Леонардо да Винчиден «Жаңгак жана коңгуроолуу мунара» жөнүндө уламыш

Күндөрдүн бир күнүндө карга жаңгак таап алды, олжосуна кубанып чиркөөнүн Коңгуроолуу мунарасынын чокусуна келип конду. Ыңгайлашып олтуруп, таманы менен жаңгакты басып алды да, аны катуу тумшугу менен талкалап чагып жемекчи болуп, чокулай баштады. Бир кезде катуу чокуп жибердиби же басып турган таманы жылып кеттиби, айтор, жаңгак колдон чыгып ылдый тоголонуп, дубалдын жарыгына түшүп кетти.

– О, ак көңүл, боорукер дубал! – деп көзүн жашылдандырды, карганын катуу чокуганынан али эсин жыя элек жаңгак. – Мени өлүмдөн сактап кал! Сен ушунчалык бекемсиң, көрктүүсүң, бийиксиң. Мени койнуңдан кубалай көрбө!

Коңгуроолор жактырышпай күңгүрөнүп, бул эки жүздүү, арамза жаңгакка ишенбей, андан сак болууну эскертишти дубалга.  

– Мага окшогон жетимдин тагдырын талкалай көрбө! – деп жаңгак коңгуроолордун добушу менен кошо жарышып кыйкырып жатты. – Мен өз бутагымдан жерге жаңы эле түшкөндө кырсык басып, жан алгыч карга илип кетпедиби. Карганын чеңгелинде келатып, эгерде ушул балээден аман калсам, калган өмүрүмдү бир тешикке кирип алып, тынч жашоо өткөзөм деп ант кылган элем.

Жаңгактын кызууланып айткан кеби эски дубалды жибитип, коңгуроолордун эскерткенине карабай меймандостугун көргөзүп, жаңгакты өз боорундагы жыртыкта калууга уруксат берди.

Убакыт өтүп, жаңгак тамыр байлады. Тамырлары дубалдын бооруна сойлоп кирип, анан жаш калемче пайда болуп, анын алгачкы бүчүрлөрү көрүндү. Ал күндөн күнгө чоңоюп өсө берди. Дагы бир аз убакыт өткөн соң мунаранын үстүндө асман тиреп өскөн жаңгак дарагы бой керип, жалбырагын желге желбиретип менменсинип турду. Баарынан да анын тамырлары барган сайын узарып, жооноё берди, дубалдын боорлору ага чыдабай жарыла баштады.

Дубал кичинекей арамза жаңгактын эч кимге зыянымды тийгизбей тынч жашайм деген анты жалган экендигин түшүнгөндө кеч болуп калган эле. Эми ал убагында акылман коңгуроолордун айткандарын укпай койгонуна өкүнгөндөн башка эч аргасы жок болчу.

А жаңгак эч нерсе билбеген немедей күн санап өсүп, ал өскөн сайын дубал урап, талкалана берди.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз