Акыл-эстүү бала тарбиялуу бала болуп эсептелеби?

  • 09.05.2020
  • 4334

38 аштагы үч баласы бар Ниса айым абдан маанилүү суроо берген эле:

- Балдарыбызды тарбиялоого күйөөм экөөбүз чоң маани берип келдик, бирок 16 жаштагы улуу кызымдын мага айткан бир сөзү жүрөгүмдү оорутту. Кызым мага:

- Сиздердин айыңыздардан балалыгымды жакшы өткөргөн жокмун,- дегенде айран-таң калдым. А чынында, кызым абдан бакубат балалык чагын өткөрдү. Ушул жашка чейин атасын да, мени да капаланта тургандай жоруктарды жасаган жок. Кызымдын, ушунча жылдар өтүп, эми минтип бактылуу өткөн балалык чагына нааразы болушун түшүнө албайм. Мен кайсы убакта туура эмес кылдым экен?

Бул суроо чындыгында, биздин бала тарбиялообузда канчалык деңгээлде туура эмес жолдо баратканыбыздын белгиси. Анткени, тилекке каршы, бала тарбиялоо дегенде эле биздин түшүнүгүбүздө акыл-эстүү баланы өстүрүү келет. Бирок дал ошол “акыл-эстүү” эсептеген балдарыбыздын накта сезими жакшы бала болоруна күмөн туудурат. Бирок биз эне-аталар көпчүлүк убакта, Ниса айым менен күйөөсүнүн кетирген жаңылыштыгындай эле, бул оңой менен байкалбаган кылдат маселе экенин билбей келебиз.

Силерге бир кеңеш бергим келет жана ал кеңешти сиздер да башкаларга айтууңуздарды каалаймын. Анткени, эне-аталар бул кичинекей сырды билбегендиктен бала тарбиялоодо туура эмес жаңылыштыктарды жасап, балдары чоңоюп, ошол катачылыктарды алардын өздөрүнө айтканга чейин билишпейт.

Сураныч, кайда болбосун сиздер менен чогуу отуруп калган бардык эне-аталарга айтыңыздар, ата-энелер акыл-эстүү деп ойлогон балдардын көпчүлүгү туура эмес тарбия алышы мүмкүн. Себеп?

Анткени акыл-эстүү бала жок.

Бала- тентек...

Адепти да, каада-салтты да билбейт...

Дүйнөгө жаңы келген баланын кайсы эрежеге, кайсы каада-салтка баш ийишин каалайсыздар. Бала деген чуркайт, кубанат, жыгылат, кээде терезе сындырат, кээде көңүл оорутат. Эгерде бала буларды жасабай, чоң адамдай болуп үйдүн бир бурчунда тынч отурса, анда ал бала же ыйык, же өзгөчө сезимтал, же психологиялык кордук чеккени айдан ачык. Ниса айымдын берген суроосунда жашыруун, байкалбаган чындык бар. Ниса айым эмне деген эле?

“Кызым ушул күнгө чейин мени да, атасын да капа кылган жок!”

Ниса айымга төмөнкүдөй суроо бердим:

- Кызыңыз эмнеге сизди бир да капа кыла тургандай иштерди жасаган жок?

- Кызыңыз сиздин ага карата сүйүүңүздү жоготуп алуудан коркуп, сизди капалантпоо үчүн, балалыгынын толуп турган күндөрүн эркин өткөргөндөн баш тартышы мүмкүнбү?

- Сиз байкабастан кызыңызга: “Эгерде туура эмес иштерди жасасаң капа боломун”,- деп балким рухий басым жасагандырсыз жана кызыңыз сүйүүңүздү жоготпош үчүн “акыл-эстүү болушум керек” деп аргасыз жасалмалуулукка баргандыр.

Өкүнүчтүүсү, көпчүлүк эне-ата акыл-эстүү бала (кыз) тарбиялаймын деп жатып, балдарын туура эмес руханий басмырлоого дуушар кылышат. Болбосо эне-атанын негизги максаты, балдарына зомбулук мамиле жасап, мүнөзүн өзгөртүүгө алып келүү эмес, тескерисинче, наристе кезинде балдарын жакшы таанып, алардын шыгына жана катылуу жөндөмдөрүнө ачылыш жасоо эмеспи. Баланын улам байкалган шыгына жараша, айрым жетишпестиктерин эске алып, адеп-ахлактуу, зээндүү өсүшүнө багыт берүү маанилүү.

Эгерде азыркы айтылып жаткандар буга чейин сизге тааныш болсо, каталык кетирген жериңиздер дал ошол жер.

Ниса айым жана ошондой тагдырда жашап жаткан үй бүлөлөр эмне кылышы керек?

Ниса айым жана анын катарындагы бардык айымдарга кайрылар элем:

- Чындыгында түп тамыры менен өзгөртүп жиберер эч нерсе жок. Убакыт артка кайрылбайт. Силерге кеңешим – балаңыз менен отуруп көңүлдөн сүйлөшүшүңүз керек.

“Кызым (уулум), сени ушунчалык жакшы көрөбүз, туура эмес чоңоюп калбасын деп балалыгыңды эркин өткөргөнгө да убакыт берген жокпуз. Мүмкүн бала тарбиялоодо маалыматыбыз, тажрыйбабыз аз болгон. Бизге ыраазы бол”,- деп айтыңыздар.

Уялбаңыздар, айтыңыздар. Көрөсүздөр, сиздердин бул сөзүңүздөр кызыңыздын/ уулуңуздун/ көкүрөгүндө калып, жашоосунда кыйынчылыктарга кабылган учурда керектүү сөз болот да, сиздин да чын жүрөктөн болгон жакын мамилеңиз улам кадыр-баркка ээ кылат.

Бул жерде белгилүү боло тургандай эле, эне-атанын бала тарбиялоодогу негизги максаты: баланын мүнөзүн өзгөртүп, аны акыл-эстүү түнт бала кылуу үчүн күрөшүү эмес, тескерисинче, баласынын өзгөчөлүктөрүн изилдеп, ал өзгөчөлүктөрүнө карай туура мамиле кылуу менен аны чоңойтуп, нукура табиятындагы “мендигин” ачуу болуп саналат.

Айтышат ко: “Карга казды туураймын деп, бутун сындырып алыптыр”,- деп. Ошондуктан, эне-ата бала тарбиялоодо баланын жаратылышындагы мүнөзүн жакшы талдап, ошол мүнөзгө ылайык жол ача билүүсү керек, жардам бере турган билим-тарбия ыкмасын, тажрыйбасын өнүктүрүшү керек.

Тарбиядагы негизги максат – олтургучтун бир бурчунда тынч гана чоң адамдардай үндөбөстөн олтурган баланы тарбиялоо эмес, тескерисинче, баланын өз руху менен эркин, бирок белгилүү эрежелер аркылуу табиятындагы жөндөмүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү болуп саналат.

Педагог Адем Гүнештин “Бала тарбиялоодогу адашуулар” аттуу китебинен кыргызчалаган Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз