ДИЛАЗЫК: ПЛУТАРХ ДУШМАНДЫН ПАЙДАСЫ ЖӨНҮНДӨ

  • 27.03.2024
  • 9921

Душманыңдын сөзүн ук!

Бейкут жашоо менен күн өткөзүү жакшыбы? Тегерегиңдин баары сени мактап, кошомат кылып турса жагабы? Мен ачык эле айта алам, мындай жашоо сөзсүз жакын арада көйгөйлөрдү жаратат.

Адегенде көңүлүң жай болуп, көзүңдү май басат, өзүңө өзүң ыраазы болуп, айланаңда эмне болуп жатканын көрбөй каласың, өсүүдөн каласың, ишке жөндөмдүүлүгүң төмөндөйт. А жашоо улам жаңы тоскоолдуктарды жаратып, токтобой алга жылат. Кантип жарга барып такалганыңды билбей да каласың.

Ошондуктан, сени көрө албаган душмандарыңды жакшылап таанып ал, алардын сен жөнүндө айткан сын кептерин, жада калса ушактарын да уга жүр. Алардын сынынан артык эч нерсе жок!

“Эң маанилүү нерсе: сынга кабылгандардан бол жана душмандарыңдын сен жөнүндө айткан жаман сөздөрүн уга бил. Анисфен өзүңдү сакташ үчүн чыныгы досторуң же айыгышкан душмандарың болуш керек; биринчилери өзүлөрүнүн эскертүүлөрү менен, экинчилери айткан катуу сын сөздөрү менен сени адашуудан сактап турушат деп жаңылышкан эмес”,— деп жазат Плутарх.

Өзүңдүн жакындарыңдан сен жөнүндө туура сын угуу, – мындан кыйын иш болбосо керек. Бир жагынан алганда жакындарың сени жакшы көрүшөт, катуу сөз айтып сенин көңүлүңдү оорутуп, андан да жаманы – таарынтып алгандан коркушат, экинчиден, алар сен кандай болсоң ошондой көрүп көнүп алышкан, аларга сенин кемчиликтериң көп деле байкала бербейт.

Сени көрө албаган бирөөнү таап, анын айкандарына кулак төшөчү. Мындан артык жардамды кайдан табасың!

Бирок, бул куралды этияттык менен пайдаланыш керек: аны өз кемчиликтериңди таанып билүү, тазалануу каражаты катары колдонуу зарыл. Болбосо аны менен эрегишип, жаакташып, ага жооп бере  баштасаң, тазаланмак тургай ого бетер булганасың, бокко таш ыргытсаң, бетиңе чачырайт эмеспи. Андан тышкары аны менен байланышың да үзүлүп калышы толук мүмкүн.

“А эгерде сен жөнүндө айтылган нерселер чындыкка коошпосо да, андай ушак сөздөрдүн чыгуу себептерин билүүгө аракет кыл, мындан ары ошого окшогон кемчиликтерди кетирбештин арбайын сок”, — деп үйрөтөт философ.

Ошондуктан, досторум, бир туугандарым! Башкалардын сен жөнүндө айткан ар түркүн кептерине кулак төшөй жүр. Уккан сөздөрдү талдап, өзүңөрдүн өсүшүңөргө пайдалана билгиле. Коом силердин тазаланышыңарга чоң мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылат!

Плутархтын “Душмандардын пайдасы” аттуу эмгегинен пайдаланылды.

Даярдаган Абийрбек АБЫКАЕВ

Комментарий калтырыңыз