АЖЫМАТОВ Зайырбек: ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ: БИЗДЕН КҮЧТҮҮ, БИЗДЕН ТАЛАНТТУУ СИЛЕР БАРСЫҢАР

Биздин тарыхыбыз аябай эле кыска. “Биздин” деп мен кыргыз поэзиясына өткөн доордун 80-90-жылдары келген өзүмдүн муунумду айтып жатам. Адабиятка келгендер ушинтип тобу менен келип, анан тобу менен адабий альманахтарга жарыяланып, жазуучулар союзунун “короосуна” кирип-чыгып, адабий ийримдерге катышып, анан тобу менен чуркап, анан акырындап тобунан бөлүнүп, бириндеп чуркап, жалгыздап чуркап олтуруп, “жөндөмү”, “шыгы”, “таланты” күчтүүлөрү “жарыштан” озуп чуркап, анан барып ак ниет акын-жазуучулардын, адабий коомчулуктун көзүнө түшөр эле.

Ошентип биздин муун азыраак болсо дагы СССР Жазуучулар союзунун камкордугунун чеке-белин көрүп, алдыбыз жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө илинип, мамлекеттин эсебинен жупкадай китептерибизди бекер чыгарып, аны сатуу, таратуу милдетинин баарын мамлекет өзүнүн эсебинен жасап, биз да акырындап мамлекеттин эсебинен жан бакканга жаңыдан көнө баштаган маалда эс кайран союз кулап түштү. Акчанын күчү жакшы кези. Адабий жыйнактарга, гезит-журналдарга чыга калган бирин-экин ырларыбызга алган 5-10 сомдук калем акы, жашоо-турмуштун кем-карчына кадимкидей тээк болуп, анча-мынча жыртык-тешигибизди бүтөп турчу.

*    *    *

Акыры “Төлөгөн Касымбеков “Сынган кылыч” романына бир “Волга” сатып алыптыр, укмуш чоң гонорар алган экен!” деп, “Айтматовдун книжный шкафы укмуш экен, “Ала-Тоонун” (адабий журналдын) балдары  бир күн кечке ташыптыр!” деп дүң болгон доордун да күнү бүтүп, рублдин наркы түшкөндөн түшүп олтуруп, мен кенедей ыр китебим үчүн 47 миң рубль гонорар алганыма Касымбековдон кем эмес сүйүнүп, жер-сууга батпай барып, адегенде балдарыма таттуу, колуктума белек алайын деп дүкөнгө кире калсам, аялдардын кышкы өтүгүнүн эң арзан дегени 70 миң рубль экенин көргөн соң эсим эңгиреп, эмне кыларымды билбей калган ошол күн социализмдин Кыргызстандагы доорунун кайра чыккыс болуп биротоло батып бараткан күнү экен…

*     *     *

Илгери сакманга барган окуучулук кездери энеси өлүп калган жетим козуларды көп көргөм. Ошол бойлору өспөй калган, көрүнгөнгө урунду болуп жан баккан “жылаңач” тармал жетимдер жетим болгондору менен тири шумдуктай тың болучу. Биз чабандардан тил угуп, эмчек эме албаган энелүү козуларды эмизе албай азабын тартсак, энеси жок козулар көрүнгөн койдун чаткаягына кирип барып, эмчегин соруп жиберип, чоочун, бөлөк козу ээмп жатканын байкай калган кой өпкө талаштыра тээп, тигил жетим кыктын, чыланын үстүндө тоголонуп баратып тура калып, экинчи бир койдун эмчегине жабышып, анысы андан ары карай көмөлөтө тээп, ошентип тепкиден тепки жеп, эмчектен эмчек ээмп, бир маалда эки капшыты шардай чандайып, эки уурту сүттүн көбүгүнө көөлөнүп, эки көзү бөдүрөйүп, ынтыгып четте турар эле.

*     *     *

Зайырбектердин тарыхы биздин муундун тарыхынан да кыска болду. Булар адабиятка кирип келген кезде СССР урап түшүп, алар анан улуу-кичүү дебей дароо эле урандылардын алдында калышты. Ал учурда аларды куткарып ала турган МЧСибиз, “тез жардамыбыз”, башкаларыбыз да жок болчу. Компартиясын таштай качкан “жалган коммунисттер” сыяктуу эле адабиятты жан багуунун “жайытына” айлантып алган жалган жазмакерлер да “жайытын” таштай качып, акча тапчу жактарга кете баштаган. Ошондо урандылардын алдында “тирүү” калган Зайырбек сыяктуу “жетим муун” өз киндигин өзү кесип, “таштын, кыштын” кычыгынан туруп келген. Буларды биздин муундун көкүлүнөн сылап, көңүлүн көтөргөндөй көкөлөткөн эчким болгон эмес. Жарытылуу суу ичпей, жагымдуу күн көрбөй, каткак жерге  чыккан гүлгө окшоп, талаа таппай ташка чыккан чөпкө окшоп, өзүлөрү өсүп чыкты. Бир чети ушунусу жакшы болду. Намыстануу үчүн кимдир бирөөлөрдүн ийгилигине көз арткан да жакшы, атаандашуу үчүн кимдир бирөөлөрдүн талантына шыктанган да жакшы, бирок кимдир бирөөлөргө жөлөнбөй, кимдир бирөөлөргө таянбай, милдет кылбай, кимдир бирөөлөрдүн көзүн карабай, ийгилиги менен талантына карыз болбой өз алдынча “өсүп” чыккан алардан алда канча жакшы.

*     *     *

Зайырбектин мууну деле бизге чейин эле ырдап жүргөн ырларды жазып, бизге чейин эле угуп жүргөн үн менен ырдап чыкты. Бирок алардын ыры биздикинен да жакшы, алардын үнү биздикинен да жагымдуу, күчтүү болду. Алардын “манасы”, ырдаган, жазган ыры, салган үнү, тарткан киносу менен сүрөтү элдин ишенимин бизден да бекем ээлеп, калктын кадырына бизден да ылдам сиңди. Биз айткыбыз келген, бирок айтып түшүндүрө албай келген, биз дегибиз келген, бирок дегенге деңгээлибиз жетпей келген, биз каалап келген, бирок каалагандай жасай албай келген нерселердин баарына булар өз мээнеттери менен жетти. Биз адегенде булардын ийгилигин чындап эле кызганып, тааныгыбыз келбей чанып, жерип,  танып барып анан таанып, ынанып, ишенип, анан кубандык.

Адабият жолу татаал жол. Баарыбыз эле Айтматов, Жусубалиев, баарыбыз эле Рамис боло албайбыз. Бирок баарыбыз болбосо да айрымдарыбыз адабият үчүн, болгондо да жаш кыргыз адабиятынын кыртышы үчүн жакшы “жер семирткич” болуп бергенге жарасак, ошол биз “семирткич” болуп кеткен адабият талаасына болочок Айтматовдор, болочок Жусубалиевдер, болочок Рамистер “өсүп” чыкса биз адабият алдындагы ак кызматыбызды жасап кеткен болобуз! Айткылачы, мындан өткөн жакшылык болобу? Ошондо биз эч качан жоголуп кетпей турган, элдин нарк-насилин, ар-намысын, көркөм дөөлөтүн улап кете турган, отун күжүлдөтүп жагып кете турган, туусун алоолотуп көтөрүп кете турган муун бар экенине чындап ишенебиз.

*     *     *

Манасчылыкта Рыспай, Улан, Дөөлөт, комузда Руслан, Рахат, Нурзат, төкмөлүктө Элмирбек, Амантай, Шекербек, Жеңишбек, Аалы, Азамат, музыкада Нурлан, Курмангазы, Асылбек, кинодо Темир, Садык-Шер, Руслан Акун, Бакыт, Акжол, обондо Калмурат, Түмөнбай, ырчылыкта Гүлзат, Нена, Токтобек, Аскат, Гүлзада, Гүлжигит, Аксайбек, прозада, журналистикада Олжобай, балдар хорунда Гүлмира, Салтанат, сүрөттө Айып Алакун, поэзияда Зайырбек, Жыргалбек, Жазгүл, Мирлан, Акбар, Нарсулуу, театрда Алтынбек, Назым, Шамил, чечендикте Бакай, Жылдызбек, Талант, Улан өңдүү жалындаган жаштар бар үчүн, булардан башка дагы биз көрүп, билип, угуп жүргөн, бирок аттарын атай албай калган кыз-жигиттер бар үчүн кыргыз дөөлөтү эч качан жок болбойт дегим келет!.

*     *     *

Эми Зайырбек Ажыматовдын ырлары жөнүндө эки ооз сөз. Орус элинин азыркы доордогу Пушкини делип жүргөн акыны Юрий Кузнецовдун:

Жагымпоздор, түшпөгүлө дүрбөлөң,
Жалгыз келгем, кетем жалгыз дүйнөдөн,

— деген ыр саптары бар. Зайырбектин балким ал ыр менен тааныштыгы жок чыгар. Бирок россиялык акын Кузнецовдун тынчын алып, анын айткысын келтирген нерсе кыргызстандык акын Ажыматовдун да көңүлүн жөө тумандай каптап, жүрөгүнө “түнөп” өткөнүн, сарсанаага салып өткөнүн көрүүгө болот. Ошондо акындын ою мезгил менен мейкиндикке эзели баш ийбей турганына көзүң жетет. Ошондой сезимдердин “кыяматында” ал Кузнецовдукунан кем эмес мына бул ыр саптарын жаратып:

Жан адамга тийбей балким керегим,
Жалгыз келгем, жалгыз кете беремин.
Ыйманымды ченегиси келишсе,
Ырда калат тайызым да, тереңим,— деп жазат.

Акындын жандүйнөсүн бекеринен тим турган маалында тынчып, үнсүз дем алып, ичинен термелип, көлкүп-балкып жаткан, тим туралбаган маалында ары удургуп, бери удургуп, алай-дүлөй салып, ээ-жаа бербей, күү-шаа түшүп жаткан көлгө салыштырган эмес. Зайырбек да Алыкулчасынан “мен эмне деген жанмын?” деп өзүн өзү “сырттан” туруп карай алат, ошондо өзүнө өзү алымсынбай, өзүнөн өзү кирдеп, өзүнөн өзү “өч алып”,  анан “кегин”, “бугун” ырдан чыгарат. Акындыгына алымсынбаган, ырынын далысына жашынбаган, адамдыкты барынан артык санагандарда гана ушинтип айта алат.

Өмүр жетпес чокулардан карап мен,
Өзүмдү өзүм шылдыңдаган бир жанмын,— дейт.

*     *     *

Китепте “Жаңы конуш таңы” деген бир ыр бар. Эки сап менен эле акын Бишкектин айланасындагы жаңы конуштар менен жаңы конуштагылардын тагдырын, алар эле эмес бүтүндөй кыргыз жаштарынын “жайрап” жаткан жашоосун ачып бере алган. Окуп баратып, ушул эки сапка жеткенде тамагыңа “бирдеме” түйүлө калып, жаның сыздап, үн чыгарбай ыйлап алгың келет. Кыргыз жаштарынын отуз жылдан берки таалайсыз тагдыры, ыйы, муңу, зары катылган, күчтүү образында катаал күндүн кара мөөрү басылган бул ыр эстебегениңди эстетип, ойлобогонуңду ойлотот. Ыр ошонусу менен күчтүү.

Ийни түшүп бара жаткан аялуу,
Карайм аяп жаштыгымдын караанын,— деп жазат акын.

Мен бул ырдан, таң атпай иш издеп жаңы конуштан чыгып, керелден-кечке көрүнгөн кожоюндун каалгасын каккылап, иш таппай, тагдыры талкаланып, үмүтү үзүлүп, кечинде үйүнө илкип кетип бараткан кыргыз жигитин көрдүм. Жигитин эле эмес, чийедей балдары менен пенсиядагы карыган кемпир-чалдарын багалбай, башка өлкөлөрдө иштеп жаткан балдарынын жөнөтүп турган акчасын күтүп, 30 жылдан бери иш таппай кетип бараткан, кайда кетип баратканын эмгиче билбеген Кыргыз өлкөсүн көрдүм. Кандай гана аянычтуу сүрөт… Ошол эле жаңы конуштардагы дагы бир элес:

Баш жазууга же мечитке таң атпай,
Бара жатат менин тааныш досторум,— дейт.

Биздин таалим-тарбиясы тайкы, тартиби жок бечера өлкөбүздө ким эмне кылып жатканы, кимдер кайда баратканы ушул саптардан дапдаана билинип турат. Мында да уктап турары менен кайда басарын билбей башы маң болуп турган Кыргызстандын кебетеси келе түшүп жок болот.

*     *     *

Бирде ташып, бирде кайра бөксөрөм,
Бирде куурап, бирде кайра көктөгөм.
Ызгаар окшойм өзүмдү өзүм тоңдурган,
Жалын окшойм өзүмдү өзүм өрттөгөн, — дейт акын дагы бир ырында толкуп-ташып….

*     *     *

Учуп кеткен балапандар ата-энелери салган дарактагы уяларына кайра экинчи кайтып келишпейт. Алар эми өз балапандарына уя салат. Уядан өз балапандарын учурушат. Абалтан табият мыйзамы ушундай. Зайырбектин бул ыры да табияттын ошол дүйнөсүн айтып турат.

“Мен апамды сагындым” деп үшкүрсөм,
Жыйырмадагы уулум тиктейт апасын… — деп…

*     *     *

Элибизде эзелтен бери эле “Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат” деген кеп жашайт. Кыргыз аз эл. Аздыгынын асылынан азабын көп тарткан эл. Убагында билекке таянган, билекке таянам деп, далай ирет кырылган, чабылган, чачылган, азган-тозгон. Бүчүсү бүтүн, бүтүнү эсен доорлорунун далайынан айрылган. Анан билеги күчтүү балдар керектигин, бирок билегинен да билими күчтүү балдар андан да керектигин  түшүнгөн. Эмнегедир муну эл түшүнгөн менен бүгүн эл башкарган адамдар түшүнбөй келет. Улуттун салт-санаасын, улуттун ички дөөлөтү менен сырткы сөөлөтүн, улуттун рухун экинчи, үчүнчү “сорт” менен өлчөгөн өлкө эч качан жакшы болбосун эл башкарган адамдар биле албай келет. Ушул каңырык түтөткөн кенемтебизди акын Ажыматов “Күйгөн ыр” деген ырында минтип жазат:

Бакыт кушу башынан качкан элде,
Бир тыйынга арзыбайт акындыгың,— деп.

Бизде ушундай, бизде падышалар бирөөлөрдүн бети-башын талкалап, мурдунан кан-жин агызып жеңишке жеткендер менен сыймыктанып сүрөткө түшөт. Ошондойлордун колун кысып, ошондойлорду куттуктап, ошондойлордун айлыгына айлык кошуп жашайт.  Билектүүлөр баркталган доордо билимдүүлөр менен көркөм өнөргө орун болмок беле? Муну жакшы түшүнгөнүң үчүн Зайырбек, сен минтип жазып жатпайсыңбы?

Тантыгандан не пайда себеби жок,
Татыксызга тагдырдын белеги жок.
Жан дүйнөсү бычылган кечилдерге,
Акындын да, ырдын да кереги жок,—деп.

*     *     *

Зайырбек Ажыматовдун “Бизден мурдагы калемдештерге” деген же биздин муунга арнап жазган мындай бир ыры бар.

“Өзүбүздө өлүп бара жатпасын,
Өрт тутантаар Есениндер, Пушкиндер… — деген.

Бир кезде атын укканда акын-жазуучулар “калчылдап” барып токтогон, оозунан ыры куюлуп турган акын агаларыбыздын бири Жоробек Султаналиев:

Өпкүм келбейт Есениндин көчүгүн,
Кийгим келбейт Пушкиниңдин өтүгүн.
Таарынганга Талас болуп жайылам,
Таянганга так Манастын өзүмүн!— деп ырдаган.

Силердин муунда биз күткөн касиеттердин баары бар. Улам кийинки мууну таланттуу, улам кийинки мууну билимдүү, акылдуу болбогон эл кайдан өсүп-өнмөк эле? Силердин муун биздин муундан алда канча таланттуу, алда канча билимдүү, алда канча акылдуу, алда канча алдуу-күчтүү муун! Ошон үчүн биз силерге каниет кылабыз. Ошон үчүн биз бекембиз. Ошол муундун арасындагы таланттуу акыныбыз сенсиң Зайырбек!

Жаңы жыйнагың кут болуп, сага мындан аркы жакшылыктарды алып келсин!

Шайлообек Дүйшеев, Кыргыз эл акыны

P.S. Зайырбек Ажыматовдун “Жүрөктөгү бороон” аттуу басмага даяр турган китебин мына-мына окурман колуна тийип калат дегенибизге жарым жыл өттү. Окурман журтуна жар салып да жибергенимди кантейин! Чынында Зайырбектин деле китеп чыгарар камылгасы жок экенин көрдүм да: “Эй, жетим, – дедим, – ыр топтомуңду даярдап коё бер. Сараңбай досторума кадырымды салып, мен чыгарып берем!” – деп бак-бак сүйлөп жөнөп кеткемин. Саналуу күндөрдөн кийин үмүткөр Закем мага чалды:

– Олжоке, өткөндө сиз тамашалап айттыңызбы же чын элеби?.. Китебимди чыгарып бере алам дегендей кылдыңыз эле го.

– Чын эле айткам, ырларыңды топтой бер. А чыгарган жагын мага кой! – бу жолу да чечкиндүү бакылдап койгонум менен кайсы сараңбай досума барып Зайырбектин китебин чыгаруунун жолун табышты ойлондум.

Сөздүн кыскасы, достордон Дүйшөн Орозалиевге кулак кагыш кыларым менен, ал да шар айтты: “Бир айдан кийин келгиле”, – дегенине жетине албай Фейсбукка Зайырбек менен Дүйшөндүн сүрөтүн жанаша илип, китебине “пул таап” койгонумду сүйүнчүлөгөндөн бери далай куштар, далай өрдөктөр учту, далай суулар акты. А Дүйшөн досумдун башы кредиттен чыкпай жүрү, Заке! Дагы 1-2 ай чыдап тур эми, сенин китебиңди чыгарууга демөөрчүнү да табарбыз! Шайлообек байкебизге болсо китептин баш сөзүн жаздырып коюпсуң, эми калган милдетти мага жүктө да, тынч жата бер… Мен сендей таланттын китебин чыгаруу үчүн дубана болгондон эч уялбайм. Дүйшөн досум бербесе, башка сараңбайларга барам…

Олжобай Шакир