Баланы тааныбай туруп, «тарбия берүүгө» болбойт

  • 13.05.2020
  • 4292

Эч бир бала башка балдарга окшош эмес. Жааган жамгырдын тамчылары бир-бирине окшош болсо, ал эми балдар бир-бирине эч качан окшош боло албайт. Булар бир тууган болгон күндө да ар биринин мүнөзү, кыялы ар башкача.

Балдардын мүнөздөрүнө өз-өзүнчө маани берилбесе, алардын ар биринин табийгый жүрүм-турушундагы айырмачылыкты тааныбай туруп, бала тарбиясына жалпыланган мамиле жасалса, анда уядан шумкар болуп чыгуучу балапандын бир канча убакыт өтүп коркок каргага айлануу коркунучу пайда болот.

Шумкар коркок каргага кантип айланды?

Жаралуу бир шумкар карыган аялдын бакчасына конду. Карыган аял жүдөгөн кушка боору ооруп, мээрим төгүп багууга алды.

Курсагы ачкан куштун алдына балдары үчүн даярдалган буламыгын койду. Куш алдына коюлган табакка тумшугун салары менен кайрадан тез эле башын тартып алып, туруп калды. Буламыкты жеген жок. Анткени, шумкар эт жечү. Аял куштун бул абалын көрүп кайгырды:

- Ай, байкушум, ай! Тумшугуң узарып отуруп ийрейип да кеткен турбайбы, ушу жуп-жумшак буламыкты да жей алган жоксуң. Сенин мурунку кожоюнуң Жараткандан коркпойбу, тумшугуңду да оңдоп койбоптур, - деди да, колуна кайчы алып шумкардын тумшугун кесе баштады.

Шордуу куш аялдын колунан бошонууга канчалык аракет кылса да, чыга алган жок. Ошентип, куштун тумшугун кесип салды. Шумкар тарбалаңдап жатканда карыган аял анын канаттарын көрүп:

- Ах! Сенин эски кожоюнуң сага эч бир карабаптыр, канаттарың калдаңдап деги кантесиң? Кээ бири узун, кээ бири кыска...- деди.

Ушундай сокур ой жүгүртүп, колуна кайчы алып куштун канаттарын оңдой баштады, ал эми жаны ооруган куштун аялдын колунан кутулуу аракети текке кетти...

Амалсыз куш аялдын колуна конуп отуруп, текөөрү менен анын колдорун апчыды. Куштун канаттарын тегиздеп жаткан аял колуна кирген тырмактарды көрдү да:

- Ай, айй! Мурунку кожоюнуң кандай мээримсиз. Бир жолу да текөөлөрүңдү тегиздебептир, карачы, кандай түрү шумдук текөөргө айланган,- деп шумкар ууга чыкканда колдоно турган тырмактарын шарт-шарт кесип салды. Билимсиз аялдын колунан мындай кордукту көргөн шумкардын көздөрү жашка толду. Аял анын бул абалын көргөндө каарданды:

- Эч кимге жакшылык жарашпайт... Мен жакшылык кылсам, куш ыйлап жатат,- деп сүйлөнүп колундагы кушту,- кет, бар билген жагыңа! - деп эшикке чыгарды.

Шумкар учканга аракет кылды, бирок канаттары кесилгендиктен уча алган жок. Оорусуна чыдабай жерге конгусу келди, текөөрлөрү кесилгенинен жерге коно алган жок. Боюн жакын жердеги жер жөлөнүн артына таштады.

Кең асманда кайкып учуп чоң жырткычтарды кармаган шумкар, минтип билимсиз аялдын колунда каргага айланды...

Мына, көптөгөн ата-эне бул билимсиз аял сыяктуу балдардын ички дүйнөсүн терең түшүнө албагандыктан, “бүркүт” сымал балдарын каргага айлантып алышканын билбей калышат. Бала тарбиялоонун алгачкы жана бирден-бир маанилүү булагы – баланы тааный билүү.

Балаңызды кайрадан тааныңыз

Альберт Эйнштейнди билесиздер. Дүйнөдө эң акылдуу адам катары таанылган немис элинин белгилүү физиги.

Эйнштейнди балалык чагында мугалимдери да, ата-энеси да жеткиликтүү тааный алышкан эмес эле. Мугалими дайыма атасына: “Бул балаңар окуй албай, башка балдар үйрөнүп алган темалардан артта калып жатат”,- дечү. Эйнштейндин атасы мектептеги мугалимдердин бул сөздөрүнөн тажап, баласын мектептен чыгарып алып, “жок дегенде бир кесиптин ээси болсун” деп кесиптик мектепке берет.

12 жашына чейин баласынын билим алуу маселелери менен алектенген ата, баласы дүйнөдөгү эң акылдуу адам болорун сезген эмес. Эгер аны билгенинде баласына ачуусу келген сайын “сендей келесоо бала бул дүйнөдө жарала элек” деп кыйкырмак эмес.

Эйнштейнге мектеп көңүлсүз болчу, анткени мугалимдин үйрөткөн темалары ага кызыксыз эле... Ошол жылдары дыйканчылык кеңири тараган Германияда, “Уй кантип саалат? Топурак кантип жетилет? Дарак кантип сабак алат?” деген сыяктуу темалар үйрөтүлчү. Эйнштейн үчүн булар маанисиз эле. Ушундан улам мындай темаларга көңүл бурчу эмес... Ал ааламдагы теңдик кантип кылдаттык менен курулганына, заттын түзүлүшүндөгү маанилүү мыйзамдар кантип калыптанганына кызыкчу.

Арадан жылдар өтүп, Эйнштейндин башкалардан айырмаланган таланты билингенден кийин билим дүйнөсү анын ар бир сүйлөгөнүндө чындык бар экенин уга башташкан. Ошентип өкүнүчтүү нерсе, жер жүзүндөгү башка балдарга Эйнштейнге конгондой бак конгон эмес эле.

Сабагын өздөштүрүүдө ийгиликке жетпеген көптөгөн мурунку мисалдагы шумкардай болуп текөөлөрү, тумшуктары, канаттары кесилип жатты, бирок бул балдардын ачылбаган зарыл жөндөмдүүлүктөрү ошол бойдон жабык калганын билишкен жок.

Бир эле Эйнштейн эмес, окшош тагдырды башынан өткөргөн көптөгөң балдар болду. Мисалы, анын бири Ван Гог. Дүйнөдө таанымал сүрөтчү Ван Гогдун картиналары теңдешсиз маанилүү болсо да, аны жашаган чөйрөсүндө эч ким баалап карачу эмес. Ал эмес аялы да бир күнү ага: “Бул пайдасыз иштериңди таштап, адамдай болуп бир жумушта иште, акчаны кайдан да болсо таап кел, үйдө тамак жасай турган эч нерсебиз калган жок”,- дегенде, абдан жинденип, ательесиндеги ондон ашык сүрөтүн бир кесим нан үчүн саткан эле. Ошол заманда нандын бир сындырымына сатылган сүрөттөр бүгүн кимдин колунда болсо, анын ээси чексиз байлыктын кожоюну менен барабар болуп олтурат...

Баланын жөндөмдүүлүгүн байкоодогу “ийгиликтин” же “ийгиликсиздиктин” орду

Баланын билим алуусуна карата кеңеш сураган эне:

- Кызым тарых жана англис тили сабагынан абдан начар. Каалабаса да кошумча сабакка жиберемин. Бул аны абдан чарчатат. Анын жөндөмдүүлүктөрүн дагы жакшылап өздөштүрүү үчүн кандай кеңештерди бересиздер,- деп сураган эле...

Мен болсо кызынын кайсы сабактардан жакшы экендигин сурасам, эне:

- Кызым математика сабагынан абдан жакшы окуйт,- деди.

- Эмнеге кызыңызды математика сабагынан кошумча сабакка бербейсиз,- дегенимде:

- Керектүү деп эсептебейбиз, анткени кызыбыз кичинекей кезинен баштап эле математика сабагынан ар дайым жакшы баа алат,- деди.

Эненин “керектүү деп эсептебейбиз” дегенине таң калдым, ал кызынын жакшы өздөштүрбөгөн сабактарына маани берет экен, ал эми ийгиликтүү өздөштүргөн сабактарына көңүл бурбайт. Бул баланын таланты математика багытында күчтүү болуп жатат. Эне болсо кызынын бул ийгилигинин “кереги жой” дейт.

Өзүңүзгө, тегерегиңиздеги эне-аталарга байкоо салсаңыз, ушул мисалдагы эне сыяктуу мамиле жасаганыңыздарды көрөсүздөр. Чындыгында баланын ийгиликке жетпей калган жактарына гана маани берилип, ошол тармактарды жөнгө салганга аракет кылышат. Ал эми маанилүү нерсе – баланын ийгиликтерине колдоо көрсөтүү.

Тилекке каршы, азыркы билим берүү системасы бир багыттуу илимге эч бир маани бербей, ар тараптуусун чогуу үйрөтүүгө ылайыкташкандыктан, бир багыттагы илимдин сапаттуу  жыйынтыгына жете албай, баардыгын тегиз үйрөнүүгө болгон шыктарын жумшагандыктан, бир илим боюнча гений болуп чыга турган балдар арабыздан жок болуп барат. Ушул себептүү ата-энелер балдарынын ийгиликсиз сабактарына көңүл бургандай жана маани бергендей балдарынын ийгиликтүү өздөштүргөн сабактарына колдоо көрсөтүшсө, анда балага билим берүүдө анын маңызын таап, баладагы ойгонгон шыкты андан ары карай өнүктүрүүгө түрткөн болор элек.

Балдарын эң жакшы тааныган бул – Эне

Баласынын шыгын ачууда, эне-атадай кеңири маалыматка эч ким ээ эмес. Айрыкча, энелер балдарынын төрөлгөн күнүнөн баштап анын улам ачылган таланттарын көрө билишет. Балдарынын бул жөндөмдүүлүктөрүнө жөнү жок “кайгырып”, аны жаап салбастан, баладагы болгон шыкты андан ары өстүрүүгө болгон аракеттерин жасоо керек. Бардык эле ата-эненин ниети жакшы эмеспи, балдарынын келечеги туура калыптануусун каалайт. Бирок жакшы ниет ар дайым эле жакшы натыйжа бербейт.

Жогорудагы мисалдагы аял да жакшы ниетте болчу, бакчасына конгон куштун канаттарын, тырмактарын жакшы ниети менен кескен, бирок ал байкуш шумкар жакшы ниеттеги, бирок билимсиз аялдын колунан кутула алган жок.

Мына ошондуктан, ар бир ата-эне көңүл бурар башкы нерсе, эне курсагындагы баласынын психологиясына чоң маани берип, төрөлгөн күнүнөн баштап баласынын жөндөмдүүлүктөрүнө көңүл бурушу керек.

Педагог Адем Гүнештин “Бала тарбиялоодогу адашуулар” аттуу китебинен кыргызчалаган Мээрим Сайдилкан

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз