Андре Моруа: Тажырыйбадан ала турган жалгыз сабак — ал бизди эч нерсеге үйрөтпөйт

  • 20.12.2023
  • 3551
  • Коомдук пикирге ишенген болбойт. Ал маяк эмес, а адаштыра турган жарык.
  • Махабат жаңы башталганда сүйүшкөндөр келечек жөнүндө кыялданышат, ал эми ал бүтүп баратканда – өткөндөр жөнүндө эскеришет.
  • Биз сүйгөн адамдарыбызга гана чыныгы жүзүбүздү көрсөтөбүз.
  • Ар бир адамга күн сайын өз турмушун өзгөртүүгө ондон кем эмес мүмкүнчүлүктөр берилет. Ошолорду туура пайдаланган адамга ийгилик жылмаят.
  • Мектептеги досторуң ата-энелерге караганда жакшы тарбия беришет, анткени алар аяганды билишпейт.
  • Бактылуу үй-бүлө – бул дайыма кыска сезилген, узак аңгеме.
  • 16 жашында революционер боло албаган адам, 30 жашында өрт өчүрүүчүлөрдүн башчысы болгонго да батынбайт.
  • Баасы өсө элек нерсенин, канча турары бизге баары бир.
  • Жакшы каруунун мааниси жаштарга тоскоол эмес – таяныч, атаандаш эмес – устат болуп, аларга кайдыгер болбой, түшүнө билүү.
  • Маданияттуу болуунун жалгыз жолу – бул китеп окуу.
  • Мурдагы досуңдан жаман душман болбойт.
  • Унчукпай уга билген көп айымдар мыкты карьера жасайт, анда да тыңшап олтуруунун кажети жок: бардыгын түшүнүп жаткандай түр көрсөтсө эле жетиштүү.
  • Ажал жашоону тагдырга айлантат.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз