Бала үчүн оюн оюн эмес

“Жогол!.. Көзүм көрбөсүн сени!”- деген энесинин ачуулуу үнүнөн кийин Али ал жерден дароо чыгып кетти. “Мен баарынан жакшы көрөмүн го, сизди!”- деп жатты. Көз жашы куюлуп бөлмөдөн чыкты. Машинасын алды. Көңүлү чөгүп капа болгондо чуркап барчу жалгыз досу машинеси эле...

Ал кыялында эч күтпөстөн газды басты, трассадагы машиналардын көптүгүнө карабай катуу баратты. Жолчырактын кызылы күйгөндө токтогусу келген жок. Тегерегиндеги машинелер сигналдарын басышып, бирок угулган жок ага. Кулагында бир гана: “Жогол! Көзүм көрбөсүн сени!”- деген үн эле. Бир жактан ыйлап, бир жактан газды баса берди. Ичинде кайталанган үнгө ачуулуу жооп берүүдөн башка эч нерсе келген жок оюна:

- Жоголбоймун!.. Жоголбоймун!.. Сен мени жакшы көрбөсөң да, мен сени жакшы көрөмүн! Атамды сагындым. Жанымда болгонунда го!

Апасына каалашынча жоопторун берди. Бир убакта башынан сылаган колдун жылуулугун сезди.

- Уулум! Эмнеге ыйлап жатасың? - деген атасынын үнүн укту.

Жаштуу көздөрү менен аркасына карап, чачын сылаган атасын көрдү.

- Кел кучагыма,- деп жаткан экен атасы.

Машинесин ашканадагы үстөлдүн жанына коюп атасынын алдына отурду.

- Апам мени жакшы көрбөйт, ата,- деди Али, - мага “Жогол! Көзүм көрбөсүн сени!” деди.

Атасынын ысык колдору жаштарын сүртүп:

- Апаң сени абдан жакшы көрөт, уулум, - деди атасы.

Ошол убакта Алинин апасы бөлмөгө кирген эле. Алардын сүйлөшүп жаткандарын уккан апасы, дароо уулунун көңүлүн алуу үчүн:

- Бирок уулум, сен да мени жадаттың. Мен ашканада тамак жасап атсам, а сен менден болбогон нерсени сурайсың, - деди.

Анан Алинин кайгылуу жүзүн көргөн эне:

- Кечирип кой, сага кыйкырбашым керек болчу,- деди. Алинин көңүлү ачылып, апасынын кучагына отурду...

Оюн, оюн эле эмес

Али менен апасы экөөнүн ортосундагы болгон окуядагыдай руханий боштукка кабылган балдардын алгачкы алаксый турган көңүл сооротуучусу - оюн. Улуулар балдардын ойногонуна жакшылап көңүл бурушса, балдар үчүн оюн чынында оюн эмес. Оюн баланын дүйнөсүндөгү сыйкырдуу жомоктогу өлкө сыяктуу (Али кайгырганда “ал сыйкырдуу дүйнөдөгү жолго чыккан” сыяктуу). Баланын оюн ааламында сиздер эч бир тааныбаган, бирок балаңыздын досу болгон көп табышмактуу нерселер бар. Сиз көрбөгөн буюмдар, сиз үнүн укпаган ырлар, кызыктуу оюндар...

Оюн бала үчүн кээде кемесин токтотуучу деңиз жээги, кээде үйрөнгөндөрүн жасай турган тажрыйба аянты, кээде өзүн жакшы сезе алган сыйкырдуу аалам болуп эсептелет.

“Бар, чыгып бир аз ойно!”

Көпчүлүк ата-эне күнүмдүк иштерин жайма-жай бүтүрүү үчүн, балдарын сыртка ойноого чыгарганга аракет кылышканда, бала үчүн оюн эч качан: “Бар, чыгып оюн ойно!”- деген буйрукту гана аткарган нерсе эмес.

Оюн – ой жүгүртүүнү жакшыртып, көңүлдү бир жерге топтогонго жардам берет.

Оюн – бала менен оюнда жаткан руханий кубаттуулукту бир бүтүндүккө алып келет. Оюнда бала өзүнө таандык аалам куруп кыялданат. Колундагы оюнчук машинеси, ошол машиненин кичинекей дөңгөлөгү, биз көрө албаган, бирок алар көрүп сапарга чыга турган жолдору жана да жол жээгинде күйгөн лампалар, жашыл жарыкты күтүп турган жүргүнчүлөр – мына ушулардын баардыгы тең баланын дүйнөсүндө оюн убагындагы сыйкырдуу каармандар болуп саналат. Алинин машинеси менен жолго чыкканы сыяктуу...

Алаксытуубу же ойнообу?

Көпчүлүк ата-эне балдары менен “оюн ойноп жаткандай” мамиле кылышат. Бирок балага эч жакпаган нерсе, өздөрү менен оюн ойноп жаткандай болуп көрүнгөн адамдардын жанында бар болушу.

Бала өз кыял күчүнүн даражасына жараша оюн ойногон аймакты толугу менен көзөмөлгө алат. Мисалы, бала ошол убакта колдогу кичинекей наристе болсо (ким билет), ал наристенин көрүнбөгөн энеси дүкөнгө сүт алуу үчүн кетсе керек. Же (ким билет), ал кичинекей наристенин башы ооруп, дарыгерге алып баруу үчүн атасы күтүп жаткандыр...

Кыскача айтканда, бала ойноп жатканда анын кыялынын күчү биз божомолдоп көрө алгыс чексиз мүмкүнчүлүктө иштейт.

Мына ушулардын бардыгын билбестен, баланын кыял күчүн түшүнбөстөн, бала менен оюн ойногонго аракет кылуу баланы жапа чектирет. Ата-энелер канчалык өздөрүн алдап ыраазы кылуу үчүн: “Кара, сени менен бир сааттан бери ойноп жатамын”,- десе да, бала үчүн өткөн бул убакыт бир саат оюн эмес, бир гана “алаксуу” болуп саналат.

Бала менен оюн ойноо чебер жөндөмдүүлүктү талап кылат

Бул чындыктан улам оюнга маани берер болсок, балдар менен чыныгы оюн ойноо “баланын фантазиялуу дүйнөсүнө сүңгүп кирип, анын дүйнөсүндөгү сыйкырдуу каармандар менен таанышып, анын таттуу кыялындагы эрежелерди үйрөнүп, анан да ошол эрежелерге баш ийүү болуп эсептелет”. Болбосо баланын жанында болуп машинелеринин бирөөсүн алып “дүүт-дүүт ” деп машина ойноо, бала менен чогуу ойноо болуп эсептелбейт. Бала менен ойногондун алгачкы, негизги шарты – бала сиздин ойной алаар “жөндөмүңүздү” көрүшү керек жана өзүнүн кыял дүйнөсүнө толук “кабыл алышы” зарыл. Бала ыңгайлуу шарттарын өзү койгон, каармандарын өзү белгилеген бул дүйнөгө башкалардын бардыгын эле дароо кабыл албайт, ал эмес ата-энесин да...

Бала ойногон оюнунун жетекчиси

Сиз канчалык баланын ички дүйнөсүнө кирсеңиз да, анын жанында болсоңуз да, аны менен ойноонун негизги тартибин, эрежесин бузбаңыз, анда бала сизди ошол замат жомок дүйнөсүнөн чыгарат. Оюндун негизги шарты – ар бир бала өз оюнунун кожоюну. Сиз баары бир ата-эне болуп турсаңыз да аталыгыңыз, энелигиңиз өз үйүңүздө гана. Баланын кыялдуу дүйнөсүнө энелик менен аталыктын орду эч бир керексиз... Ал жерде жетекчилик жана бийлик балага гана таандык.

Бала менен ойногонду кабыл алган болсоңуз, оюн эрежелерин сиз койбошуңуз керек. Баланын эрежелерине баш ийишиңиз абзел. Кичинекей машинелерди үстөл үстүнө айдап баратканда баланын дароо токтогонун көрсөңүз, анда жолчырактын кызыл лампасы күйгөнүн унутпашыңыз керек. “Кызыл жарык кайда?”- деп сурабаңыз, балага мындай суроо берилгенде - кыялы үзүлүп калат.

Оюн максатсыз болот

Бала оюнду баштаганда максаты да, алдын ала жазылган сценарийи да жок. Бардыгы өз учурунда гана болушу керек. Бул нерсе баланын бир жактан кыял дүйнөсүн өнүктүрүп, экинчи жактан аны бардык кыйынчылыктарда чечкиндүүлүк жөндөмдүүлүгүнө ээ кылат. Оюн убагында эч күтүлбөгөн окуяга дуушар болгон бала дароо чечим чыгаруу менен (өзүнчө) андай маселелерди туура чече билүү жөндөмдүүлүгүнө ээ. Мисалы, кичинекей машине менен катуу бараткан баланы (кыялында) жол кызматкери токтотуп: “Эмнеге катуу баратасың?”- деп сураганда, баланын берер жообу баланын аналитикалык ойлонуу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрөт.

Оюнчук модага эмес, балага ылайыктуу болушу керек

Технологиянын баш айланткан ылдам өнүгүүсү оюнчук тандоодо ата-энелерди абдан ойго салып жатат десек болот. Ата-энелер оюнчук алып жатканда көпчүлүк убакта балдарынын суроо-талабына карата эмес, технологиянын сыйкыры аркылуу (жарнамалардын таасиринен) тандоону туура көрүшөт. Же балалык жылдарындагы ичтеринде калган эңсөө менен сагынычты алып салуу үчүн, өздөрү ойной албай калган оюнчуктарды алып беришип бактылуу болушат. Бул эки жагдайда тең балага ылайыктуу оюнчук алууга эмес, оюнчукка ылайык баланы чоңойтуу аракетине көңүл бурулуп жатат.

Баланын аң-сезиминин, физиологиялык, руханий өнүгүшүн колдой турган оюнчуктар тилекке каршы, оюнчук дүкөнүндө эч көңүл бурулбаган текчелерде, көздөн далдаа жерлерде жатышат. А негизи кайсы жаштагы бала кандай оюнчук менен ойноорун билүү – эң бир маанилүү нерсе.

6 айдан кичинекейлерге

Жашы боюнча ушул категориядагы нарсителерге алардын аң-сезиминин жана физиологиялык өнүгүшүн тездетүүгө өзгөчөлүктөрү бар оюнчуктар керек. 6 айдан баштап кичинекей наристелерге түстүү, жарык бере турган жана үн чыгарган оюнчуктарды тандоо зарыл. Ушундайча маани берилсе, денедеги сенсордук сезүү органдары дагы да бекем байланыштарды таап өнүгөт. Баланын ушул жашында өздөрү кыймылдаган үн жана жарык чачкан оюнчуктар тандалышы керек. Ошону менен бирге эле бала колу менен кармай алаар, оозуна сала албаган, химиялык боёгу жок, орточо катуулуктагы оюнчуктар тандалышы шарт. Негизги максат – баланын кармоо жана сезүү жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө жардам берүү.

2 жашка чейинкилерге

Бүтүндү бөлүктөргө бөлүү, кутуну толтуруп кайра бошотуу, жөнөкөй мунара, көпүрө, имараттарды курап жасай билүү, жасап-бузууга ылайыкталган оюнчуктар наристенин өз убагында аң-сезими менен физиологиялык өнүгүшүнө салым кошот. Ушул эле жашта өздөрү кыймылдаган үн чыгарган жана жарык чыгарган оюнчуктарды тандоого жөндөмдүү болушат.

3 жаштан кийин

Үч дөңгөлөктүү велосипед бала үчүн баланын бутунун булчуңдарынын өнүгүшүнө, оюн бир жерге топтогонго жана кыймыл-аракетин жөнгө салууга тандалышы мүмкүн. Муну менен бирге бул жаштагы балдар кубиктерди колдонуп, бөлүктөрдү чогултуп бир блок түзүүдө ыракат алат. Буга окшогон оюнчуктар баланын аң-сезими туура, ылдам өсүүсүнө, анын ички дүйнөсүнүн тереңдешине оң таасир берет.

Айрыкча кум, пластилин сыяктуу нерселерден бир оюнчук-кейипкерди жасоо кол өнөрчүлүгү сыяктуу оюндар бул жаштагы балдар үчүн идеалдуу болуп саналат.

3-5 жаштын ортосу

Бул жаштагылар үчүн фантазия жана ачылыш жасаганга (үй тиричилик оюндарын, мектеп турмушу менен байланышкан оюндар менен куурчактар, ашкана жана дарыгердик оюндар) сүйлөөсүнүн өнүгүшүнө түрткү берер оюндар, оюнчуктар (түстүү клавишалары бар пианино, музыка, аңгеме кассеталары бар куурчактар) жана арифметика үйрөтүүгө жол ачкан оюнчуктар (сүрөт жана сандарды алмаштыруу, салыштыруу оюндары, домино, автожарыш жана сан карта оюндары) тандалышы керек.

Айрыкча сегиз жашка чейинки балдар кандай оюнчук тандашты жана ойногонго кандай оюнчуктар керектигин анча жакшы билишпейт. Кээде түстөр, кээде үн жана жарык берүүнүн көрүнүшү да баланы туура эмес оюнчук тандоого алып келет. Сегиз жашка чейинки балдарга оюнчук тандоодо обу жок мүмкүнчүлүк бербестен, ата-энелер алардын акылынын, ой жүгүртүүсүнүн өнүгүү процессине көңүл буруп, акылга сыяр оюнчук тандап, туура багыт алууга шарт түзүүлөрү керек.

6-8 жаштын ортосу

Коомдун өнүгүшүнө ылайыктап, бул жаштагы балдар үчүн ойной турган оюнчуктарды тандоо зарыл, баланын эмгекке жөндөмдүүлүгүнө байкоо жүргүзүү керек (үнсүз кино тасмалар, буюм, өсүмдүк, жаныбарлардын аттарын үйрөнүү, табышмак, топ оюндары ж.б.)

Акыл-эсин өнүктүрүүчү жана таанып билүү жөндөмдүүлүгүн өстүрүүчү оюндарды тандап, ушуга ылайык оюнчуктарды алып берүү керек (кичине оюнчук пакеттери, жасап-бузуу оюнчуктары...). Акыл-эсти өстүргөн аңгемелердин каармандары болгон куурчактар тандалышы зарыл.

9-11 жаш ортосу

Жашоодогу кыйынчылыктарды чече билүү жөндөмдүүлүктөрүн калыптандарган оюндар жана оюнчуктар (эске тутуу карталары, үстөл үстүндөгү татаал оюндар, видео тасма оюндары) шыктуулукту өстүрүүчү оюндар (кичинекей бөлүктөргө бөлүнгөн татаал жасап-бузуу оюндары, учак оюнчуктары, ар кандай нерселерди боёо, дарак жонуу, аквариумду кароо) жана аң-сезимге байланышкан оюн, оюнчуктар (сөздүк жаттоо, теннис, пинг-понг жана гольф) бул жаштагылар үчүн туура жана тарбиялык мааниси чоң.

12 жаштан жогоркуларга

Абстрактуу ойлонуу жана акыл өстүрүүчү оюн жана оюнчуктар (жөнөкөй микроскоп же телескоп, электроникалык сеттер сыяктуу) менен көз карандысыз жашоого багыттаган (сейилдөө, велосипед тебүү), үй бүлө менен чогуу же достору менен сейилдөө, жаратылышка эс алууга чыкканда ойнолгон топ оюндары бул жаштагы балдар үчүн туура оюндар болуп саналат.

Педагог Адем Гүнештин “Бала тарбиялоодогу адашуулар” китебинен кыргызчалаган Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз