, жүрөгүнүн үшүн алган кеселдер чыгат. Муну “эр жакшысы” дейт. Андай шерлер сунулган мылтыктан, көтөрүлгөн кылычтан кайра тартпайт.

Ак никелеп алган аялы барктаганды, уул-кызы сүйгөндү, өзүнүн тамак акысы, маңдай тери менен ак жашап, күн өткөргөн адам “ата жакшысы” болот. Мындайлар ар онунчу үйдөн бешөө же жетөө учурайт...

*     *     *

Түйүлдүккө алгач жан салган уянын ээси – эне! Акылдуунун дагы, акмактын дагы имерчиктеп сыйынар мазары – эне!

*     *     *

Аттиң ай! Сөздүн орунсуз айтылышы жыйылып калган кышыңды уратат, ээ! Бүтүп калган үйүңдү бузат, ээ!  

*     *     *

Эл: “Ашты ширин кылган – туз. Алысты жакын кылган – кыз” деп бекеринен айтышпаптыр. Кыз бечера кандай күйөө буюрса, ошол жакка ашуу ашып, жол басып кете берет тура. Ой-санаасы, жүрөгү туулуп өскөн жеринде, жыты сиңген элинде кала берет тура. Айылынан бирөө келсе, жеринин же элиндеги бирөөнүн атын укса, өз ата-энесин көргөндөй, өз бир тууганын көргөндөй болот тура кыз бечара.

*     *     *

Тирүү пенденин көбү өзүнөн күнөөнү кылайып издебей, жалаң башкалардан көрөрүн, башкалардан гана аны табарын ойлошот.

Пендечиликтин шору ошол чындыкты айткандарды коргобогондукта болуп атпайбы. Пендечиликтин шору ошол калыстык кыла албагандыкта болуп атпайбы...

*     *     *

Эли менен бирге жыргаганды, эли менен кошо куураганды – эл атасы десе болот. Эли менен бирге тик турганды, эли менен кошо жыгылганды – эл атасы десе болот.

*     *     *

Жылынып жүрүп күндүн баркын билбейт экенбиз: “Чыгыштан чыкты, батыштан батты” деп. Жашап жүрүп жердин баркын билбейт экенбиз: “Тоосу таш, түзү топурак” деп. Ичип жүрүп суунун баркын билбейт экенбиз: “Жутса муздак, кайнатса ысык” деп. Карачы заматта... карайлай түшүп оңолдук ээ, чиркин дүйнө!

Топтогон: Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз