Садхгуру: Кеп, көп иштегенде эмес, туура иштерди жасоодо

  • 29.09.2023
  • 4691

Адамдар тирүү кезиңде сенин барыңа кубанып, өлүп калсаң сагынуулары керек. Эгерде тескерисинче болсо, анда туура эмес жашаганың ошол.

♦    ♦    ♦

Оору – бул табыгий көрүнүш; ал жакшы. Эгерде ал жок болсо, бутуңарды жулуп кетсе да сезмек эмессиңер.

Азап чегүү – бул таптакыр башка иш. Ооругандын өзү эле жетиштүү эмеспи – анан абалды ого бетер татаалдаштыруунун кажети барбы?

Азапты биз өзүбүз жаратабыз. Ар бир адамдын алдында тандоо мүмкүнчүлүгү бар: азап тартабызбы же анын кереги жокпу. Акыркысын тандап алуу үчүн көп деле акылдын кереги жок.

♦    ♦    ♦

Таарыныч, ачуулануу, кызганыч, оору, кайгы жана депрессия – бул өзүңөр ичип, башка бирөөлөргө зыян кылат деп күткөн уу. Бул жаңылыштык. Көпчүлүк адамдардын бүткүл өмүрү ушул жөнөкөй чындыкты түшүнүү үчүн жумшалат.

♦    ♦    ♦

Ачуулануу алгачкы реакция катары туура эмес кыймыл-аракетти жаратат. Ачуулануу ачууланган кишинин өзүн талкалайт.

Эгерде өткөн өмүрүңүзгө байкоо салсаңыз, эң жаман, туура эмес иштерди ачууга алдырган учурларда жасаганыңызды көрөсүз.

Баарыдан мурда өзүңүзгө каршы иштегенсиз. Эгерде өзүңүзгө каршы иштесеңиз, эгерде өзүңүздүн жыргалчылыгыңызга каршы чыксаңыз – бул туура эмес тандоо болгону көрүнүп эле турбайбы.

♦    ♦    ♦

Жашоонун сапаты ар качан сизге кандай нерсе сунуш кылгандан эмес, сиз аны кандай кабыл алганыңыз менен аныкталат.

♦    ♦    ♦

Өзүң үчүн ыңгайлуу абалды түзүү үчүн, эң алгач өзүңдүн ким экениңди таанып, билип алышың керек. Сен – өмүр бою иштеп тапкан кызматтык чендердин, ишкердик касиеттериңдин жана сапаттарыңдын жалпы суммасы эмессиң.

Өзүң “мен” деп жүргөн нерсе, бул жөн гана жыйналган нерсе. Сенин денең – бул сен жеген тамак-аштын жыйындысы. Сенин акылың – бул сезүү органдары аркылуу башыңдан өткөн нерселерден алган таасирлер.

Сен тапкан нерселер албетте, сеники болушу мүмкүн, бирок ал өзүңүз болуп бере албайт.

♦    ♦    ♦

Сенин ички дүйнөң толугу менен сырттагы болуп жаткан окуяларга көзкаранды болсо, ал эч качан туруктуу боло албайт. Башкача болушу мүмкүн эмес.

♦    ♦    ♦

Эгерде өзүңдү пайда табуу үчүн мамиле кылууга арнасаң, ал ишти жүрөгүң менен сүйбөсөң, анда сен баары бир чыккынчылык жасадың.

♦    ♦    ♦

Берилген адам башканын кызыкчылыгын өзүнүкүнөн жогору коёт. Берилгендик – бул өзүмчүлдүгүн сыртка тыштоонун эң жөнөкөй, эң татынакай жана сонун ыкмасы.

♦    ♦    ♦

Кеп, көп иштегенде эмес, туура иштерди жасоодо... ошондо бардыгы жайында болот.

♦    ♦    ♦

Сүйүүнүн башка бирөөгө тиешеси жок. Ал сизге гана таандык. Бул жашоонун усулу. Маңызына карасак, бул өзүңүздүн эмоцияңызга сырттан бир жагымдуу нерсени киргизгенизди билдирет.

Эгерде сүйүктүү адамыңыз башка өлкөгө кетип калса, баары бир сүйө бересизби? Ооба. Жаныңызда сүйгөнүңүз болбосо деле сүйө бересиз. Анда сүйүү деген эмне? Бул болгону сиздин касиетиңиз. Сиз башка бир адамды, өзүңүздүн ички дүйнөңүзгө кирүү үчүн ачкыч катары колдоносуз.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз