Керек сүйүүнү бала өз учурунда алышы керек

Ар кимибиз ички дүйнөбүзгө үңүлгөндө, сүйүүгө муктаж болгон кичинекей балапаныбыздын элеси тартылат!

Качан, кайсы убакта болбосун жылмая карап, сүйүүгө суусаган, эне мээримине бөлөнүүгө даяр, кадимки эле чоңдордой, бирок ошол эле убакта өтө таза, аруу кичинекей балдар...

Ар кимибиз бала чакта уйкуда мемиреп жаткан абалыбызды элестетпейли, көргөн жакшы түштөрүбүздүн терең маанисин изилдебейли, көз алдыбызга бактылуу өткөн балалык жылдарыбыз тартылат.

Ар бирибиз сүйүктүү болууну каалайбыз, бирок (тилекке каршы) бизден сүйүү – мээримин күткөндөргө мамилебиз супсак...

Белгилүү психиатр Алис Миллердин “Таланттуу бала драмасы” деген чыгармасында, бала чагында ата-энеден жетиштүү мээрим албагандар, өмүрүнүн акырына чейин ошол жетишсиз мээримди башкалардан издейт. Бирок бул сүйүүнү – мээримди издөө жөн гана убаракерчилик. Анткени, балалык чагында ала албаган сүйүүнү ата-энедей толуктаган эч ким жолукпайт. Ата-эне сүйүүсү өзгөчө. Ал сүйүү “убакыт” ченеми менен өзгөчө. Ал мээрим эч бир тоскоолдук жоктугу менен ыйык.

Зарыл учурда баланы жакшы көрүү

Балалык чагында жегенден, ичкенден да маанилүүсү – баланын сүйүүгө толук канааттануусу. Эненин сүйүүсүнө тойбой чоңойгон бала, сүйүүгө канааттанбагандыгын өмүрүнүн аягына чейин жан дүйнөсүндө жүрөк өйүгөн жүк катары ташыйт, өзүн катуу сүйгөндөр да убагында толбой калган боштукту эч толтура албайт.

“Кайсы эне баласын жакшы көрбөсүн?!” дешиңиздер мүмкүн! Биз сөз кылып жаткан маселе – бала керек болгон убагында эненин сүйүүсүн ала билүүсү. Эртең эмес... кечинде эмес... Бүгүн! Азыр! Болбосо максатыбыз – мышыктар деле мыймыйларын[1] сүйө билгендиги тууралуу айтуу эмес... Сүйүүнүн бөксөлүгү балдарына жетиштүү убакыт бөлө албагандыктан пайда болот.

Бала айрыкча алгачкы төрт жашында эне мээримине муктаж. Бала көзүн ачканда маңдайында энесин көргүсү, корккондо энесинин үнүн уккусу келет жана энеси анын көңүлүн көтөрүүсүн, курсагы ачканда, суусаганда энесинин жанында болууну каалайт. Бала ушундай “ишеним” менен гана жашоого кадам ташташы керек.

Балдардын энесине муктаж болгон бул мезгилди “көз каранды убактысы” дейбиз. Бала ушул убакытты канчалык жакшы өткөрсө, сүйүүгө муктаждыгы ошончолук аз болот.

Муктаж убакта энесин маңдайынан көрө албаган бала, келечектеги жылдарда эне сүйүүсүн башкалардан издей баштайт, бирок бул сүйүү эч качан эне сүйүүсүнүн ордун толуктай албайт.

Эне сүйүүсүнүн жетишсиздиги жаштардын “туруксуз” болуусуна жол ачат

Балалык чагында эне сүйүүсүн ала албаган жаштар, жогорку окуу жайларындагы студенттик жашоосунда дароо сүйүүгө кабылып, өздөрүнө көңүл бурган досунун аркасынан ойлонбостон ээрчип кетишет. Жаштар көп жолу рухунда сезген “убактылуу” бактылуулугу чыныгы сүйүүбү же жокпу, мындан эч бир кабары жок, жакшы мамиле жасап койгон адамдардын артынан бош кыялдар менен ээрчишет. Мына ошондуктан бала чагында энесинен мээримди жетиштүү албаган мындай балдар өмүрү өткөнчө сүйүүгө муктаж. Кыз же эркек бала болсун, алардын балалык чагынын алгачкы жылдарында эне сүйүүсү чоң мааниге ээ. Бала айрыкча алгачкы жети жашында “жеткиликтүү” эне “сүйүүсүнө” жана “көңүл буруусуна” тойгон болсо, жашоосунун калган бөлүгүндө туура, ишенимдүү кадам таштап, эмнени, качан, кантип жасоо керектигин жакшы билишет. Ал эми балалык чагында эне сүйүүсүн жетиштүү ала албаган бала өмүрү өткөнчө жапа чегет.

Мээримге канбаган, эне сүйүүсүнөн алыс чоңойгон жаштар, өспүрүм чагында рухундагы боштукту толтуруу үчүн баарына даяр болушат. Бирок кандай аракеттер болбосун, убагында жетишпеген эне сүйүүсүн кийин толуктоо мүмкүн эмес. Ал сүйүү “балалык чагында” “эне” аркылуу гана толукталат. Убагында жеткиликтүү болбогон, орду толукталбаган сүйүү, жаштардын өмүр бою бул мээримди издөөсүнө мажбур кылат.

Эне мээриминин жетишсиздиги эркек жана кыз балдарда окшош болот, өзүнө көңүл бурдурууга болгон талап, ошол эле убакта өзүнө тиешелүү мээримден канааттанбагандык келип чыгат...

Эне сүйүүсүнүн маңызы ушуну менен эле чектелбейт. Балалык чагында энесинен жеткиликтүү мээрим менен көңүл бурууну албаган жаштар, өспүрүм чактарында “сүйүүнүн тоскоолдук” кылган кыйынчылыктарына дуушар болушат.

Адам сүйүүгө жана көңүл бурууга ашыкча муктаж болгон убакта, кезегинде өзү да башкаларга жеткиликтүү сүйүүнү бере албайт. Сүйүү тоскоолдугу ушундан улам кандайдыр маселелердин чыгышына себепкер. Же бир адамдан ага арналган мээримди көрө баштаганда белгилүү бир убакыттан кийин жадап кача башташы мүмкүн. Анткени мындай мүнөздөгү арзыбаган сезим жагдайы адамдын түгөйүнөн издеген сүйүүсү эмес, чынчынына келгенде рухунда жетишпеген эне сүйүүсүнүн жоктугун сезүүсү болуп саналат.

Бир жактан өзүн сүйүүгө болгон ашыкча муктаждык, экинчи жактан өзү сүйгөн адамдардан белгилүү убакыттан кийин “тажоо” жана “алыстоону” каалоосу мына ушул жагымсыз натыйжанын баары келип, өз учурунда эне мээримине толук сугарылбаган балалык сезимдердин көлөкөлүү издери болуп саналат.

Энелик мээрим көрбөгөн балдар кезегинде өз балдарына да жеткиликтүү сүйүүсүн арнай албайт.

Турмушка кылдат байкоо жүргүзүп көрсөк, бизге байкалбайт деген бул кемчиликтерди ачык эле көрүүгө болот. Балалык чагында эне сүйүүсүн көрбөй чоңойгон балдар, өздөрү эне-ата болушканда, балага “чексиз жана өтө мээрмандык менен сүйүүсүн” арноого келгенде кыйналышат. Анткени, балалык чагында энелик мээримге тойбогон жан дүйнөнүн ачкалыгы акыл-эстин тээ түпкүрүндө катылып, анын бөксөлүгү, жетишсиздиги баласына тарбия бере келгенде кылган аракеттеринен улам ошол күндөрдү эске салып, жабыркаган сезим анын өмүрү менен катарлаш жашап келет. Мындай учурду ар дайым көңүл учугунда сезүү адамга тынчтык бербейт. Адам өз баласына карата сүйүү берүүдө табийгый жөндөмдүүлүгүн иштете баштаган убакта, өзүнүн сүйүүсүз жылдарын эстеп, эс тутумунда өмүрүнүн аягына чейин жазылып калган ал күндөрүнө эч кимди “жакындатпай”, эскерте келген ар кандай кырдаалдардан оолак болгусу келет.

Адам өзү менен жүздөшө билүүсү керек

Адамга берилер эң оор жаза, аны сүйүүсүз чөйрөдө жашаганга мажбурлоо. Адам сүйүү берүүгө жана ошол эле убакта сүйгөнгө муктаж. Сүйүү сезимдери адам баласындагы табийгый көрүнүш. Бирок жаштардын бирден-бир маани берүүчү башкы нерсеси – “сүйүүгө тойбой” жашоосу. Мына ушул нерсе кадимки эскертүү үчүн коюлган сааттын коңгуроосунун үнү сымал.

Адам өзүнө жетишпеген нерселерди, өзүнүн жан дүйнөсүндөгү жабыркаган издерди жана эскерүүлөрүн кылдат көңүл коюп карап отуруу менен, тагдырынын тайкы себептерин табышы керек. Бирок адам өзүнүн ички дүйнөсү менен жүздөшүүсү оңой боло койбойт. Анткени, адам эсинде калгандарын, эскерүүлөрүн улам тереңдеп изилдеген сайын сезими кысылып, жагымсыз түйшүктөн жадап кетиши мүмкүн. Мындай учурларда адистерден жардам алуудан уялбашы керек.

Педагог Адем Гүнештин “Бала тарбиялоодогу адашуулар” китебинен кыргызчалаган Мээрим САЙДИЛКАН


[1] Мыймый – мышыктын баласы.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз