Акылмандар курган тамашалуу санаттар

  • 08.01.2024
  • 4652

Эч нерсени карабай туруп үйлөн. Катының жакшы чыкса – адам кылат, начар чыкса – философ болосуң.
Сократ

Бүрсүгүнү бүтөр ишиңди, эч качан эртеңкиге калтырба.
Марк Твен

Библиядагы көп окуялар азыркы учурга үндөшүп кетет, мисалга Нух пайгамбардын кемесин токтотууга кырк күн жай таба албай жүргөнүн эле алалычы.
Роберт Орбен

Сүйүүнүн көзү сокур, бирок үйлөнүү көзүңдү ачат.
Георг Кристоф Лихтенберг

Башыңда мээң болсо – арка-моюнга кошумча жүк болот.
Станислав Гольман

Эң жаман белги – бул кара мышыктын бош чака менен күзгүнү сындырып алганы!
Михаил Задорнов

Кыздын фигурасы бардыгынан эсиңде жакшы сакталат.
Жанна Голоногова

Мен азыр чоң ата болгонума кайгырбайм, бир жаман жери – катыным чоң эне болуп жатпайбы.
Граучо Маркс

Жердин жашоочусу – бул өлүк денедеги алсыз жан.
Эпиктет

 Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз