Балдарга психологиялык тынчы жоктук интернеттен жугат

  • 30.05.2020
  • 4283

Интернеттин эң чоң маселеси “виртуалдык көз карандылык” болсо керек. Психология илиминде орун алган виртуалдык көз карандылык менен күрөшүү – психологиялык оор маселелердин эң башкысы болуп саналат. Ушундан улам тарбия берүү жана психология адистери интернет колдонуучулардын “зээндүү” болууларына жана интернетти “эрктүүлүк” менен колдонууларына кеңеш берет. Тилекке каршы, интернет колдонуучулардын көпчүлүгүнүн арасында эрктүү адамдар жокко эсе.

Интернетке байланган көпчүлүккө негизинен төмөнкүлөр кирет: өспүрүм куракка жете элек жаш балдар, психологиялык тынчы жок адамдар, куса, таарыныч же депрессиянын жыйынтыгында өзүн интернет байланышына арнап көнүп алгандар. Жогорудагылардын өз эркинин ээси болгонун айтуу кыйын. Кыял-жоруктары, жүрүм-турумдары ар түркүн адамдарга ачылган интернет эшигинин азыркы күндөгү абалы жаштар үчүн өтө коркунучтуу.

Англияда “интернетти таза колдонууга” байланышкан изилдөөдө бул чындыктын алды өзгөчө сызылып жатат. Эркин колдонууга даяр болбогон жаштарга жасалган изилдөөдө, сабак окуу ниети менен интернетте олтурган балдардын көпчүлүгү “messenger” сүйлөшүүлөрү, чат жана порнографиялык сайттарда убакыт өткөргөндүктөрү, сабактарына көңүл бура албагандыктары белгилүү болгон.

Иштин дагы бир маанилүү жагы, психологиялык жактан маселеси болгон адамдар интернет аркылуу таанышкан “эрксиз” адамдарга өздөрүнүн жаман адаттарын жугузушу мүмкүн. Жаштар көпчүлүк убакта интернетте таанышкан адамдарын өздөрүндөй ак ниеттүү деп ойлоп, тез эле тузакка түшүп калышат. Жолуккан айрым адамдардын кеңешин угуп, кыйынчылыктарын чечкенге аракет кылып жатып, ошол адамдарда болгон оорулуу рухту өз рухтарына жугузуп алгандыктарын билишпейт.

Интернеттин түрк үй бүлөсүнө берген зыяндуу жагы атайын изилдөөлөр аркылуу колго алынган эмес. Бирок колдогу маалыматтарга таянар болсок, өтө коркунучтуу кырдаалга келдик деп кескин түрдө айтуубуз туура болбойт жана түрк интернетине байланыштуу абалыбыз “боор ооругудай” деле эмес. Интернеттеги “чыныгы маалымат” алышуу программасына киргизилген сайттарда, көпчүлүк убакта Англия, Франция, Германия жана Испания тилдери орун алгандыктан, Туркия элинин көпчүлүгү экинчи тилди колдонбогонун эсепке алсак, Туркия интернет колдонуучулары интернетти малыматка ээ болуу үчүн эмес, кабарлашуу жана сүйлөшүү үчүн гана колдонушат десек болот.

Ансыз деле бул чындык аныкталып, “messenger” Туркия өкүлчүлүгү тарабынан жасалган билдирүүлөр менен дал келет. “Messenger” боюнча Туркия тарабынан жасалган жыйынтык-эсептөөлөргө караганда, Туркия дүйнөдө “messenger”ге ээ болгон экинчи өлкө болуп саналат. Айына 16 миллион 800 миң адам түрк тилинде “чатка” кирерин жыйынтык билдирет. “Эрктүүлүктү” кармана билүү курагына жете элек балдардын, психологиялык жактан маселелери бар түрдүү дарттарга чалдыккан адамдардын көзөмөлсүз чөйрөдө алдангандары тууралуу макалалар, ага дуушар болгон ысымдар азыркы убакта газеталардын барактарында орун алат.

Интернет технологиясы күнөөлүү эмес

Ошондой эле жогоруда айтылып жаткандай, интернет технологиясын иштеткен башкы жетекчилердин көпчүлүгү порно соодасын кылган уюмдар менен жашыруун кызматтар аркылуу бир канча сайттарды түзгөнүн айта келсек, интернеттин канчалык деңгээлде аруу технология эместиги белгилүү болуп турбайбы.

Интернет аркылуу порно соодасы жылына 100 миллиард долларды айлантат жана мындай сайттарга киргендер секундасына 28 миң 258 адамды түзгөндүгү коркунучтуу чындык болуп саналат.

Ата-энелер, этияттагыла!

Бул чындыкты көргөндөн кийин интернет тузагына дуушар болбоо үчүн төмөндөгү алдын алууларга көңүл буруу керек:

Интернетке туташылган технология шайманы иштөө бөлмөсүндө болушу керек;

Жаштардын бөлмөсүнө интернетти туташтыруу экраны бөлмөдө (мисалы, залда) баарына тегиз көрүнгүдөй ылайыкташтырылып коюлса жакшы болот;

Үй бүлөнүн эч бир мүчөсү башкаларынан е-mail коддорун жана колдонуучунун ысымын жашыруун сактабашы керек;

Интернеттен жүктөлгөн сүйлөшүүлөрдүн сакталып жазылышын камсыз кылган программалар компьютерде сөзсүз түрдө болсун;

Исламга таандык болсо да, эч бир сүйлөшүү сайтына ишенбөө керек;

Айрым адамдардын жалган ысым менен коркунучка дуушар кыларын эске алуу зарыл;

Интернетте изилденген сайттарды жазып калган программалар компьютерде жүктөлүү болушу керек;

Интернет керек убагында гана ачылып, жасалар иштер бүткөндөн кийин жабуу зарыл;

Тынымсыз интернетке ээ болуу, тынымсыз интернет колдонуу азгырыгына чейин жетпеш керек.

Педагог Адем Гүнештин “Бала тарбиялоодогу адашуулар” аттуу китебинен кыргызчалаган Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз