Улуу инсандар эркектер жөнүндө эмне дейт

  • 10.06.2020
  • 4563

“Эркекти берген жообунан эмес, койгон суроосунан баала”.
Вольтер

“Эр жүрөк эркек – коркууну билбеген адам эмес, а коркунучту жеңе билген адам”.
Нельсон Мандела

“Эр жүрөк адамды жеңсе болот, бирок жок кыла албайсың”.
Эрнест Хемингуэй

“Ар бир чыныгы эркектин жан-дүйнөсүндө ойногусу келип турган кичинекей бала жашайт”.
Фридрих Ницше

“Бирөөлөр тарыхты жасашы мүмкүн; бирок улуу эркек гана ал жөнүндө жаза алат”.
Оскар Уайльд

“Улуу иштер улуу адамдарсыз жасалбайт, ал эми адамдар чечкиндүү болушпаса, улуулукка жетпейт”.
Шарль де Голль

“Бардык эле адамдар кырсыкка каршы тура алышат, бирок адамды сынап көргүң келсе, ага бийлик берип көр”.
Авраам Линкольн

“Чыныгы эркек көйгөлөрдү күлүп кабыл алат, кыйынчылыктардан курчуйт жана ой жүгүртө баштайт”.
Томас Пейн

“Акылмандын акчасы жүрөгүндө эмес, башында”.
Жонатан Свифт

“Мыкты эркек – бул анын башына башкалар ыргыткан кирпичтерден өзүнө бекем фундамент куруп алган адам”.
Дэвид Бринкли

“Эгерде сен адам менен ага түшүнүктүү тилде сүйлөшсөң, ал сөз анын мээсине жетет, эгерде анын тили менен сүйлөшсөң, жүрөгүнө жетет”.
Нельсон Мандела

“Чыгармачыл адам бирөөнү жеңиш үчүн эмес, бир нерсеге жетсем деп ойлойт”.
Айн Рэнд

“Кайсы гана коомдо болбосун эң коркунучтуу адам – бул жогото турган эч нерсеси жок адам”.
Жеймс А.Болдуин

“Жинди өзүн акылдуумун деп ойлойт, акылман өзүн эч нерсе билбеген адамдай сезет”.
Уильям Шекспир

“Жинди киши акылдуу жооптон алганга караганда, акылман адам тантыраган жооптон көбүрөк маалымат алат”.
Брюс Ли

“Адамдар жеңилүү үчүн эмес, жеңүү үчүн жаралышкан”.
Генри Дэвид Торо

“Гүл күндүн нурусуз ачылбайт, адам сүйүүсүз жашай албайт”.
Макс Мюллер

“Эркекке кыйынчылыктар керек, анткени алар ийгилик жаратуу үчүн зарыл”.
А.П.Ж.Абдул Калам

“Алар өз атын аялзатынын оозунан укпаган эркек, эркек эмес дешет”.
Антонио Мачадо

“Рыцарь – бул жөн гана чыдамкай карышкыр”.
Лана Тернер

“Бийлегенди билбеген эркекке кылыч бербе”.
Конфуций

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз