O`Шакир: «кичи-кичи», окурман!

  • 16.02.2022
  • 26286

Кеп мындай, окурман: «кичи-кичи» кичигилеп оокат кылмай меники. Кыбырап. Алты жылдан бери «РухЭш» сайтын ошентип кармап келатам. Кээде окурман журтуна жүгүмдү артпай, тилемчилик кылбай эле оокат кылууну ойлодум. Уяласың да эй... Бирок адабият кургурду жетимдей томсорткон коомго бүгүн ымындай сырымды бөлүшкөндү эп дедим. Кептин ачыгын айтпасам да болчудай эмес.

Окурман журту байма-бай жазчу болду, чалчу болду: «РухЭш» ачылбай катып калып атат деп. Ооба, ачылбай калмайы бар. Бул эми образдуу айтканда, жабалактаган мал жемге жүгүргөндө тар эшиктин оозуна шыкалып калгандай кеп да...  

Себеби, эң арзан тарифте ишимди кыбыратып келатсам, а окурман журту кызыктуу материалдарды жабалактап баса калып атса, сайттын жүгү жеңил болмок беле. Бир учурда жабалактап кирип кеткен окурмандарды токтотууга мүмкүнбү?..

Айлам кеткенде айтишниктерге кайрылам, алар оңбогондой акча сурайт. Чөнтөгүм тешик экенин билишпейт. “Окурмандар кире албай атса, анда архивди жеңилдетиңиз”, – дешет. Алар үчүн айтканга оңой иш бул. Мен үчүн оор.

Сайттын эстутуму эбак толуп калыптыр. А мен алты жылдан бери дүйнө адабиятынын дөө-шаа авторлорун, улуттук адабияттын өрнөктүү чыгармаларын ар кайдан терип-тепчип архив кылым келсем, аларды жок кылууга кантип колум барат?! Кокуйдун баары ушунда, азиз окурманым!

Сайт жүгүнүн оорлошуп баратканынын даа бир себеби: баарыңыздарга белгилүү го, мектеп окуучуларына китеп жетишсиз, ошондон улам мектеп программасында табылбай жүргөн көркөм чыгармалардын айрымдарын жүктөп салганым үчүн да өспүрүмдөр “РухЭшке” башпагып, таппагандарын издейт...

Агер айтишниктер айткандай сайттын архивин жеңилдетер болсом, алты жылдык мээнетимден кол жууйм. Сайттын кунары ошондо кетпейби! Сөздүн ток этер жери ушунда, урматтуу окурман! Арманымды айттым силерге, “РухЭш” сайтынын ишмердигин колдойсузбу, жокпу – эрк өзүңүздө. Агер адабий агартуу ишибизге кайдыгер карагыңыз келбесе, тилектештик билдирер болсоңуз биздин ЭЛСОМ эсебибиз мында турат – 0558080860. Кокус берешендигиңиз кармап банктык эсебибизге которгуңуз келсе, эсеп мына: Optima Bank 4169585341612561 VISA. Канча тыйын которо аласыз, которуңуз!

Битиреген сараңбайларга күнүм түштү кылбасын. Сараңбай досторума ансыз да алты жыл жүгүмдү артып келдим. Ыракмат аларга. Алкыш! Колдоп келатышат ансыз да...

Эми Сизге деле жүгүмдү артайын, азиз окурман))))) Сизге деле колкоо кылайын))))). Себеби, кардыңызды тойгузуу үчүн нанды сатып алгандай эле, кээде “РухЭштин” ЭЛСОМ эсебине тыйын которо койгонуңуз чөнтөгүңүзгө деле оор болбойт. Рухий азыктын куну менен каракурсактын кунун тең ала жүргөн Сизге да жакшы, бизге да жакшы. Болгону баштаган ишимди жарым жолго таштаган кемпай болгум келбей, окурман журтуна кайрылгандагы кербезим...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз