Чындыкты тааныган Хань Сян-цзыдан акылман кеңеш

  • 11.03.2024
  • 4607

Эгерде суроону сен берип жатсаң, демек жооптун жарымын билгениң ошол.

♦ ♦ ♦

Эл сага кандай мамиле жасаганына көңүл бурба, сен аларга кандай мамиле кылып жатканыңа көңүл бур.

♦ ♦ ♦

Жалкоо адамдарга жардам берүү менен сен аларды өз мойнуңа мингизүүгө көмөк бересиң.

♦ ♦ ♦

Бирөөнүн жаңылыштыгын кечирбей койгонуң, ал сенин кетирген жаңылыштыгың.

♦ ♦ ♦

Дүйнөдө тартип орноткуң келеби? Адегенде өз үйүңдү жыйноодон башта.

♦ ♦ ♦

Бардык адамдардай болом десең, эч ким боло албайсың.

♦ ♦ ♦

Эгерде башкалардай эле ойлонсоң, жаңыласың. Ар ким ар башкача ойлойт. Эгерде башкалар үчүн ойлонсоң, сен да жаңылдың. Ар кимдин өз турмушу бар. Өз алдынча жана өзүң үчүн ойлон, бирок эсиңде болсун – башкалар жөнүндө ойлонбосоң, өзүң жөнүндө да ойлой албайсың.

♦ ♦ ♦

Күчтүү адам менен алсыз адамды кантип айырмаласа болот? Эгерде күчтүү адам турмушуна нааразы болсо, анын себебин өзүнөн көрөт, ал эми алсыз адам – айланасындагы адамдардан көрөт.

♦ ♦ ♦

Курч нерсенин бардыгы убакыттын өтүшү менен мокойт, бир гана акылсыздык курчуп олтурат.

♦ ♦ ♦

Бийлик ээсинин эмгегин анын өлкө үчүн жасаган улуу иштеринин жыйынтыгынан эмес, анын оңдоого болбой турган кечиримсиз катачылыктарга жол бербегендигин карап баалаган туура.

♦ ♦ ♦

Улуу иштер жөнүндө көп ойлонгон адам акылман эмес, майда, бирок пайдасы жок иштерди аз ойлогон адам акылман.

♦ ♦ ♦

Улуу адам дагы, майда адам дагы бир убакта эле бир максат менен жолго чыгышат, бирок майда адам көздөгөн жерине жетиш үчүн гана чыкса, улуу адам сапарын андан ары улантуу үчүн чыгат.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз