Ата-энелерди күткөн чоң коркунуч – балдарын ашыкча жакшы көрүү

  • 26.04.2020
  • 4789

Эненин боюнда бар кезинде баласы менен болгон сезим байланышы наристе төрөлгөндөн кийин андан ары улам бекемделип олтурат. Бул байланыштын жетишпестиги да, өтө эле ашыкча болуп кетүүсү да зыян. Эгерде белгилүү чектен ашып кетсе эне-атанын жашоосун коркунучка салышы мүмкүн. Чектен ашкан бул мамилени көз карандылык дейбиз, кыскача айтканда “баласын ашыкча жакшы көрүү”.

Чындыгында ар бир ата-эне табийгый түрдө “балага сезими менен бекем байланган” болуп саналат. Ушундан улам туура эмес көз караштан чыккан кыйынчылыктарды өз убагында чечүү зарыл. Алдын албаса “көз карандылык тобокелчилиги” үстөмдүк кылып, баланын да, эне-атанын да жашоосун коркунучка кептеши мүмкүн.

Жалпысынан алганда ата-энеге көз каранды балдарды жакшы билебиз. Балага көз каранды болгон эне-аталар өздөрүнө көп деле көңүл бурдурбайт.

Ашыкча жакшы көрүүдө балдар ата-энелерине көбүрөк көз карандыбы же ата-энелер балдарынабы? Мына ушул эки нерсенин кайсынысы көбүрөк кооптуу?

Албетте, балдардын ата-энеге көз каранды болуусунда кооптуулук аз деп жооп берер элек. Балдардын ата-энеге көз каранды болушу, бул акырындап алардын жүрүм-турум мамилеси болуп калыптанат. Мындай жүрүм-турум “күчтүүгө баш ийүү”, же “күчтүүгө жабышуунун” натыйжасында пайда болот. Ушундан улам балдардын бул акыбалдары өз алдынча жашоого даярданышында тоскоолдук менен кыйынчылыктарды алып келет да, калыптанып олтуруп алар менен бирге өмүр бою калуучу мүнөз “чечкинсиздик” аталат.

Көз карандылыкпы же социалдык жашоого даяр эместикпи?

Балдардын үй бүлөдөгү абалы куурчак сымал ичиндеги көпөлөккө окшош. Мисалы, көпөлөк үчүн “куурчакча ичиндеги жашоонун” ар бир мүнөтү чоң мааниге ээ. Ал эми көпөлөктөрдүн куурчакчанын ичинен чыгышы – өзүнчө бир кызыктуу кубулуш.

Куурчакча ичиндеги жашоосун аяктаган көпөлөк жумшак башы менен куурчакчаны тешет. Ал назик жана жумшак денеси менен куурчакчанын кичинекей тешигинен сыртка чыкканга аракет кылат. Бирок бул нерсе ага оңойго турбайт. Анткени, тешик кичинекей, көпөлөк чоң. Бала көпөлөк биринчи башын, кийин денесин ошол кичинекей тешиктен чыгарууга күрөшөт. Ар кыл түстүү жумшак канаттарын “жыртылып кетүү” коркунучунан сактап бирде оңго, бирде солго кыйшайып жатып араңдан зорго чыгат.

Эгерде эне көпөлөк бала көпөлөктүн куурчакчадан оңой-олтоң кыйналбай чыгуусун каалап аны тешип салса, бала көпөлөк өмүрү өткөнчө уча албайт. Анткени, бала көпөлөк кичинекей тешиктен чыкканга аракет кылып жатканда, оңго-солго кыймыл жасоосу менен денесине жабышкан суюктукту канаттарынан сыйрып салат.

“Куурчакчадан ийгиликтүү чыксын” деп энеси түйшөлүү менен ойлоп жаткан бала көпөлөк канатындагы суюктуктан өзүн куткарып учканга даярданып жаткан болот. Бала көпөлөк куурчакчадан чыгып жатканда канаттарындагы суюктукту сыйрып салбаса, анда эч качан уча албайт. Канаттарын какканда нымдалышкан канаттары бир-бирине жабышып, анын оордугунан өзүн көтөрө албай калат.

Куурчакчадан чыкканга аракет кылган бала көпөлөктүн аракетине боору ооруган эне көпөлөк эгер жардамдашса, анда бала көпөлөктүн жашоосунун жок болушуна себепкер болот. Мындай көпөлөк жашоосун улантуу үчүн башкаларга муктаж. Өзүн ар кандай коркунучтан коргой албаган көпөлөк, дайыма өзүнө тамак алып келген көпөлөккө көз каранды. Ошентип жашоосун бирөөгө жармашып өткөргөнгө мажбур болуп калган неме көз каранды жашоо менен жашайт.

“Көпөлөк жана куурчакчага” мисал келтиргендей, эне көпөлөгүнүн “ашыкча коргоо сезими” менен балдарына мамиле кылган эне-аталар балдарына ийгиликти камсыз кылбастан, тескерисинче, зыян берет. Алардын жашоого даярданышына уруксат бербестен социалдык жашоолорун башкаларга көз каранды абалга алып келишүүдө.

Ашыкча коргоого алган үй бүлөдө чоңойгон балдар, куурчакчадан эненин жардамы менен чыккан көпөлөк сыяктуу өз алдынча жашоону баштоо үчүн анын пайдубалын даярдоодо кыйынчылыкка учурашат.

Бала ката кетирген сайын тажрыйбалуу болот

Балдар жалпы адеп-ахлак эрежелерин бузганга чейин алардын каталарына анча көңүл бурбоо керек. Анткени, балдар ката кетирген сайын тажрыйбалуу болушат. Тажрыйба – ийгиликке кадам таштаган адамдын эң күчтүү жардамчы куралы болуп саналат. Бала иш жүзүндө чыгармачылык менен бир нерселерди аткарганда, акырындап анын туура жолдорун табат. Эгерде эне-ата ар дайым эле “балам, сен жасаба, мен жасаймын” десе же “сен жасай албайсың” деп балдарына иш жүзүндө бир нерселерди жасатпаса, мындай балдар жашоосунда  бирөөлөргө муктаж болуп калат.

Бөтөнчө корголгон жана ашыкча сүйүүгө ээ үй бүлөдө чоңойгон бала өзүн жана өз жөндөмдүүлүктөрүн билбейт, ката жасагандан коркот же каталык кетирбесе да, тобокелчиликке барар ар бир кадамында арсар жана чечкинсиз болуп кыжаалат акыбалга түшөт.

Жүрүш-турушу мындай болгон балдарды бир гана “ата-энесине көз каранды бала” дегенибиз туура эмес. Себеби, мындай балдар балалык чагында ата-энесине көз каранды болсо, өспүрүм чагында мектептеги мугалимдерине, үйлөнгөндө жубайына көз каранды болушат. Башка адамдарга көз каранды болуу анын кадимки “жүрүм-турум мүнөзүнө” айланат.

Ошентип, ата-эненин балдарын артыкча бапестегени кийин “өз балдары үчүн эле” кедерги болот. Мындай ата-энелер өз балдарынын ордуна башкаларын коюшпайт. Эгер башка балдарды өз баласынын ордуна коюп сырттан карап, талдап көрүшсө, өз балдарына туура эмес тарбия берип жатканын дароо көрмөк. Тескерисинче, ата-энеси кез-кезинде балдарынан да муктаж болушарын аз-аздан аларга билдирүү менен баланын аракетин туура орунга коё билишсе, андай шартта бала өз чөйрөсүндө эрктүү, күчтүү болууга өтөт.

Баласын ашыкча жакшы көргөн эне-атанын баласын күткөн коркунучтар

Баласын өзгөчө бапестеп караган эне-ата баласы аткарыш керек болгон иштерин өзү жасагандыгы үчүн, бала жашоого жеткиликтүү даяр болбойт.

Бала ашыкча сүйүүдөн тажашы мүмкүн жана турмуштун айрым бир учурларында башкалардын камкордугун туура эмес жолдордо колдонуп, сүйүүгө ээ болбой калган учурларда өзүн жалгыз сезип, чечкиндүүлүк маселесине келгенде мококтук кылат.

Баласын өзгөчө бапестеп, көзүн караган ата-эне балдарынын өз каалоосу менен кесип тандашына тоскоол болушат, балдарынын каалоолоруна көңүл бурушпайт. Баласынын жаңы жашоосуна да артык баш кийлигише беришет.

Баласынын көзүн караган эне-атаны баласы чоң киши болгон күндө да, дайым ката нерселерди жасап алышым мүмкүн деген сезимге кабылып, ал сезимдин туткуну болуп жашайт. Акыры келип бул жаңылыштыктын арты ата-энени да, баланы да жапа чеккен кырдаалга жетелейт.

Албетте, балдар туура мээримге сугарылса терс таасир албайт. Баланын көзүн караган эне-атанын жашоосунда көптөгөн кыйынчылыктар болот. Мисалы, мындай ата-эне балдарын таштап өлүм аркылуу ажырашууга даяр эмес. Мындай убакта балдары ата-энеден калганда, жан дүйнөлөрү артык баш кыйналып, психикалык аксоого дуушар болушу мүмкүн.

Көзүн ашыкча кароо менен балдарын айрыкча эркелеткен ата-эне өз бактысын чектеп, болгон дараметин баласына бергендиги үчүн, “бактылуулук” деген эмне экенин унутуп калышы мүмкүн. Айрыкча мындай ата-энелердин дуушар болор эң чоң тобокелдиги бирден-бир маанилүү деп эсептелген “руханий ачкачылыкка кабылуу коркунучу” болуп саналат.

Ата-эне менен баланын ортосундагы “туура байланыш” бактылуулукту алып келет

Ар бир ата-эне баласынын көзүн, көңүлүн карайт, андыктан адамдардын жашоосун жабырлантар бул тобокелдик көзөмөлгө алынышы керек. Ата-эне менен баланын ортосундагы жакшы көзөмөлгө алынган мамилени “туура байланыш” дейбиз. “Туура байланыштын” азайышы менен “көңүлсүз ата-эне”, “туура байланыштын” көбөйүшү менен “өтө эле камкор ата-эне” пайда болот.

Ата-энелер балдарына карата “артык баш камкордугун” азайтса, балдардын ата-энесине көз каранды болуу кооптуулугу да азаят.

Белгилүү педагог Адем Гүнештин “Бала тарбиялоодогу адашуулар” китебинен кыргызчалаган Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз