Абдулла Каххар: Анар

  • 07.05.2024
  • 4290

АҢГЕМЕ

Турабжан эшиктен ашыгып кирип келди. Толкунданып жатып яктагынын[1] жеңи эшиктин темир илгичине илинип калып, чыканагына чейин айрылып калды. Анын шаштысы кетти. Жүгөрү укалап олтурган келинчеги анын колундагы түйүнчөктү көрүп, сок билекти капка жөлөй салып, аны утурлап чыкты. Оор сок билек капты оодарып кетип, жүгөрү жерге төгүлдү.

Турабжан түйүнчөктү артына бекитип, келинчегине тийише кетти:

- Акажан дегин!

- Акажан! Жан ака!

- Эмне бересиң?

- Өмүрүмдүн жарымын берейин, акажан!...

Турабжан түйүнчөктү берди. Келинчеги түйүнчөк колго тиер замат, ошол жерде ачып жиберди да, аны көрүп ыйламсырай, нааразы түр менен башын көтөрүп күйөөсүнө карады:

- Эмне экенин билдиңби? - деди Турабжан. – Бал аарынын уясы! Турган-турпаты бүт бал! Мына, мына, сыксаң бал агат. Мунусу ак пум, арам эмес – шимисе да болот, чайнаса да болот.

Келинчеги жеңин тиштеп, бир жерди тиктеп, мелтиреп олтуруп калды.

- Ой, Кудай аай, ишенбейт да! – деди Турабжан матаны тыткылап. – Мына, чайнап көр! Көргүн, эгер андай болбосо, андака болоюн…

Турабжан кызарып кетти. Бир жолу ооруп жаткан досунан кабар алганы бир дарбыз көтөрүп барган. Алып барган дарбызы жакшы бышпаган дарбыз окшойт эле, анын тең экиге бөлүнүп уйдун акырында жатканын көргөн. Ошондо аны көрүп өзүн аябай ыңгайсыз сезип, жаман болгон.

Ушул атарапта айланып жүргөн аксак мышык төгүлгөн жүгөрүнү искеп көрдү да, буга ичи чыкпагандай түр менен Турабжанга карап, нааразы немедей «Мяу» деди.

- Тур, жүгөрүнү кара! Мышык жыттап жатат.

Келинчеги туруп баратып ыйлактап кирди:

-Бул жер жуткур кандай бала экен!.. Башкаларга окшоп күлботого, тузга, кесекке талгак болсомчу!

Турабжан топусун башынан алып какмак болуп, көзү жыртык жеңине түштү, жаны кейиди: үч-төрт жолу эле жуулган жаңы яктак эле!

- Анар эмес арстандын жүрөгүнө талгак болуп жатсаң деле, эби-сының менен бол да! - деди топусун какпастан башына кийип. – Анар, анар… Бир кадак анар паланча пул турса! Таң азандан суу ташып, отун жарып, от жагып бир айда алган пулум болгону он сегиз тенге болсо. Бир тууган агам болбосо же иним болбосо…

Эрди-катын үн-сөзсүз олтуруп калышты. Келинчеги жүгөрүнү сокулап бүттү да, аны тепшиге сапырганча салып жатып, куңкүлдөп кирди:

- Жыргаганымдан анар жегиси келип жатат дегениңиз го…

- Билем, билем… Эмне кылайын башка? Кожоюнумду өлтүрүп пулун алайынбы, бирөөнү тоноюнбу же өзүмдү алып чыгып сатайынбы? Кызык эле адамсың.

Келинчеги тамакка урунду, күйөөсүнүн «талгак болсоң деле, эби-сының менен бол да», дегенин эстегенде аябай жаны күйүп, күйбөгөн жери күл болду.

Тамак даяр болду. Казандын даты чыгып, көжөгө катыкты канчалык кошсо деле тамакты ыраңына чыгара албаптыр. Турабжан эки кесени уруп жиберди, келинчеги жарым кесе тамакты да түгөтө ичпеди. Анын мыжырап олтурганын көрүп, Турабжанга аксак мышык элестеп кетти. Мышык жыртылган жеңин эсине түшүрдү да, ырайы бузулду. Анын бузулган ырайынан «эски жүгөрү, катык, отун» деген маанини аңдаган келинчеги табити тартпаса да, эптеп жатып, өзүн  кыстап кеседеги тамагын түгөттү. Анан үйдүн артына өтүп, бир топтон кийин көздөрү  кызарып, моюн тамырлары көөп кайтып келди.

- Али туула элек баланы жер жуткур дедиң ээ, - деди Турабжан андан бетер туталанып.

Келинчеги үндөбөстөн дасторконду жыйнаштырды, казанга суу куюп жатып, угулар-угулбас үн чыгарып:

- Ошол балдын пулуна анар деле келет эле го.

- Келет эле! - деди Турабжан ачууланып. – Анар албай бал алдым!

- Албетте, келет эле! Албетте, анар албай, бал алдыңыз!

Мына ушундай убакта тил катып, оозго алынбай калат эмеспи, анан тилди тыйбаса, муштумдан да катуу тийип баштайт.

- Ырас болуптур, - деди Турабжан калтырап, - бооруң эзилип кетсин!

Бул сөз адамга кандай ачуу тийерин талгак болгон аял гана түшүнөт. Турабжан бул сөздү айтканын айтты да, келинчегинин акыбалын көрүп, кайра ындыны өчтү, эгер эркине койсо азыр кайра барып, «кой, капа болбо, ачуу үстүндө айтып алдым» деп башынан сылаганга даяр эле.

- Кишинин жүрөгүн канатып жибересиң, - деди бир топтон кийин. – Кайдан да бал алдым! Бал азыр бизге окшогон кембагалды мындай кой, байда да жок. Кожоюнга бир досу тартууга алып келген экен, билдирбестен… өзүнөн сурап аз гана алдым… Өзү берди. Таңсык нерсеге сени курсант болот экен десе. Жок, таңсык эмеспи? Өмүрүңдө канча ирет бал жедиң эле? Өзүм өмүрүмдө бир мерте жегем: Шакир кожонун үйүндө балдан момпосуй жасап жатканда, казанга бир чөжө түшүп кетип, ошол чөжөнү алып, жалаганмын…

Турабжандын бул айткандары келинчегинин кулагына атайын күлдүрүш үчүн айтып жаткандай туюлду. Анын Турабжан менен чогуу түтүн булатып келатканына үч жылдын жүзү болуп баратат, үч жылдан бери бул киши аны күлдүрүп келген, азыркысы мунун баарын чыгарып кетти. Бүгүн буга эмне болгон, ушул үч сөздү чучукка жеткире айтты да: «Бооруң эзилип кетсин», - деди. Бул ааламда анын таянганы – ушул күйөөсү, эңсеп жегиси келгени – анар эле, мына эми, экөөнөн тең кур жалак калып олтурат.

Келинчеги үйгө кирип кетти. Бир аздан соң кичинекей терезеден айдын шооласы кирди. Андан соң Турабжан кирди. Келинчеги терезенин жанында бир тизесине башын койгон калыбында, күңүрт асманга карап олтурган. Турабжан турган бойдон калды. Текчедеги бешинчи чырак бүлбүлдөп жанып, анын айланасында чоң шайтан көпөлөк айланып учуп жүрөт. Турабжан да келип, терезенин жанына олтура кетти. Шыптын бир жеринде «чирк-чирк» этип кескелдирик чуркап жүрөт, Турабжандын кулактары зыңылдап баштады. Ал да асманга – жаркыраган жылдыздарга карады. Бактагы карт бака теректин артынан оттуу бирдеме кызарган из калтырып, коюу асманга көтөрүлүп барып, асманга урулуп жарылгандай «поп-поп» этип жарылып жатты.

- Мушшак[2], - деди Турабжан, - Молдокул казынын багында. Молдокул казы бешик той кылган.

Келинчеги унчуккан жок.

- Шаардан төрөлөр да келишкен, - деди Турабжан дагы.

Келинчеги дагы унчуккан жок. Ал Молдокул казынын багын көргөн эмес, бирок уккан жайы бар. Бул бакты көз алдына элестетип көрдү: бак эмес эле анарзар… Анар дарактарында анарлар шакта чайнектей-чайнектей болуп асылып турат.

- Бир мушшак уч мири турат, - деди Турабжан, - жүз мушшак атылса… Бир нече жүз тенге. Бир мири кем – жетимиш беш тенге болот.

Алар көпкө унчукпай олтурушту. Турабжан оозун чоң ачып эстеп, үргүлөп кетти.

- Мэ, муну тик, - деди яктагын чечип, - мэ!

Келинчеги яктагын алып жанына койду, кыязы, азыр тикпейт эле.

- Бол, - деди Турабжан бирпастан кийин, - Ой… Мен сага айтып жатам!

- Эмне мынча! Түртпөстөн сүйлөй бериңиз… Тиксе тигип коёрмун, мынча кыстоо…

Турабжандын төбө чачы тик турду.

- Эй, сенин дымак-опузаң кимге өзү! Айтчы, эмне дедиң?!

- Мен сизге бир нерсе деп жатамбы? Тиксе тигип коёрмун дедим жөн эле.

– Ар нерсеге эле кайгыра берсе… өлүп деле болчудайсың, – деди Турабжан яктагын кайра кийип жатып, – кембагалчылык ушул экен да…

- Өлсүн кембагалчылык!

Келинчеги муну жаны кейигенде айтты, бирок муну Турабжан какшык деп түшүндү.

- Эмне, мен сени алганымда кембагалдыгымды жашырдым беле? Эркебайга окшоп күйөө болуп барганымда бирөөнүн тонун, кайыш маасысын сурап кийип бардым беле? Мындай арманың болсо, али да кеч эмес, байыраак бирөөгө тийип ал.

- Эки анар үчүн аялыңды байыраак бирөөгө бере салганыңызга жол болсун!

Бул сөз Турабжандын чучугуна жетти, «Бооруң эзилип кетсин» дегени келинчегине кандай оор тийсе, бул сөз да ошондой оор тийди.

- Э, кой, анар алып бербедимби? – деди Турабжан жумшак үнү менен, анан бул жумшак сөзүнөн кийин кекете сүйлөдү: - Бир да анар алып бербедимби?

- Жок! – деди келинчеги жүзүн буруп.

Турабжандын башы кеңгиреп, көзү тунара түштү.

- Өткөн  базар күнү жеген анарды ойношуң алып берди беле?!

- Ойношум алып берди!

Турабжан аңдабай калды: келинчегин желкеге бир тээп, кийин ордунан турдубу же тура калып кийин тептиби; эсине келсе өзү абразга[3] кулап калыптыр. Келинчеги ыраңы купкуу боло түшүп, көздөрүн чоң-чоң ачып, ага жагыныш үчүн жасакерленип, башын чайкап, ооз учунда:

- Коюңуз… Коюңуз… Токтотуңуз болду…

Турабжан үйдөн чыгып кетти. Бирпастан соң сырткы дарбаза ачылып-жабылды.

Келинчеги узак ыйлады. Күйөөсүнө катуу сүйлөп алганына бушайман жеди, өзүн каргады, өзүнө өлүм тиледи; кайгысын батыра албай сыртка чыкты. Караңгы түн. Узактан иттин үргөн үнү угулат.

Сырткы дарбазаны ачып тияк-биягын карады – жымжырт, эч ким көрүнбөйт. Тээ алыстагы бактан бүлбүлдөп жарык чыгып жатат. Чайканалар эчак жабылган. Кайтып үйгө кирди.

Таң агарып, үй артынан короз канаттарын каккылап кыйкырды. Сырткы дарбаза ачылды. Келинчеги бурулуп карагыча болбой, Турабжан бир чоң түйүнчөктү жонуна артып кирип келди. Түйүнчөктү үйдүн ортосуна таштап жиберди. Бир түйүнчөк толо чайнектей-чайнектей анарлар ар кайсы жакка чачылып кетти; бир нечеси абразга барып түштү. Турабжан келинчегине карады. Анын ыраңын көрүп келинчеги коркуп кетти – купкуу! Турабжан олтуруп, чекесин кармай кетти. Келинчеги жүгүрүп алдына келди да, маңдайына олтуруп, желкесине колун койду.

- Кайда жүрдүңүз? – деди энтигип. – Эмне кылып жүрдүңүз?

Ал бир колу менен чекесин жапкан бойдон жооп берген жок. Турабжан үнүн чыгарбай ыйлап жатты. Бүлк-бүлк ыйлады.

1936-жыл.

Өзбек тилинен которгон: Кубантай ЭРНАЗАРОВ,  Москва шаары.


[1] Яктак [1] – топчуланма жери жок, туюк тигилген этеги узун келген эркектердин көйнөгү.

[2] Мушшак [2] – фейерверктин бир түрү.

[3] Абраз [3] – өзбектердин жер үйүндөгү кире бериш бөлмөдө кышкысын жеңил чайкануу үчүн душ катары пайдаланган, атайын бурчтагы чекеси кыша менен тосулган орун.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз