Дилазык: Эң негизги баалуулук – сенин тандооң

  • 27.04.2020
  • 4166

ЭКИ КАРЫШКЫР ТУУРАЛУУ УЛАМЫШ

Кайсы бир өткө заманда көп жашаган абышка небересине жашоо чындыгын үйрөтүптүр.

— Ар бир адамдын жан-дүйнөсүндө ар дайым эки карышкырдын ортосунда талаш-тартыш, күрөш жүрөт. Бир карышкыр – бул сенин ичи тардыгың, көрө албастыгың, кызганычың, өзүмчүлдүгүң жана жалган айтуу сыяктуу терс сапаттарың...

Экинчи карышкыр – бул ак көңүлдүүлүктү, сүйүүнү, кыялдануу менен үмүттү, акыйкаттыкты, ишенимдүүлүктү жана ушул сыяктуу оң сапаттарды билгизет.

Чоң атасынын айткандарын кунт коюп, берилип уккан небереси бир аз ойлоно түштү да, анан минтип сурады:

— Чоң ата, анан кайсы карышкыр жеңип чыгат?

Абышка жылмайып мындай деди:

—Ар дайым сен тамак берип, баккан карышкыр жеңишке ээ болот.

Уламыштан чыккан ойлор

Ар бир адам – бул ар түрдүү касиеттердин, ар кандай пропорциясынан турган аралашма. Бирок биз өзүбүздүн эмоцияларыбыздын, касиеттерибиздин, ойлорубуздун кулу эмеспиз. Биз, өзүбүзгө өзүбүз кожоюнбуз, бизде дайыма тандоо мүмкүнчүлүгү бар. Баардык нерсе тандообузга жараша. Азыркы таптагы абалыбыз – бул кечээги тандообуздун жыйынтыгы, демек, бүгүнкү тандообуз биздин келечегибиз. А тандообуз эмнеге жараша болот? Ал биздин кызыгуубуздан, эмнеге көңүлүбүздү койгонубуздан көз каранды.

Ошол себептүү көңүл буруунун гигиенасы аябай маанилүү, башкача айтканда, аны башкара билүү. Аны болбогон маалыматтар менен булгабай, өзүңө пайдасы тийип, өсүшүңө, күчтүү жана акылдуу болушуңа пайдасы тиер нерселерге көңүл бурууну үйрөнгүлө. Эмне жөнүндө ойлош керектигин жакшылап ойлонгула!

Ошондо сиз кайсы карышкырга көңүлдү көбүрөк коюп, кайсы карышкырдын курсагын тойгузасыз? Жашоодо мына ушул нерсени ар дайым тандоого туура келет.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз