Балага билим берүүбү же баланы тарбиялообу?

Мектепте катышып жүргөн чогулуштарда энелер: “Эң жакшы билимди балдарыбызга кантип бере алабыз?”- деген суроолорду берип, “балага туура, маңыздуу билим берүүгө” ылайык кеңештерди сурашат.

Чындыгында, энелер “балага билим берүү” деген сөздүн түпкүрүндө “баланы тарбиялоону” айтышат. Анткени, бардык энелер балдарынын эң жакшы адеп-ахлакка ээ болушу үчүн аракет кылышат. Бул адеп-ахлак балага мектеп билимин берүү эмес, баланы тарбиялоо болуп саналат.

Жакшы билим алган бала, жакшы тарбияланган бала боло алабы?

Бир ата, өз жашоосунда жетпей калган ийгиликтерге баласы жетүүсү үчүн бардык күчүн анын билим алуусуна жумшайт. Баласына кичинекей кезинен баштап жакшы көңүл буруп, убагында бардык камкордуктарды көрүп, колунан келишинче билим берет. Билим алууда баласы ийгиликтерге жетишет. Баланы көргөндөр таң калышат. Анткени, бала жаштайынан эле автобус ичиндеги жүргүнчүлөрдүн чөнтөгүндөгү акчаларын эч кимге байкатпай уурдап, ал эмес кайрадан ордуна коюп коюуга да жетишет.

Атасы баласынын мындай “ийгилигине” сыймыктанат, анткени өзү да кичинекей чагында уурулук боюнча бир нече жолу милицияга кармалган. Түрмөдөгү оор күндөрдү көрбөсүн деп, баласына билим берди.

Эми өзүңүздөр ойлонуп көрүңүздөр, бул бала жакшы билим алганбы?

Жооп: “Ооба, бул бала абдан жакшы билим алган” болот. Кыскасы, билим жагынан ийгиликке жетти!

Макул, анда: “Бул бала жакшы тарбияланганбы?”

Жооп: “Жок, бул бала жакшы тарбия алган жок”.

“Бала тарбиясы” менен “балага билим берүүнүн” ортосундагы айырмачылык эмне?

Сөз маанисин терең иликтеп, кептин кайсы багытта экенине назар салалы: жөндөмдүүлүктү, шыктуулукту жана тажрыйбаны үйрөтүүнү “билим берүү” дейбиз.

Жакшы билим алган бала эстүү, жөндөмдүү, шыктуу, тажрыйбалуу бала болот. Кыскача айтканда, уурулукту мыкты өздөштүргөн бала, уурулук билимин жакшы үйрөнгөн болуп саналат.

Начар билим алган бала, аны илимге сугарган адам тарабынан ошол билимди жеткиликтүү ала албаган бала болот. Негизи маанини билимдин мазмунуна жана темасына эмес, билим алган балага кандай илим кандай деңгээлде сиңет, мына ушуга беришибиз керек. Ушул көз караш менен алганыбызда, билим алган адамдын жаман адам болгондугунда эмес, билим берүүдөгү натыйжасыздыкка негизги көңүлдү бурушубуз зарыл.

Анда “бала тарбиясы” деген эмне?

Тарбия деген сөздүн түпкү маңызы, баланын рухий дүйнөсүнүн баалуулугун жана материалдык маселеге келгенде да баланын жөндөмдүүлүгү менен талантынын калыптануусун түшүндүрөт.

Жогорудагы мисалдагыдай уурулуктун тарбиясын алган баланы жакшы тарбия алган баланын катарына кошо албайбыз. Бала “материалдык” жактан көз каранды болгон кыянатчылыкка жакшы үйрөнгөнү менен руханий өнүгүү жагынан артта калат. Мына ошондуктан, балага билим берүү жана тарбия берүүдөгү эң маанилүү нерсе – алдыга коюлган “максат”. Максаттын маңызы - “билим берүүдөгү ийгилик”.

Бул келтирилген мисалдагы ата, баласын тажрыйбалуу ууру кылып тарбиялоону максат кылган, чарчабай эмгек кылуунун артынан максатка жетти. Бул жагын алып караганда балага тажрыйба үйрөтүлдү десек болот. Бирок жакшы тарбия алды дей албайбыз.

Бала тарбиялоодо максат койгонго чейинки убакыт өтө маанилүү. Ал “сунуш өзөгү” деп аталат. Баланы тарбиялоодогу сунуштун маңызы болгон эрежелерге (тарыхый нарктар, каада-салт, маданият, дин) маани берилсе, бул аракет балага билим берүү эмес, “бала тарбиясы” делет.

Жогорку мисалда келтирилген кыянатчыл ата: “Мен баламды мыкты уурулукка тарбиялаймын” дегенинде, албетте, аны маңдайында эң биринчи болуп эле тарбия эрежелери турат жана ата баласын туура тарбиянын эрежесине салынган принциптердин жардамы менен ууру кылып чоңойто албайт. Ата тарбиялоонун ыкмаларына каршы чыгып, баласын ууру кылып чоңойтконго аракет кылса, анда аны “адептүү эмес жүрүш-туруш” деп атайбыз. Кыскасы, бала билим алууда ийгиликке жете албаса, ал бала адептүү жүрүм-турумга ээ боло албайт. Же билим алууда ийгиликке жеткен убакта да, коомчулуктун, бийик маданияттын, тарбия-таалимдин эрежелеринен тышкаркы жүрүш-туруштагы адамды тарбиялуу адам деп эч качан айта албайбыз.

Педагог Адем Гүнештин “Бала тарбиялоодогу адашуулар” китебинен кыргызчалаган Мээрим САЙДИЛКАН

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз