Улуулардын сөзүн угуш керек...бирок дайыма эмес

Японияда кары адамдарга, устаттарына болгон урмат-сый өзгөчө. Ошентсе да өлкөдө өз учурунун белгилүү самурайы Ода Нобунаганын өз устаттарына жасаган мамилеси тууралуу бир уламыш айтылып жүрөт.

Бул иш Ода Нобунаганын Нагасинодогу жеңишинен кийин болгон экен. Жеңиштин урматына ал өз өнөктөштөрүн, кол алдындагыларын Азучидеги сепилге чогултуп той өткөзөт. Той өтчү жер укмуштай аземделип, өзүнүн байлыгы, жасалгаларынын көп түрдүүлүгү, кооздугу менен келгендерди таң калтырат.

Тойдо Ода Нобунага сөз айтат:

 – Менин оюмча, менин атама кызмат кылып келишкен кадырлуу, тажырыйбалуу самурайлар жөнүндө сөз айтуунун учуру келди. Өзүңүздөр билгендей, атам аябай эле эрте дүйнө салды, ал мага өзү билген көп нерселерди үйрөткөнгө үлгүргөн жок. Эгерде атама берилген самурайлары менен анын достору болбогондо адамзаттын чыныгы Жолун тааныбай, жапайы айбандан айырмам жок жүрмөкмүн. Атам өлгөндөн кийин алар өз күчтөрүн, билимдерин, убактыларын аяшпай мага бул жашоодо эмне кылсам туура болорун, эмне кылсам жаңылыштык кетиреримди күн сайын айтып турушту. Алар өз жүрүш-туруштары менен мага чыныгы самурайдын кандай болорун үлгү катары көрсөтпөгөн бир да күн болгон жок...

Азыр биз менин эрким менен жаралган ушул сыйкырдуу бакча менен курчалган керемет сепилде той өткөзүп жатабыз. Өзүңүздөр билгендей, бул дүйнөдө биздин колубуздан келбей турган эч нерсе жок...

Мына, азыр мен атам өлгөндөн кийин мени тарбиялаган самурайлар жөнүндө ойлоп жатам... эгерде алардын берген кеңештерин бирин да калтырбай аткарсам, азыр ушул деңгээлге жетет белем!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз