Балдардын бала экенин унутпагыла!

Ата-эне болуунун негизги милдеттеринин бири - “туура багыт берүүнү көзөмөлдөө” жана буга “калыстык” кылуу. Багытты көзөмөлдөөдө туура эмес нерселерди оңдоп, өзгөртүүгө келгенде бул нерсе абдан татаал болгондуктан, ата-энелер балдарына “оозеки маалымат аркылуу өзгөртүү жолун” тандашат.

Балдар бул жашообуздагы аларга тааныш эмес нерселерге кезиккенде, бир жагынан “таң калышып”, экинчи жагынан “дароо үйрөнүүнү” каалашат, алар үчүн “болбойт” деген эч кандай мыйзам жок. Балалык жан дүйнөлөрүндө “баардыгы тең болот” деген гана мыйзам ченемдүүлүктү таанышат. Колундагы айнек идишти абага ыргытканда, ал жерге түшүп, сынып каларын үйрөтүү үчүн, мисалы, жер өлчөмүнүн мыйзамдуу шарттарын билиши керек. Айнек идиш абада калкып турабы же ылдый кулап жерге тийгенде сынабы, мындай түшүнүк менен мыйзам шарттары бала үчүн эч бир мааниси да жок.

Мисалы, сиз абдан чебер уз энесиз. Үй жасалгасына терең маани бересиз. Залдагы үстөлүңүздүн үстүнө жапкан шайы жабуусу менен окшош түстөгү гүлдүү вазаңызды абдан жакшы көрөсүз. Бул түстүн төп келишкен айкалышуусу сизге кубаныч тартуулайт. Абдан көрктүү кооз үстөл, ошол түскө жараша окшош ваза...

Бул үстөл турган жер жан дүйнөңүзгө жана үйүңүзгө көркөмдүк тартуулап, сиз үчүн чоң маани берет. Ал эмес үстөлүңүздүн жанынан ар бир жолу өткөнүңүздө анын жабуусун оңдоп, иретсиз болушуна эч жол бербейсиз. Бирок тилекке каршы, ал үстөлдөгү жабуу жана кооз ваза балаңыз үчүн эч кандай мааниге ээ эмес. Эми балаңыздын көзү менен карасак, ал кооз жана гүлдүү жер анын кызыгуусун абдан арттырат. Бала ал кооз ваза канча акча турарын же үйгө бираздан соң келер конок үйдүн иретсиздигинен ыңгайсыз болорун да билбейт. Ал үчүн тегеректеги ар бир кызыктуу нерсе – бул кызыктуу ааламды таануу үчүн “өз тажрыйбасын жасоо” болуп саналат.

Абдан кооз жасалган үстөл жана үстөлдүн үстүндөгү ваза балаңыздын мээсинде бир канча суроолордун туулушуна себеп болушу мүмкүн: “Бул ваза кантип тикесинен турат?”

“Абада тикесинен туруу өзгөчөлүгү вазанын өзүнөнбү же үстөлдүн жабуусунан болушу мүмкүнбү?”

Ушул жана буларга окшош суроолорго жооп табуу үчүн, анын акырын барып үстөл жабуусунун учунан тартышы мүмкүн.

(Үстөл жабуусун тарткан балдардын көпчүлүгү үстөл үстүндөгү вазанын абада тике тургандыгын ойлошот. Жерге түшүп сынып каларын ойлошпойт, ушундан улам үстөлдүн жабуусун тартышат).

Кадимки жүрүш-туруш шарданына сүңгүп кире албаган, баланын ниети буюмду талкалоо эмес, “жашоону тажрыйба аркылуу” тааныганга аракет кылуу максатында вазаны үстөлдөн кулатты.

Ушундан улам бала ваза абада болбогонун, үстөл үстүндө тикесинен тура алаарын байкайт. Мындай тажрыйба алган балага ата-эненин жини келип, урушуп, жазалоосу баланын жашоо даамын татышына жолтоо болот. Эне менен атанын бир гана тандаган эң туура жолу, ал - “макул сындырсын!” болушу керек.

Эгерде ушуну тескерисинче ойлонор болсок, “макул, сындырсын!”- дебей, ага жолтоо болгон ата-эне: “Буюм сына тургандыгын мен үйрөтөмүн, ушундайча эле үйрөнөт”,- деп ойлосо, анда балдарында жалаң маалымат гана топтолгон болот.

Анда тажрыйба эмне болот?

Мындай эрежелерге таянган ата-энелердин балдары тажрыйбасыз болгондуктан, дайыма бирөөлөрдөн уккан маалыматка таянып иш кылышат. Кыскасы, турмуштун тепкичтерине тажрыйба менен чыгышпайт, уккан маалыматтарына карап чыгышат.

Мунун кандай зыяны болушу мүмкүн?

Бул баланын “аң-сезиминин өсүшүнө”, “эрки күчтүү болуусуна” тоскоолдук кылат. “Жалаң гана маалымат менен жашоону тааныган” балдар “жашоо даамын табийгый табити менен татып жашаган” балдарга караганда “маалыматсыз” жана “коркок” болушат. Жашоону маалымат аркылуу үйрөнгөн балдар “тез алданат” жана “ аларды алдап коюу” да жеңилге турат. Ошондуктан “тагдырдын ысык-суугуна чыдоо” принцибин кармаган эреже бала тарбиялоодо чоң мааниге ээ.

Үй бүлө очогун түзгөн эки жубай балалуу болушканда, жарык дүйнөгө жаңыдан келген адамды үйлөрүнө “кош келиңиз” дегенден баштап, жашоолорун ал наристеге ылайыктап курушу зарыл. Эски көнүмүш адаттар, үйдүн көрүнүшү, жасалгасы да өзгөрүшү керек.

Бала канчалык “кармоого тыюу салынган” үй бүлөдө чоңойсо, ошончолук пайыз өзүнө жана жасай турган ишинде чечкинсиз, арсар ойдо болот. Буюмду жана анын кайсы максатка колдонулушуна келгенде да, аны таанууда ишенимсиз болушу мүмкүн.

Булардын баардыгынан тажрыйбасыз болгон бала негизги маалыматтан жарды болуп саналат. Жашоо жана аны таануу... Эне-атанын негизги милдети – такшалууга, жашоону таанууга кызыккан наристеге көзөмөлдүү, чечкиндүү багыт алууну үйрөтүшү керек.

Бул дүйнөнүн таттуу коногуна “кош келдиң” деген эне менен ата үйлөрүндөгү бардык буюмдарды балага ылайыктап, сына турган жана сынбай тургандарын бөлүп, аларды ордуна туура жайгаштыруулары зарыл. Боёло жана сызыла турган дубал кайсы болушу керектигин балага түшүндүрүп, анын туура чечим чыгарышына жардам кылуу керек. Сыналгынын же дагы техникалык көрсөтүүчү, үн чыгаруучу каражаттардын баскычтарын туура басууну үйрөнүп, бир ишке жарай турганына бала сыймыктангандай болсун. Ата-энеси баласына, ал өзү музыкалык аспабын ачканда, үйдө үндөр жаңыра баштаганын сезип сүйүнүшүнө шарт түзүп бериши абзел. Бул тажрыйбаларды жасаганга мүмкүнчүлүк бербесе, бара-бара бала үчүн да, эне-ата үчүн да жашоосунун оордошуна себеп болот. Кантип? Мисалы, кадыр-барктап жана сый менен тосуп алган үй бүлөлүк досуңуздун үйүнө конокко барганыңызды ойлоңуз. Балаңыздын көңүлү музыка шайманына бурулду. Жанына барып бир ачып, бир жаап үнүн “акустикалык ачылыш” жасап жатат. Бирок бул үн конокторго жолтоо болууда. Эгерде балаңыздын бул тажрыйбаны үйүңүздө жасашына дайыма тоскоол болсоңуз, ал жерде эмне айтсаңыз да түшүнбөйт. “Токто”, “тарт колуңду”, “бузасың” десеңиз да, балаңыз үчүн бул эскертүүлөр эч нерсени түшүндүрбөйт.

Эми баягы үстөл менен ваза туралуу, анын эмне болорун тажрыйба жүзүндө билбеген баланы эсиңизге салыңыз: бул бала энеси менен кошунанын үйүнө барды. Кошунасынын үстөл үстүндөгү вазасы баланын көңүлүн бурду. Ансыз деле энеси өз үйүндөгү вазага тийишине дайыма тоскоолдук кылган. Эне менен кошунасы сөзгө алаксып, үстөл үстүндөгү вазаны бала тартып жиберсе, шаңгыр этип сынып калды. Кандай сонун сөздүн үстүндө сүйлөшүп отурушкан! Эми эмне кылышмакчы, арга жок. Ал эми бала жабууну тартканда ваза жерге түшүп сынарын эми гана түшүндү. Бирок бул кошунанын вазасы болду. Бул жорукка бир жагынан эне уялды, экинчиден вазасы сынгандыгы үчүн кошуна да капаланды.

Ошондуктан бала тарбиялоодо эне-атага кеңештер: таштап койгула, алгачкы тажрыйбаны силер менен чогуу жасасын... Жайына койгула, сындырышсын. Жайына койгула, даамын көрүшсүн...

Педагог Адем Гүнештин “Бала тарбиялоодогу адашуулар” китебинен кыргызчалаган Мээрим Сайдилкан

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз