Тагдыр, турмуш жолун туура тандоо тууралуу уламыш

  • 20.03.2024
  • 4444

Бир айылда эки бир тууган жашаптыр. Ар бири өзүнө тиешелүү талаасын айдап, сээп, түшүмүн жыйнап, кыскасы дыйканчылык менен турмуш өткөзүшчү.

Инисинин иши жакшы жүрүп, чарбасы гүлдөп, ар дайым көңүлдүү жүрөр эле.

Агасынын мактана турган эч нерсеси жок болчу. Түшүмүн мөндүр күбүп кетет, малына ылаң тийип өлүп калат же дагы бир кырсыгы тооруп, оокаты тыңгылыктуу жүрчү эмес.

Бир жолу инисинин талаасында иштеп жүргөн, жасана кийинип алган келишимдүү жаш айымды көрдү.

– Сен кимсиң, бул жерде эмне кылып жүрөсүң? – деп сурайт ал таң калып.

Айым чекесине түшкөн саамай чачын артка сылап, күлүмсүрөп мындай деди:

 – Мен сенин иниңдин үлүшүнө тийген Тагдырымын. Күн-түн дебей мен ага камкордук кылып, ал кайда барса да коштоп жүрөм.

– А менин үлүшүмө тийген Тагдырым кайда?

 – А сенин Тагдырың тээтиги талдын көлөкөсүндө уктап жатат, – деди айым, колу менен дарыя жакта өскөн даракты көргөзүп.

Ал айым көргөзгөн чоң түп талдын жанына барганда жамаачы кийинген жагымсыз аял уктап жатканын көрдү. Ал ачуусу келип тигиге кыйкырды:

 – Эй, башкалардын Тагдыры кожоюну үчүн жанын аябай иштеп жүрүшөт, а сен эмне үчүн эч нерсе менен ишиң жок, кыйратып салгансып уктап жатасың?

 – Токтой тур, көп эле кыйкыра бербе, – деди уйкулуу көздөрүн араң ачкан Тагдыры, – бул жерде менин эч күнөөм жок. Өз ишиңди жасабай, колуңдан келбеген иштерге чарпыла берген сен өзүң күнөөлүүсүң.

– Кандайча?

– Ар бир адамдын өзүнө тиешелүү Тагдыры жана үлүшү болот. Мен сени менен көп жашоолорду жана дүйнөлөрдү бирге өткөзүп келатам. Сен мени түшүнгөндө, мен дайыма жардам кылып турчумун, а бул жашоодо эмнегедир бири-бирибизди түшүнбөй келатабыз.

 – А эмне үчүн андай болуп жатат?

 – Бул жөнөкөй эле нерсе: сенин ойлоруң мага тоскоол болууда. Мен жөндөмүмдү толук ача албай жатам. Жер айдоо, себүү бул менин ишим эмес.

 –А мен эмне иш кылышым керек эле?

 – Мен сенин байлыгыңды соода кылып көбөйтөм. Бул тармак боюнча алдыма бирөө да чыга албайт.

– Мен эмне менен соода кылмак элем. Сата турган буюмум да, товар алганга акчам да жок, атамдын башына соода кылмак белем. Анын үстүнө бул тобокелчиликтүү иш, көчүгүңдө шымың жок калышың мүмкүн.

– Кымбаттум, сен кам санаба, – деди анын үлүшүнө тийген Тагдыры эркелете, – аялыңдын эски көйнөгүн алып чыгып сат. Анын акчасына сатканга бир нерсе ал, калганын мага кой. Ал тигинин айтканына макул болуп, айтканын жасады. Иши алга жүрүп, чоң соодагерге айланды. А Тагдыры баягы жагымсыз аялдан, келишимдүү сулуу айымга айланыптыр.

Тагдыр китептеринде бирөөнүн ишин жакшы кылганча, жаман болсо да өз ишиңди кыл, башкача айтканда, турмушта өз жөндөмүңө, талантыңа ылайык ишти танда деп айтылат экен. Биз бул жашоого келгенде эле бир миссияны аткаруу үчүн келет экенбиз. Ошого жараша жөндөм, талант берилет. Кеп мына ошол “өз жолуңду” адашпай таба билүүдө.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз