Валентин Берестов: Жолду кантип табуу керек

  • 18.04.2024
  • 3580

АҢГЕМЕ

Балдар токойчу чоң атасыныкына конокко бармай болушту. Баратып адашып калышты.

Караса бактан бакка секирип Тыйын чычкан жүргөн экен. Балдар андан сурашты:

— Тыйын чычкан, Тыйын чычкан, сен бизге чоң атам турган үйгө кантип барабыз, көрсөтүп бере аласыңбы?

— Ал оңой эле, — дейт Тыйын чычкан.

— Бул карагайдан тигил карагайга секиргиле, андан аркы ийри кайыңга секирсеңер, чоң түп дуб дарагын көрөсүңөр. Дубдун башына чыксаңар, үйдүн чатыры көрүнөт. Ошол силердин чоң атаңардын үйү. Эмне турасыңар? Секиркиле!

— Рахмат, Тыйын чычкан! — дешти балдар. — Бирок биз бактан бакка секире албайбыз. Андан көрө башка бирөөдөн сурайлык.

Аңгыча сороңдоп секирип Коён чыга калды. Балдар ага жанагы суроосун узатышты:

— Коён, Коён, сен бизге чоң атабыздын кайда жашарын көргөзүп бере аласыңбы?

— Чоң атаңардын үйүнбү? — деп кайталады Коён. — Андан оңой эч нерсе жок. Адегенде козу карын жыттанат. Ушундайбы? Андан кийин коёндун капустасынын жытын сезесиңер. Ушундайбы? Андан соң түлкүнүн уясынын жыты жыттанат, ал жерден оң же сол жагынан айланып өткүлө. Ушундайбы? Андан өткөндө түтүндүн жыты келет. Ошол жытка түптүз барсаңар чоң атаңар самоор коюп олтурганын көрөсүңөр.

— Рахмат, Коён, — дешти балдар. — Бирок биздин мурдубуз сеникиндей жыт билбегени өкүнүчтүү. Башка бирөөдөн суроого туура келет.

Жолдо кыбырап жылып келаткан Үлүлдү көздөрү чалды.

— Эй, Үлүл, чоң атабыздын үйү кайда экенин айтып бере аласыңбы?

— Айткан у-з-аак, — деп улутунду Үлүл. — А-н-даан көр-өө ээ-рчи-тип ба-рып көр-сө-түп ко-ё-ю-н. А-р-тым-дан ээр-ч-и-ги-ле.

— Рахмат, Үлүл! — дешти балдар. — Сени менен сойлоп жеткиче качан. Башка бирөөдөн сурайлык.

Аары гүлдүн ширесин соруп жаткан экен.

Балдар ага кайрылышты:

— Аары, Аары, сен бизге чоң атабыздыкына алып барчу жолду көргөзө аласыңбы?

— Ж-ж-ж, — деди аары. — Көрсөтө аламм... Мен учкан жакты карай баскыла. Бара берсеңер менин сиңдилеримди көрөсүңөр. Аларды ээрчип барсаңар чоң атаңардыкына туш болосуңар. Биз силердин чоң атаңардын бал челегине бал ташып жатабыз. Көрүшкөнчө! Мен ш-шашып бара ж-жатам. Ж-ж-ж...

Аары учуп кетти. Балдар рахмат айканга да үлгүрүшкөн жок. Алар аарылар учкан тарапка барышып, чоң атасынын үйүн бат эле таап алышты. Кубангандарын айтпа! Анан чоң атасы бал менен чай берди.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз