Сулайман пайгамбардын эң мыкты уламыштарынын бири

  • 01.05.2020
  • 5906

Сулайман пайгамбар тоого чыгып таңды тосуп келе жатса, тоо этегинде тосуп турган адамдар ага кайрылышат:  

– Сен бизге ар дайым шык бересиң. Сенин сөздөрүң жүрөгүбүздү кубанычка бөлөйт. Акылмандыгың акыл-эсибизди сергитет. Биз сенин аңгемеңе суусап турабыз.

Бизге айтчы: биз деги кимбиз?

Ал жылмайып мындай жооп берди:

– Силер дүйнөнүн жарык нурусуңар. Силер – жымыңдап жанып турган жылдызсыңар. Силер чындыктын – храмысыңар. Ар бириңер өзүңөрчө бир ааламсыңар. Акылыңарды калчап, жүрөгүңөрдү тыңшап көргүлө, өзүңөрдү сүйгөн көз караш менен карап көргүлө Кудайдын тилин түшүнгөндөр, – жыргалдын даамын таткандар.

— Жашоо мааниси эмнеде?

Жашоо – бул сапар, максат, жана сыйлык. Жашоо – бул Махабат бийи. Силер – гүлдөө үчүн жаралгансыңар. Силердин бар болгонуңар – бул дүйнөгө берилген чоң белек. Силердин жашооңор – Ааламдын тарыхы. Жашоону майрамдай өткөз, анткени жашоо өзү баалуу нерсе. Жашоо учурдагы нерселерден турат. Учурдун маңызы – учурда жашап жаткан жашоодо.

– Эмне үчүн бизди дайыма кырсык, бактысыздык тооруп жүрөт?

 – Эмнени эксеңер, ошону аласыңар. Бактысыздык – силердин тандооңор. Жакырчылык – адамдардын аракетинин жыйынтыгы. Кайгы – түркөйлүктүн жемиши. Бирөөлөрдү айыптасаңар алсыздыгыңар арбыйт, ал эми бир нерсеге суктануу менен бакыттын уругун себесиңер. Ойгонгула, кедей адам, бул өзүн таанып билбеген адам. Кудайды таанып билбегендер – үйсүз, көчөдө калгандар. Убакытты текке кетирген адам жакыр болот. Жашооңорду супсак нерсеге айлантпагыла. Топтошкон элге жан-дүйнөңөрдү тебелетпегиле. Байлык силерге каргыш алып келбесин.

Бактысыздыктан кантип чыкса болот?

– Өзүңөрдү күнөөлөй бербегиле. Анткени силер кудайга тиешелүүсүңөр. Салыштырбагыла жана бөлбөгүлө. Жаралганыңар үчүн алкыш айткыла. Кубанычка баткыла, анткени кубаныч укмуштарды жаратат. Өзүңөрдү сыйлагыла, өзүн сыйлаган өзгөлөрдү да сыйлай билет. Коркунучтан коркпогула, коркпогон адам жыргалга жетет. Сүйүнүп сыйынгыла, – бактысыздык айланып өтөт. Сыйынгыла, бирок Кудай менен соодалашпагыла. Билип алгыла, кудайды даңазалоо – эң жакшы сыйынуу, а бакыт –жан-дүйнөңдүн эң мыкты азыгы.

Кандай адамдар бактылуу?

– Сүйгөндөр бактылуу, ыраазы болгондор бактылуу. Бейпил жашагандар бактылуу. Жыргалды өзүнөн тапкандар бактылуу. Бирөөгө бергенине кубана билгендер бактылуу, белекти чын жүрөгүнөн кабыл алгандар бактылуу. Изденгендер бактылуу. Ойгонгондор бактылуу. Кудайдын үнүн уга билгендер бактылуу. Өзүнө тагылган миссиясын аткаргандар бактылуу. Кудайдын бар экенин тааныгандар бактылуу. Кудайды таануунун даамын сезгендер бактылуу. Гармонияда боло билгендер бактылуу. Дүйнө сулуулугун көрө алгандар бактылуу. Күндүн көзүн көргөндөр бактылуу. Деңиздей ага билгендер бактылуу. Бакытты кабыл алууга даярлар бактылуу. Акылмандар бактылуу. Өзүн таанып билгендер бактылуу. Жашоону даңазалагандар бактылуу. Өзүн сүйгөндөр бактылуу. Жашоону мактагандар бактылуу. Жаратман адамдар бактылуу. Эркин адамдар бактылуу. Кечире билгендер бактылуу.

– Бардарчылыктын сыры эмнеде?

– Жашоо – бул Кудайдын казынасындагы эң кымбат асыл буюм. А Кудай – адамдын жүрөгүндөгү эң асыл нерсе. Ички дүйнөнүн байлыгы түгөнгүс, а силердин айланадагы жыргалчылыктардын чеги жок. Дүйнөнүн байлыгы бардыгыңардын бай турмушта жашооңорго жетет. Ошондуктан канчалык көп берсеңер, ошончолук көп аласыңар. Бакыт, босогоңордо турат. Эшикти ачып, молчулукту үйүңөргө киргизгиле. Бардыгын турмуштун алтынына айланткыла. Өзүнүн ички байлыгын таба алган адам бактылуу.

– Кантип жашоо керек?

– Жашоонун ар бир көз ирмеминен ыракат алгыла, анткени бошко кеткен өмүр кайгы жаратат. Билип койгула, ичинде эмне болсо, сыртында ошол. Дүйнөнүн караңгылыгы – жүрөктүн караңгылыгынан. Бакыт бул – Күндүн чыгышы. Кудайды таануу – бул күндүн нурунда эрүү. Жан дүйнөңдүн агарышы – миң күндүн жаркырап чыгышындай. Жарыкка суусагандар бактылуу.

– Гармонияга кантип жетишүү керек?

 – Жупуну жашагыла. Эч кимге зыяныңар тийбесин. Ичи тардык кылбагыла. Күмөн саноо алсыратпай, аруулукка алып келсин. Жашооңорду сулуулукка кызмат кылууга арнагыла. Чыгарма жазуу максатында изденгиле, таанымал болуу үчүн жазбагыла. Жакындарыңарга жаңы көрүшкөндөй мамиле кылгыла. Эскини унутуп, жаңы жолго түшкүлө. Дүйнөгө жаңылык киргизгиле. Бүткүл боюңарды сүйүүгө толтургула. Сүйүүнүн кубатына айлангыла, анткени сүйүү адамга канат. Кай жерде сүйүү болсо – Кудай ошол жерде.

– Жашоонун кемтиксиз болушуна кантип жетишүү керек?

– Бактылуу адам көп нерсени өзгөртө алат. Бактысыздар кул болуп кала берет, анткени бакыт эркиндикти сүйөт. Чындыгында эле кубаныч кайда болсо Эркиндик ошол жерде. Бакытка жетүүнүн өрнөгүнө умтулгула. Дүйнөгө ачылып берсең, дүйнө сага ачылат. Карама-каршылыктарды жеңе билсең, бийлик ээси болосуң.

Анан баарын сүйкүмдүү көз караш менен кыдырата карап алып, мындай деп кошумчалап койду: Бирок көп нерсени силерге Жымжырттык берет... Болгону өзүңөрдү жоготпогула!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз