Михаил Зощенко: Улуу саякатчылар

  • 23.05.2020
  • 4025

АҢГЕМЕ

Мен алты жашымда Жер шарга окшош болорун билчү эмесмин. Бирок биздин дачабыздагы кошунабыздын уулу Степка мага жердин кандай экенин түшүндүрдү. Ал мындай деди:

 – Жер деген тоголок. Эгерде түптүз жүрүп олтурса, айланып олтуруп кайра чыккан жериңе келип каласың.

Мен ага ишенген жокмун, ошондо ал мени желкеден ары бир сокту да, мындай деди:

— Сенден көрө сенин эжең Леляны ээрчитип алып, жерди айланып саякатка чыгып келем. Сага окшогон дөдөй менен саякаттоо мага кызык эмес.

Бирок менин да саякатка чыккым келди, ошондуктан Степкага макимди берип мени да кошо ала кетүүгө макул кылдым.

Степка бизди бустанга[1] чогултуп алып саякатчылардын жалпы чогулушун өткөздү. Ал Леле экөөбүзгө мындай деп айтты:

— Эртең силердин ата-энеңер шаарга кеткенде, а менин апам чоң сууга кир жууганы кеткенде жолго чыгабыз. Тоолор менен, чөлдөр менен түптүз кете беребиз да, акыры кайра айланып ушул жерге жетмейинче кете беребиз. Бир жыл болсо да жетмейинче токтобойбуз.

Леля сурап калды:

— Степочка, эгерде индеецтер жолугуп калса кантебиз?

— Индеецтерди болсо, — деп жооп берди Степа, — индеецтерди туткунга алабыз.

— А алар туткунга түшкүлөрү келбесечи? — деп сурадым мен акырын.

— Түшкүлөрү келбегендерин туткунга албайбыз, — деди Степа.

Леля мындай деди:

— Мен чогулткан акчамдан үч сом алып чыгайын. Менимче ошол жетет болуш керек.

Степка ага минтип жооп берди:

— Үч сом сонун эле жетет, анткени биз ага чемичке анан конфет сатып алсак болду. Калган тамак-ашты болсо, жолдон майда жаныбарларды өлтүрүп, ошолордун жаш этин отко кактап бышырып жейбиз.

Степка короого чуркап барып, ундан бошогон чоң кап таап келди. Биз ал капка алыскы саякатка керектүү буюмдарды сала баштадык. Нан, кумшекер, сала жана андан башка ар кандай идиштерди – тарелкаларды, ыстакандарды, кашык, вилкаларды жана бычак салдык.

Дагы эмне салсак деп ойлонуп туруп: түр карандаш, сыйкырлуу чырак, колго суу куйган чоподон жасалган карапа, от тутандырганга чоңойтуп көргөзүүчү айнек коштук. Андан тышкары жамынып жатканга эки кебез төшөк менен тактага койгон жаздыкты шыкап салып алдык.

Мен андан башка үч рогатка, кайырмак жана тропика көпөлөгүн кармаганга саптуу тор даярдап алдым.

Эртеси ата-энелерибиз шаарга, ал эми Степканын энеси сайга кир жууганы кеткенде биздин Кумдуу айылды артка таштап сапарга аттандык. Биз токой аралап жөнөдүк.

Алдыда Степканын Тузик деген ити чуркап барат. Андан кийин колтойгон капты башына көтөрүп Степка, анын артында секирип ойногон жибин колуна орой кармап Леля, андан кийин үч рогатка, кайырмак, көпөлөк кармаган торду көтөрүп мен барам.

Бир саатка жакын жүргөндөн кийин Степка чыдабай кетти:

— Кап оңбогондой оор экен. Мен жалгыз көтөрүп жүрө албайм. Алмак-салмак көтөрөлү.

Капты эми Леля көтөрмөй болду. Бирок ал көпкө чыдаган жок, бир паста эле шайы кетип баспай калды.

Ал капты мага ыргытты:

— Эми Минька көтөрсүн.

Мага капты көтөртүшкөндө чыдай албай онтолоп жибердим, кап аябай эле оор экен. Капты көтөрүп жолго чыга баштаганда андан да кызык болду. Анткени анын оордугунан мас кишидей эки жакка чайкалып барып, он кадамдай баскан соң кап-сабым менен жолдун четиндеги алышка сайылдым. Кулаганда да бир башкача, адегенде алышка кап түшүп, а каптын үстүнө мен күп дей түштүм. Мен жеңил болсом деле каптагы ыстакан, тарелкалар, чопо кумара бычырап сынып кетти.

Леля менен Степка мени карап, көздөрүнөн жаш аккыча каткырышты. Алар менин жыгылганым кандай зыян алып келгенин көрүшкөндө, мага көп деле ачууланышкан жок.

Степка итти ышкырып чакырып алып, капты ага артып көрмөк болду эле, бирок ал оюн ишке ашыра алган жок, Тузик биздин эмне ойлоп жатканыбызды түшүнбөдү. Өзүбүз да капты Тузикке кандай артыштын ыгын таба албадык.

Биз ойлонгуча Тузик капты тешип жиберип, саланы бир заматта сугунуп жиберди. Ошондо Степка капты баарылап көтөрөбүз деп чечти. Ар бирибиз каптын бурчтарынан кармап жөнөдүк. Бирок минтип көтөргөн оор да, ыңгайсыз да экен. Ошентсе да дагы эки саат бастык. Акыры токойдон чыгып шалбаага туш болдук.

Степка ушул жерден эс алууну сунуш кылды да мындай деди:

— Ар бир токтоп эс алганда же жатып уктаганда мен буттарымды бара жаткан жакка сунуп коём. Бардык улуу саякатчылар бара жаткан багытынан адашып калбас үчүн дал ушундай кылышкан.

Ошентти да, Степка буттарын алдыга сунуп олтурду. Биз каптын оозун чечип тамактана баштадык. Нанга кумшекерди себелеп жедик. Аңгыча биздин башыбыздан жапайы аарылар айланып чогула баштаса болобу. Бирөөсү менин нанымдагы себилген кумшекерди жегиси келди окшойт, качырып келип жаагымдан чагып кетти. Бир паста эле жаагым жаңы бышкан май токочтой кызарып көөп чыкты. Степканын кеңеши менен ал жерге мох, суу топурак жана жалбырак бастым.

Кайрадан жолго чыгарда Степка каптагы буюмдардын көпчүлүгүн алып салды, бир топ эле жеңилдей түштүк. Мен тигилердин артында онтолоп, ыйламсырап бараттым. Жаагым ысып-күйүп жаным көзүмө көрүндү. Леля саякатка чыкканына өкүнө баштады. Ал үйдө деле жакшы болчу деп кобуранып, артка кайткысы келе баштады. Бирок Степка бул жөнүндө ойлоого да тыюу салды. Ал мындай деп опузалады:

— Ким үйгө кеткиси келсе, бакка байлап, кумурскаларга жем кылып таштайм.

Биз маанайыбыз чөгүп, сапарыбызды уланттык.

Тузиктин эле маанайы жакшы болчу. Ал куйругун чамгарактатып, чымчыктардын артынан кубалап, өзүнүн ажылдап үргөнү менен токойдун тынчтыгын бузуп жатты.

Кеч кирип, иңир кире баштады. Степка капты жерге таштады. Ушул жерге түнөмөй болдук. От жагууга бутактарды чогулттук. Степка отту тутандырмакчы болуп, чоңойтуучу айнекти каптан алып чыкты, бирок асманда күндүн жогун көрүп көңүлү чөгө түштү. Биз да капаландык. Айла жок, кургак нандан жеп алып караңгыда жатмай болдук.

Степка эртең менен кай тарапка барарыбыз белгилүү болот деп буттарын алдыга сунду да, жатар замат коңурук тартып уйкуга кетти. Тузик да мурдун бышылдатып үргүлөй баштады. Леля экөөбүз көпкө чейин уктай албадык. Капкараңгы токойдогу дарактардын шуудураганы, анда-санда бутактардын тарсылдаган үндөрү коркунучтуу эле. Леля башына салаңдаган кургак бутакты жылан деп ойлогон экен: коркконунан чаңырып жиберди. Мен карагайдын тобурчагы үзүлүп жерге түшкөндө жүрөгүм түшүп, ордуман топтой секирип турдум.

Ошентип жатып уйкуга кеттик.

Мени Леля ийинимден силкилдетип ойготту. Таң атыптыр. Күн алигиче чыга элек экен.

Леля мага акырын шыбырады:

— Минька, кел Степка уктап жатканда буттарын келген жагыбызка каратып буруп коёлук, антпесе ал бизди эч бир Макардын буту тие элек жерлерге алып барчудай.

Степка эч нерсе менен иши жок, жыргап уктап жаткан. Леля экөөбүз анын буттарынан алып, бир заматта ордунан айландырып салдык. Степка ойгонгон жок. Ал болгону уйку сурап колдорун жаңсап: “Эй, бери келгиле...” деп кыйкырып койду.

Түшүндө индеецтер чабуул коюшуп, бизди жардамга чакырып жатса керек да.

Степка качан ойгонот деп күтүп олтурдук.

Ал күндүн алгачкы нуру жерге чачыла баштаганда ойгонду. Ал буттарына карап мындай деди:

— Көрдүңөрбү, бутумду минтип сунуп койбогондо кайда барарыбызды билбей отурмакпыз. Мына, эми баары жайында. Кайда барарыбыз белгилүү.

Степка колун жаңсап, кечээ биз келген тарапты көргөздү. Нан жеп алып ал көргөзгөн жакка жөнөдүк.

Бул жол бизге тааныш эле. Степка таң калганынан оозу ачылып калды. Ошентсе да ал сыр билгизбей мындай деди:

— Жер жүзүн айланып чыгуунун башка саякаттардан айырмасы – жер тоголок болгон үчүн жолдор кайра-кайра кайталанып турушат.

Арт жагыбыздан дөңгөлөкттүн кычыраган үнү угулду. Бир байке бош араба менен келатыптыр.

Степка айтып калды:

— Жерди батыраак айланып чыгыш үчүн, ушул арабага түшүп алсак жаман болбос эле.

Биз байкеден ала кет деп сурандык. Ак көңүл байке арабасын токтотуп бизди жанына олтургузуп алды.

Бир сааттай убакыт өттү. Аңыча биздин Кумдуу айылыбыз көрүндү. Степка таң калып, оозу ачылып калды. Ал мындай деди:

— Мына, бул айыл дал эле биздин Кумдуу айылыбызга опокшош экен. Жерди айланып саякатка чыксаң мындайлар боло берет.

Кеме токтоочу жайга жеткенде Степканын оозу андан бетер ачылды.

Биз арабадан түштүк.

Эми эч кандай шек жок болчу – бул биздин кеме токтоочу жай эле, жаңы эле кеме келип токтоду. Степка таң калып кобуранып жатты:

— Чын эле, жерди айланып келип калдыкпы?

Леля бышкырып жиберди, мен да каткырдым. Аңгыча, кемеден жаңы түшүп келаткан ата-энебизди жана чоң энебизди көрө койдук. Алардын жанында ыйламсырап бир нерселерди айтып бизди баккан аял келе жатыптыр. Биз алардын алдына чуркап бардык.

Ата-энелерибиз бизди көрүп кубанып кетишти.

Бизди баккан аял да сүйүнүп жатты:

— Ах, балдар, мен силерди кечээтен бери сууга чөгүп кеттиби деп, жанымды кайда коёрумду билбей сарсанаа болгонумчу.

Леля ага жооп берди:

— Эгер биз кечээ сууга чөгүп кетсек, анда жер жүзүн айланып чыгуу үчүн саякатка кантип чыкмак элек.

Апам кыйкырып жиберди:

— Бул эмне дейт! Буларды жазалаш керек.

Атам аны тынчтандырды:

— Аягы жакшы бүттү, болду да.

Чоң энем чыбык сындырып алып мындай деди:

— Буларды бир аз эмдеп-домдоп койбосомбу. Миньканы апасы алсын. Леляны өзүм жазалайм.

Атам каршы чыкты:

— Сабоо — бул балдарды тарбиялоонун эски ыкмасы. Андан балдарга пайда жок. Аларды ансыз деле өздөрү кетирген жаңылыштыктар түшүндүрдү.

Апам үшкүрүп мындай деди:

— Менин балдарымда кенедей акыл жок, жадыбал менен географияны билбей туруп кантип дүйнө кыдырып саякатка чыкканы жүрүшөт дейм да, бул деги кандай жорук!

Атам ага кошумчалады:

— География менен жадыбалды эле билүү жетишсиз. Андай саякатка чыгуу үчүн беш жыл жогорку билим алыш керек. Андагы сабактарды, анын ичинен космографияны жакшы өздөштүрүү керек. Бул билимдерди албай саякатка чыккандар адамды өкүнтө турган жыйынтыктарды алышат.

Ушундай сөздөр менен үйүбүзгө жеттик. Тамак ичкенге дасторкон жайылды. Ата-энелерибиз аңгемебизди угуп алып күлүп жатышты.

Степканы болсо энеси мончого камап салып, биздин улуу саякатчыбыз бир күн кечке камакта олтурду. Аны апасы эртеси бошотту. Биз эч нерсе болбогондой ойноп жүрдүк.

Тузик жөнүндө айтсак, ал арабанын артынан тилин салаңдатып акактап бир саат бою жүгүрүп, эси ооп чарчап келди. Короого жетип эле керээлдин кечке уктады. Кечинде тамак ичип алып кайрадан уйкуга кетти, ал түшүндө эмне көргөнү белгисиздиктин кара пардасынын чүмбөтү менен жабылган боюнча кала берди.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ


[1] Бустан – бак, бакча, огород. Х.Карасаев сөздүгүнөн.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз