Кыргызча

Григорий Петров: Бактысыз эл, бактысыз адамдар! Алдашат да, алданышат да...

Григорий Петровдун “Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы” китебиндеги акылга түйчү насааттар:

***

Жаңы коомдор өздөрү менен бирге жаңы ырларды алып келет” деген белгилүү бир макал бар. Адам баласы ар дайым өзгөрүүгө дуушар болот жана токтобостон жаңыланып турат. Жаңыланган ар бир муун өзү менен бирге жаңы терминдерди, каалоолорду, арзууларды, тилектерди, талаптарды жана муктаждыктарды алып келет.

***

Тарых бир тараптан кээ бир улуттардын жана өлкөлөрдүн ачуу жана коркунучтуу кулап жок болууларын кара беттерине  жазып жатканда, экинчи тараптан болсо өнүгүү жана алдыга умтулууларын жазуу үчүн жаркыраган аппак беттерин ачат. Мына бул нерсе унутулбасын, жаркыраган беттерде жаркырап туруу да, кара беттердин  караңгылыгына чөгүү да жеке инсандардын аракетчилдигинен  жана аракетсиздигинен болот.

***

Тарых өткөн чактын күзгүсү десек болот. Бул күзгүгө жакшы карангандар өздөрүн туура байкап, ката-кемчиликтерин көрүп, алардан сабак алышат. Келечектин жаркын болушуна ишеничтүү кадамдар менен бет алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Андай болсо бир колунда тарых жарыгы, экинчи колунда келечек сүйүүсү болгон улуттар гана дайыма өнүгүүгө татыктуу талапкер.

***

Чындыгында өлкөнүн келечеги премьер-министрдин, министрлердин же депутаттардын, жетекчилердин гана жоопкерчиликтеринде эмес, ошол эле учурда улуттун ар бир жаранын тынчсыздандырган, сөзсүз көңүл буруусу керек болгон олуттуу маселе.

***

Жетекчилер жакшы болсун же жаман болсун, мейли эл баатыры, жада калса заалым болсун, алар элдин бир күзгүсү болуп саналат жана элдин абалын толук чагылдырышат. Алар элдин дал өзүнөн бөлүнүп чыккан улуттук рухтун бирден нускалары болуп эсептелинет. Калктын көпчүлүк массасы кандай абалда болсо, башкаруучулар да дал ошондой абалда болушат.

***

“Улут жуурулган чопо сыяктуу. Эгерде жакшы бир чебер устанын колунан өтпөсө, анда көрүнүктүү кооз форманы албай калат. Тескерисинче жансыз копол бойдон кала берет”.  (Томас Карлил)

***

“Жашоону түзгөн, окуялардын багытын аныктаган фактор жалгыз киши эмес, элдин дал өзү”. (Лев Толстой)

***

“Эл катмары жерде жатып чиригенге жакындап калган саман жыйындысы сыяктуу. Чыгаан (лидер) кишилер менен эл баатырлары болсо, асмандан жарк деп түшүп саман жыйындысын тутандырган, эл катмарын жандандырган жана кыймылдаткан чагылган сыяктуу.” (Томас Карлил)

***

“Бир улутта өнүгүү кыймылы башталганда, ал элде өзүнөн өзү алга карай жылыш башталат. Ошол эле учурда өздөрүнөн ичинен элдин таламын орундаткан бирөөнү жол башчы кылып шайлап алышат.” (Л.Тостой)

***

Көз караштар тыйындын эки тарабы сыяктуу.

***

Баатыр, каарман элдин сезимдерин козгоп алоолондурат. Бирок ошол баатыр өзү да күч-кубатты, тамызгыны, толкунданууну элинен алат.

***

“Ар бир улут ылайык болгон абалына жараша башкарылат”. Ооба, ар бир эл башкаруу механизминин башына же күчтүү, же болбосо кайдыгер, же күчсүз бирөөнү шайлашат. Кайсы бирин шайлабасын ал элдин ошол убактагы руханий абалын чагылдырат.

***

“Качан гана биздин алакандай улутубуз айланабыздагы зор коңшуларыбыздан жогору маданиятка ээ болсо, ошондо ичибиздеги коркуу жоголот” (Снелман)

***

Снелман  мугалимдерди, диний устаттарды, адвокаттарды, укук коргоочуларды  ар дайым төмөндөгү ураан менен жашоого үндөгөн:

“Жогорку маданияттуу болуу норка тумак, модага ылайык кымбат баага кийинүү эмес.

Кең келечектүү жаштар жана андай катмар улуттун мээси сымал. Эл силерди жакшы билим алып, маяналуу кесиптин ээси болуп, шапар тээп, кечкисин кумар сыяктуу оюндарды ойногула деп окутпады. Мындай жолго баргандар интеллигенттер эмес, интеллигенциянын  алсыз бир сөлөкөтү.

Билимдүүлөрдүн баары улуттун аң-сезимин өнүктүрүүгө, алардын жан дүйнөсүн ойготууга, улуттук эрктүүлүктү күчтөндүрүүгө өздөрүнө болгон бардык күчүн жумшоосу зарыл. Бул айныгыс милдет.

Айыл жашоочуларына, жумушчуларга жана калктын жарды катмарына эң жакшы жашоо шарттарын үйрөтүңүздөр.

Биздин какыраган мекенибиздеги шартта деле ар бир айылдаштын жана жумушчунун мындан да эркин, мындан да бакубат, мындан да жетиштүү жашай билсе болоорун түшүндүрүңүздөр.

Калкка кандай иштөө керектигин көрсөтүп үлгүрүңүздөр. Көп баюуну эмес, бар байлыгын кантип жакшы жана пайдалуу, сарамжалдуу колдонсо боло тургандыгын үйрөтүңүздөр.

Арзан жана жупуну болуу менен бирге, жашоого ыңгайлуу үйлөрдүн кандай курулаарын көрсөтүңүздөр.

Өздөрүнүн жана бала-бакыраларынын ден соолугун чыңдоосун үйрөтүңүздөр. Бактылуу бир үй-бүлөнүн кандай куралуусун, жубайлардын бири-бирине болгон милдеттери эмне экендигин, жаш жеткинчектердин өз ара кандай мамиле кылуу жана кандай түрдө тарбиялануусу керек экенин үйрөтүңүздөр.

Мындай бардык иштерде калкка алгач өзүңүздөр үлгү болуңуздар. Өз ара жана эл ичиндеги мамилеңиздерде “ЭЛДИК МУГАЛИМ” милдетин аткарыңыздар.

Унутпаңыздар, улуттун сабатсыздыгы, оройлугу, корстугу, ичкичтиги, оорулуулугу, жардылыгы, алсыздыгы... – булардын баары сиздердин кемчилдигиңиздер, сиздердин каталыгыңыздар. Андай кемчилдиктер өздөрүн гана эмес, сиздерди да дайыма уят жана айыптуу, күнөөкөр кылуучу кенемте болуп саналат”.

***

“Сабатсыздык менен алпурушуп жаткан мезгилде, улуттун бардык оор жүгүн ташуу биздин мойнубузда. Башталышында алар биздин ишти туура көрүшпөйт”. (Снелмандын мугалимдерге айткан насааттарынан)

***

“Табиятыңдан элди өнүгүүгө багыттай албай турган адам болсоң, анда башкача бир терең ойлон”. (Снелмандын мугалимдерге айткан насааттарынан)

***

“Эскини таштагыла. Чириген системанын изи да калбасын. Эми минтип мамлекеттик кызматтагылар эл кызматчысына айлана баштаганын элибиз дагы баамдап сезсин”. (Снелман)

***

“Армия дин жолунун жоомарт жолчулары сыяктуу болушат. Биз сындуу карапайым инсандар мекенибизди коргоо үчүн эмгектенип жатышкан бул жандуу чеп-дубалдарыбыздын маанисин бийик деңгээлде барктай албай жатабыз. Мындагы чеп-дубалынын ар бир бирдиги -  жандуу бир инсан. Ал жердеги ар бир аскер биздин жашообузду коруп куткаруу үчүн өлүмгө да даяр”. (Снелман)

***

Жаш фин офицерлери: Армия -  биздин үй-бүлөлүк очогубуз. Дин адамы үчүн сыйынуучу жер, мугалим үчүн мектеп, дарыгер үчүн бейтапкана кандай маанилүү болсо, биз үчүн да армиябыз дал ошондой маанилүү,- дешет.

***

 Жерге түкүрбөгүлө.  Тилиңерди таза туткула. Корс-корс сөгүнүп сүйлөө иттин үрүүсүнөн да жаман.

***

Безгек жана холера микробдору көзгө көрүнбөйт. Мындай оорулар кичинекей болгону менен, чоң бир өлкөнү жок кылууга күчү жетет. Ал эми калкты руханий жактан жок кылган микробдор да ушуга окшош. Балким булар безгек оорусунан да бир канча кооптуу. (Снелман)

***

Ой жүгүртүү менен жасалган көнүгүүнүн ден соолукка тийгизген пайдасы чоң. Чыңалган соо дене кандай абалда болсо, үстүндөгү баш да ошого ылайыктуу болот. (Снелман)

***

Дүйнөгө атагы чыккан инсандар төмөнкү эрежелерди жашоо тартиби деп айтышууда:

  1. Эч нерседе ысырапкорчулукка барбоо керек!
  2. Эч бир иш бир тараптуу, бир көз карашта болбош керек!
  3. Бардык иште максаттуу жана чеги менен болуусу абзел.
  4. Ар бир ишти өз убагында, өз жайында аткаруу шарт!

***

Жашырбай туруп таасын чындыкты айткылачы, жаштарга кандай үлгү болуп, кандай тарбия бере алдыңар? Эч нерсе бере алган жоксуңар! Туурабы?.. (Снелман)

***

Эң өкүнүчтүүсү -  аталар балдары менен алектенүүнү унутуп коюшкан. Буга убакыт ажыратышпайт. (Снелман)

***

Көп ата-энелер балдары менен сүйлөшүшпөйт. Эмне менен алектенип жүргөндүктөрүнө кызыгып да коюшпайт. Бош болгон кездеринде балдарынын баштарынан сылап коюуга гана жарашат. (Снелман)

***

Ата-энелер балдардын жан дүйнөсүн жибитип кайрыла билүүдөн аксашат. Акыл-эсин багындырган артыкчылыкка жете алышпайт. Калыпка салынган көнүмүш насааттары тарбия алуучулардын жан дүйнөсүндө чагылышпайт, жарытылуу натыйжа бербейт. (Снелман)

***

Жашыруунун кереги жок, коомубузда ата-энелүү жетимдер көп. Биздин да балдарыбыз ошолордун катарында эмеспи деп  ойлонуп көрөлүчү!.. (Снелман)

***

Балдар курулай сөзгө эмес, иш аракетке көбүрөөк маани беришет. Сөзү менен иши бир болбогон коомдо мына ошолорду кайталап чоңоё башташы трагедиянын башаты. (Снелман)

***

Балдарды үлгүлүү эмес абалга өздөрү алып келип коюшкандыктары жөнүндө түшүнүгү да жок. Өз жоруктары аркылуу балдарынын кашында кадыры төмөндөп баратканынан чочулоодон да оолак болуп кайдыгерлигин көрсөтүшөт. Ал тургай бул туралуу ойлонуп да коюшпайт.

Жемелөө жана жазалоо аркылуу балдардагы сүйүү жана сыйлоо сезимдерин калыптандырууга мүмкүн эмес. Балдарыңыздардын жанында айтканыңыздар менен жасаганыңыздарга өзгөчө маани бериңиздер. Натыйжада алар сиздердин жакшы жактарыңыздарды өз көздөрү менен көрүп, чык ыкласынан урматтоого адат алсын. Эгерде сиздер өзүңүздөрдү оңдобосоңуздар балдарыңыздарды  жана алардын тарбиясын оңдой албайсыздар. Кеңештериңиздердин кымбаттыгына карабай керексиз катары начар кабыл алышат. (Снелман)

***

Снелмандын ата-энелерге суроосу: Балдарыңарды окутуп-тарбиялап жатканыңарда, өзүңөр күткөндөй бийиктиктерди багындыра алуулары үчүн, аларга бүркүттүн канаттарын тагып коё алдыңарбы же болбосо өздөрүндө өсүп чугуучу бар канаттарын да түптөрүнөн чаап салдыңарбы?

***

“Жашоодогу тартипсиздиктин, бузулуунун эң чоң себептеринин бири ушул: Ар ким рахаттанып жашагысы келет. Бирок эч кимиси жашоосунун, маданиятынын деңгээлин жогорулатуу аракеттери аркылуу өмүр сапарын дагы бир жакшы нукка салууну ойлонбойт”. (Л.Толстой)

***

Алуу жеңил, берүү болсо эрктүүлүк, кайраттуулук өңдүү көптөгөн сапаттарды талап кылат.

Бир топ адамдар коомдун ичинде талап-тоноочу жана мите курт сыяктуу зыянкечтик менен пайда табуучу катары жашаганга ыктайт. Жашоонун маңызын коомдун мойнуна минип алып күн көрүүдөн издешет. Мындай чарасыз, бечара жашоо философиясы арыштаган жылдар аралыгында балдарга да жугуп калат. Муну ким жугузат? Албетте эне жана ата...

***

Эгер жаштыктын рухун эгин эгилбей калып кеткен талаалар сыяктуу таштап койсоңор, андан өскөн тикенди гана көрөсүңөр. Ата-энелердин өз балдарынын мээлерине жана жүрөктөрүнө жакшы нерселерди экпей коюулары акылга да, адепке да туура келбеген көрүнүш. Ал гана эмес, муну кылмыш деп бааласак да жарашат. Экинчи жагынан алып караганда, балдардын туура тарбия жана терең билим алуусу жалгыз гана ата-энеге тиешелүү маселе эмес. Ошол эле кезде коомго жана өлкөгө да тиешеси бар маанилүү маселелердин алгачкыларынан болуп саналат.

***

Каалаганыңардай идеалдуу мыйзам-эрежелерди чыгаргыла. Калкыңарга каалагандай укуктарды бергиле, түрдүү-түмөн тандоо мүмкүнчүлүктөрдү жараткыла! Эгер балдарыңар керек болгондой тарбия, билим алышпаса, коомдун парламенти жана укук системасы канчалык жакшы болбосун, социалдык жашоосу тартипсиз жана күңүрт бойдон калат. Бул муун чыгарган кызматкерлер жоопкерчиликсиз жана паракор болушат. Эл өкүлдөрү жана банктар болсо саясий бир сыйкырчы сындуу болушат. Булар өздөрү өкүлү болуп турган элдин эмес, жалгыз гана өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарынын артынан чуркап калышат.

Мектептер жаңы муундун акылын жана жүрөгүн өстүргөн бир негиздүү жашоо булагы болуу ордуна, кууруп, куруткан бир жосунсуз мекемелердин кейпин берет. жалпыга маалымдоо каражаттары көчөлөрдө жана жолдордо жасалма кооздукка жамынышып, аргасыздыктан денесин саткан бечара аялдарга окшошо башташат.

***

Балдар дал ушул балалыгын же болбосо алгачкы 15-20 жылын, башкача айтканда, өмүрлөрүнүн жазын мына ушундай баткакта өткөрүүгө мажбур болушат, эми ушулардын баары болуп өтүп артта калгандан кийин, улгайгандар “эмне үчүн балдарыбыз айды багындыра албады?!” деп кайдагы кыялдарындагы эңсөөлөрүн айтышат.

***

Бактысыз эл, бактысыз адамдар! Алдашат да, алданышат да... Жаратканга болгон сүйүү үчүн деп чиркөө курушат.

***

Ар бир бала кичинекей кезде жакшы таасир калтырган нерселерге ачык болгондой эле, зыяндуу таасирлерге да ачык болот.

***

Адам дайыма чоң бир ымыркай сыяктуу. Ич ара келишпестиктерин сөзсүз уруш-жаңжал, кыйкырыктар менен чечишет.

Адам баласы жер жүзүндөгү жаратылгандардын ичинен эң улуусу. Аалам анын кызматында. Адамзатка башка жандыктарга берилбеген эң баалуу белек катары акыл берилген. Инсан акылы- анын эң чоң байлыгы.

***

Мамлекетибизде элдин калың катмарынын сабатсыздык ичинде калышына кайдыгер кароо уят! Өзүн маданияттуу деп санаган ар бир адамдын бул маселеге кайдыгер кароосу кылмыш.

Элибиздин көпчүлүк бөлүгүнүн кайдыгер, илимсиз, маданиятсыз, билимсиз калтырылышы – кылмыш. Бул мамлекеттин өзүн-өзү кыйратуусу, талап-тоноосу дегендик. (Снелман)

***

Артта калган мамлекеттерди бир гана жоомарт жана улутун сүйгөн адамдар куткарышат.(Снелман)

***

Адам үмүтсүздүккө кабылып, чарчоонун жана алсыздануунун натыйжасында кайдыгерлик сезими пайда болот.

***

Өлкө -  бул чоң бир үй-бүлө. Анын мүчөлөрү – жалпы эл. Улуттун ра бир жараны – силердин бир тууганыңар. Калктын кетирген кээ бир каталыктарына жана жетишпегендиктерине алардын өздөрү күнөөлүү. Көпчүлүк учурда башкаруучулардын же болбосо калктын каймактарынын кайдыгер мамилеси себеп болот.

***

Эң жогорку даражалуу карьера – бул өз элине кызмат кылуу карьерасы.

***

Рухтары жамандыкка толгондор, өздөрүнөн төмөн тургандарга күчүн көрсөтүшөт.

***

Жашоонун кыйынчылыгынан, түйшүгүнөн баары нааразы. Бирок жашоону иретке келтирүү, дагы жакшы абалга алып келүү үчүн аракеттенген эч ким жок. Баары көрүүчүлүк орун ээлеген.

Мештин ичин отун-көмүр менен толтуруп күйгүзгөнүбүздө “Мен эми эмне кылайын?” деп сурабайт, айланасын ысытат. Чырак да ошондой, ал да айланасына жарык берет. Сиздер да ушул суук жашоону ысытуу үчүн меш, караңгылыкты жарыкка айландыруу үчүн чырак болуп дароо иш баштагыла. (Снелман)

***

Дин жандуу болбосо, инсанда ыйман жок болсо, билим да, өнөр да, философия да, саясат да, технология да адамдарды жамандыктардан куткара албайт.

Асманда күн менен жылдыздар, деңизде балык, топуракта сөөлжан, талаада чөп, үйдө эне, өлкөдө министр... баары Жараткандын бар экендигинин белгиси. Баары бирге бир үй-бүлөнү түзүшөт. Бардыгы, бардык нерсе бири-биринин жакыны, тууганы. Бири-биринин жолдошу, досу, кесиптеши, жардамчысы. Ааламга зыян келтирсең, айбанаттарга да жамандык кылган болосуң, үй-бүлө мүчөсүнө да жамандык кылган болуп эсептелесиң. Мына ушунун баарын мен диндарлык деймин.

Тарыхта ушундай күчтүү улуттар жашап өткөн. Эр жүрөктүүлүктөрү менен улуулуктары менен даңкталышкан. Бирок аягында алар жалпы адеп-ахлаксыздыктын курмандыгы болуп кала беришкен. Мен силерди жалпы чирип, жок болуудан ойгонууга чакырамын.

***

Топтогон Мээрим САЙДИЛКАН

Китепти кыргыз тилине Турсунали БАЙМУРАДОВ, Исажан ТУРДАЛИЕВ, Эстебес ЧОТБАЕВ,  Куштарбек КИМСАНОВ которгон.

 

P.S: "Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы" китебинен  "Мекенди сүйүү - ыймандан " аттуу эл аралык китеп окуу  конкурсу жарыяланды. 

Бардык каалоочулар катыша алат. Сурап билүү үчүн төмөндөгү номерлерге кайрылсаңыздар болот. 

Вотсап: 0225 129 999 

Телефон чалуу: 0551 129 999 

 

 

 

 

Орусча

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз