Валентин Берестов: Көпөлөк куртунун убадасы

  • 02.06.2020
  • 3970

АҢГЕМЕ

Көпөлөк курту өзүн аябагандай сулуу деп эсептечү, ал шүүдүрүмдүн бир тамчысын да калтырбай, ал жерге кулап түшкөнчө каранганга үлгүрчү...

— Мен кандай сулуумун! — деп кубанчу ал жалпак бетин, түктүү жонундагы алтын сымал түстөгү кош чийинин суктануу менен карап.

— Бирөөлөр көрбөгөнү кандай өкүнүчтүү.

Бирок бир жолу ага оңдой берди болду. Шалбаага гүл терип жүргөн кыз келди. Көпөлөк курту эң кооз гүлдүн жалбырагына сойлоп чыгып, кызды күтүп жатты. Кыз аны көрдү да мурдун чүйрүп мындай деди:

— Кандай жийиркеничтүү неме! Итиркейиңди келтирет!

— Ах ошондойбу! — деп ызаланды Көпөлөк курт. — Андай болсо кандай болсо да, кайда болсо да экинчи менин жүзүмдү бир да жанга көргөзбөскө курттун убадасын берем!

Сөз бердиңби – курт болсоң да, аны аткарыш керек. Ал бактын башына сойлоп чыгып кетти. Бутактан бутакка, жалбырактан жалбыракка сойлоп жүрдү. Бир убакта курсагынан жибек жибин сууруп чыгып, аны менен куурчакка окшоп бекем оронуп алды.

— Уф, чарчадым! — деп үшкүрдү ал. — Таптакыр эле эсим ооду.

Жыпжылуу болуп чыккандыктан, чарчаган курт бат эле уктап калды. Бир кезде жону дуулдап кычышып чыкканынан ойгонуп кетти. Ал оронгон жибине кашына баштады. Кашынып-кашынып жатып оронгон жиптер үзүлүп, кулап түштү. Кулаганда да бир башкача, ылдый көздөй эмес, өйдө көздөй кулады.

Жанагы шалбаадагы кыз алигиче гүл терип жүргөн экен. “Кандай шермендечилик! – деп ойлоду көпөлөк куртту. – Түрүмдүн суук болгону менин күнөөм эмес дечи, бирок мени эми элдин баары сөзүнө тура албаган калпычы дей турган болушту. Мени эч кимге көрүнбөйм деп берген убадама тура алган жокмун. Кандай уят иш!” Ал жерге кулап түштү.

Аны кыз көрө калып мындай деди:

— Кандай сулуу, келишимдүү неме!

— Ушундан кийин адамдарга ишенип көр, — деп кобуранды Көпөлөк курт.

— Бүгүн бирди айтышат, эртең таптакыр башкача айтышат.

Ал шүүдүрүмдүн тамчысына каранып көрүүнү чечти. Бул кандай болуп кетти?  Аны тамчыдан бөлөк бирөө – узун муруттары бар бейтааныш неме карап турган. Ал белин бүктөп, жонун карады эле, эң бир кооз, түркүн түстө кубулган канаттарды көрдү.

— Ах, көрсө ушундай экен да! — ал кыздын ал жөнүндөгү пикиринин тез эле өзгөрүшүнүн себебин боолголоп. — Бул бир укмуш! Мен көпөлөккө айландым!

Мындай укмуштар турмушта боло берет. Ал эми шалбаанын үстүндө сабалап учуп-конуп жүрдү, анткени ал эч кимге көрүнбөйм деген көпөлөктүн убадасын берген эмес да.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз